Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери


п»ї
  Машакат

Алтын асмандан түшпөйт же баарыбыз кызыккан алтын кандайча алынаары тууралуу

Алтындын баасы дүйнөлүк рынокто күндөн күнгө асмандап келет. Ошол эле учурда Кыргызстан алтынга бай өлкө катары аталып, бирок анын үзүрүн эл көрбөгөндөй. Себеби Кыргызстандын алтын кендеринин дээрлик баарын чет элдиктер иштетет. Кенди табуунун, иликтеп, иштетүүнүн жолдору көп. Анда кен кандайча табылып, кандай иштетилээри тууралуу окурмандарга геолог Кубат Осмонбетов маалымат берет.


Алтын кени кантип табылат?

Жаратылышта алтын кени ар кандай геологиялык окуяларга байланыштуу жаралат жана ал ар түркүн тоо тектер менен байланыштуу. Ал негизинен эки түрдө болот. Биринчиси - алтын кени жердин катуу таш түрүндөгү тоо тектер менен бирге тоо-таш жаралгандан кийин пайда болгон. Экинчиси - алтыны бар катуу тоо-тектердин, ар кубулуштарга ылайык талкаланып, урап, суунун, көчкүнүн же кар эригенде жана башка ушул сыяктуу кубулуштардын таасири аркылуу суунун жээктеринде, суу астындагы кум-шагыл менен кошо майдаланып, аны менен көчүп жүргөн алтын. Биринчисин тамырлуу кендердин кен ташы деп коет. Ал эми экинчиси - кум-шагыл менен байланышкан алтын кени же "россыпь" дешет. Тамырлуу кенде 1 тонна таш кенде 2-4 граммдан 30-50 граммга чейин болот. Кум-шагыл менен байланышкан алтын 1м. куб кум-шагылда 1-200 миллиграммдан - 20-50 граммга чейин болот. Кум-шагылдар менен байланышкан алтын кендеринде кез-кез салмагы 275 килограммга (плита Хольтермана, Австралия) жеткен жаратылыштык накта алтын табылган. Кыргызстанда табылган эң чоң накта алтындын салмагы араң эле 187 грамм.

Алтын кенин инженер-геологдор кантип табат?

Жеке эле алтын кенин эмес, баардык эле пайдалуу кендерди геологдор кен издеп, аны изилдеп, геологиялык чалгындоо иштерин кеңири жүргүзөт. Анан анын запасы, сапаты аныкталат. Алардын адамга зыяндуу же зыянсыз экенин илимий изилдеп, кенди башка чийки заттардан кантип бөлүп алыш керектигин (же технологиясын) аныкташат. Кантип казып алуу керектигин тандап, кенди казып алып, пайдалуу затты пайдасыз заттан бөлүп алганга канча техника, канча акча кетерин, андан канча киреше же чыгаша болоорун билишет. Андан соң кенди казып алуу иштерин жүргүзгөнгө айлана-чөйрөгө зыян келтирбейби деген талдоо жүргүзүлөт. Кен казуу иштерине катышкан эл кайсы жерде жашаш керектигин, электр энергиясы кайдан, кантип тартып келинерин, жол салуу, үй салуу маселесин карашат. Анан кенден пайдалуу затты бөлүп алуу иштеринде бөлүнүп чыгуучу шакелдер менен керексиз чийки заттарды кайда жыйнаш керектигин белгилеп коет. Кыскасы, инженер-геологдор азапты тартып, кен ачыш үчүн бүт күч кубатын, билимин, тажрыйбасын өтө илбериңки жумшап, үй-жайдан алыс жүрүп, ысык-суукка чыдап кендерди ачышат. Бирок геологдордун өмүрүн сайып жасаган иштеринин ийгиликтерин бөлөктөр көрүп мактанышат. Тыянактап айтканда, геологдор кен ачпаса кен казуу иштеринде иштеген кишилерге айлык да, инвестиция да, мамлекетке киреше да болбойт. Айта кетүүчү дагы бир нерсе, Кыргызстандагы алтын кендерди ачкан жана кен ачууга катышкан геологдорду Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана саясый жетекчилери баалай да, барктай да ала алышпады.

Кен казып алуу иштери кантип башталат?

Алтын казып алуу иштери геологдор кенди таап, геологиялык кенди чалгындоо иштерин жүргүзгөн соң башталат. Андан кийин алтын кенинин запасын эсептеп, сапатын, экологиясын аныктайт. Мамлекеттик кендердин запасын текшерип, комиссиядан бекитилип, анан кенди казып алуучу тоо-кен ишканасы тарабынан аткарылат. Кенди казып алуучу ишкана техника-экономикалык издөө долбоорун түзүп, анан кенди казып алуучу карьерге же кен казып алуучу шахтаны куруп бүткөндөн кийин башталат. Алтын казып алуучу рудник кен ташты казып алуу үчүн төрт этапты аткарыш керек: кен жаткан чөлкөмдү бургулоо, жардыруу иштерин аткаруу, кенди жүктөп жана фабрикага тартып келүү.

Кен ташты кандай жол менен иштетет?

Кен ташты казып алуучу карьердик - чоң жүк ташуучу самосвалдар кенди топтоп эритүүчү аянтка же дароо эле кенди алтын бөлүштүрүүчү фабрикага жеткирип турат. Алтынды байытып бөлүштүрүүчү фабрика кен ташты адегенде таш талкалоочу жана майдалоочу шарлуу тегирмендерге жиберип, анан абдан майдаланылат. Анан шлам тыкыстандырылат жана бир нече бензин сактаган көлөмдүү цистерналарга окшогон идишке эритилет. Шламда болгон алтынга активирленген көмүр таасир берет. Кээ бир алтын кендерде өжөр сульфиддик алтын минералдары кен таш болот. Мындай убакта шлам бийик басымдуу шартта автоклавдарда кычкылдандырылат. Анан көлөмдүү цистерналарга эритилиш үчүн жиберилет. Андан ары алтындуу көмүр көлөмдүү цистернанын бир түрүндө десорбциондолунат. Бул жерде каустикалык соданын жардамы менен алтын активирленген көмүрдөн бөлүнүп алынат. Ал эми көмүр экинчи жолу да колдонула берет. Электромагниттик элементтердин же цинктин чаңын чөктүрүүчү аппараттын жардамы менен алтындуу суюктук тазаланып, алтын бөлүнүп алынат. Бөлүнүп алынган алтын 1150 С температурада атайын меште эритилип, анан атайын жасалган калыпка куюлуп, алтындын куймасы - Доре деген уютма куймасын бөлүп алышат. Алтындын Доре куйма уютмасы таза тазаланбаган зат болгондуктан, таза алтындын 60 пайыздан 95 пайызга чейинки алтынды кармап турат. Доре куйма уютмасы атайын автомашина же самолет менен ачык тазалоочу аффинаж заводуна алынып келинет да таптаза болгон алтын бөлүнүп алынат. Аффинаж деген сөз бизче кайра-кайра тазалоо дегенди билдирет. Макмалда жана Кумтөрдө жогоруда келтирилген ыкмалар менен алтындын Доре уютмасы бөлүнүп алынат, анан Кара-Балтадагы аффинаж заводунда тазаланып, анан таза алтындын калыптанылган уютмасын "Кыргызалтын" тарабынан чет мамлекеттерде сатылат.
Алтынды кенташтан иштетип бөлүп алууда "Кучное выщелачивание" деген өзгөчө ыкма да колдонулат. "Кучное выщелачивание" же "кенди топтоп эритип бөлүп алуу" десек болот го. Бул ыкма адегенде талкаланып майдаланган кен таштан күкүмдөрү мурун даярдалган чоң чуңкурга жыйналат. Мурун даярдалган чуңкур жердин ыгына жараша төрт бурч, үч бурч, мөөнгө окшош болуп казылат. Ал казылган чуңкурдун түбү, беттери калың пластик менен төшөлөт, анан майдаланган алтын кен таштары катмар-катмар болуп жыйылат да, кендин үстү цианиддин эритмеси талкаланган кен таштар аркылуу заркылдалып өтүп, алтынды таштардан бөлүп, анан атайын жасалган борбордук тундургуч, чөктүргүч көлчүккө агып кирет. Байкадыңыздар го, бул ыкма жаңы система, анткени цианид эритмелерин кайра-кайра колдонууга ыңгайлашып түзүлгөн шарт. Ошондуктан жер астына кыртышка эритмелер өтпөгүдөй болуп жасалат. Ал эми алтындуу суюктук эритме көмүрлүү колонкалар аркылуу кенди байытуучу фабрикага жиберилип, андан аркы алтынды байытуучу иштери улантылат.
Алтынды эмнеге пайдаланышат?

Алтынды адам баласы эзелтеден эле өтө баалашат. Алтын азыркы мезгилдерде деле биздин маданиятыбызга терең кирип, адам үчүн алтын үйдөн да, отун-суудан да, тамактан да кымбат боло баштады. Азыркы мезгилде инвесторлор баардык жаратылыштык байлыктардан алтынды ардактап, өзгөчө баалап жазышат. Анткени азыркы дүйнөлүк кризистердин башында алтын турат. Мисалы, 2011-жылы алтындын баасы өзгөчө озуп, азыр 31,1 граммы (1 унцийи) 1830 долларга бааланды. Эми 2014-жылы 3000 америкалык доллар болот деген да божомолдор бар.
Азыркы мезгилде дүйнөлүк алтындын запасынын 30 пайызы кооз жана көркөм буюмдарды жасаш үчүн колдонулат. 10 пайызы өнөр жайда жана техникада, 20 пайызы алтындын уютулган куймасы катары мамлекеттин дүнүйөлүк резервинде сакталып турат. 40 пайызы алтындын уютмасы жана алтын тыйындар катары ар кимдин колунда сакталып турат.
Адам атадан же илгертен бери 165 000 тонна алтын жерден казылып алыныптыр. Эгерде алардын уютмасынан геометриялык фигура жасаса узун-туурасы 20,4 м. болгон куб курулат экен.
Алтындын сплавдары (кошулмалары) өтө кенен пайдаланылып жатат. Алардын негизгилери:
- электрдик контакттык сплавын;
- өткөргүч материалдарды;
- резиналарды;
- жылуулукту ченөөчү аспаптарда;
- алтындан каңдоо;
- кооз жана көркөм буюмдарды жасоо;
- тиш салууда;
- алтындан жана алардын сплавынан полуфабрикаттарды жасоо;
- тыйындарды жасоодо колдонулат.

Алтындын келечеги кандай?

Алтынды дат баспайт жана ал чирибейт, баасы сакталат. Пайдалануу дагы кеңейет. Анткени алтын - дүнүйөлүк товар. Алтын менен байланышкан соода иштери жана акы пайдалануу шарттар жылдан жылга өтө өсүп баратат. Анын себеби, инвесторлор, коопсуздандыруучулар, соодагерлер өтө өсүп көбөйүүдө. Анын үстүнө, азыркы эл аралык компьютерлешилген системада алтынды сатуу же сатып алуу соода иштери алтынды колдонуучулардын көбүнүн кызыкчылыктарын өзгөчө кеңейтти. Ошондуктан алтындын келечеги өзгөчө кең жана барктуу. Алтынга буюм же акча, баалуу кагаз, техника жана башкаларды сатып алса болот. же алтынды сатса, күрөөгө койсо да болот. Алтын эч убакта пайдасыз зат болгон эмес жана болбойт. Алтын ар убакта күйбөгөн колуңдагы байлык. Бир сөз менен айтканда алтындын баркын туура баалап, кыргыз мамлекети өзүнүн мамлекеттик алтын корун көбөйтүш керек. Эл алтынга текши байышы керек.










кыргыз тилиндеги гезит "De-факто"









??.??