Сат-сат

Азыркы өкмөт Бакиевдин схемасын улантып жатабы?

Кечээ жакында өкмөт 4 алтын кенин "ресурстарды инвестицияга алмаштыруу" схемасы менен Кытай компаниясына Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолун курууга алмаштыруу маселесин карап жатканын финансы министри маалымдады. Бул - Талдыбулак сол жээк, Терек, Тереккан, Перевальное кендери. Эске салсак, ресурстарды инвестицияга алмаштыруу схемасын Бакиевдер активдүү пайдаланып, көп кендерди болбогон каражаттарга берип жибергени коомчулукка кийин белгилүү болду. Эми жаңы өкмөт дагы Бакиевдердин схемасын колдонуп жатабы, бул кендерди темир жолго алмаштырган туурабы, алмаштырыла турган кендерде канча алтын бар, мына ушуларга жооп издедик.


Кубат ОСМОНБЕТОВ,
геология илимдеринин доктору:
"Адегенде кенде канча запас бар экенин изилдешпейби?"
- Төрт кенди Өзбекстан-Кыргызстан-Кытай темир жолуна алмаштырган туурабы?
- Талдыбулак сол жээк, Терек, Тереккан, Перевальное кендери Терексай аянтында жайгашкан. Маалымат бергендер бул аянтты өзүнчө кен катары санап жаңылып алышса керек. Анан бул боюнча оюмду айта турган болсом, жыйырма жылдын ичинде Кыргызстанда 25 өкмөт алмашты. Келген өкмөт эле далбастап, адистерден кеңешчилерди албайт. Анан "чала молдолорду" кеңешчи кылып алышат, алар кенди кантип иштетүү керектигин билбейт да. Транспорт министрлиги жол куруу үчүн кенди саталы десин, анан жерди, сууну сатыш керек болобу? Ошентип атып Бакиевдер "ресурстарды инвестицияга алмаштырабыз" деп Иштамбердиде 80 тонналык алтынды 35 млн. долларга пулдап жиберип жатышпайбы?
- Эмне кылуу керек анда?
- Мен адис катары айтар элем, кенди инвестицияга алмаштырардан мурун кайсы кенден канча запаста бөлүп алууга болорун билип, баасын азыркы дүйнөлүк баа менен эсептеп чыгыш керек да. Темир жол азыр биз үчүн аябай муктаж нерсе эмес.




Талдыбулак сол жээк тууралуу
Чүй облусунун Кемин районуна караштуу Орловка шаар тибиндеги айылдан 12 км. алыстыкта жайгашкан. Бул кен 1963-жылы ачылган. 1983-89-жылдары деталдуу чалгындоо жүргүзүлүп, 1990-жылы болжолдуу запасы 106,4 тонна алтын деп бекитилген. Алтындан башка күмүш, коргошун бар. Кийин бул кен улам бир чет өлкөлүк компаниянын колуна өтүп отуруп акыркы жолу Бакиевдердин тушунда Казакстандын бир компаниясы алган. Кийин Убактылуу Өкмөт келгенден кийин бул казак компаниясынан өкмөт тарыхый чыгым катары 20 млн. доллар алып, ал дагы жок болуп кетти. 2010-жылы бул кендеги алтындын запасы 64 450 тонна деп бекитилген. Бул алтын Кыргызстанга кеминде 15 жылга жетерин айтышат адистер.

Терек, Тереккасан, Перевальное, Терексай кендери тууралуу
Калган үч кен Чаткал районундагы Терек, Касан сууларынын жээктеринде жайгашып, Тереккасан кендүү аймагы деп аталат. Сөз болуп аткан төрт кенге тең "Кыргызалтын" өкмөттүн атынан ортомчулук кылат. Бул кен аймагында алтын, сурьма кендери бар. Терексай аянтына төрт кен участогу кирет. 1938-жылдары Терексай аянтынан Терек сурьма кени ачылып, казылып алынып турган. Кийин бул да казылбай калган. Теректе 1,5 тонна алтын калган. Теректе 3-5 тонна, Перевальное кенинде 7,5 тонна, Терекканда - 31,5 тонна болуп жалпысынан 50 тонна алтын бар экени аныкталган. Бул кендердин аймагында алтын фабрикасы да бар. Учурда бул кендер иштебей эле турат.




Кожобек Рыспаев, ЖК депутаты:
"Бир темир жол үчүн кендерибизди карматып салмак белек?"
- Өкмөттө төрт алтын кенин Өзбекстан-Кыргызстан-Кытай темир жолуна алмаштыруу маселеси каралып атканын финансы министри билдирди. Ушул кендерди темир жолго алмаштыруу туурабы?
- Айткан менен финансы министри чечпейт да муну. Ушундай өкмөттүн чечими болгон күндө гана бул маселени көтөрсө туура болот. Өкмөттүн азырынча андай чечими жок, бизге азырынча маалымат берише элек. Биз кендерибиздин запасы канча экенин билбей туруп бир темир жолго алмаштырып салмак белек? Мен мындай нерсеге каршы турам.




Райкан Төлөгөнов, ЖК депутаты:
"Талдыбулак кенинде Машкевичтин карааны аралап жүрөт"
"Ата Мекен" фракциясынын депутаты Райкан Төлөгөнов Жогорку Кеңештин профилдик комитетинин жыйынында Талдыбулак сол жээк кениндеги үлүштүн сатылуу ишине Александр Машкевичтин адамдарынын катышы бар экенин айтып чыкты. Депутаттын айтымында, Жерүй кенинен кийинки эле маанилүү кен - бул Талдыбулак сол жээк кени. "Запасы боюнча да, маңызы боюнча да маанилүү кен. Бул кенди иштетүү үчүн инвесторлор (Ред.: Казак компаниясы) 20 млн. доллар төлөп, акциялардын 60%ын алышкан болчу. Алгандан кийин бул компания эч кандай иш жасаган жок. Кийинчерээк Кытайдын бир компаниясына 65 млн. долларга сатып жиберип, ортодон 40 млн. доллар пайда көрүп кетип калды. Бул кен түздөн-түз сүйлөшүү жолу менен берилген болчу. Эч ким кийлигишкен эмес. Эч кандай комиссия дагы түзүлгөн эмес, аукцион да өткөн эмес. Белгисиз эле бирөөлөр пайда болуп калган болчу. Көрсө, алар Машкевичтин адамдары экен. Ал дайыма сатып алып, эч нерсе жасабайт, анан кымбат баага сатып жиберип кетип калат экен", - дейт Төлөгөнов. Анын айтымында, азыр дагы кен жөн салды бирөөнүн колуна түшүп калган. "Өкмөт бул кенди иштетүүнү 2014-жылга пландап атат. Бул иш аткарылбайт. Өкмөт эл алдында уят болот. Талдыбулак сол жээк дагы, Жерүй дагы 2014-жылы ишке кирбейт. Мен буга кепилдик берем" дейт депутат.


Даярдаган
Дилбар АЛИМОВА