Канатбек Муратбеков
Нарын облусунун губернатору Канатбек Муратбеков убадасына туруп, мыкты айыл өкмөткө машине берди. Бизге жеткен маалыматка таянсак, комиссиянын 24 мүчөсүнүн 18инин жашыруун добушун алган Нарын районуна караштуу Миң-Булак айыл өкмөтүнө баш байгеге коюлган "Хонда" автоунаасы тапшырылды. 1-орун алган эки айыл өкмөтүнө Дубайга эс алууга жолдомо, 2-3-орундарга акчалай жана кызыктыруучу сыйлыктар тапшырылган. Канатбек мырза буга чейин Нарын шаарына өз чөнтөгүнөн парк салдырып берген эле. Эми минтип айыл өкмөттөрүнүн көңүлүн алып жатат. (Же "Республика" партиясы эмитен эле пиар-жүрүш баштадыбы?). Канткен күндө да капчыгын басып отурбай ушундай ишти баштаганы саамалык. Бул өрнөгү башкаларга да жугуп, иштесе эмне?

Адахан Мадумаров
УТРКнын түз эфиринде Адахан Мадумаров элди бир таң калтырды. Журналисттин: "В интервью агентству Регнум, вы сказали: "Не будет диктатуры, разве южанин-диктатор расстрелял свой народ в Аксы? Это сделал северянин-демократ Акаев, а Бакиев не склонен к диктатуре". Эти слова провоцируют межрегиональную рознь. Вы понимаете это?" деген суроосуна, өмүрү антип айтпаганын айтып карганды. Дал ушул айтканын башка гезиттер жазып эле келатышат. "Айкын саясат" гезити да "2005-жылдагы март окуясынан кийин эйфориянын сазына баткан Мадумаров россиялык журналисттердин бийлик диктатурасына байланышкан суроосуна: Күтпөгүлө! Диктатура болбойт! Негедир түштүктүктөр ушуга жөндөмдүү деген ой бар. Түштүкчүл-диктатор Аксыда өз элин атты беле? Муну түндүкчүл-демократ Акаев жасаган. А Бакиев диктатура орнотууга жөндөмдүү эмес таризинде адатынча сенсациялуу жообун узаткан". Өзүн болочоктогу президент катары эсептеген адам Кыргызстан деген эгемен мамлекетти чайпалтпай, элди жээк-жаат, кокту-колот, түндүк-түштүккө бөлбөй, тескерисинче, андай илдеттен арылтуунун амалын көрмөк. А Адахан мырзанын айтар кеби ушул.

Камчыбек Ташиев
Ошол эле УТРКнын түз эфирине чыккан дебатында, суроолорго ороңдоо менен жооп берип, журналисттерди кагып-силкип, өзүнүн деңгээлин көргөздү. Берүүнүн алып баруучуларынын бири Кубат Оторбаев талапкерди сылыгыраак болууга чакырып "боксташканы келген жокпуз бул жакка, бир аз күлүп эле жооп бериңиз" десе, ага да "мен бул жакка күлүшкөнү келген жокмун" деп жооп берди. Дебат учурунда түшкөн суроолорго конкреттүү жооп бербей, буйтап, абстрактуу сүйлөп туруп алды. Нариман Түлеевдин маегинде "Москвадагы сауналардын биринде Акматбек Келдибеков, Камчыбек Ташиев, Айдар Акаев болуп отуруп сүйлөшүп, акча сураган жана алтын саат белекке алган" деп айткандары боюнча суроого К.Ташиев "Нариман мончонун буусуна көпкө туруп калса керек, көзүнө бирдемелер көрүнүп. Кудайга койдум аны" деп жооп берди. "Президент болсоңуз да маселелерди муштум менен чечесизби?" деген суроого "Президент болсом көрөсүңөр" деген жооп кайтарды. Мына анын деңгээли.




  Бөтөн элде султан болуп

Бакиевдер "саясый качкын" макамын алышты. Эми сотто да акталабы?

Кечээ жакында УКМК төрагасы менен Башпрокурор Аида Салянова Кыргызстанда бир нече кылмышка шектүү делип издөө салынган Бакиевдердин кайсыл өлкөлөрдө баш калкалап атканы тууралуу маалымат беришти. Бул укук коргоо ведомстволору бир нече жолу тиешелүү мамлекеттерге Бакиевдерди кайтарып берүү талабы менен кат жолдоп, аракеттер майнапсыз болуп атканын кабарлашты.


Белоруссия Курманбекти да,
Жанышты да бербейм деди
Башпрокурор Аида Салянова Белоруссия Курманбек, Марат, Жаныш Бакиевдерди Кыргызстанга берүүдөн баш тартканын билдирди. Анын айтымында, Башпрокуратура Курманбек Бакиевди кайтарып берүү талабы менен эки жолу кат жиберип, экөөндө Белоруссия ал саясый куугунтукка туш болгонун айтып, экстрадиция кылуудан баш тарткан. Ал эми Марат Бакиев боюнча да ушундай эле талап менен Казакстан, Россияга кайрылышкан, бирок анын кайсыл жакта экени белгисиз бойдон калууда. Ал эми Белоруссия Марат Бакиевди дагы, Жаныш Бакиевди дагы саясый куугунтукка туш болду деп жооп кайтарган. Генералдык прокуратура Максим Бакиевди кайтаруу боюнча Латвияга, Улуу Британияга жана Түндүк Ирландияга кат жиберген. Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин маалыматына караганда, Британиянын Ички иштер министрлиги бул маселени кароодо.

Саясый качкын болуп алышканы чынбы?
Ал ортодо Улуттук коопсуздук комитетинин жетекчиси Кеңешбек Дүйшөбаев Бакиевдер "саясый качкын" макамын алганын кабарлады. Баш тыңчынын маалыматына караганда, экс-президент Курманбек Бакиев учурда Белоруссиянын мамрезиденциясында жашайт, жана бул өлкө саясый качкын макамын берген. Ушундай эле качкын статусун Британиядан Максим Бакиев да алганын билдирип, ошол себептен аларды экстрадиция кылууга мүмкүн болбой атканын айтты. Аны менен катар Кеңешбек Дүйшөбаев экс-президенттин иниси Жаныш Бакиев да Белоруссияда эле жашап жатканын, бирок азырынча анда качкын статусу жок экенин айтты. Ошондуктан ал дүйнө жүзүн ээн-эркин кыдырып жүрөт экен. Кала берсе, коңшулаш Тажикстанга эле бир нече жолу келип кетиптир. Ал эми Марат Бакиев болсо Казакстан менен Белоруссиянын ортосунда эле жүрөт экен. Алардан сырткары Кеңешбек Дүйшөбаев УКМКнын мурунку жетекчиси Мурат Суталинов Казакстандын Караганда шаарында жашап атканын, экс-премьер-министр Данияр Үсөнов бирде Алматыда, бирде Араб Эмираттарында болуп атканын, Оксана Малеваная уулу менен Алматыда жашап атканын кошумчалады.


Мирослав НИЯЗОВ, экс-коопсуздук катчы:
"Бул бийликтин алып келүү максаты болсо эле жолу табылмак"
- Биринчиден, Бакиевдерди бул жакка алып келмейинче 7-апрель боюнча жүрүп аткан, жана башка сот иштери боюнча объективдүү жыйынтык чыгарууга мүмкүн эмес.
- Аларды башка өлкөлөр бербей атса кантип алып келет?
- Дүйнөдө ар кандай практика бар. Мисалы, экинчи дүйнөлүк согуштан кийин еврейлерди фашисттер кырып салганда, Израилде атайын бир топ даярдаган. Алар кайсы мамлекет болбосун, фашисттерди таап өлтүрүп чыгышкан. Айрым өлкөлөрдө уурдап чыккан учурлар болгон. Биздин учурда болсо мыйзам жолу деле бар. Эл аралык коомчулукка, интерполго кайрылып, же үч тарап менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү аркылуу алып келсе болот. Таптакыр жол жок деген туура эмес да. Эмнеге алып келбей атат? Биринчиден, бул бийликтин эл аралык коомчулукта кадыры жок, буларга эч ким ишенбейт. Кокусунан эле келип калган бийлик, эртең болобу-жокпу деп атышат да. Экинчиден, бул бийлик алып келгенге кызыккан жок. Эгер алып келе турган болсо көп нерселер ачыкка чыгып калышы мүмкүн. Булар андан коркот. Эрки дагы, профессионалдык деңгээли да жетпейт."Биз аракет кылып атабыз, бирок качкын статусун алып алган экен" деген болбогон шылтоо. Эгер бул бийликтин чынында эле алып келүү ниети бар болсо, кандай жол менен болсо да алып келишмек.

Данияр Тербишалиев, ЖК депутаты:
"Чудинов акталды, соттор эртең Бакиевди да акташы мүмкүн"
- Белоруссия Курманбек Бакиевди кайтарып берүүдөн баш тартууда. Маселени сүйлөшүү жолу менен чечсе болобу?
- Тилекке каршы, Белоруссияда авторитардык бийлик болуп жатпайбы. Александр Лукашенко эл аралык коомчулук менен эсептешпейт. Өз билгенин жасап атат. Ал бийликте турганда Курманбек Бакиевди бербеси анык. Эми диктаторлор деле түбөлүк дооран сүрбөйт да. Эртеби-кечпи бийлик алмашат. Ошондо Курманбек Бакиевди алып келип жоопко тартсак болот.
- Лукашенко кайтаруудан баш тарткан күндө деле, бакиевдерге "саясый качкын" деген макам бербей турса болот беле?
- Лукашенкону деле түшүнсө болот. Диктатор болсо, өз билгенин кылып атса. Эртең ээрден оодарылса, Бакиевдин абалы өз башына келерин билип турат да. Ошол кезде бул "айкөлдүгүнүн" пайдасы тийип калышы мүмкүн. Азыр Бакиевди кабыл алганы үчүн Лукашенкого өз эли деле нааразы. Менимче, ошол күнөөсүн жеңилдетиш үчүн Бакиевге "саясый туткун" деген макамды берип атат.
- Кечээ Игорь Чудинов сот тарабынан акталганы тууралуу кабар тарады. Буга депутат катары кандай баа бересиз?
- Бакиевдин эң жакын адамын, премьер-министрин актап коюшту. Бул дагы сотторго абсолюттук бийлик бергенибиздин кесепети. Ошон үчүн биз сот системасын туура реформалайлы деп чырылдап жатабыз да. Эгер бүгүн жаңылсак, эртең качкан ажолорду сатылган соттор беймарал акташы мүмкүн. Ошого жеткирбешибиз керек.




Төлөйкан Исмаилова, укук коргоочу:
"Өзүбүз үлгү көрсөтпөгөн соң, талап кылганыбыз түккө арзыбайт"
- Бакиевдерди кайтарып алуу үчүн Кыргызстан эл аралык уюмдарга кайрылса болобу?
- Биринчиден, таза жана ачык бийлик болушу керек. Демократиянын принциптери сакталып, адам укугу сакталган кезде Кыргызстан эл аралык коомчулукка бул маселени алып чыкса болот. Ошондо гана Акаев болобу, Бакиев болобу алып келип соттосок жарашат. Тилекке каршы, биз азыр андай үлгү көрсөтчү абалга жете элекпиз. Акыйкаттыкты эл соттошуп да таба албай жатат. Реформалар жаңыдан башталып жатат. Алдыга реалдуу жылыш болмоюн эл аралык институттар кайтарып берүү өтүнүчүн аткарышы күмөн.
- Бирок Орто Азия боюнча демок­ратияга басым жасаган мамлекет биз эле болуп жатабыз го, өлүм жазасы жок, гумандуулук бар дегендей?
- Бизде толук кандуу демократия жок да. Ал качан орнойт? Сот адилет чечим чыгарганда, милиция гумандуу болгондо, күнөөнү кыйнап моюнга алдыруу токтогондо. Бүгүнкү сотторду ким алып келген? Албетте, Акаев менен Бакиев. Андыктан бул системаны тазаламайын коомдо башаламандыктар боло берет. Ушундай эле реформа бардык тармакка керек. Коррупциянын тамыры кыркылмайын биз алдыга жыла албайбыз. Эл аралык коомчулук мунун баарын көрүп турат да. Ошон үчүн бизге ишеним артпайт. Анткени бизге качкан адамдарды кайтарып берген күндө да адилет соттоп, тиешелүү жазасын берерибизге ишенбейт. Бакиевдерди алып келген күндө да, алар акча менен оңой эле бошоп кетсечи? Бул жагын да ойлонуу керектир.

Дилбар АЛИМОВА,
Санжи ТУЙТУНОВА