ТАПАЛАК ҮКҮ
Жадыбалың алып чык

Класста 24 адам бар. Математикадан диктант жазуу жүрүп атат. Тапшырманы чыгарып бүткөндөр барактарын мугалимдин үстөлүнө биринин үстүнө бирин ирети менен коюп атышат. Тумар жазган диктантын бешинчи болуп койду. Эгерде окуучулардын баары коюп бүткөндөн кийин мугалим диктантты үстүнөн баштап ирети менен карап чыкса, Тумардын жазгандары канчанчы болуп текшерилет.


Убакыт жана аралык

Бишкектен Токмокко жөнөчү автобус графиктен он мүнөткө кечигип чыкты. Ал эми Токмоктон Бишкекке кетчү автобус жыйырма мүнөткө кечигип чыкты.
Эмесе, эки автобус бири-бири менен жолукканда, кайсынысы Бишкекке жакыныраак болот?

Алдуулар жана алсыздар

Дени-карды соолор нааразы болуп атат дейт: "Керелден кечке иштейсиң же ыракмат деп койгон бирөө жок. Ал эми жарым-мунжу чабалдар алтын жамынып жүрүшөт! Кайсы арына дейм да?!"
Эмесе, каражанын карч уруп кечке иштегендер ким да, алтын жамынган мунжу-чабалдар ким?

Математика мат болду!

666 деген сан бар. Ушул санды эч кандай арифметикалык ыкма колдонбой туруп, математикалык маанисин бир жарым эсеге чоңойто аласыңарбы?

Туягын саначы!..

Эки башы бар, эки колу бар, алты буту бар, бирок төрт буттап басат, бул эмине болучу?

Календарда кайсы күн?

Эгерде бул күн дүйшөмбүдөн кийин келбесе жана да бейшембиден мурда келбесе, ал эми эртең жекшемби болбосо, кечээ да жекшемби болбосо, бирсүгүнү ишемби болбосо жана кечээкүндүн аркы күнү шаршемби болбосо, анда бул кайсы күн өзү?

24-сандагы "Тапалак үкүнүн"
жооптору:

"Камерасы кайдакен?" Мындай түрмө Африкада гана болгонуна баобаб деген алп дарак себептүү. Мындай дарактын ичин оюп камера жасап, ичин зектерге толтурушат экен.
"Анын бетин ары кылсын" деген табышмактын жообу, кадимки өлүк жатчу табыт.
"Көзү көз экен го" дегендин жообу мындай: шоопур машинасын күп-күндүз эле айдап келаткан.
"Толстойдун табышмагынын" жандырмагы 15 сом жана бир тумак.
"Башты иштет" деген табышмактын жообу 4100.
"Шумдугуң кур дечү беле?!" Жообу, сиз каруселдеги тикучакта отурасыз.
"Камырбектер кайдан чыгат?" Мунун жообу, "кесметөрлүктөр бири калбай калпычы" деп талапкер өзү калп айтты. Демек, кесметөрлүктөр деле башкалардай - калп айтканы бар, чын сүйлөгөнү бар эл болот.
" Кимден кетти кемчилик?" дегендин жообу мындай экен: мас шоопур чынында сопсоо. Ал өзүнүн мас болуп калган досторун куткарыш үчүн биринчи чыгып, гаишниктерди алаксытуу маневрун жасаган.
"Ширеңкең барбы, дос?!"