Абалың кандай почточу?

"Бардык гезитке мамилебиз бирдей, алар биздин өнөктөштөрүбүз"

Буга чейин "Кыргыз почтасы" ишканасынын карызга бекем экендиги, анын ичиндеги башаламандык айтылып, жазылып келген. Бир кездерде ишкананын айынан бир нече гезит да жабылып тынган. Учурда ишканада эмне өзгөрүү, жаңылануу болуп атканына кызыгып, "Кыргызпочтасы" мамлекеттик ишканасынын башкы директору Жусуп Турганбаевге кайрылдык.

- Жусуп Турганбаевич, өткөн жылы "Кыргыз почтасы" бардык карыздарынан кутулуп атат дедиңиз эле. Толук кутулдуңуздарбы?
- Мен жетекчиликке келгенде мекеме ар башка редакцияларга жалпы 21 млн. сом карыз экен. 2010-2011-жылдары ошол карыздардын баарынан кутулуп, бир ай мурунку аз-маз карыздарыбыз калды. Мурда "Кыргызпочта" филиалдары гезиттерди чекене сатууга алып, кийин алардын өтпөгөнүн почта кызматкерлери пенсионерлерге таңуулап сатышчу экен. Азыр анын баары токтотулуп, биз жазылууну гана колго алдык. Ошону менен бирге эле почта филиалдарына кайсы гезитке окурмандардан канча заказ болсо, ошончо гезитти алып чекене баада таратып берип, акчасын редакцияларга которуп беришине мүмкүнчүлүк берип атабыз. Бардык гезит-журналдарга мамилебиз бирдей. Бул мамлекеттик гезит, бул оппозициялык гезит деп бөлбөй, баары менен өнөктөш катары кызматташып атабыз.
- Азыр гезитке жазылуу кандай жүргүзүлөт?
- Биз ар бир редакция менен байланышып, гезиттер боюнча жазылуу каталогун түзөбүз. Ошол каталогдор ар бир почта түйүндөрүнө алдын-ала таркатылат. Ал каталог боюнча окурмандар каалаган гезитине жазылып, өзү жашаган аймактагы почта бөлүмдөрүнөн алып турушат.
- Алыскы айылдарда почта аркылуу гезит алгандар гезиттер кечигип жетип атканын айтып атышат. Буга не себеп?
- Бүгүн түнү гезит чыкса, таң эрте аны басмаканадан алабыз да аба ырайы кандай болбосун кечке чейин республиканын бардык аймактарына таратабыз. Бул илгертен калыптанган система. Биз ошол боюнча иштейбиз.
- Көп эле гезит редакцияларынан "Кыргызпочтасынын" аймактардагы айрым филиалдарында бюрократия күч деп угуп жүрөбүз. Бул боюнча сиздин маалыматыңыз барбы?
- Чынын айтсам, мен мындайларды уккан эмесмин. Эгер биздин кайсы бир аймактык бөлүмдүн жетекчиси ошондой кылса, ошол эле замат аны менен кош айтышууга туура келет. Себеби биздин кайсы бир гезиттердин камчысын чаап, жазылуу санын көтөрүп бергенге же башка бир гезитти кодулаганга укугубуз жок. Экинчиден, бул мыйзамды бузгандыкка жатат. Үчүнчүдөн, биз жазылууну уюштуруп берген үчүн өз кызмат акыбызды алып атабыз. Чындап келсек "Кыргыз почтасы" жүз пайыз чарбалык эсепте болуп, кызмат көрсөтүүлөрдүн эсебинен жашап атат. Ошондуктан бюрократиялык кылган же пара алган почта кызматкерлерин көргөндөр болсо бизге кайрылышсын, аларга тиешелүү чара көрөбүз.
- Азыр гезиттердин көбү айылдарга ар кандай жолдор менен жөнөтүлүп жатканы жашыруун эмес. Ушуну "Кыргызпочтасы" колго алып, системалаштырса болбойбу?
- Албетте, гезиттердин бардыгы биз аркылуу таратылса жакшы болмок. Бирок биз базар экономикасында жашап аткандан кийин атаандаштык деген болот экен. Биз менен катар эле азыр гезит ээлери, басмаканалар менен сүйлөшүп алып, гезитти тез жеткирип берүүгө милдеттеме алган бизнесмендер, башка жеке, мамлекеттик ишканалар бар. Базар шартында аларды биз тыя албайбыз. Тескерисинче, ошондой атаандаштыктан улам өнүгүү, өсүү болот экен. Азыр "Кыргызпочтасы" менен жеке гезит ташуучулардын ортосундагы айырмачылык алар бизден бир-эки саат эрте жеткизишет.
- Учурда ишкана канча гезит менен иштешип атат?
- Жүздөн ашык гезит менен тыгыз иштешебиз. Менимче, азыр айрым аймактарда кыргыз телевидениеси жакшы көрсөтпөгөндүктөн, гезитке, күнүмдүк, жумалык жаңылыкка эл муктаж. Ал муктаждыкты канааттандыруу биздин милдетибиз.
- Милдет демекчи, "Кыргызпочтасынын" учурдагы негизги милдеттери кайсы?
- Биздин негизги милдетибиз элге почта кызматын (кат, гезит-журналдарды жеткирүү) көрсөтүү. Буга удаа финансылык, логистикалык (транспорттук жеткирүүлөр) кызматтарды көрсөтүү. Мындан сырткары учурда биз сырттагы мигранттардын акчаларын почта аркылуу жеткирүүнү баштадык. Алсак, Россия менен иштей турган "Золотая корона", "Мигом", "Контакт", "Юнистрим", "Вестернюнион" деген банк системаларын почта кызматына киргиздик. Кудай буюрса, келечекте айыл жерлеринде почта деген көп багыттуу кызмат көрсөтүүчү чоң борбор болот. Жакында почта түйүндөрүнөн интернетке кирип, акча которуп, пенсия алып, билет сатып ала турганга, ал тургай бирдик жүктөөгө мүмкүнчүлүк болот. Учурда мунун баарын азыр акырындап жүзөгө ашырып, тышкы инвесторлорго долбоор жазып жөнөтүп, өсүү боюнча чоң секирик жасаганы турабыз.

Мелис СОВЕТ уулу




  Түгөй дүйнө

Карт бойдок менен боз бойдок, караса аял көз тоймок

Союз доорунда жашы өтүп бараткан бойдокторго мамлекет салык салчу. Азыр ошол мыйзам болгондо казынабыз кампая түшмөк экен. Көчөдө колоктоп бойдок жүргөндөргө көз жумуп, элге таанымал боз бойдок менен карт бойдокторду сыдыргыга салып көрдүк.

Улан Чолпонбаев, ЖК депутаты

"Ата Журт" партиясынын тизмесинде тогузунчу болуп, депутат болгон Улан Чолпонбаев деген мырза бар. Бул жигит депутаттык ээрге отурганда бир катар массалык маалымат каражаттары, анын ичинде "Московский Комсомолец" гезити да аны крим лөгү Камчыбек Көлбаевдин оң колу деп жазып чыгышкан. Депутат болгонго чейин Улан мырза "Манас" аэропортунда улук инспектор, кийин "Гален-Фарм" кыргыз-казак фармацевтикалык ишканасында башкы директор жана 2009-жылы Кыргызстандын Монголиядагы ардактуу консулу болуп эмгектенген. Немец, англис тилин жакшы билген депутат өткөн жылдан тарта парламентте бир катар мыйзам долбоорлорунун демилгечиси да болду. "Ата Журт" фракциясынын муктаж болгон үй-бүлөлөргө материалдык жардам берүү фондусу да ушул депутаттын сунушу менен түзүлгөн. Юридикалык, экономикалык жогорку билими бар, 34 жаштын ашын ичип аткан "атажуртчул" депутаттын үйлөнүп, бала бакыралуу болушуна толук шарт барына карабай, негедир ал азыркыга чейин бойдок.


Темир Бирназаров, кинорежиссер

"Шайтан көпүрө", "Жайык", "Сырга" документалдуу фильмдеринин, "Парз", "Белгисиз маршрут" көркөм тасмаларынын автору Темир Бирназаровду тааныбаган адам аз болсо керек. Келинчеги менен ажырашканына жыйырма жылдай болуп калган бул режиссер билинбей жүрүп эле өзүнүн тасмалары үчүн жыйырмага чукул эларалык сыйлыктарды алып коюптур. Таң калычтуусу, анын орчундуу ийгиликтери анын бойдокчулук доорунда болуп жатканы. Чыгармачылыгында далай "шайтан көпүрөлөрдөн" өтүп, кезинде Аскар Акаевге каршы сүйлөгөн талантыбыз Бакиев бийлигин "Белгисиз маршрут" тасмасы менен кебез менен мууздагандай эле кылды. 43түн кырында аш десе аш, иш десе ишке тойбой турган Айгерим аттуу кыздын атасы азыркыга чейин бойдокчулуктун кемесинде жүрөт.

Калнур Ормушев, экономист, экономика илимдеринин кандидаты

Экономика, бизнес, саясат жаатында талбай эмгектенип келаткан Калнур мырзанын аялы менен бирге түтүн булатпай калганына көп жыл болсо да жалгыз бой жашап келет. Журналист кызы Жамийла менен сыймыктанган Калнур Келдибековичтин дагы Толгонай аттуу кызы, Максат, Бекжан деген уулдары бар. Эр ортону 56га чыкса да Эсептөө палатасынын төрагасынын кеңешчиси, экономика, саясат маселелери боюнча аналитик агабыз азыркыга чейин лезгинка бийин лезгиндерди бок жедире тытат. Бир кездерде Келдибек атанын баласы туризмди өнүктүрүү үчүн Россиялык журналисттерди Кыргызстанга алып келүүгө катуу жан үрөгөн. Ушундай ийгиликтерге жетип, 25-30дагы жигиттердей шыпылдаган экономист неге эмдигиче бойдок жүргөнүн сураган жан жок.


Турусбек Мамашев, бизнесмен

Кезинде Туризм агенттигин жетектеп, Кыргызстанды Санта Клаус өлкөсү атаган Турусбек Мамашев да көп жылдан бери бойдок. "Туризм саясаттан сырт болушу керек, биз чет элдик конокторго жагымдуу жылмайганды үйрөнө албай атабыз" деп какшап атып, кызматынан кеткен. Өзүн саясатчы эсептебеген экс-чиновник учурда өзүнүн "Дасмия" мейманканасын иштетүү менен алек. Өткөн жылы "Учур" гезити Турусбек Мамашев үйлөнгөнү жатыптыр, муну жакындары билдирди деп жазып чыккан. Андан бери үйлөнүү тою эмес, Турусбек мырзанын өзүнүн дымы чыкпайт. Кыргызда "жакшы адам ашын жашырбайт, жакшы таз башын жашырбайт" дешчү эле. 53кө эми келген Тукебиз жашыруун үйлөнүп албас.

Мелис СОВЕТ уулу