Асан Турсункулов, сүрөтчү, Мамлекеттик жаштар сыйлыгынын лауреаты:
"Буюккан уулдарың болбосун, кыргызым"

Сыйкырга, сырга, философияга, рухий дөөлөттөргө толгон сүрөттөрү менен таанымал Асан Турсункуловдун эмгектери АКШ, Канада, Япония, Кытай, Венгрия жана башка мамлекеттерге коюлган. Мына ушул күндөрү Г.Айтиев атындагы сүрөт искусство музейинде белгилүү сүрөтчүнүн "Жети ата", "Байыркы улуу кыргыз эли" аттуу сүрөт көргөзмөсү көрсөтүлүүдө. Бүгүн биз сүрөтчүнүн жан-дүйнөсүндөгү жаңырыктарды эшиттик.

Сүрөтчүлүк тагдыр жана рухтар
Сүрөтчүлүк тагдырым оор эле болду. Эмнегедир көрө албастыктар, эмгегимди, талантымды тебелегендер жолумдан көп учурады. Бирок сынып калбадым. Алсыздыкка алдырбадым. Мен кыйналган сайын катмарланган бабалардын арбактары күч бергенсийт. Философия, бейтааныш ойлор, жүрөккө, мээге тынчтык бербей буулуктурат. Жымжырттык. Түнбү же күндүзбү көзүмө көрүнбөгөнү менен бабалардын арбактары айланамда жүргөнсүйт. Тирүүлөр менен арбактарды, үлбүрөгөн эле бир тосмо тосуп турат. Адамдар өлгөндөн кийин денеси өлүп, жаны учуп чыгат. Арбактар арабызда жүрөт. Биз муну көрбөйбүз, бирок сезебиз. Ошон үчүн куран окуп турушубуз керек.

Миңдеген саат былк этпей олтурдум
Жети ата. Мен бул көргөзмөнүн үстүндө иштеп жатып, миңдеген саат былк этпей олтурдум. Анан ойлодум. Эгер менин жанымда бирөө Манас айтып жатса анда ал Сагынбай менен Саякбай, күү чертсе Ниязаалы, ыр төксө Арстанбек, Жеңижок, Токтогул, Барпы. Ойлонсо Калыгул, сындаса Толубай, ырдаса Ырысбай олтурмак. Бул болгону кыял дедим. Бирок кийинки муундан, жаштардан үмүтүм зор. Алтын кылым алдында турабыз. Кыргызымдын канында улуу тарбия бар. "Карындагы баланын хан болорун ким билет, бешиктеги баланын бек болорун ким билет" дегендей, баатырлар жетилип жаткандыр.

Күлгө айланган сүрөттөр
Менин канча жылдап жаралган эмгегимдин бир заматта тыптыйпылы чыкты. Бул отту 3 өрт өчүргүч машина үч жарым саат өчүрдү. "Алтын өзөк", "Кырк чоро" деген көргөзмөлөрүм, бир нече чоң көлөмдөгү портреттер күлгө айланды. Миңдеген наброска, зарисовка, эскиздер көргөзмө менен кошо жок болду. Мунун баары кара өзгөйлөрдүн, көрө албастардын ич күйдүлүктөн жасаган иштери. Жон терим менен ким экенин деле сезип турам. Бирок кармап албагандан кийин ачык айтпадым. Бул күндөр менин өмүрүмдөгү эң оор күндөр болду. Бул күндөр дагы өттү.

Буюккан кайран жылдыздарым
Кыргыздын эмне деген улуу таланттары жаш кездеринде эле, элүү жашка жетпей арабыздан өтүп кетти. Буулуккан, буюккан кайран жылдыздар. Таланттары төгүлбөй кетти. Жүрөк түпкүрүндөгү рухтарды кошо ала кетишти. Булардын элестерине, арбактарына арнап ушундай аталыштагы көргөзмөмдү жараттым. Буюккан уулдарың болбосун, кыргызым.

Сексен жети баатыр
Кайран баатырлар. Бири дагы министрдин же депутаттардын уулдары эмес. Карапайым элимдин кулундары. Кырчындай курактарында кыйылган кыраандарга ичим ачышып, таазим кылып, сексен жети баатырдын портретин жараттым.