Сыр маек

Саламат Садыкова:
"Ыйласам ийнин тосуп, жөлөк болчу досум жок"

Кыргыз Эл артисти, Токтогул сыйлыгынын лауреаты, Борбор Азиянын жүрөк ырчысы Саламат Садыкова чыгармачылыгы, өтүп кеткен жана азыркы күндөр тууралуу сыр бөлүшөт.

- Саламат айым, филармонияга, көнгөн иш ордуңузга кайтып келип, иштеп жатасыз. Кайра келгенде кандай сезимде болдуңуз?
- Филармония бул мен үчүн өзүм ыйык санаган, чыгармачылыктын чоң мектеби, өнөрканасы. Кандай гана залкарлар иштебеди бул жерде. Эстебес агай өзүнчө бир чалкып жаткан дүйнө болчу, комузун кармаганы, бир жарк этип кишини караганы, өзүнө-өзү тилек айтып, сахнага чыгып баратканы, комузун алып, төгүп киргени… Бир ирет Казакстанга алар менен гастролго бирге чыгып, казак төкмөлөрү Эстебес агайды көргөндө, ырдай алышпай абдырап, ооздорунан келмеси түшүп калганына күбө болгом. Ушундай куттуу жайдан эмне кылмыш жасап куулду дейсиңерби? Бар күнөөм - бетке айтканым. Ошол мүнөзүм менен кээ бир кишилерге жакпай калдым. Бирок жумушсуз болсом да жерде калган жокмун, чет өлкөлүктөр менен иштешип, Европа менен Азияда өнөрүмдү көрсөтүп жүрдүм, компакт дисктерим да чыкты. Акыры акыйкаттык жеңет экен, куттуу уяга минтип кайтып келдим. Бакиевдин тушунда кыргыздын идеологиясын тейлеген адамдар бийлигине манчыркап, өнөрпоздорду басынтып турду. Эми деле такка жулунуп жатышат.
- Ошол кезде идеологияга жооптуу мамлекеттик катчы Адахан Мадумаров эле да. Сизди куугунтуктаган ошол киши беле?
- Ооба, Адахан Мадумаров болчу. Ага бийлик берип койсо, алды-артын карабай, алчыланып кетмей жайы бар экен. Ага тегерегиндеги "бөрк ал десе баш алгандар" шыкактап, кошул-ташыл болду. Ошо шыкактаган адамдар кайсы бийлик келбесин жагынып ишин жүргүзө беришет экен.
Мени филармониядан кетиришкенде көрүнөө да, көмүскө да көп кишилер колдогон. Ошондо элибиздин өнөрдү, талантты баалаганына абдан ыраазы болгон элем. Өндүрүш Токтонасыров деген эркин журналист жалгыз филармониянын алдына плакатын көтөрүп алып "Саламат Садыкова филармонияга келсин" деп турду. Темир Сариев кыйын кезде мага күйүп-бышып жан тартып турганын белгилеп коюшум керек.
- Азыр бир кезде сизди куугунтуктаган кишинин штабында, анын бийликке келишин үгүттөп, ырдап жүрөт деген сөздөрдү угуп жатабыз…
- Ооба, ушундай сөздөрдү менин өзүмө да айтып жатышат. Мен эч кимдин үгүт иштеринде ырдаган жокмун.
- Азыр мурдагы репертуарыңызды жаңыртып, чыгармачылык менен иштеп жатасызбы?
- Чынын айтканда оркестр менен иштеген ырчыларга репертуарды тез эле жаңырта коюуга мүмкүнчүлүк болбойт, бул узак процесс. Ошентсе да жаңы чыгармаларды жаздырууга аракеттенүүдөмүн. Келерки айда жекече концерт берүүгө да ниеттенип жатам.

"Сүлгү уурдадыңыз беле?…"
- Саламат айым, ырчылардын арасынан бөтөнчө сиз чыгармачыл чөйрөдөгү адилетсиздикке, аша чаап кетүүлөргө жан кейитип, жумуштан куулсаңыз да тартынбай-этпей, өз оюңузду айтып келатасыз. Эгер маданият министри болуп калсаңыз, кандай реформаларды жасаар элеңиз?
-Күлүйпа Кондучалова эже маданият министри болуп турган кезди көп өнөрпоздор ыраазы болуп эскеришет. Эгер мен маданият министри болуп калсам, Күлүйпа эжедей боло албасам да, биздин маданият тармагынын деңгээлин көтөрүүгө абдан чоң аракет жасамакмын. Кечээ жакында эле Курманжан Датканын Алайдагы концертин уюштурушту. Ошол жерде ырчыларды эч бир тандап- ылгабай эле ырдата беришиптир. Курманжан энебиздин 200 жылдыгын чоң салтанат менен белгилеп жаткандан кийин ал жакка кыргыздын нукура таланттары чакырылышы керек болчу. Замирбек Үсөнбаев баштаган азыркы төкмөлөр ошол жерде ырын төгүп турса жарашпайт беле? Анын ордуна сахнанын ысык-суугуна быша элек балакайларды алып барышыптыр.
Азыр фонограмма менен ырдап, жылдыз болуп чыга келген жаштар абдан көбөйүп кетти. Алардын арасынан таланттууларын тандап, көркөм дүйнөнүн чыгармачыл казанында кайнатыш керек.
- Сизге бир жагымсыз суроо берейин деп турам, жакында бир гезит "Саламат Кытайдан сүлгү уурдап кетиптир" деп жазганын окудук…
- Мына, ушундай да ушактар болот экен. Гезиттин редакциясына барып, аны жазган кабарчы кыз менен жолугуштум. "Кичине чындыкка окшоштуруп жазсаң боло, кантип эле чет мамлекеттен мен сүлгү уурдап калайын? Үйүмдө сүлгүдөн көп эме жок, үйдөгүлөрүмдү батыра албай жатып, эмнеге сүлгү уурдайт элем? Ошол жолу Кытайга Роза Отунбаева баш болгон бир далай чоңдор барган, ошолордон да сурагыла" дедим. Чынын айтканда, абдан ачуум келип баргам, кабарчы кыздын абалын көрүп, ага боорум ооруп кетти да жөн-жайына койдум, ал мен соттошуп-тартыша турган кыз эмес экен, биринчиден, жаш, экинчиден, жана мен жаш ырчылар тууралуу айткандай эле, ал эмнени жазып, эмнени териштирип-иликтөө керектигин али үйрөнө элек окшойт. Балким, кимдир-бирөөнүн айтуусу менен жазгандыр.
- Саламат айым, албетте, элдин көз кырында жүргөн ырчы тууралуу өйдө-төмөн сөздөр жүрө берет экен, ырларыңыз менен канча адамга күч-кубат, энергия берип келесиз, а өзүңүз энергияны кайдан аласыз?
- Ооба, тынымсыз иштеп, чыгармачыл түйшүктө жүрүп, кээде чарчап, үйгө келгенде суй жыгылып калган күндөрүбүз болот. Ошондой убактарда мен классикалык китептерди, Сүйүнбай Эралиев, Сооронбай Жусуевдин ырларын, Чыңгыз Айтматовдун, Түгөлбай Сыдыкбековдун китептерин кайра-кайра окуй берем. Окуялар каармандар мага дем берет, күч берет. Классикалык музыканы угам. Жаратылышка чыгам.

Мансур Ташматов
менен дуэт
- Чыгармачыл чөйрөдө сиздин "ийнине жөлөнүп ыйлай турган" досуңуз барбы?
- Жок, чыгармачыл чөйрөдөн чыныгы доско жолуга алган жокмун. Ал эми досум деп эсептегендердин баарын "жарма" досторум деп коем.
- Жылдар өткөнү менен сымба­тыңыз да, сыныңыз да ошол эле боюнча келатат. Анын сыры эмнеде?
- Чынын айтканда биз, ырчылар, дасторкон толуп-ташып турган иш-чараларда көп болобуз. Бирок андай жерлерде эмнегедир табитим качып, тамак жегим келбей турат. Негизи тамакты ылгабай эле, баарын тегиз жей берем. Бир гана кийинки убактардан бери балды рациондон түшүрбөй келатам. Күндө эртең менен бир кашык бал жеп алам. Бетиме дагы балдан маска жасап коем. Балды бөтөнчө кастарлап пайдаланам. Жакында мага бир чаткалдык бал челекчинин үй-бүлөсү "сиз балдын касиетин, дарылыгын бизден да жакшы баалап-билет экенсиз" деп бир чоң идиш менен толтура бал тартуулашты.
Саунага барганды сүйөм. "Афродита" сыяктуу сауналарга барып, эс алып, кумардан чыгам. Терс энергиянын баары ошо менен чыгып кетет болушу керек.
Фирмалык кремдерди пайдаланам, аларды улам алмаштырып туруш керек экен. Жеке стилистим жок. Жаш кезимде кийимди жакшы тикчүмүн. Кийген кийимдеримдин баарын өзүм тандайм, сахнада кийген кийимдеримдин үлгүсүн өзүм көрсөтүп берем.
Азыр ырчылар, чынын айтканда, бардар эле болуп калышты, кийинүүгө шарт бар. Мен аянбай, кийимди атайын өзүм тиктирип алам. Кийин ошол кийимдерди музейге өткөрүп берсем да, баары дайын турат.
- Былтыр Татарстанда өзбек ырчысы Мансур Ташматов менен дуэт ырдап чыкканда сизди "Борбор Азиянын" жүрөк ырчысы деп жазып чыгышты. Деги сиздин жүрөгүңүздү багындырган мырза пайда болдубу?
- Чынын айтканда андай мырзалар болгон жок. Балким, менин тарбиям ошондой, катаал шартка туш келип калса керек. Ата-энемен ажырап, тажеңемдин колунда өстүм. Жаштайыман турмуш куруп кетип, турмушту эмес, ырды тандаганымдан, эки кызымды - Кундуз менен Махабатты, жетелеп алып кете бердим. Адам өзүмчүл болсо, ошондо көп нерсеге, анын ичинде, бактысына да жетет окшойт. Кийин болсо мени жактырган мырзалар мага жакпады, мага жаккандарынын башы бош эмес эле… Азыр деле мырзалар менен көңүл үчүн сүйлөшүп койгонум гана болбосо, терең мамилелешүүгө ниетим чаппайт. Жетим өсүп, мектепте деле мага көңүл бурган балдар болбоптур, бирок кийин ошолордун арасынан "сени өзүбүз эле алып калсак болмок экен" деп бармагын тиштегендери да кездешти.
- Мурунку жолдошуңуз менен кийин жолугуштуңузбу?
- Биз ажырашып кеткенден кийин ал көп жолу келип жүрдү. Кыздары бар эмеспи деп жолугушуусуна каршы болбодум. Ошол учурда чыгармачылыкка баш-отум менен кирип кеткем. Атасы кайтыш болгондо, тажиясына улуу кызым өз бүлөсү менен барды, кичүү кызым жалгыз барбасын деп аны өзүм ээрчитип бардым. Кыздарымдын атасынын жарыбаган турмуш-жайын көрүп, бир жүрөгүм сыздады… Эмне себептен келип жүргөнүнүн сырын ошондо түшүндүм…
- Сиздер, артисттер, дайыма элдин көз кырында болосуздар, дайыма өзүңүздү Англиянын канышасындай алып жүрүүнү кээде жерип кетесизби?
- Биздин жараткандан берилген шыбагабыз ошондой экен, аны жерип кайда барабыз? Кесибим ошондой, дайыма жакшы формада, жакшы жүрүшүм, жакшы турушум, келбет-сымбатым дайыма "тартиптүү" болушу керек. Ал эми турмушта болсо анча-мынча нерселерге эле чарчап кетем, мисалы, жаңы үйгө көчүп, анын ремонту бүткүчө эле аябай чарчап кеттим. Ал эми чыгармачылык түйшүктөн такыр чарчабайм.

Маектешкен
Айгүл Бакеева