Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери

КИТЕПКАНА



п»ї

Л€У…Р’Жђ

Акылбек ЖАПАРОВ, ЖК депутаты:
"Ай, баатырлар, кулачыңарды кенен жая берсеңер чогулта албай каласыңар"
- Акылбек мырза, мына жакында эле президенттик атсалыштан талапкерлигиңизди алып салдыңыз. Буга не себеп болду?
- Менин жактоочуларым туура түшүнөт го деп ойлойм. Бул кадамымдан мен өз кызыкчылыгымды элдин кызыкчылыгынан өйдө койбогонумду түшүндүм. Анткени азыркы стабилдүүлүктү сактап калуу, аймак-аймакка бөлүнүп кетпөөгө биринчи кадам өзүмдүн талапкерлигимди алуу деп эсептедим. Талапкерлердин көпчүлүгү менен жолугуп сүйлөштүм, ошонун ичинде Алмазбек Атамбаев менен да сүйлөштүм. Бүгүнкү экономикалык кырдаалдан кантип чыгып кетебиз, дүйнөдө каптап келаткан экономикалык каатчылыктын экинчи толкунуна канткенде туруштук бере алабыз деп сүйлөшүп көргөндө экөөбүздүн көз караштарыбыз туура келди.
- Демек, бул шайлоодо Атамбаевди колдойт турбайсызбы?
- Ооба, бүгүнкү күндө ошондой болуп атат.
- Көпчүлүк талапкерлерди Атамбаевге кирип чыгар менен эле талапкерлигин алып атат деп, алардын катарында сизди дагы министр болууну сүйлөшүптүр деп маалымат каражаттары жазып чыкты. Негиздүүбү?
- Мен беш жыл министр, бир жыл биринчи вице-премьер-министр болгом да. Атамбаевге дагы, биринчи вице-премьер Бабановго дагы рахмат, анткени экөө тең парламентте коалиция түзүп атканда биз оппозицияда болгонго карабай, "финансы министри болуп, экономикалык блогду жетектеп бериңиз" деп сунуш кылышкан. Мен баш тарткам. Анткени "Ар-намыс" фракциясы оппозиция болобуз дегенде чогуу болобуз деп ушундай кадамга баргам. Азыр эми жаңы коалиция түзүлүп кала турган болсо, биздин фракция көпчүлүккө кошулабы, кошулбайбы ошондо чечилет.
- "Ар-намыстын" ичиндеги чатак эмне болуп чечилди? Партия лидери Феликс Кулов менен сүйлөш­түңүзбү?
- Феликс Шаршенбаевич менен күндө эле сүйлөшөбүз. Анткени креслобуз жакын да. Мен ал кишиге "Чын жүрөгүмдөн сизге ишенчү элем, азыр болсо улуу киши, инсан катары сизди сыйлайм. Мындан аркы жолубуз сиздики өзүнчө, меники өзүнчө болуп калды" деп айттым. Анткени пайгамбар жашына келген киши "Мен кандай деп айтсам партия ошондой болот" деп айтса, мен ошого ишенип жүрө бериптирмин. Талапкерди көрсөтө турган партиялык съездде болсо жакшы эмес көрүнүштөр билинип калды. 120 делегаттын ордуна 178 делегат шайланып калып, натыйжада уюштуруучу комитеттин жумушу канааттандырарлык эмес деген чечим менен съезддин жыйынтыгы жокко чыгарылды. Андан кийин Феликс Шаршенбаевич "кел, кайрадан сени көрсөтөм" дегенинен экинчи съездге мен барбай коюп, талапкерлигимди өзүм алып чыктым. Экөөбүз сый эле мамиледебиз.
- Экөөңүздөр сый экенсиздер, ал эми фракциянын депутаттары кайда калды?
- Лидер менен көз карашы төп келбеген он депутатка дагы беш киши кошулду. Ошол он беш кишинин лидери бүгүнкү күндө Камила Талиева. Ошол көпчүлүктүн пикири менен көп чечимдер кабыл алынууда.
- Эми алдыдагы президенттик шайлоо кандай өтөт?
- Буюрса, шайлоо тынч эле өтөт. Былтыркыдай тирешүү жок. Анчалык көп партия эмес, инсандар салгылашып атат. Алардын командалары дагы жан-оту менен киришип, чуркаганы байкалбай атат. Буга чейин Түндүк-Түштүк болуп бөлүнүп кетүү коркунучу бар деп саясатчылар кыйкырып келди. Ошол кыйкырчаак саясатчыларды карап көрсөңөр баары эле Бишкекте жашайт. Шайлоо башталганда эле аймактарга бөлүнө калышат. Түштүктөгү былтыркы кандуу окуядан кийин жөнөкөй жарандар бийлик үчүн өз өмүрүн кыя чаппайт деп ишенем. Талапкерлерге жеңилгенди да үйрөнөлү деп кайрылам.
- Экономиканы өнүктүрүү министрлиги Кыргызстандын экономикасын өнүктүрүү боюнча 40 долбоорду жарыялабадыбы, сиз бул сандарга ынандыңызбы?
- Мага бул долбоорлор жакында эле келип түштү. Деталдуу карай элекмин. КСДП фракциясы муну парламенттик угууда караш керектигин айтты. Бул программалардын көпчүлүгүнүн автору мен болуп жүрөм. Финансы булактары жок эле, көптөгөн акчалар келет деп ойлогон ойлорун жазып коюптур деп мага бир топ депутаттар кайрылып атышат. Бирок мен азырынча сын-пикирден алысмын.
- Финансы министрлиги алтын чыккан төрт кенди Өзбек-Кыргызстан-Кытай темир жолун курууга алмаштыруу маселесин карап атканын жарыялады. Бул туурабы?
- Кашкарга 3 млн. тоннадан көп жүк келе баштады. Кашкарга чейин Кытайлар темир жолду салып койгон. Эгерде 5-10 жылдын ичинде экономика жакшы өнүгүп кетип 6-7 млн. жүк Кашкарга келсе, кытайлыктар "темир жолду биз өзүбүз куруп берели" деп бизге өздөрү кайрылат, анткени товарларын сыртка алып чыгууга өздөрү кызыкдар. Ошондуктан бүгүн эле темир жолду куруу керек деп, Алла Таалам берген байлыктарды берип, басып кете берген туура эмес. Кытайлар бизге окшоп парламенттик же президенттик шайлоонун мөөнөтү менен ойлонбойт, алар кылымдар менен ойлонот. Булар жакынкы он жылдыкта өздөрүнүн 300 миллионго чейин жашоочуларын Суар жакка, тагыраак айтканда биз жакка көчүрүп, 5 жылдын ичинде 100 шаар курганы жатышат. Демек, биз тарапка бир топ кытайлыктардын агымы келатат. Ошондуктан биз, тескерисинче, чек арадагы жарандарыбызга колдоо көрсөтүп, чек араны бекемдөөнүн ордуна кендерибизди берип атканыбыз туура эмес көрүнүш. Кытайлар бир киргенден кийин чыгышы кыйын.
- Демек, кытайлардын темир жол куруусуна каршысыз да ээ?
- Улуу Ата Мекендик согуш бүткөндөн кийин Мао Цзедун Иосиф Сталинге "Жолдош Сталин, биз сиздерге Байкал-Амур магистралын өзүбүздүн каражатыбыздан куруп берели, согуштан кийин СССРге биздин жардамыбыз ушул болсун" деп кайрылат. Сталин болсо ойлонуп, эртең жооп берейин дейт. Эртесинде "Советтер Союзу өзү бутуна туруп, магистралды өзү курат" деп жооп айтат. Бул Жуковдун "Вспоминание" деген китебинде жазылган. Жуков Сталинден "Өзүбүз кыйналып, акчабыз жок болуп атса эмнеге антип айттыңыз?" деп сурайт. Сталин "Кытайлыктар биздин досторубуз, ишенем, алар темир жолду курат. Бирок темир жол курулуп бүткөндөн кийин мен аларды каякка кетирем? Алар кетпей биздин аймакта калып калат" деп жооп берген экен. Ошондуктан кошуналардан карыз алып атканда абайлап туруп алыш керек.
- Анан ошол 40 долбоордун ичинде "Центеррадагы" Кыргызстандын акцияларын коюп, кредит алуу жагы каралыптыр. Карыз алабыз деп, акцияларды тарттырып коюу коркунучу жокпу?
- Мен 1,5 жылдык өмүрүм ушул "Центерранын" тегерегиндеги ызы-чууларга арналды. Акаевдин тегерегиндегилер акциялардын 16%ын сатып жиберип, бизде болгону 16% калган. Анан Кыргызстандын болгон окумуштууларын чогултуп алып, миң барактан ашык далилдерди таап чыгып, Кыргызстанга кайра 17% акцияларын кайрадан алып келдик. Бүгүнкү күндө 33% акциябыз бар. Ушунун артынан түшүп, дагы бир механизмдерин таап 50-51% акцияга жеткирүүнүн ордуна, азыркы шылуундар ушуну бирдеме кыла коелу деп атышпайбы.
- Бюджеттин аткарылышы боюнча сурагым келип атат. Сиз буга чейин 22 млрд. дефицит менен чыгабыз дедиңиз эле, кандай болуп атат?
- Бүгүн бюджеттин тартыштыгын 179 млн. сомго эле азайтыптырбыз. 20 млрд. сомдон ашык тартыштык дагы эле турат. Менин айтканым туура келди. Менин көзүм ачык эмес да, картаны карап айтып аткан жокмун. Мен анализдеп туруп айттым. "Ай, баатырлар, кыргыз өзүнүн кирешесин эсептеп, ошого жараша чыгаша кылып жашаса болот, кулачыңарды кеңири жая бербегиле, кайра чогулта албай каласыңар" деп айтканмын. Дефицит чоң болгондуктан, булар баанын өсүшүн да көзөмөлгө ала албай калды.
- Өкмөт профицит менен чыгабыз дебеди беле?
- Өкмөт профицит менен чыга албасак отставкага кетебиз, кетмек турсун кылмыш жоопкерчилигин карайбыз деп айткан болчу. Эми азыр жыл аяктай элек да, дагы убакыт бар.
- "Финанскредитбанктын" айланасындагы чырга сиз дагы аралашып калдыңыз. Улуттук банк сизди бир жеке банктын кызыкчылыгын коргоп, Кыргызстандын банк системасына доо кетирип атат деген билдирүү жасады…
- Бүгүнкү күндө банк системасында өтө опурталдуу тенденциялар болуп атат. Анткени буга чейин Улуттук банк болгон шарттын баарын "Азияуниверсалбанкка" түзүп берчү. Ошол кезде эки жолу Ирандын банктары филиалдарын ачалы деп келди, Германиянын эң ири KFW деген банкынын ээси Кыргызстанга келип микрокредит банкын ачалы деди. Эми анда Надель, Максим бар болчу. Ошондо Улуттук банктын төрагасы Марат Алапаев "Акылбек Үсөнбекович, мен өзүмдү атып өлүп алгым келип атат, башкаруу кеңешимдин мүчөлөрүнүн баары банктардын келишине каршы добуш берип салышты, мен эмне өлүшүм керекпи?" деп келиптир. Мына эми "Финанскредитбанктын" акцияларын ирандыктар сатып алабыз, инвестор болуп берели деп премьер-министр менен сүйлөшкөн экен. Анан Улуттук банктан айрым бирөөлөр "Көнгөн адат калабы, уйга жүгөн салабы" деп пара сураптыр. Алар көнбөй койгондон кийин "Мына, эми силерге көрсөтөм" дегендей, "террористтик уюмдарга катышы бар, тигиндей-мындай" деп ызы-чуу кылып атышпайбы.
Маектешкен
Дилбар АЛИМОВА








кыргыз тилиндеги гезит "De-факто"




а ­е¦Є.НҐй«