Кыйшык тараза

Болот Байкожоев:
"Сот системасын колго алууга Акматбек Келдибековдун да кызыкчылыгы бар"

Жаз айларынан тарта Жогорку Кеңеш сот реформасын жүргүзүүгө белсене киришип, андан бери ар кандай оюндар жүрүп келатканы маалым. Ал ортодо депутат Садыр Жапаров менен президенттик администрация башчысы Эмилбек Каптагаевдин да кайым айтышуулары болуп кеткен. Ошондо аты аталган, азыркыга чейин паракор сотторду кызматка алууга катуу каршылык көрсөтүп келаткан коомдук ишмер, бир кездеги депутат Болот Байкожоевди кепке тарттык.

- Болот мырза, учурда коомдук уюмдар, президенттик администрация, аппарат өкүлдөрү сот системасын "Ата-Журт" партиясы толук колго алууга аракет кылып атат деп коңгуроо кага баштады. Мунун канчалык чындыгы бар?
- Коомдук ишмер катары мен сот реформасы жүргүзүлөт дегенден тарта буга көз салып турдум. Кийин Сотторду тандоо кеңешинин тизмесин көрүп, дароо эле карышкырларга кой кайтартканыбызды түшүндүм. Тизмедегилерди көрүп жийиркендим. Башкасын айтпай эле Замирбек Базарбековду алсак, анын Сотторду тандоо кеңешине мүчө эмес, сот тармагына жологонго такыр моралдык укугу жок. Ал сот тармагынан кандай куулуп, аны кайра Садыр Жапаров кантип алып келгени тууралуу менде маалыматтар бар. Тактап айтканда, ал Жапаровдун, Бакиевдердин куйругу, алар эмне айтса ал ошону "кың" дебей аткарат. Муну ким жасап атат? Албетте, "Ата-Журт" партиясы. А "Ата-журттагылар" жалаң бакиевчилер. Муну неге айтпайбыз, коркобуз? Айтышыбыз керек. Алар бийликке акча менен келгенин билебиз. Азыр да президент болобуз дешип акчаны самандай чачып атышат. Бул акчалар, албетте, Бакиевдер тарабынан келип атат. "Ата-журтчулар" неге сот системасына кызыгып атат? Анткени эртеңки шайлоодо кайсыл жерден утулушса, ошол жердеги шайлоонун жыйынтыгын сот аркылуу жокко чыгарып, Мадумаров менен Ташиевди өткөрүш керек. Сот реформасындагы башаламандыктын максаты так ушунда. Ал үчүн азыр булар эч нерсесин аябайт. Садыр Жапаров, Акматбек Келдибеков аткарчу жалгыз тапшырма ушул. Ошон үчүн эл түшүнүп, көзүн ачсын деп биз жан далбастап атабыз да.
- Акматбек Келдибеков деп атасыз, анын ыплас сотторду кызматка алууга түздөн-түз тиешеси барбы?
- Бар. Жакында парламент жыйынында депутаттар: Дамира Ниязалиева менен Ирина Карамушкина сотторду бюллетень аркылуу тандоодо мыйзам бузуулар болгонун айтып атат. Аны спикер Акматбек Келдибеков укмаксанга салып, башка темага өтүп кетти. Демек, спикердин сотторду тандоо оюнунда катышы бар. Экинчиден, жакында парламент токтом кабыл алды. Токтомдо Сотторду тандоо кеңеши 29 сотту батыраак карап, парламентке өткөрүп берсин деп милдеттендирилип атат. А мыйзам боюнча Жогорку Кеңештин мындай токтомду кабыл алганга укугу жок. Ушундан улам Келдибековдун кызыкчылыгы бар экени ачыкталып отурат. Эмне үчүн спикер болуп мыйзамдын башында туруп, кайра мыйзамды өзү бузуп атат? Кызыкчылык бар үчүн да.
- Акүй алдына митингге чыккандар Сотторду тандоо кеңешинде жеткен паракор соттор, башка өлкөнүн жараны, адам өлүмүнө себепкер адамдар да бар деп атышат. Бир-экөөнү айта аласызбы?
- Жогорку Кеңеш "Сотторду тандоо кеңеши тууралуу" мыйзамында кеңеш мүчөлөрү Кыргызстандын гана жараны болушу керек деп жазып атат. А ошол эле маалда Сотторду тандоо кеңешинин мүчөсү Ирина Степкичева Россиянын жараны болуп атат. Эми элестетиңиз, мен азыр Россиянын сотторун шайлайм десем, киргизеби? Кеңештин дагы бир мүчөсү Үсөнбек Сарымсаковдун туура эмес чечиминен улам бир кезде Аламүдүн районунун прокурору асылып өлгөн. Азыр ал кандайдыр бир себептен улам Кемин райондук сотунун төрагасы болуп жүрөт. Муну кандай түшүнөбүз? Ушундайларды тазалоо үчүн азыр ар кандай коомдук уюмдар биригип "Люстрация" уюмун түздүк. Ал уюмда Сотторду тандоо кеңешинин 12 мүчөсүнүн былыктары фактылар менен келтирилген.
- Депутат Садыр Жапаров Сотторду тандоо кеңешиндегилер менин адамдарым эмес, алар ар башка фракциялардан деп атпайбы?
- Андай болсо неге Садыр Жапаров башкарган профилдик комитет Соттор кеңеши тарабынан сунушталган 8 талапкерди кабыл албай, мобул сотторду көрсөтсөңөр "по маслу" кетет деп көрсөтмө берет. Бул жерде Жапаров көп эле актана бербесин. Логикалык жактан алганда деле Жапаров түптөгөн Сотторду тандоо кеңешинин кээ бир мүчөлөрүнүн принцибинин жок экени, диктовканын жетегинде иштеп атканы көрүнүп турбайбы. А диктовканы эмне үчүн жасашат? Материалдык, саясый кызыкчылык үчүн.
- Ушунун баарын көрүп-билип туруп президенттин ЖКдагы өкүлү Данияр Нарымбаев, президенттик аппараттын сот органдары менен иштөө бөлүмүнүн башчысы Карыбек Дүйшеев муну неге элге ачык айтпай атышат?
- Туура суроо, мен дагы булардын эмнеден коркуп атышканына түшүнбөйм. Ошон үчүн аларды күнөөлүү деп эсептейм. Мындайча айтканда алар президентти уят кылып атышат. Канайым аларды өзү кызматка алган соң алардан баарын сурап, билип турушу керек эле. А эмне үчүн жарандык коом Акүйгө чейин барып, митинг кылып, сотторду тазалашыбыз керек?
- Митинг демекчи, Садыр Жапаров көптөн бери эле митингдерди президенттик администрация башчысы Эмилбек Каптагаев уюштуруп атат деп айтып келатат го?
- Бул Жапаровдун карандай калпы, баш айландыруусу. Мунун баарын коом өзү уюштуруп атат. Анткени жыйырма жыл ичинде Акаев, Бакиев элдин кыжырына кандай тийсе, соттор андан эки-үч эсе элдин канын кайнатып бүтүптүр. Митингге чыккан элге Эмилбек Каптагаев акча бериптир дегенди укканда, аердегилер ого бетер кыжырданышпадыбы. Кокус ошол жерге ошо кезде Садыр Жапаров чыкса чогулгандар аны тытып кетмек. Ошондой эле кыйын экен, ал эл алдына чыкпайбы. Чыга албайт. Анткени анын ар бир сөзү калп. Ал калпы менен ар кимге тийишип атып акылынан айнып баратат. Башкасын айтпайлы, ал жеткен сабатсыз адам. Муну мен беш колумдай билем.
- Сотторду тазалоого байланыштуу митингдер болуп атат, президенттик администрация деле билдирүү кылып атат. Бирок жылыш жок. Аягы эмне болот эми?
- Мындай сөздөрдү мен Акаев, Бакиев доорунда да укчумун. Акыры экөө эмне болду? Азыр да соттор, депутаттар жеп атат, талкалап атат деген кептер көп айтылып атат. Россиялык бир гезитте "Почему кыргызы часто делают революцию? Да, потому что кыргызы не любят когда во власти делается свинство" деп жазыптыр. Көрдүңүзбү, азыр кандай гана мыйзамсыздык болбосун, ал убактылуу. Коом мындайларды өзү тазалайт. Ошондуктан эртеби-кечпи сот системасы да тазаланып, жакшы мыйзамдар кабыл алынышына жетишебиз. Ар бир сот ошондо аргасыз таза болот.
- Соттордун быкый-чыкыйын жакшы эле билип калыпсыз. Жогорку Сотко, Конституциялык палатага талапкер 114 соттун арасында тазалары, абийирдүүлөрү барбы?
- Албетте, бар. Соттордун баары эле майланышып калды дегенден алыспыз. Жүз пайыз соттун ичинен он пайызы таза соттор. Ошол он пайызы тандоодо өтпөй калганы парадокс болуп атпайбы. Кыргызстанда азыр экономисттер менен юристтер көп. Эмнеге ошолордун арасынан татыктууларын тандап кызматка кое албайбыз? Маселе так ушунда болуп атат, иним.

Мелис СОВЕТ уулу