Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери


п»ї
  Кубатбек байболов

Ачык айтканда. . .
Адам турмушу менен коомдогу искусствонун ролу тууралуу айтпаган, жазбаган адам сейрек, ал жөнүндө акылдуу, жакшы китептер да көп. Мен, албетте, бардыгын окуп үлгүрбөдүм. Арийне, турмуш тажрыйбамдан топтогон тыянактарым бар.
Искусствонун адам турмушуна тийгизген асыл таасирин эч ким танбайт. Арийне, айрым кокуй идеологдорубуз ойлогондой, патриоттук чыгармаларды калкка кыйнап окутсак же "Манас" эпосун жат айттырсак эле турмушубуз оңолуп, бардыгыбыз жалындуу патриот, айкөл адам болуп чыга калбайбыз. Бул адам баласын ар дайым бал жеп жаша деп кыйнагандай кеп. Анын акыры эмнеге алып барат? Туура. "Бал" деген сөздү укканда окшуп, кусканга. А бал дегенибиз, адам баласынын денесине зарыл, табияты таза тамак эмеспи. Бирок кокуй идеологдорубуз ошол тазалыкты иритип, атын укканда тескери карап окшута турган абалга тарбиялап атат элди. Мен ага кошумчалайт элем: түпсүз эки жүздүүлүккө түртүүдө. Түртпөгөн эмей эмине - айрым эки жүздүүлөр менен ашынган шылуун-шумдар эпосту жадыбалдай жаттап, колун көкүрөккө коюуну эл көзүнө көрүнүүнүн, кызмат тепкичине көтөрүлүүнүн жеңил жолу катары карманып алды. Ал жолго караганда, албетте, күндөн-күнгө, айдан-айга, жылдан-жылга көгөрүп, көшөрүп, адистигиңди кайрап, бүлөп курчутуу, адамдык касиетиңди табына келтире таптоо абдан оор.
Искусствого болгон сый-урмат мага атамдан калган. Ал көп окучу, кыргыз адабияты менен искусствосунун абалына абдан кызыгар эле. Балалыктан алгач калган таасир: кара чырактын жарыгында атам Ш.Руставелинин "Жолборс терисин жамынган баатырын", К.Жантөшевдин "Каныбегин", А.Осмоновдун "Жеңишбегин" ж.б. анан, албетте, "Манасты" үн чыгарып окуп атат. Айрым учурда ал эргип кетип, китепти таштап, жатка айтып кирчү. Ал көп жерлерин жатка билчү. Мен аны угуп отуруп, кыялымда башка дүйнөгө - эрдик кылып, жакшылык жасаган жактарга кирип кетчүмүн. Ошол каармандардай жашагым келчү. Тилекке каршы, турмуш чындыгы андай эмес, таптакыр башка экен. Бир сындырым нан үчүн кара жанды карч урмай, майда кызыкчылык, арам аракет. Искусстводон алган таасириң шамал кууган булуттай тарайт, жок болот. Искусство деген искусство, турмуш деген турмуш. Эмне болсо да жашоо керек. Көптөрү ошентип ойлойт. Бирок башкача ойлогондору да бар. Алар кичинекей турмушун искусствонун чоң өлчөмдөрү менен өлчөп, беттегенин бербей өжөрлөнүп, башынын томуйганына, көзүнүн көгөргөнүнө жана башка оң-тескери ой-сезимге кайыл болуп, ар кадам сайын алдыга умтулуп жашайт. Бул өтө кыйын, оор жол. Ага ар адам эле чыдай бербейт. Искусство жаңсаган жакка умтулгандан көрө күнүмдүк тирликтин жетегине көнгөн жеңил. Кыязы, искусство таасири деп коюшкандын тамыры ушунда.
Шаар тегерегиндеги телибай тентектер топтолгон айылда өстүм. Көптөгөн жоро-жолдошторум түрмөгө камалып, зонага отуруп чыкты. Ичип кетишти, эрте каза болуп калышты. Алардын бардыгы дени-карды соо, жакшы балдар эле, эч кими кылмышкер болом деп ойлогон эмес. Бирок андагы айыл жаштарын кара тумоодой каптаган "блатной" чөйрө ошондой тарбиялап салды. Мен деле алардын арасында болмокмун, түрмөлөр менен зоналарды түрө кыдырып жүрмөкмүн. Бирок мени андан искусство, анын ичинен биринчи иретте адабият, анан, албетте, музыка сактап калды. Чоң-Арык айылынан азыркы Бишкек, андагы Фрунзеге тажабай каттап, Пионерлер дворецинен комуз үйрөндүм. Бир жарым саат аякка, бир жарым саат биякка, эки-үч саат окуу, анан мектеп, үйгө жардам берүү - эсептеп көр, бекерпоздук менен бейбаштыкка убакыт калбайт. Комузга кол ойнотуп черткенди билип, мектептин сыймыгына айландым. Райондук, шаардык концерттерге катыштым. Атүгүл бир ирет Опера жана балет театрынын сахнасында комуз черткеним бар. Кыязы, анда театрга бүт айыл көчүп барды сыяктанат, оңойбу анан, жердеши республиканын эң башкы театрында комуз чертип атса. А алардын жердеши, бою бир метрден ашыгыраак коделек, номурун тарсылдатып аткарып, шатыраган кол чабуулар менен кыйкырык-сүрөөндү апкаарып карап турат. Мен көпкө чейин өзүмө-өзүм сыймыктанып, мурдумду көтөрүп жашадым. Ал желимди акыры атам чыгарды десем болот.
- Эй, уулум! - деди ал. - Негедир мурдуңду катуу көтөрүп калдың. Жакында сага жүгүнүп кайрылам го? Эх, уулум, сен эмнеге жетишсең, анын баары сеники, ага башкалардын алдында бой көтөргөн жарабайт.
Албетте, атам К.Станиславскийди окуган деп ойлобойм. Бирок ал антип эскертүү менен улуу режиссердун: "Искусстводогу өзүңдү эмес, сендеги искусствону сүй" деген оюн эске салат.
Айтып жүрбөйүмбү, мен орус тилдүү чөйрөдө өстүм, балачагымдан орус тилин да, кыргыз тилин да жакшы билгеним кийин менин инсан катары, адис катары өсүшүмө эң чоң өбөлгө түздү. Орус тили мага кең дүйнөнүн терең маани-маңызын ачты. Ага көркөм, илимий китептер, атайын адабияттар, орус элинин рухий маданиятынын өзгөчө абасы аркылуу жеттим. Орус тили кыргыз тилинин өнүгүшүнө тоскоол болуп атат, андыктан аны күнүмдүк турмуштан алыстатыш керек дегендерге акылым айраң, түшүнбөйм. Ой толгоп көрөлүчү, кантип, кайсы жерден жолтоо болуп атат? Ар түркүн илимге, техникалык кесипке же жөнөкөй эле көп түрдүү билимге жол ачып атканы үчүнбү? Үлкөн илимдерди мындай коёлу, кыргыз тилинде "сантехниктин справочниги", "бычуу, тигүүнүн ыкмалары" тууралуу адабият барбы? Анан биз канткенде өнүгөбүз, канткенде кесип алып, канткенде заманбап өлкөгө айланабыз? Анткени жалаң кыргыз тилинде окуткан бир дагы жогорку окуу жайы, техникум, техникалык училища жок. Окуу китеби, окуу куралдары жок, иши менен кыргыз тилин жогорку деңгээлде кынаптап билген адис жетишпейт. Илимди, окуу куралдарын ж.б. кыргыз тилине которуу үчүн үч-төрт жылдык бюджет топтоп, эбегейсиз чоң каражат таптык деп коёлу. А чыныгы адис котормочуларды кайдан табабыз? Ушундай күнгө жеттик, орус тилинен кыргызчага которгондорду санай келсек, беш манжа толук жумулбайт. Ачык айтканда, Кыргызстанда орус тилдүү бир дагы адам калбаса да, билимдүү болгубуз келсе, бардык тармактар боюнча чыныгы адистикке ээ болобуз десек, орус тили көзгө сүртөр дарыдай зарыл. Мүмкүн айрым айтышкысы келгендер англис, немис, түрк тилдери бар дээр. Кечирип гана коёсуз, ал тилдерди орус тилинин деңгээлинде элибиз жапырт билеби? Биз колдо бар байлыкты баалай албай жатабыз. Бар чакта баалабайбыз, жоготсок ыйлайбыз дегендей.
Орус тилин басмырлап, кыргыз тилин көкөлөтүүдөн упай топтогон саясатчылар балдарын чет мамлекеттен, анын ичинен Москва менен Санкт-Петербургдан окутат. Алар балдарым жакшы билим алса дейт. Туура, ага эч кимдин кусаматы жок. А калган элдин балдары кыргыз орто мектебинен билим алып, айтыш менен "Манас" эпосун билсе болдубу? Аларга чыныгы билимдин кереги не, эртең эле келип кызмат талашат деген мамилеби? Алар элди айдаганга жүргөн мал ойлойт окшойт.
Биз коом турмушундагы искусство менен адабияттын ролун көкөлөтө ойлоп көнгөнбүз. Ал совет мезгилинен келаткан жөрөлгө. Арийне, коом ишмердигинде адабият менен искусство анчалык көп орун ээлебестигин окумуштуулар далилдеген. Экономикабыз эле өнүксүн дебеген бардык өлкөлөр ал орунду мезгил талабына шайкеш терең адабияттар, искусствонун бардык түрлөрү менен кеңейтүүгө маданияттуу аракет жасайт. Ал эми биз, кыргыздар, ал мейкиндиктин баарын, ага кошумча тарыхты, философияны, социология менен идеологияны "Манас" эпосу менен майкандоо оорусуна кабылдык. Сөз жок, "Манас" эл генийинин бийик чокусу, кыргыз элинин сыймыгы. Ошол эле учурда бул өтө татаал эпикалык чыгарма, анын идеялык-эстетикалык, маани-маңызын интеллекти бийик адамдар гана чечмелеп бере алат. Биз сыймыктанган эпостун наркын биз үчүн орус, немис ж.б. окумуштуулары эң мыкты чечмелеген. Кыргыз окумуштуулары аларды цитаталап гана келет. А биз бүгүн ортозаар окумуштуулар оңой менен аткара албаган милдетти мектеп окуучулары, студенттерге аткарткыбыз бар. Эмне, биз бүт элди манасчыга, фольклор изилдеген окумуштууга айлантабызбы?
Англияда бүт англистер Шекспирди билет, Францияда бүт француз Бальзакты сыйлайт. Андай касиет алардын кайраткерлигине жолтоо болбойт, өз өлкөсүнүн патриоту болуп, мыйзамдарын сактоого, диний дөөлөттөрүн сыйлоого бут тоспойт. Манасты идеологиялаштырууну алгач Акаев баштаган. Эсиңиздеби, көшөкөр жазмакерлер аны азыркынын Манасы атап, аялын Каныкейге теңеген. Акаев анын акысын көкүрөктөрүнө орден тагып, мойнуна наам илүү менен төлөгөн. Бакиев Акаевдин "акылман курсун" улантып, ал дагы хан болгусу келген, анын дагы мурасчылары бар болчу. Азыркы бийлик ээлери "Манас" эпосу жөнүндө мыйзам кабыл алганда, эмне дээримди билбей калдым. Эмне, кайрадан хандыкка качыруубу? Манас рухун бекем тутуу, менин түшүнүгүмдө И.Раззаков, Ю.Абдрахмановдой жашоо, Айтматов, Океев, Миңжылкиевдей көркөм өнөргө өчпөс из калтыруу. Эң коркунучтуусу, ар кадам сайын Манастын атынан касам ичип аткандар кыргыздардын аң-сезиминде жашаган улуу нерсени өлтүрүп атканын түшүнгүсү келбейт же түшүнбөйт.
Сөздү, балким, сиздерге жагымсыз жактан баштап алсам, кур моюнда, урматтуу окурман. Мен ойлогонумду түз айтып көнгөн адаммын. Мен деле Манас тууралуу маштап-саздап сөз айтууга жарайм, анткени эпос менин эң жакшы көргөн чыгармам. Бирок мен ойду-тоону оттоп, сиздерди алдагым келбейт. Мен сиздер менен теңата сүйлөшүүнү каалайм.








кыргыз тилиндеги гезит "De-факто"









??.??