Дубалда да кулак бар

Эми кызыл шапкечендер да тыңшайбы?

Өткөн жуманын соңунда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Ширин Айтматова ИИМ 1 млн. долларга жакын каражатка атайын тыңшоочу аппараттарды сатып алгандыгын айтып чыкты.

Ширин Айтматова:
"Израилден 1 млн. долларга жакын акчага сатып келишкен"
- Ширин айым, ИИМ сатып алган угуучу аппараттар жөнүндө айтсаңыз?
- ИИМдин атайын тыңшоочу аппараттарды сатып алгандыгы чын. Сатып алынып, акча төлөнгөндүгүн көрсөткөн финансылык документтер муну ырастап турат. 2011-жылдын 16-мартындагы документтер боюнча ИИМдин финансылык-чарбалык бөлүмүнүн башчысы Ш. Чыналиев министрликтин атынан "Дельта профи" ЖЧКсынын жетекчиси Александр Глушинскийге аппараттарды сатып алып берүүгө буюртма берген. "Дельта профи" ишканасы аппараттарды Израилдин Тель-Авив шаарындагы "Компьютерные возможности и индустрия программного обеспечения" ишканасынан сатып алган. 2011-жылдын 31-майында "Дельта профи" ишканасы тарабынан 933 миң доллар Израилдин банкына которулуп берилген. Муну №600045 номериндеги эсеп-фактурасы ырастайт. Ал эми 8-июнда аппараттар Израилден учак аркылуу алып келинип, "Манас" аэропортунан кабыл алынган. Муну далилдеген бажы декларациясы турат. 13-июнда аппараттар ИИМге өткөрүлүп берилген. Таң калычтуусу, ИИМдин бир жылдык бюджети 20 млрд. сомдон бир аз ашса, 1 млн. долларга жакын акча кайдан алынгандыгы болуп жатат.
-Бюджеттен сырткары 1 млн. долларга жакын каражатты кайдан алгандыгын биле алдыңызбы?
-Азырынча белгисиз. ИИМ ачыктабай жатат. Бирок ар кандай маалыматтар айтылып жатат. Айрымдар башка өлкөлөрдүн атайын кызматтары сатып алып берди деп жатышса, кээ бирлер Кыргызстандагы атайын ишканалар жардам берген деп жатышат. Кескин түрдө бир нерсе айтуу кыйын болууда. Ушунун аягына чыгып, акчанын кайдан алынгандыгын аныктоо керек.
-ИИМдин кимдир бирөөлөрдү угуп, тыңшаганга укугу жок дейсизби?
-Мыйзам боюнча ИИМ андай укукка ээ эмес. Жогорку Соттун чечими менен гана Улуттук коопсуздук кызматы (МУКК) уга алат. Бул аппараттар жылып жүрүүчүлөрдөн экен. Эч кандай уруксаттын кереги деле жок. Кандай шартта, кимди болбосун каалаганча тыңшоого мүмкүндүк берет. Жеке адамдын купуя сырларын да тыңшай алышат.
-ИИМ башчысы Зарылбек Рысалиев эч кандай тыңшоочу аппараттар сатып алынбагандыгын кескин айтып, сиздин айткандарыңызды жокко чыгарып жатпайбы?
-Билбейм, ал эмнеге кескин жооп кылып атат. Бардыгын тастыктап, далилдеген документтер турбайбы. Төрага Келдибеков да бул факт экенин билдирип, МУКК, Башкы прокуратурага аягына чыгып бергиле деп тапшырма берди.




Токтогул Какчекеев, саясый серепчи:
"Милициядан куулгандар, селсаяктар жүрүшөт ал жерде"
-ИИМдин ишмердүүлүгүн караган депутат Туратбек Мадылбековдун комиссиясынын иши чындыгында чаржайыт нерсе. Бардыгын эле өзүм кылгам, кыйраткам деп жатат. Токмок шаарынын ички иштер бөлүмүнүн жетекчиси министрдин кылган ишине баа бере албайт. Ачыгын айталы, Зарылбек Рысалиев жакшы иштеп атат. Чоң кылмыштардын бети ачылды. Кылмыштуулукка каршы күрөшүү бөлүмдө иштеген тажрыйбалуу опер милиционер экенин көрсөтүп жатат.
Тыңшоочу аппараттарга келсек, жылына жүздөгөн кылмыштын бети ачылып, жүздөгөн тонна апийим колго түшүрүлүп, наркобизнеске сокку урулса, ошолордун дээрлик бардыгы ИИМдин үлүшүнө туура келет. Улуттук коопсуздук кызматы бул жаатта бир нерсени кыйраткандыгын уктуңар беле? Уюшкан кылмыштуулуктун 87 %ынын бетин ИИМ ачып атат. Азыр ОПГ мүчөлөрүнүн ар биринин чөнтөгүндө 2-3төн телефон, дүйнөнүн бардык жери менен сүйлөшө алчу роумингдери бар. Ошолордун сүйлөгөндөрүн, пландарын укпаса, милиция аларды кантип колго түшүрөт? Сот органдары болсо бандиттердин акчаларын алып, аларды бошотуп жиберип атса. Анан кантип соттон уруксат алып, уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүүгө болот? Зарылбек Рысалиевдин аппараттарды сатып алгандыгы өтө керектүү, туура болгон. Угуучу аппараттарды МУКК гана колдонуш керек дешет. Бирок, тилекке каршы, бүгүнкү МУККда иш билген адам жок. Кесипкөй эместер, милициядан куулгандар, селсаяктар жүрүшөт ал жерде. Анан 20 миңден ашык адам иштеген килейген министрлик ошолордун көзүн карап калышы керекпи? Андыктан мыйзам аркылуу ИИМге мындай аппараттарды колдонууга уруксат берилүүсү зарыл.
-Анда эмнеге депутаттар ызы-чуу түшүп жатат?
-Мында депутаттар өздөрүнүн аркасын ойлоп жатышат. Медет Садыркуловго байланышкан кылмыш иштин бети ачылгандыгы көп депутаттардын көзүн ачтырып, коркутуп койду. Өздөрү таза эмес, жаман иштерге аралашкандары бар арасында. Бизди да угат деп чочулап жатышат. Эгерде андай болбосо эмнеге анчалык коркушат. Байкасаңыз, депутат Азамат Арапбаевдин контрабандага катышы бардыгын айтып чыккандан кийин депутаттар Рысалиевге асылды да калышты. Мыйзамды коргоп, иштеп аткан Рысалиевди бир депутат үчүн садага чапканга даяр. ИИМдин укканга укугу жок дегендери жөн гана шылтоо. Маселенин баары башкада. Алар Рысалиевди кызматтан алып түшкөнгө аракет кылып атышат. Анын жакшы иштеп аткандыгы аларды ойлондуруп, кооптондурууда.





Турарбек Рыскелдиев, мурдагы чекист, отставкадагы полковник:
"ИИМдин тыңшаганга укугу болушу керек"
-Мыйзам ИИМге тыңшаганга уруксат бербейт. Биздин учурда коопсуздук кызматы башкы прокуратуранын санкциясы менен тыңшалчу. Азыр Жогорку Сот уруксат бериши керек. Жогорку Сот уруксат берсе, ИИМ деле уга алышы керек. Мурда ИИМ менен Коопсуздук кызматы биргеликте угушчу. Азыр эми абал башкача болуп калды. Экстремизм, терроризм, сепаратизм деген нерселер күч алып, мамлекеттин бүтүндүгүнө коркунуч келтирген күчтөр көбөйүп баратат. Азыр уюшкан кылмыштуу топтордун тыңшоо мүмкүнчүлүктөрү бар. Анан мындай шартта аларга каршы күрөшүү үчүн ИИМ деле угуп, тыңшашы керек деп эсептейм. Алардын колу-бутун тушабаш керек. Депутаттар эмнеге эле ызы-чуу түшүп жатышат, түшүнбөйм. Тыңшоочу аппараттардын сатып алынгандыгы туура. Максатка ылайыктуу.


Мирлан Дүйшөнбаев