Гримдүйнө

Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти Мурат Мамбетов:
""Жаздык, жаздык" деп бура бастырбайт"
Белгилүү актер Мурат Мамбетов мурун "Бөрү зындан" фильминдеги "Композ" деген ат менен ар бир кыргыздын жүрөгүндө жашаса, кийинчерээк "Жаздык" аты менен улуулар эле эмес, бөбөктөргө да таанымал болду. Комедияны катыра аткарып, кыргыз сериалдарын биринин артынан бирин тартып шатыра-шатман жүргөн менен Мурат байкенин жүрөгүн дагы түркүн көйгөйлөр кейитет, кайгыртат. Биз бүгүн актердун бүгүнкү турмушу тууралуу маек курдук.

- Сиз комедияны катыра аткарган, элдин жүрөгүндө дайым күлүп жүргөн адамсыз. А жүрөгүңүздө эмне бар? Күлкүбү, кайгыбы, көйгөйбү, сүйүүбү?
- Элим мени күлкүлүү образдарды жаратканымды көп билет. Бирок жүрөктө эмнелер буркулдап кайнап жатканын кайдан билишсин. Адам катары жүрөгүмдө күлкү дагы, кайгы дагы, көр турмуш дагы бар. Азыр мага көп адамдардын ниети бузулгандай сезилет. Бузулган ниеттер кудум зынданга камап койгондой жүрөктү кысат. Кейитет. Фантомаска окшоп улам бир жүздү сыйрып таштап, улам кийинкисин кийген замандаштар менен жашап жатабыз.
- А сүйүүчү? Жүрөгүңүздө сүйүү барбы? Венера эже менен кандайча баш кошуп калдыңыз?
- Венера 1995-жылы "Тунгуч" театрынын босогосун аттады. Анда жапжаш, супсулуу убагы. Мен Венераны бир көргөндө эле ички жан-дүйнөсүн окудум. Эртеңки күнү Венерадан бир нерсе чыгарын көрдүм. Көптөгөн концерттерде, гастролдордо бирге жүрдүк. Ошондо менде жактыруу сезими ойгонду. Жүрөк ойгонду. Ошол кезде мен биринчи жубайым менен ажырашып, бойдок жүргөн кез болчу. Венера экөөбүздүн ортобузда сүйүү оту жанып, 2000-жылы баш коштук. Албетте, жубайыңа болгон сүйүү болот, жүрөктө дайым турат.
- Уулуңуздар чоңоюп калдыбы? Венера эже эмнегедир чыгармачылыктан алыстап калгандай?
- Уулум Нурдан азыр 10 жашта. Ушул уулум бизди кайгыга салды. Жакшынакай эле чуркап жүрүп, баспай калды. Эмнеден экенин билбейбиз. Дарыгерден дарыгерге чуркап Москвага чейин алып бардык. Жыйынтык жок. Венера 2-3 жылдан бери баламды карап үйдө олтурат. Чыгармачылыктан алыстаганынын себеби ушул.
- Улуу уул-кызыңыз менен катышып турасызбы?
- Алар менен кабарлашпай калган күн болбойт. Жок дегенде телефон аркылуу сүйлөшөбүз. Улуу баламдын аты Нурлан. Кызым Мээрим экөө тең билимдин артынан түшкөн, мен сыймыктанган балдар.
- Өмүр, тагдыр жолуңузга өзүңүз ыраазысызбы?
- Өмүр, тагдыр жолу бирде сары зилдей, кыйноодой, азап-тозоктой. Бирде шыр чыгууга даяр болуп, тепкичтер турат. Оомалуу-төкмөлүү менде деле "Бири кем дүйнө".
- Бир интермедияңызда аппак кийинип алып оо дүйнөдө жүрөсүз. Тиги дүйнөнү ошондой элестетесизби?
- Ал эми интермедия да. Өлүм бул ак нерсе. Элестеткендей сүйгөнүң же эртеңки тирүүлүгүң эмес. Өлгөндөн кийин эмне болорубузду эч ким билбейт. Баары бүтөт. Өчөт. Ошондуктан өлүмгө даярдана билүү керек. Сен өлгөндөн кийин артыңда эмне калат? Кандай эскерүү, пикирлер калат? Тирүүлүгүң - өлгөндөн кийинки жансыз өмүрүңө даярдануу.
- Учурда эмне менен алексиз? Эл жүрөгүнө кирип алган Муратты, Композду, Жаздыкты эл издегендей?
- Учурда убактылуу бошмун. "Чиркин өмүр", "Апамдын махабаты", "Кара жолтой", "Тор" сериалдарын тарттык. Албетте, кемчиликтер болду. Бирок өсүп келе жатканбыз. 2006-жылы кыргыз сериалдарынын кереги жок деп жаап салышты. КТРдин ошол учурдагы жетекчилигине ушул убака чейин таңгалам, жинденем. Эмдигиче кандай деңгээлге жетет элек. Коомдук канал сериал тартууга чакырса бүгүн дагы барууга даярмын. Мен сериал тартууну үйрөнүп калгам. Сонун кыргыз сериалдарын тартмакмын. Жакында Алайга барып келдим. Көчөдөн "Жаздык, жаздык" деп бура бастырышпайт. Эл орустун, корейдин, казактын сериалдарын көрбөй, өзүбүздүкүн көрсө гана.
- Бакандай болгон чоң талант бош олтурса, маданиятты көтөрүп кете албаган бийликке нааразы да?
- Аракет кылып жатышат. Бирок маданият эмес, өз алапайларын таппай жатпайбы. Муну түшүнүп турам, көрүп турам. Экономиканы көтөрүүгө чуркашат. Бирок маданият көтөрүлмөйүнчө эч качан экономиканы көтөрө албайбыз. "Куранда" мындай жазылган: бир адам "Эй, Алла, эмнеге эле эл башына жаман падыша келет?" деп сураса, "Мен тандап туруп эл башына, элдин сезими кандай болсо, ошондой падыша коем. Качан эл оңолгондо, ошондо падыша да оңолот" деген экен. Анын сыңарындай рухий дүйнөбүз байып, маданият көтөрүлсө эл дагы оңолот, падыша да оңолот.

Жамиля Таштанбекова