200 жылдыкка эстутум

"Шейитиң маарек болсун"
Орус аскерлери Камчыбектин жаш зайыбы баштап келе жаткан көчтү тосуп, кооз куржундарды аңтара кетишет. Жаш зайыптын кулпуланган эки кичинекей сандыгына көздөрү түшөт. Анын ачкычтары жаш зайыптын чачынын учунда эле. Аскер башчысы ачкычты алып келүүгө буйруганда, аскерлер бурдап туруп Аселдин чачынан бери кесип келишет. Балээнин баары мына ушул чачтан башталат. Ызаланган жаш зайып Камчыбек жокто ал аскерлерди өлтүртүп салат. Өлгөн орус аскерлери үчүн Камчыбек өлүмгө буйрулат. Камчыбек өлүмдөн качса канчалаган кыргыздын каны төгүлмөк. Акылман эне кулунун өлүмгө кыйып туруп, элин сактап калат. Курманжан Датка уулуна акыркы ирет "Ажалга тике кара, шейитиң маарек болсун, кулунум" дейт. Бул жерде акылсыз аялзатынын пастыгы менен акылман эненин улуулугу жатат. Эки аялзатынын эки башка дүйнөсү жатат. Ошол көз ирмемдерде Курманжан Датка энебиздин кош эмчеги зыркырап, жүрөгү сыздап чыркырап тургандыр. Бирок кайратынан жанбай, эч нерсе болбогондой атын бастырып кетет. Датканын жүрөк түпкүрүндөгү кошок баары бир эл оозунда айтылып калыптыр. Курманжан Датканын 200 жылдыгы дүркүрөп өтүп жаткан кезде эл оозундагы ошол кошокту, ошол ирмемдерди эстетели дедик.

Курманжан
Датканын кошогу

Кабылан дүйнө кутумду,
Кайрылбас жакка учурдум.
Камчыбек балам туйгунум,
Капаска түшүп тутулдуң.
Жазасы болуп сыйыртмак,
Жаш жаның кыйып кутулдуң.
Калкыма тилеп ынтымак,
Кайгымы ичке жутундум.
Элиме коога кезигип,
Энеңде жүрөк эзилип.
Эр жигит коргоп ар намыс,
Эңилбей башы кесилип…
Эзелтен кайрат күрөшкө,
Элчилеп кирген чечинип.
Ичимден ыйлап турганда,
Ирмебей кирпик курганды
Иргесем акыл, ажалды
Имерип душман туйганын.
Ийнедей сайып жүрөккө
Моокуму канып турбасын.
Кесириң тийип элиңе
Касташкан душман кырбасын!
Ак көйнөк кийип турганым,
Айттырбай аза кылганым.
Ак сүтүмдү актады,
Азапты күтүп турганың.
Тумчуктуруп тайгылтып,
Туюкка тагдыр бурганың.
Түйшөлбөй тоскун ажалды,
Түркөйдөй капа турбагын!
Мойнуңда аркан кыл чылбыр,
Койнума түшкөн жылаандай

Күйүтүң өзүм тартайын
Коогалаң болуп кетпесин,
Курманга сени чалайын!
Кыргызга датка койгонун,
Аялдан анын болгонун,
Көргүсү келди баскынчы,
Кайгынын көлдөй болгонун
Өмүрүң кыска болсо да,
Өзүң ар намыс коргогун.
Кайыр кош, балам, кайрылгыс…
Кут болсун шейит жолдогуң!

Жамиля Таштанбекова




  Рух башат

Манасчы Талантаалы Бакчиев:
"Жан дүйнөмдүн дарысы Жыргалаң суусунда"

Алмадай баштын ичине ааламга сыйгыс Манасты батырган манасчы кандай адам? Илгери кыргыздар манасчы келатат дегенде Кыдыр келаткандай кубанып тосуп алышчу тура. Жан ылаңдап тумоого чалынганда, мал ылаңдап жутка кабылганда "Манас" айттырган айыл кырсыктан арылып калчу экен. Учтан түпкө жугуп, атадан балага өткөн Улуу Баянды айткан манасчылардан азыр да уучубуз кур эмес. Алардын бири Талантаалы Бакчиевди Манастын күмбөзүнөн жолуктуруп калдым.

- Талантаалы байке, манасчы болуп калууңуздун сыры эмнеде?
- "Манас" дүйнөсүнө мен аралашкан жокмун, кайыптар мени аралаштырды. Мен орус мектепте окуп, чөйрөм орусча болчу. Күз мезгили болсо керек, Жыргалаң суусунун боюна кой жайып, өзүм чычырканактын түбүндө жаткам. Аңгыча дөбө ылдый мени эки адам жетелеп келип, суу боюндагы чоң ак боз үйдүн ичине түртүп киргизип жиберишти. Тизелеп барып отуруп калдым. Өргөдө Айкөлдү тапкан Чыйырды, экинчиси Айкөлдү Айкөл кылган айтылуу Каныкей эне бар экен. Каныкей эне бир маалда мага кесе толо кымыз сунду. Ичип жибердим. Ойгонуп кетсем түшүм экен. Ошентип, 12-13 жашымда Манас айтып калдым. Кийинчерээк Саякбай ата түшүмө кирип, кантип Манас айтарымды аян кылды. Көрсө, экөөбүз аталаш тууган экенбиз. Бир түшүмдө бышкан койдун башын сунуп: "Ме, айланайын, алагой, тилегиңе жетегой, аттуу-баштуу жомокчулардан бол!" деп батасын берген. Дагы бир түшүмдө устатым Шаабай манасчы үч кап таруу берди. Шаабай Азизов менин устатым болгон, ал кишинин колунда 7 жыл жүрдүм. Устатымдын сыйкырчылык, табыпчылык касиети бар болчу. Эсептесем, "Манас" баянын айтканыма 27 жыл болуптур. Көлдүн касиетинен го, биз жактан манасчылар көп чыккан.
- Манас дүйнөсүнө аралашкан чыгармачыл адамдар тилегине жетип-жетпей, баштаган иштеринин аягына чыгып-чыкпай дүйнөдөн өтүп кетет дешет.
- Манасчылардын өмүр жашы 77нин тегерегинде болорун мен көп байкадым. Мисал келтирсем, Саякбай атабыз 77нин кырында көзү өткөн, Уркаш Мамбеталиев 77 жашында каза болду. Кандайдыр маанай-себептер менен Манас дүйнөсүнө аралашып калгандар болсо, балким, алардын Манас дүйнөсүнүн алдындагы аткара турган милдети аяктап, бу жарыкчылык жашоодон өтүп кетишет го сыягы...
- "Манас" айтып жүрүп айта албай калгандар болду беле?
- Ысык-Көлдүн касиетиненби, Көл өрөөнүнөн манасчылар көп чыккан. Манас атабыз Алтайдан келгенде көлгө суктанып, көзү түшкөн экен. Аккуланын изи мөөр болуп таш бетинде калган Тулпар-Таш деген таш бар. Көлдүк манасчылардын ичинде Бегаалы деген манасчы болгон. Ал "Манас" айтпай коюп, жашында жубарымбек кетет. Кийин баласы Уркасымга касиет кайтып келип, "Манас" айтып калган.
- Манасчылардын колдоочусу болот, көзүнө ар кандай жаныбардын кейпин кийип көрүнөт деп уктук эле?
- 1999-жылы Америка университетинде окутуучулук кызматта иштеп жүрүп, терең депрессияга батып кеттим, айлам кетти, жаным жай албады. Эптеп айлыма жетүүнү кааладым. Жетекчим абалымды түшүндүбү, айтор, эки-үч күнгө уруксат берди. Ак-Суу районундагы Каракол айылыма жетип, ошол эле күнү кечкисин эмнегедир бала кезимдеги кой кайтарып жүргөн Жыргалаң суусунун боюндагы өзөнгө баргым келди. Каш карарып калган кезде ыраматылык атамдын ичигин кийип жөнөп калдым. Тынчы кеткен апам иним Талгатты кошуп берди. Айылдан чыга берээрде инимди үйгө жөнөттүм да жалгыз жөнөдүм. Жетчү жериме жетип, Айкөлдүн, кырк чоронун арбагына атап куран окуп, ошол жердеги ак теректин түбүнө ичигимди жамынып жатып, уктап кетиптирмин. Бир маалда бир ачуу ышкырыктан улам чочуп ойгонуп кеттим. Маңдайымдагы булактын түбүндө аппак жылаан тикесинен тик туруп мени карап ышкырып жаткан экен. Албетте, корктум, бирок шек алдырбай келмемди келтирип, козголбой жата бердим. Бир аздан кийин ак жылаандын айланасы көк нурга бөлөнүп көздөн кайым болду да, ошол замат ордуна табактай болгон ак бака пайда болду. Ал алкымын бүлкүлдөтүп, акырын менин ичигимдин этегине жылып келип отуруп алды. Менин тулку боюмду тер басты. Эмне кылаарымды билбей турган учурда, беш-алты кадам аралыктагы жолдон "Москвич" өтүп калды фараларын жаркыратып. Жүз метрге жетпей машина от албай өчүп калды. Мен баканы чочутуп албайын деп ичигимди өзүмдү көздөй тартып алмакчы болгондо көздөн кайым болду. Саатты карасам түнкү эки жарым болуптур. Ордуман туруп айылды көздөй жөнөдүм. Бир аз баскандан кийин артымдан ырылдаган үн угулду. Кылчайып карасам, эки көзү чырактай жанган, куйругу кайрылган, териси май сыйпагандай жалтыраган жаныбардын келе жатканын көрдүм. Жүрөгүм опкоолжуп, чын-жалганын билейин деген кыязда токтосом ал токтойт, бассам басат. Ошентип экөөбүз кыйлага ээрчишип келдик, көпүрөдөн өткөндөн кийин ал жок болуп кетти. Азыр ойлосом жан дүйнөмдүн дарысы Жыргалаң өзөнүндө экен.
- Ар бир кыргызда Манастын каны бар деген сөзгө сиздин жеке пикириңиз?
- Кыргыздын кан-жанында, духунда Манастын энергиясы бар. Генде сакталып келатат да ДНК деп коебуз го. Ал мемиреп, уйкудагы аюудай болуп уктап жатат да кези келгенде ойгонуп кетет. Адамдын каны 90% суудан турат. Суу маалыматты сактоо касиетине ээ. Демек, кан эс-тутумга ээ суу сыяктуу. Канда жети муун өткөндөгү окуялар сакталып тура берет. Жети урпакка чейин кандагы касиеттер кайталанат. Ошон үчүн кан жаңыртып, сөөк жаңыртабыз дейт эмеспи кыргыздар.

Мира Сейдикеримова, Талас