Темир Мусакеев, сүрөтчү:
"Кыргыздын байыркы кийимдери Европаны тамшандырып жатат"

Колунан көөрү төгүлгөн жез оймок уз - түпкү энелерибиз жасаган - улуттук саркеч кийимдерибиз кыргыз элин эл кылып башкаларга тааныткан баа жеткис эмгек болгон. Анын тарыхын, тагдырын aэтнограф-антрополог Клавдия Ивановна Антипина өмүр бою изилдеген. Ар бир кокус табылган, өткөн замандардан калган саргайган архивдик сүрөттөрдү шурудай тизип, бапестеп сактап, кийин көз жумарда сүрөтчү Темир Мусакеевге өткөрүп берген экен. Сүрөтчү ал эмгек "Байыркы кыргыз баш кийимдери" деген аталышта чет өлкөдө жарык көрүп, сатылып жатканын айта отурду.


- Советтик көрүнүктүү окумуштуу этнограф-антрополог Клавдия Антипина менен кандайча таанышып калдыңыз?
- Ал киши сүрөтчүлөргө көп келчү. Бүт баары менен иштешкен, тааныш эле. Мүнөзү абдан татаал, талапты катуу койгон, өзүнүкүн бербеген өжөр болчу. Аны менен иштешиш кыйын эле. Негедир, мен ага жаксам керек. Жардамчы кылып жанына алды. Милдетим - эски, саргайган, кээлери тытылайын деп араң көрүнгөн сүрөттөрдү кылдаттык менен изилдеп, колго тартып, ар бир бөлүгүн иштеп чыгып, аларга өң-түс берүү, жан киргизүү эле. Ал кишинин өмүр бою чогулткан тарыхый материалдары, мени да ал окумуштуудан кем эмес изденүүгө, изилдөөгө түрттү. Ал билгенди бүт мен да билишим керек эле, ансыз жарата алмак эмесмин. Эки жүздөй сүрөттү колго түстүү кылып тарткам. Бул Антипина экөөбүздүн тең эмгегибиз.
- Качан китеп болуп чыкты анан?
- Он беш жыл басмадан чыкпай турду. Акаев баш болгон канча аттуу-баштуу, капчыктууларга кайрылдым. Тыянак чыкпады. Ошол кезде чет элдиктер кокусунан көрүп, дароо жактырып калышты. Акыры италиялыктар мени менен келишим түзүп, "сатыш үчүн эмес, миң эле даана жардам иретинде чыгарабыз, элүү даанасын сага белекке беребиз" дешкен. Элүү эмес, жети китепти ыйлап-сыктап атып араң салышты мага. Тиражы миң эмей эле андан көп чыгып, Европа, Америкада сатылып жатат. "Автору экен" деп мага бир тыйын төлөшкөн жок. "Кыргызпатентке" кайрылсам, "сеники туура, Америкага барып соттош, сен жеңесиң" деген кат менен жооп беришти, үйдө турат. Акча жок, мобу турган айылым Кашка-Сууга жеталбай атсам, кайдагы Америка?!
- Эми эмне кылайын дейсиз?
- Мен китеп чыгып калганына эле сүйүнүп жүрөм. Чет өлкөлүк тааныштарым "Лондондон, Нью-Йорктон сатып алдым" деп айтып калышат. Тетри Андерсон деген англичан келди. Түстүү айнек сыныктары менен имарат дубалын кооздогон сүрөтчү экен. Мени издеп, атайы келиптир таанышканы, китебимди интернет аркылуу Америкадан сатып алыптыр. Сайтын, адресин берди. "Сиздин китебиңиздеги сүрөттөрдү өз эмгектериме (мозаика) пайдалансам болобу?" деп уруксат сурады. Бул китеп Европаны тамшантып жаткан учур.
- Бир караганда чет элдиктер эле эмес, кыргыздарды да таң калтыра турган баш кийимдер, элечектин эле биз билбеген бир укмуштары бар экен?
- Биз баягы, сахнага кийген эле, бир стандарт түрүн көрүп көнүп калганбыз да. А чынында, элечектин эле жүздөн ашык түрү бар экен. Шумдуктуудай көп. Ар бир жашына, айыл-айылына, уруу-уруусуна, күн чыгыш, күн батыш, түндүк, түштүгүнө жараша калпакты, элечекти, көйнөктү түрлөп кийип келишкен. Кыргыздар чыгармачыл, таланттуу эл болгон. Ушунун баарын биз "Байыркы кыргыз баш кийимдери" китебинде чагылдырганга аракет жасаганбыз.Тилекке каршы, убагында биздикилер колдобой коюп, убайын минтип чет өлкөлүктөр көрүп атат.

Алтынай ТЕМИРОВА