Завод зарын ким угат?

Өкмөт аке, өзүңдү эле эмес, элди да ойлочу

8- октябрда союз доорунда дүйнөгө сейрек кездешүүчү металлдарды иштетүү менен белгилүү болгон Кемин районунун Орловка шаарчасынын 100 жылдыгы белгиленди. Кезинде Кыргызстандын сыймыгы болгон бул шаарчанын 1911-жылдан берки тарыхына сереп салып көрсөк, ары кызыктуу, ары аянычтуу дагы. Кеп кеминдиктердин үмүт отун жандырган бир кездеги металлургиялык комбинат, 2001-жылдан бери бийлик төбөлдөрү тарабынан колу-буту тушалып келаткан, азыркы Кыргыз химиялык-металлургиялык заводу (КХМЗ) жөнүндө болмокчу.

КХМЗнын кыскача тарыхы
Кызыктуу дегеним, Орловка түптөлгөндөн баштап Октябрь революциясын, андан кийинки граждандык согушту жана Улуу Ата Мекендик согушту башынан өткөргөн. Шаарчанын тылында калгандар майдандагыларга нан, эт, сүт жөнөтүп турушса, Орловкада 1942-жылы курулган тоо-кен байытуучу комбинатынан Ата Мекендик согушка, ар бир алтынчы ок даярдалып турган экен. Жалпы алганда согуш жылдары бул жерде 5,5 миң тонна коргошун, калай жана цинк чыгарылыптыр. 1958-жылдардан тарта Орловкада химиялык-металлургиялык өндүрүш өнүгүп, аталган комбинат Кыргыз тоо-кен металлургиялык комбинаты (КГМК) болуп кайра түзүлөт. Ошол мезгилдерде Орловкадан 7 чакырым алыстыктагы Кашка айылына сейрек кездешүүчү металлдарды иштете турган кошумча 4 цех ачылып, Кыргызстандан космостук жана авиакурулуштарда, атомдук техникада, радиоэлектроникада, фармакологияда колдонуучу 120 аталыштагы продукция Европа өлкөлөрүнө, АКШга, Японияга экспорттолуп турган. 70-жылдары Советтер Союзунда электроника жана радиоэлектроника өнүгүп, Орловкада жарым өткөргүч өндүрүшү калыптанат. КГМК сейрек кездешүүчү тоо кен продукцияларын чыгаруу менен бирге эле монокристаллдык кремнийди чыгара баштайт. Ошол жылдары комбинат Орловка шаарчасынын тургундарын иш орундары, үй менен камсыздап, ири социалдык кызмат көрсөтүү объектилерин куруп, ишке киргизген. 90-жылдар өлкөгө кандай оор болсо, аталган ишкана үчүн да өтө оор мезгил болду. Ошого карабай, КГМК жетекчилиги уникалдуу жарым өткөргүчтүк комплексти, анын кадрдык өзөгүн сактап калууга жетишкен. Андан бери ишкана аз-маз заказдар менен иштеп, өлбө жаным өлбө абалында, инвесторлорду издөө менен алек болуп келди. Кызыгы, бул учурда мамлекеттик төбөлдөрдүн ишкананы жандандырууга кымындай кызыкчылыгы болгон эмес.

Колдо бар алтындын баркы жок
2004-жылы россиялык инвесторлордун келиши менен комбинат экинчи жашоосун улантты дешет учурда ал жердеги адистер. Ошондон тарта комбинат Кыргыз химиялык-металлургиялык заводу (КХМЗ) деген атты алып, күн энергетикасы үчүн керектелүүчү монокристаллдык кремнийди чыгарып келатат. Жер жүзүндө жылуулук, энергия булактары (ошол эле нефть, газ, отун, электр энергиясы) азайып бараткандыктан, учурда инновациялык технологиянын келечектүү түрлөрүнүн бири - күн энергетикасы болууда. Ошону эске алып, экинчиден, оор кырдаалга карабай сапаттуу таза кремний чыгара билгендиктен КХМЗ дүйнөлүк экономиканын жогорку технологиялык трендине кирген. Ачыгын айтыш керек, учурда тынымсыз миллиондогон долларларды жумшоо менен Казакстан мындай ишкана ача албай турган чагы. Быйыл июнь айында КХМЗ норвегиялык REC (Renewable Energy Corporation) компаниясын "upgrade" тибиндеги мульти кристаллдык кремний менен камсыздап туруу келишимин түздү. Заводдун директорунун орун басары Валерий Тимаковдун айтымында, бул келишим заводдун айына 70 тонна ар башка типтеги кремний чыгарып турушуна шарт түзөт. А бул көрсөткүч заводдун советтик жылдардагы долбоордук көрсөткүчүнөн 14 эсе көп. Бул бизнес проектинин ишке ашышы Орловканын кайрадан жогорку квалификациялуу кадрлар устаканасына айланышына, жумушчу орундарынын көбөйүшүнө жана шаарчанын эле эмес, Кемин районунун, Кыргызстандын өнүгүшүнө чоң өбөлгө болоору турган иш. Бирок…

Өкмөт өгөйлөп атса, инвесторлор иймек беле
Тилектериңдин баары жакшы экен, бирок сенин "бирогуң" жаман экен дептир бирөө. Анын сыңарындай, КХМЗда азыр негизги көйгөй - электр энергиясы. Союз кезинде ишкананын иши үзгүлтүккө учурабаш үчүн заводдун каражатына Быстровка чакан ГЭСи курулган эле. Эсил кайран СССР кулагандан көп өтпөй, ГЭС кайсы бир билермандар тарабынан "Кыргызэнерго" карамагына өткөрүлгөн. КХМЗ жетекчилигинин айтымында, ГЭС, биринчиден, заводдун менчиги, экинчиден, анын негизги органы, жүрөгү болгондуктан аны заводдон ажыратуу акылга сыйбас кадам болгон. Муну ошо кездеги чиновниктер көрүп-билип турса да кайдигерлик кылышканы айтпасак да түшүнүктүү. Кептин ток этерине токтолсок, КХМЗ 2001-жылдан бери Быстровка ГЭСин сатып алууга же көп жылдык ижарага алууга аракет кылып келет. Ошондон берки арыздар хронологиясына үңүлсөк, завод жетекчилигинин кайрылбаган бийлиги, премьер-министри калбаптыр. Алсак, 2001-жылдан тарта буга экс-премьер министрлер Николай Танаев, Данияр Үсөновдор кийлигишип, негедир алардын ГЭСти КХМЗга өткөрүү токтомдору, тапшырмалары аткарылбай ара жолдо калган. Айласы куруган КХМЗ инвесторлору бийлик алмашкан соң президент Роза Отунбаевага кайрылып, канайым 18-мартта ГЭСти заводго берүүгө макул болуп, ишти премьер-министр Алмазбек Атамбаевге тапшырган. Канайымдын колдоосуна ишенип, КХМЗ жетекчилери ишкананы кеңейтүү максатында дагы 40 кремний өндүрүүчү техникага заказ берип коюшкан. Ал техниканын биринчи партиясы жакында колго тийгени турат. Бирок өкмөттүн чечкинсиздигинен улам 15-апрелде эле чечиле турган ГЭС маселесинен жылыш жок. Өкмөт "ойлонгуча" КХМЗ электр энергиясынын туруксуздугунан жүз миңдеген доллар чыгымга учурап, инвесторлор башка өлкөгө кетүүнү ойлоно башташыптыр. Өндүрүш мастери Эрлан Жышаматовдун айтымында, кремний эритүүчү мештерге суу электр насостору менен келет. "Электр энергиясы бир көз ирмемге эле берилбей калса, мештерибиз жарылып кетиши мүмкүн. А ар бир мешке 50 миң доллардан сарпталган. Азыр бизде 70 меш турат. Анын жүзүн ары кылсын, 70 меш иштен чыкса эмне болот? Ансыз да азыр электр энергиясынын үзгүлтүккө учурашынан улам өндүрүп аткан кремнийлерибиз жарабай калып атат. Анын баары миңдеген доллар чыгым. Ошондуктан Быстровка ГЭСи заводдун карамагына алынса жакшы болмок. Азыр бул жердеги кызматкерлердин көбү кеминдиктер. Ишкана өнүгүп кетсе элге эле жакшы болмок. Өкмөт ГЭСти берүүгө неге бут тосуп атканы түшүнүксүз" дейт Эрлан Жышаматов.

Айланайын өкмөт, акылга салчы
Албетте, өкмөт кайсы ишкананы пулдап ийип бюджеттин жыртыгын бүтөсөк деп атат. Бирок Быстровка ГЭСинен башка канча ишкана пайдасыз турат. Өкмөт анча кыйын экен ошолорду пулдабайбы. Баарынан өкүнүчтүүсү, биз барктабай аткан КХМЗ инвесторлорун эми Казакстан, Кытай мамлекеттери чакыра башташыптыр. Кытайдын Уйгур автономиялуу округу быйыл үч ГЭСти ишке киргизип, россиялык мульти, монокремний өндүргөн инвесторлорду кош колдоп тосуп алууга даяр турат. Кокус, КХМЗны иштетип аткан россиялык инвесторлор, кыргыз өкмөтүнүн ыкшоолугунан тажап коңшу Кытайга кетсе, ансыз да араң турган Орловка оомийин болду дей бер. Аны менен кошо Кыргызстандагы мульти-кристалл өндүрүшү түп орду менен жок болот. Буга кошумча инвесторлор убада кылып аткан 500 жумушчу ордунан, казынага түшө турган 100 млн. сомдон кол жууйбуз. Мына ушундай, замандаш, азыркы Орловканын абалы. Чоңдорубуз болсо саясат, шайлоо, бийлик, мансап, бири-бирин шыбамай менен алек. Экономика, товар экспорттоо, дүйнөлүк рыноктон орун алуу дегенге азырынча баш ооруткулары жок. Анан кантип өсөбүз?

Мелис СОВЕТ уулу