Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери


п»ї
  Дүбүрт

"Биз жүрөгүбүздүн тандоосу менен добуш беребиз"
КР Президенттигине талапкер
Нариман Ташболотович Түлеевдин
БИЛДИРҮҮСҮ
Урматтуу мекендештер! Кыргызстандыктар!
Эки аптадан соң алдыбызда бизди өтө жооптуу иш күтүп турат: биз өлкөнү татыктуу башкара ала турган, өз элине татыктуу Президент болуп, эгемендүүлүгүбүз менен мамлекетибиздин биримдигине шек келтирбей, тарыхый миссияны мындан ары улантып кете ала турган талапкерге добуш беребиз.
Мамлекеттин башчылыгына өз талапкерлигимди коюп жатканда мен дал ушул принциптерди жетекчиликке алганмын - Кыргызстандын биримдигин чыңдап, жалпыбыздын аракетибиз менен мамлекетибизди жаңы чектерге көтөрүп, элди кембагалдык менен мыйзамсыздыктан кутултууну көздөгөм. Мен Бишкек шаарынын мэри болуп турганда элди эч качан түндүк-түштүккө бөлгөн эмесмин. Борбордо өлкөбүздүн бардык региондорунун өкүлдөрү жашайт, алар шаарды чогуу, бирдикте, бир максатта курушкан. Менин президенттик программамдын өзөгүн дал ушулар түзөт.
Силерге белгилүү болгондой, мени адегенде талапкерлик тизмеден чыгарып салышкан. Менин колдоочуларымдын кол тамгаларын жаратышпай коюшканда мен ал жарандардын укуктарын коргоп, сотко берүүгө аргасыз болдум. Биз Биринчи Май райондук жана Жогорку Сотто уттук. Бизди Жогорку Кеңештин депутаттары колдоп чыгышты, мени жана дагы бир нече талапкерлерди тизмеге киргизүүсүн БШКдан талап этишти. Бирок ачык, таза шайлоону каалабагандар бут тосуп жатышты. Мен талапкерликке күбөлүктү шайлоо аяктарына эки апта калганда гана алдым. Мага жана менин жактоочуларыма президенттикке талапкер катары шайлоого катыштырбоого көптөгөн айла-амалдар колдонулду. Шайлоо кампаниясы үзгүлтүккө учурады.
Мындай көрүнүштөр мени ар кандай ойго салды, мен кандай жолду тандап алышым керек: өз элимди сатып аламбы, добуштарды сатып аламбы, же таза шайлоого барамбы деген оор маселелерге кабылдым. Мен мекендештеримди эч качан алдаган эмесмин. Өзүмдүн жеке кызыкчылыгым үчүн бүгүн да, кийин да жалганчылыктын жолуна түшпөйм, ал ыплас, булганыч жол. Мен үчүн шайлоонун таза өтүшү ыйык. Себеби шайлоо таза өтпөсө, анда элдин жаңы президентке болгон ишеними азаят. Алдоо, жалган жана добуштарды сатып алуу менен такка келген президент элдин ишенимине ээ боло албайт, Кыргызстанды өнүктүрүүгө анын кудурети жетпейт.
Мен таза шайлоо үчүн даяр болчумун. Бирок ар кандай шылтоолор менен жолумду торошуп, мени өткөрбөөгө жолтоо болушту. Мен өзүмдү президенттик бийликке айкын, адилеттүү, таза шайлоо менен гана жетүүгө милдеттүүмүн деп эсептеймин. Андыктан, мен өз талапкерлигимен баш тартамын.

Урматтуу кыргызстандыктар!
Мен сиздердин бардыгыңарды шайлоого катышып, биздин республикабыздын туруктуулугу жана жакынкы аралыкта гүлдөп өнүгүшү үчүн кыраакылык, акыл-эстүүлүк менен добуш берүүгө чакырам. Биз бүгүн ар кандай саясый оюндардын кесепетинен мамлекеттүүлүгүбүздү жана коомду бөлүп-жарууга жол бербөө үчүн колдон келген иш чараларынын бардыгын аткаруубуз милдет. Биз бирдиктүү Кыргызстандын бир элибиз. Биз, мамлекетибиздин өнүгүшү, урпактарыбыздын бактысы, жаркын келечегибиз үчүн акыл-эсибиздин, жүрөгүбүздүн тандоосу менен добуш беребиз.




  Чартарап

Шайлоонун ачылбаган карталары тууралуу

Шайлоого аз күн калган сайын оюндан өз каалоосу менен чыккандар көп болууда. Кечээ дагы талапкерлердин бири Нариман Түлеев шайлоо аламанынан чыкканын жар салды. Ага чейин күчтүү атаандаштыкты жарата турган "Ата Мекен" партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев өз талапкерлигин алып салып, бирок кимди колдоорун ачык айтпай, табышмактатып койгон болчу. Ал эми Темир Сариев башында турган "Акшумкар" Алмазбек Атамбаевди колдоорун ачык эле айтып чыкты. Шайлоо канча тур менен өтөт, кайсы талапкерлер канча пайыз менен озуп чыгышы мүмкүн, дагы кайсы талапкерлер кимдер менен биригет? Мына ушул сыяктуу шайлоонун карталарын саясат таануучулар ачты.


Токтогул КАКЧЕКЕЕВ, саясат таануучу:
"Шайлоодон кийин кайсы кызматка барам деген эле маселе болуп атат"
- Талапкерлер Атамбаев менен жолугуп чыккандан кийин эле талапкерлигин алып салып атат. Шайлоодон кийин кайсы кызматка барам деген эле маселе болуп атат да.
- Шайлоодо негизги талапкерлер кимдер болот?
- Аягында эки эле фигура болот. Түндүктөн, Түштүктөн бирден талапкер. Атамбаев менен Мадумаров экени баарына белгилүү да. Түндүк-Түштүк деген ит оору дагы эле айыкпай келатпайбы.
- Ташиевдин орду кандай болот?
- Ал өзүнүн аракети менен шайлоого катышып атат. Бирок ал өзүнө-өзү бөгөт коюп алды. Кесиптеш депутатын сабап, муштумзордугу менен көп адамдардын сый-урматын жоготту. "Мындай кызуукандуу адам мамлекет башына келсе, эртең элди кантет?" деп баары чочулайт да.

Марс САРИЕВ, саясат таануучу:
"Биринчи турда Атамбаев 51-60% менен чыгышы ыктымал"
- Байкасаңар, Нариман Түлеев Москвага барып келгенден кийин талапкерлигин алып салды. Ал жакка барып, Россия кимди колдоорунан кабардар болду, рекомендация алып келди дегендик. Түлеевдин талапкерлигин алып салуусу Атамбаевдин позициясынын андан бетер күчөшүнө шарт түзөт деп ойлойм. Мадумаров менен Ташиев Түштүктөн добуш алганы менен Түндүктөн ала албайт.
- Атамбаев Түштүктөн ала алабы?
- Атамбаевдин Түштүктө да электораты бар. Анын үстүнө Өмүрбек Бабанов партиясы менен Атамбаевди колдоорун билдирген. Анын партиясында Түштүктөн дагы бир топ депутаттар бар.
- Шайлоо канча тур менен өтөт?
- Бир тур менен бүтүргөнгө аракет кылып атышат. Экинчи турга чыгып калуу бир аз кооптуу жагдайды жаратышы мүмкүн. Биринчи турда Атамбаев 51-60% менен чыгышы ыктымал. Адахан Мадумаров алса 20-30% алат, андан соң Ташиев ашып кетсе 10-15% добушка ээ болот.

Орозбек МОЛДАЛИЕВ, саясат таануучу:
"Шайлоону экинчи турга калтырууга сырткы күчтөр кызыкдар"
- Башка талапкерлердин алдында эки талапкер - Атамбаев менен Мадумаров кетип атканы баарына белгилүү болуп калды. Калгандарынын мүмкүнчүлүгү азыраак болуп атат. Азырынча эл талапкерлердин басып өткөн жолун эле карап, "президент болгондон кийин эмне иш кылат?" деген маселени ойлонбой атат. Мисал үчүн, Адахан Мадумаров "шайлоодон жеңсем президенттик башкарууну алып келем" деп ачык эле айтып атпайбы. Бул болсо былтыркы референдумдун жыйынтыктарына каршы чыгып атканын айгинелеп турат. Мадумаров мына ушул позициясы менен көп электоратын жоготуп атат десем жаңылышпайм. Анткени кыргыз эли президенттик башкаруудагы эки башчыны көрдү.
- Шайлоо бир эле тур менен бүтөбү?
- Экинчи турга кетип калуу ыктымалдуулугу да жок эмес. Бирок бир тур менен өтүп кетүү мүмкүнчүлүгү көбүрөөк. Шайлоону экинчи турга калтырып, нааразычылык акцияларынын өткөрүүгө кызыкдар күчтөр да бар.
- Кайсы күчтөр?
- Сырткы күчтөр кызыкдар. Сырткы күчтөр деле Алмазбек Атамбаев негизги талапкер экенин жакшы билишет. Ошого карабай, добуштарды чачып, экинчи турга калтырууга аракет көрүшөт.
- Бул шайлоодо Ташиевдин орду кандай болот?
- Ташиевдин саясый технологдору жакшы иштебей жатат. Биллборддорун карасаңар бир жеринде генерал болуп түшкөн да, бир жеринде жөнөкөй эле саясый ишмер катары түшүп атат. Бул бирден бир кемчилиги деп ойлойм. Элге бир образ менен чыкса жакшы болмок. Ташиев эч ким менен сүйлөшүүгө барбай өзү эле аягына чейин барат го.
- Нариман Түлеев талапкерлигин алып салды, кимди колдойт деп ойлойсуз?
- Нариман Түлеев менен Марат Султанов чогуу экени башынан белгилүү болчу. Булар да жөнөкөй жигиттер эмес, артында электораты бар. Булар эми сүйлөшүп көрүп, кимдин сунушу жакшыраак болсо ошол жакка оойт болуш керек.
- Өмүрбек Текебаев да талапкерлигин алган менен кимди колдоорун ачык айтпады?
- Ал ачык айтпаган менен билдирүүсүнөн кимди колдоору байкалып турбайбы. Конституциянын атасы болуп, реформанын башында болуп туруп "башкаруу системасын өзгөртөм, президенттик башкарууну алып келем" деген талапкерди колдобой турганы ачык болуп турат да. Текебаев такшалган саясатчы, шайлоонун эртеңин да ойлоп жатат. Кайсы бир талапкердин атын конкреттүү түрдө атабаганы да мына ошондон. Бирок негизинен Убактылуу Өкмөткө мүчө болгондордун баары эле бир талапкерге биригиши мүмкүн болуп атпайбы. Муну Темир Сариевдин "Акшумкар" партиясынын Атамбаевди ачык эле колдоп чыкканынан байкаса болот. Убактылуу Өкмөт мүчөлөрү керектүү учурда бириге калганы катары түшүнүүгө болот.

Даярдаган
Дилбар АЛИМОВА





кыргыз тилиндеги гезит "De-факто"









??.??