Камчыбек Ташиев:
"А.Мадумаровдон айырмачылыгым - Бакиевдерден акча албайм!"
Камчыбек Ташиевдин бир сапаты бар, "балп" эткирип кээде ток этээрин айтып салат. Шайлоочулар менен жолугушуу учурунда Мадумаров тууралуу чындыкты ушинтип айтып салды. Окуя жекшемби күнү Аламүдүн райондук маданият үйүндө болгон. Шайлоочулар Камчыбек мырзага түркүн түстүү суроо узатышат. Алардын арасынан бирөөсү капилеттен: "Камчыбек Кыдыршаевич, А.Мадумаровдон эмнеңиз менен айырмаланасыз?" деген суроону кабыргасынан койбойбу. Ал антсе "Ата журттун" төрагасы: "Мен шайлоого карата Адахандай болуп Бакиевдерден акча алган эмесмин" деп түз суроого түз жооп узатыптыр. Мына сага! Мадумаров-Ташиев тандемин жаратабыз деген айрым аксакалдардын тилеги эми накта таш капты өңдөнөт. Камчыбек Ташиев Мадумаровдун Бакиевдерден акча алып шайлоого аттанып атканын ачык айтканына караганда, мунун да билгени бар. Биз деле какшап жазып келатабыз го, Мадумаров чынында эле Бакиевдин долбоору.


Нариман Түлеев АШАны колдойбу?
Эптеп атып президенттикке талапкер катары катталган Нариман Түлеевдин кезектеги шоусу өзүн актабай калды. Атап айтканда, анын өткөн жумада Москвага сапар алганын "пиарщиктери" ашепке шөкөттөп: "Манас" аэропортунан түн ката учуптур" дешсе, кээлери: "Жок, аны Канттагы авиабазадан атайын самолет менен орус бийлиги өзү алып кетиптир" деп "беш өрдөгүн" учуруп жиберишти. Көрсө, Москвага барып досторуна эле жолугуп кайра артка кайтыптыр. Ушунчалык ызы-чуу кылып президенттикке талапкер катары катталып, анан кайра талапкерлигин алып койгону тан калычтуу болуп калды. Азырынча Нариман Түлеев кимди колдоорун ачык айтпай атат. Бирок биздин маалымат боюнча, досу Марат Султанов экөө тең Алмазбек Атамбаевди колдоп чыгышмакчы. АШАны колдоп берели, башка татыктуусу деле жок экен деп ушундай бүтүмгө келишиптир.


Текебаев саякаттап жүрөт, бирок шайлоодо кимди тандайт?
Өмүрбек Текебаев учурда Европаны кыдырып жүрөт. ЕККУнун чакыруусу менен парламентаризм боюнча жыйындарга катышып жүрөт. Талапкерлигин алып койгонуна эл арасында нааразы болгондор бар, сүйүнгөндөр да бар. Себеби баарыбыз түшүнүп атабыз, эл бөлүнбөсүн, амбицияны асмандатып атып мамлекеттен ажырап калбайлы деген тилек менен талапкерлигин алып салды. Эми шайлоодо Текебаев кимди колдойт деп көпчүлүктүн башы маң, эң башкы суроо ушул болуп асылып турат азыр. Бирок Текебаев бакиевчилерди жана алардын куйруктарын колдобостугу айдан ачык. Акыл калчап ойлонгон адамга ал Атамбаевди гана колдоору көрүнүп турат. Себеби Текебаев деле жеке таарынычтарды таштап, революциянын идеяларын уланта турган, демократияны сактап кала турган адамды тандайт.


Атамбаев менен Путин жолукту
Орусиянын премьер-министри Владимир Путин жана анын республиканын президенттигине талапкер болуп жаткан кыргызстандык кесиптеши Алмазбек Атамбаев жолугуп, эки өлкөнүн соода-экономикалык кызматташтыгын талкууга алышты. Бул тууралуу Орусиянын өкмөт башчысынын басма сөз катчысы Дмитрий Песков РИА Новостиге билдирди. "Путин менен Атамбаев эки тараптуу мамилелердин учурдагы аспектилерин, көбүн эсе соода-экономикалык кызматташтык маселелерин талкууга алышты", - деди Песков. Кыргызстандагы Президенттик шайлоолор 30-октябрга коюлган жана ал 2010-жылдын апрелиндеги президент Курманбек Бакиевди кулаткан мамлекеттик төңкөрүштөн кийин бийликти легитимдештирүүнүн кезектеги этабы болуп калат. Азыр республиканын башчысы өткөөл мезгилдин президенти Роза Отунбаева болуп эсептелет, анын ыйгарым укуктары 2010-жылдын 31-декабрында аяктайт. Отунбаеванын мыйзам боюнча шайлоого катышууга укугу жок.




 "Баш кошпогон" саясатчылар

Табылды АКЕРОВ, саясат таануучу:
"Ташиев менен Мадумаров бирикпейт"
- Табылды мырза, президенттик жарышка аттанган талапкерлер Адахан Мадумаров менен Камчыбек Ташиев биригет экен деген маалымат айтылган. Эмнегедир экөөнүн бириккени байкалбайт. Тескерисинче, маалымат майданы аркылуу кармашууда. Сиздин баамыңызда, буга эмне себеп болду?
- Бул жерде ириде эки лидердин кызыкчылыктары дал келбей жаткандыгын белгилей кетүү керек. Биринчи кызыкчылык - партиялык кызыкчылык. Эки лидер эки башка партиядан болгондуктан ар кимиси өз партиясынын кызыкчылыгын көздөйт. К.Ташиев "Ата-Журт" партиясынын лидери катары туура позицияны тандап алды десек болот. Мындай кадамдарды ал парламенттик шайлоо алдында да көп жасаган. Бүгүнкү күндө Ташиев Мадумаров менен биригүү эч кандай натыйжасын бербесин туура түшүнүп турат. Эгерде алдыдагы шайлоодо Ташиев өз добуштарын Мадумаровго өткөзүп берген күндө, президенттик шайлоодон кийин коалиция таркап, кайрадан парламенттик шайлоо боло турган болсо, анда ал өз добуштарын кайрадан чогулта албай калышы мүмкүн. Ал эми Мадумаров парламенттик шайлоодо да Ташиевдин добуштарын пайдаланып кетпейт деп эч ким кепилдик бере албайт. Ошондуктан партиялык кызыкчылык биринчи орунда турат.
Экинчиден, жеке кызыкчылык да чоң роль ойноодо. К.Ташиев кечээ жакында эле болуп өткөн каргашалуу түштүк коогалаңында эрдик жасап, түштүк элине таанылган жаш саясатчы болсо, Мадумаров илгертен түштүк элине таанымал саясатчы. Мына ушул жерден жеке кызыкчылыктар пайда болуп, Ташиев Мадумаровго жол бошотпой келет. Алдыдагы шайлоодо өз добуштарын Мадумаровго берип койсо, анда коомчулукка тийгизген өзүнүн таасири төмөндөп кетерин түшүнүп турат.
- Демек, Ташиев туура жолду тандаган турбайбы?
- Ооба, "Ата-Журт" партиясы парламенттик шайлоодо бир топ тажрыйба алып калды. Ошол тажрыйбанын негизинде Камчыбек мырза бүгүнкү күндө өтө туура багытты беттеп баратат десек болот. Анын дагы бир артыкчылыгы - Бакиев доорунда Мадумаров кызматтан кетирип, кайра чакырса бара берген саясатчы катары каралса, Ташиев Бакиев бийлигинен запкы көргөн саясатчы катары өзүн көрсөткүсү келет. Мисалы, эски бийликтин тушунда Ташиевди ӨКМ министрлик кызматынан кетирип, кылмыш ишин ачууга чейин барышкан. Бул жерде дагы Ташиев Мадумаровду өзүнө жакын жууткусу келбей турат. Эгерде экөөбүз бириксек, толук бойдон бакиевчил болуп калам деген ой дагы биригүүгө мүмкүнчүлүк берген жок. Андыктан Мадумаров менен кандайдыр бир аралыкты сактап туруу аракетин көрүүдө.
- Мадумаров мырза эч качан Ташиевге жол бошотуп бербейт да?
-Туура, эч качан жол бошотуп бербейт. Мадумаров 20 жылдан бери саясатта жүрсө дагы, бир да жолу эч ким менен бириккен эмес. Ошол эле учурда кайсы бир саясатчыга жол бошотуп берүү деген болгон эмес. Ошондуктан жаңыдан чыгып келаткан саясатчы Ташиевге жол бошотуп бере албайт.
Экинчиден, жол бошотуп берүү менен өзүнүн электоратынан ажырап калуу коркунучунан сактанат. Себеп дегенде Мадумаровдун каржы маселеси Ташиевге салыштырмалуу бир кыйла начар. Андыктан бүгүнкү күндө Ташиевге жол бошотуп берсе, анда кийинки шайлоолордо Камчыбек мырза Мадумаровдун добуштарынын баарын акча менен алып, аны биротоло түштүктөн сүрүп салышы мүмкүн. Бул дагы экөөнүн биригүүсүнө жол бербейт.

Суроо салган
Кошой Наркеев