Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери

КИТЕПКАНА



п»ї

Л€У…Р’Жђ

  Чартарап

Даир Кенекеев, КРнын маммүлк министри:
"Бул кызматка келгени, өкүл балдарым көбөйүп кетти"
- Даир мырза, аз күн мурда эле улутташтырылган 23 объектинин экөөсү сатылды. Яхта менен коттедж. Айрым эксперт, адистер алардын реалдуу баасынан кыйла арзан сатылгандыгын айтып, жазып жатышат. Ушул боюнча эмне дейсиз?
- Ошол эксперттерге айтат элем, арзан болсо келип сатып алышпайбы. 5 эсе арзан деп жазып чыгышты. Андай болсо сатып алышып, кайра 5 эсе кымбат сатышып, чоң киреше көрүшпөйбү. Зор бизнес кылса болот да. Эгерде мурда аукциондун өтөрү тууралуу гезитке гана жарыяланса, биз азыр теледен күн сайын берип жатабыз. Мындай буга чейин болгон эмес. Аукционду өткөрүүдөгү дагы бир жаңы нерсе, аукционду өткөрүү комиссиясынын курамына депутаттар, укук коргоо өкүлдөрү, эсеп палатасынын, бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү киргизилген. Ачык-айкын өтүүдө. Журналисттерди чакырганбыз. Объектилердин баалары дүйнөлүк аты бар баалоочу компаниялардын, кыргыз тараптын катышуусунда бааланган. Мисалы, Ысык-Көлдөгү №56 коттеджди алалы. Азыр Бишкекте 3 бөлмөлүү батирдин 1 метр чарчы аянттынын ремонту 1000 доллар турат. Коттеджге ремонт талап кылынат. 270 миң долларга сатылды. Майдалай келгенде ар бир чарчы метри 1,5 миң доллардан айланат. Бул бааны арзан дегенге болбойт. Яхта боюнча деле ушуну айтса болот.
-Адатта аукционго алармандар көп катышчу эле. Бул эки объектини алууга экиден гана адам кызыкдар болушту. Эмне үчүн алармандар аз? Себеби барбы?
-Айтканыңыз туура. Биз эми аукционго келгиле, сатып алгыла деп эч кимди мажбурлай албайбыз да. Аукциондун өтөрү тууралуу жетиштүү реклама бердик. Андан башка процесске биз кийлигише да, таасир көрсөтө да албайбыз. Мыйзамга ылайык, экиден ашык аларман болсо аукцион өткөрүлөт. Биз объектилерди кымбат сатсак дейбиз. Албетте, көп киши келип, альтернатива болуп, бааны көтөрүп жиберишсе жакшы болмок.
-Жаныш Бакиевдин уулу Искен Бакиевге тиешелүү 3 кабаттуу үйгө сатып алуучу эмнеге чыккан жок?..
- Анын себеби төмөнкүдөй болушу мүмкүн. Биринчиден, суу, коммуникациясы жок. Көлдүн жээгинде эмес, сайдын боорунда, бүткөрүлө элек. Экинчиден, жеке өзүм кымбат бааланып калган деп эсептейм. Бул үйдү толук бүткөрүүгө 1 млн. доллардай акча керектелет.
-Себеби башкада болушу мүмкүн эмеспи? Үй жөнөкөй жарандыкы эмес. Жаныш Бакиевге тиешелүү болуп жатпайбы. Ашыкча маселелердин жаралышын эч ким каалабайт да?
-Сиздин айтканыңыз негизги себеп болушу мүмкүн. Андай эмес деп айтканга да болбойт. Кыргыздар ырымчыл келет эмеспи.
-Сатылбай калса үйдүн тагдыры кандай болот?
-Мыйзам чегинде кайра аукционго коюп, баасын 25% түшүрөбүз. Сатылбаса дагы 25 % арзандатабыз. Жарым баасына аларман чыгат деп ойлойм. Анда да болбосо, мамлекеттин менчигинде тура берет.
-Улутташтырылган объектилерди сатып, 5 млрд. сомдон ашык акчаны бюджетке түшүрүүнү план кылып жатасыздар. Объектилер арзан сатылып, план аткарылбай калбайбы?
-Биз пессимисттик эсеп жүргүзгөнбүз. Өтө арзан сатылуусу мүмкүн экендиктерин эске алганбыз. Ошондуктан план аткарылбай калбайт. Буюрса, объектилердин бардыгын сатып алсак, алардан түшкөн акчанын 1 сомуна тийбей бюджетке которуп беребиз. 2011-2012-жылдын бюджетине бул акча киргизилген.
-Улутташтырылган объектилердин дээрлик бардыгы Бакиевдерге, алардын жакындарына тиешелүү эле. Мамлекет алардан кайтарып алды. Аны сиздердин министрлик ишке ашырып жатат. Бакиевдер тарабынан сизге коркутуу, кысым көрсөтүүлөр болгон жокпу?
-Кысым болмок тургай, Мегакомдун чыры апогейине жеткенде мен жансакчылар менен жүрүп калдым. Телефон чалып, смстерин жөнөтүп, коркутуулар болуп жатты. Ар кандай маанайдагы смстер көп келди. Кимдин атынан экенин ачык айтышпайт. Бирок көргүлүктү көрүп калышым мүмкүн экендигин эскертип жатышкан. Азыр андайлар токтоп калды.
-Сиздердин министрлик да башка министрлик, ведомстволордой өлкө бюджетине киреше түшүрөт. Эмненин эсебинен акча табасыздар?
-Бизде кирешенин 4 булагы бар. Биринчиси, мамлекеттик ишканалар тапкан кирешеден алынган дивиденддер. Экинчиси, мамлекеттик ишканалар буга чейин салыктан башка акча беришчү эмес. Азыр өкмөттүн токтомуна ылайык, түшкөн кирешенин 50%ы бюджетке которулат. Үчүнчү, мамлекеттик объектилерди ижарага берүүдөн. Төртүнчү, менчиктештирүүдөн түшкөн кирешелер эсебинен.
Быйылкы 9 айдын жыйынтыгы менен дивиденддерден 2 млрд. 891 млн. сом киреше түшүрдүк. 20 жыл ичиндеги дивиденд көлөмү 2 млрд. 517 млн. сом болгон. Мамлекеттик ишканалардан түшкөн каражат 150 млн. сом болсо, 20 жылда бир да сом түшкөн эмес. Жылдын аягына чейин дагы 150 млн. сом түшүрөбүз.
-Сиздердин министрликке бюджеттен канча каражат бөлүнөт?
-Биздин кызматкерлердин эмгек маяналарынын фонду 18 млн. сом болчу. Ал жакында 20%га кыскартылганы турат. Жалпы эсептей келгенде 26 млн. сом алабыз. 100 адам иштейт. Айлыктары башка министрлик, ведомстволорго салыштырмалуу төмөн.
-Сизди Максим Бакиевдин жакыны болгон деп айтып жүрүшөт. Буга кандай жооп бересиз?
-Ушундай маалыматты окуп алып аябай күлкүм келген. Кайдан жакыны болмок элем, эгерде мен аны менен тил табыша албай кызматтан кетсем. 2005-жылы революция болгондо чынымды айтайын, жаш баладай кубангам. Эми бардыгы жакшы болуп, Кыргызстан оңолот го деген зор ишеним бар болчу. Анда мен Антимонополдук агенттикте орун басар болуп иштечүмүн. Ошол мезгилде цементтин баасы кескин жогорулап кеткен. Ал кезде Кант цемент заводунун 30%ын Максимдин балдары көзөмөлдөчү. Антимонополдук агенттик баасын ылдый түшүрөбүз, бааны тизгиндейбиз дегенде, Максим, Ширшов тараптан катуу кысымдар болгон. Мен алардын жүзүн көргөн да, учурашкан да эмесмин. Бирок алардын кишилери келип, биз айткандай кылбасаңар, иштетпейбиз, көрсөтөбүз деп ачык эле кысымга алышкан. Андай кысымдарга макул болбой өз каалоом менен эле арызымды жазып баса бергем. Максимдин жакыны деген сөздөр чындыкка дегеле коошпойт. Жазат десе жаза беришет экен да...
-Ири бизнесиңиз бар экен...
-Кызматтан өз арызым менен кеткенден кийин досторум менен бизнеске өткөм. 4 жыл бизнесте жүрдүм. Россиядан курулуш материалдарын, металлдарды, жыгачтарды ташыдык. Бийик кабаттуу үйлөргө материалдарды алып келип берчүбүз. Андан аз эмес акча тапкам. Азыр бизнесимди жакындарыма өткөрүп бергем.
-Өмүрбек Бабанов менен жакындыгыңыз тууралуу айтылгандар чындыкка жакынбы?
-Бир нерсени айтып кетейин, "Республика" партиясы өткөн жылдын 24-майында түзүлгөн. Ошондо партиянын лидери болуп мен шайлангам. Партиянын ишин жаңыдан жандандырып жатканда, экономикалык тескөө министри Эмил Үмөталиев статс-катчы болуп иштеп бер деп чакырып калды. Мамкызматкер эч бир партияда турбашы керек да. Анан расмий түрдө арыз жазып, партиянын лидерлигинен кеткем. Бирок статс-катчылык кызматка мени дайындоо созулуп кетти. Мен болсо партиядан чыгып алгам. Ошентип жүргөндө Убактылуу Өкмөттүн мүчөсү Амангелди Муралиев экономика бөлүмүнө иштөөгө чакырып, ошол жакта иштеп калдым. Ал жактан мамлекеттик мүлктөр боюнча фондго кеткем. Бабановдун соратниги экенимди баары айтышат. Бул жерде министрдин орун басары болуп турганда, жобого ылайык түздөн түз Алмаз Атамбаевге баш ийчүмүн. Министр катары Өмүрбек Бабановго баш ийем. Менде өзүмдүн эч качан бузбачу принциптерим бар. Эгерде кимдир бирөө менен позиция, көз караштарым туура келбесе, арызымды жазып эле кетип калам. Позициямды өзгөртүп, кызматка тырышпайм. Муну бардык жерде эле айтып келатам. Ал эми Өмүрбек Бабановду сыйлайм. Мыкты башкаруучу, уюштургуч, менеджер. Экономиканы мыкты билет. Аны менен иштешип, көп нерсени үйрөнсө болот. Бул жагынан алдына эч кимди чыгарбаса керек.
-Жакын досторуңуз кимдер?
-Жаштар министри Алиясбек Алымкулов, ЖК депутаты Данияр Тербишалиев жакын досторум. ИИМ башчысы Зарылбек Рысалиевди, ЖК депутаттары Тынчтык Шайназаровду, Айнуру Алтыбаеваны позициялары үчүн сыйлайм.
-Шайлоодон кийинки жаңы өкмөттүн курамынан өзүңүздү көрөсүзбү?
-Адамды өлтүрүп кереги жок. Анын атын өлтүрсөң, адамдын өлгөнү ошол. Бул кызмат атамдан калган мурас эмес. Келип-кетчүлөрдүн биримин. Ишеним көрсөтсө, мен жандилим менен иштеп берем. Жаңы өкмөттүн курамына кирем деген ишеним бар.
-Министр болгондон бери жашоо ритми өзгөрсө керек...
-Ооба, үйгө кеч барып, үй-бүлөмө аз убакыт бөлүнүп калууда. Жекшемби күнү гана үйдөмүн. Ошондо жубайымдын, балдарымдын кашында гана болом. Телефондорго жооп бербей, чакырган жактарга барбайм. Жумуштан саат 8де барсам, жубайым эрте келдиң деп сүйүнөт. Жекшемби күнү балдарым, жубайым болуп көчөгө сейилдеп чыгабыз. Эркин кийинип, кепканы басып кийип алып, көпчүлүк жүргөн жерлерде жүрө берем. Эч ким деле тааныбайт. Кино көргөндү аябай жакшы көрөм. Кинотеатрга барып кино, балдарыма кошулуп мультфильм көрөм.
-Кыргызда кызматка келген адамдын достору, жакындары көбөйүп кетчү эле. Досторуңуз көбөйүп кетпедиби?
-Досторум көбөйгөн да, азайган да жок. Министр болгондон бери кээ бир жакындарым таарынып жүрүшөт. Байланышпай калды, кабыл албайт дешип. Бул менин көөп кеткендигимден эмес, жумуш көп, кол бошобойт. Анан принципиалдуу түрдө жакындарымдын өтүнүчтөрүн аткарбай коем. Аны кээ бирлери түшүнөт. Бардыгы эле түшүнө бербейт экен. Бул кызматка келгени (күлүп), өкүл балдарым көбөйүп кетти. Кыргызда өкүл ата болуудан баш тартуу болбойт да. Мен да баарына баш тартпай эле макулдугумду берип жатам. Бирок өкүл аталык милдетимди кыйратып деле аткарбайм. Жумуштан кол бошобойт. Жубайым барып катышып келет.
-Күнүнө канча сом коротосуз?
-200 сомдон ашпайт. Түшкү тамагыма гана кетет. 1 айдын 20 күнүндө иш бөлмөмдө тамактанам. Айдоочум алып келип берет. Өзүм көп деле акча коротпойм. Бирок ар кандай той, мааракелерге көп чакырышат. Бардыгына эле бара бербейм. Барып калсам 2000 сом берем. Башкалар 100 доллардан берип жатса, элден калбайын деп мен да 100 доллар берем. Кызматың жогору босло, чыгашалар да көбөйөт тура. Бизнесте жүрүп, топтогон акчамды муктаждыкка жараша коротуп жатам.

Мирлан Дүйшөнбаев




кыргыз тилиндеги гезит "De-факто"




а ­е¦Є.НҐй«