Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери

КИТЕПКАНА



п»ї

КИТЕПТЕР

  Мамлекеттик тилге 20 жыл

"Эне тилин билбеген, элин сүйүп жарытпайт"

23- сентябрда дале там-туң абалдагы кыргыз тилдин Мамлекеттик тил болуп мыйзам аркылуу кабыл алынгандыгына 20 жыл толду. Ачык айтканда, постсоветтик өлкөлөрдүн ичинен жалгыз Кыргызстанда гана титулдук улуттун тилинин багы ачылбай койду. Бизде мамлекеттик тилди билбегенине карабай бакыйган кызматта жүргөн "киргиздер" толо. Канча жылдан бери галстук тагынып, папке көтөрүп жүргөнүнө карабай эне тилинде эки ооз сөздү тыңгылыктуу сүйлөй албай жүрүшөт.

Тили да "темир" беле?
Акаевдин кезинен бери келаткан Феликс Кулов тил билбегендердин анабашында. Бирок, ошого карабай, бийик даражалуу кызматтарды аркалады. Аракет кылып, бир топ эле үйрөнүмүш болду. Сөз запасы аз болгону үчүнбү башын кыргызчалатып келип эле көнгөн орусчасына түшүп кетет. Акыркы убактарда бул Феликс мырзанын ыкмасына айланып калды. Президенттик шайлоодо Акаевге атаандаш болуп, кыргыз болуп туруп кыргыздар менен сүйлөшө албай аябай эле кыйналып, жүдөгөн. Саясый, депутаттык ишмердиги эле кыргызча эптеп-септеп божураганга мажбурлабаса, үйүндө, башка учурларда жалаң орус тилинде сүйлөйт. Бу сапар деле ажолукка аттанмак. Тил сынагынан өтпөсүн билип, убара болгусу келбеди окшойт.

Сүйлөгүсү да, үйрөнгүсү да келбеген
Митингчилерге колунун манжаларынын ортосунан баш бармагын көрсөткөнүнө корстон болгон Мурат Суталинов деген министр, башкы чекист бар эле. Турмуштук деңгээлде кыргызча эптеп-септеп чалдырайт. Өкмөт жыйындарында, депутаттар алдында жалаң орусча сүйлөчү. Кыргызча сүйлөсөңүз дегендерге мыйыгынан, ууртунан шылдыңдагансып күлүп койчу. Мамлекеттик тилге өтө кайдигер мамиле кылгандардын башында эле десек болот. Баарыбир Кыргызстандан зуу коерун алдын ала билгендей мамлекеттик тилде сүйлөгүсү да, үйрөнгүсү да келген жок.

Маймылга теңелген чиновник айым
Дайыма көз айнектин артынан сүзүлүп жүргөн Назгүл Ташпаева деген мурдагы чиновник айым бар. Бакиев учурунда Социалдык жактан коргоо министри болуп иштеп жүрдү. Мамлекеттик тилде нөл. Турмуштук деңгээлде оюндагысын айта албайт. Ошентсе да ЖК депутаттарынын чектен сырт жемелерин, кагууларын угуп, баарына чыдап иштеп жүрдү. "Акжолчулар" не деген гана сөздөрдү айтышкан жок. Атүгүл бир акжолчу депутат Назгүл айымды тил билбегени үчүн маймылдан төмөн эсептеген. Атайын мугалим жалдап, үйрөнүп жатканын айтып чыккан бир ирет. Бирок мамлекеттик тилде сүйлөөдө кымындай да жылыш кыла албады.

Тилге кол шилтеген Байгуттиев
Бакиев учурунда банк системасынан Жеңишбек Байгуттиев деген пайда болуп, экономикалык тескөө министри болуп иштеп калды. Заты эле кыргыз болбосо, орусча түш көрүп, орусча сүйлөп, орусча сөккөндөрдөн. Мамлекеттик тилди билбейт. Мамлекеттик тилдеги иш кагаздары менен иштөөнү такыр билбегендигин министрликтегилер айтып жүрүштү. Жогорку Кеңешке келгенде кыргызча суроолорго 5 жаштагы баланын деңгээлинде сүйлөп киргенде, эл өкүлдөрү аргасыздан орусча жооп берүүгө макул болушчу. " Мугалим жалдап, тилди үйрөнсөңүз боло" дегендерге кол шилтеп, кайдигерлигин көрсөтүп койгондугун жанында жүргөндөр кобурап калышар эле. Бакиев бийлиги кулабаса, дагы бир мекемени орусташтырып жүрмөк.

Мамлекеттик тилдин түбөлүк оппонентиби?
Ар качандан бир качан кыргызча сүйлөсөң орусча жооп берген мурдагы тышкы иштер министри бар. Эднан Карабаев деген. Кыргызчаны билсе да негедир мамлекеттик тилде сүйлөгүсү келбейт. Жалаң расмий тилин колдонот. Мамлекеттик тилди жээригендердин көрүнүктүүсү десек болот. Министр болуп иштеп жүргөндө сырттан келген конокторду жалаң расмий тилде тосуп алып, узатчу. Кыргызча сүйлөбөйсүзбү дегендерге терс жооп узатат. 20 жылдан бери мамлекеттик тилге болгон мамилеси оңолбой койду. 90-жылдардын башында кыргыз тилин үйрөнүштүн зарылчылыгы деле жок десе, азыр деле ошондой пикирде.

Азыркынын чала кыргызы
Азыркынын мамлекеттик тилге кыянат мамиле кылгандарынын эң көрүнүктүүсү - салык кызматынын төрагасы Бактыбек Аширов мырза. Кыргызчаны турмуштук деңгээлде эптеп-септеп чалдырайт. Жумушунда, башка учурларда жалаң орус тилин колдонот. Салык кызматында иш кагаздары жалаң расмий тилде жүргүзүлөт. Жыйын, чогулуштардын бардыгын расмий тилде өткөрөт. Жогорку Кеңешке барганда да докладын орусча жасап, жоопторун расмий тилде берет. Кыргыз тилинде эле сүйлөгүсү келет, аракет эле кылымыш болот. Бирок такыр эле окшошпойт. Билбесе башка эмне кылсын анан. Үйрөнөйүн, өздөштүрөйүн деген ой азырынча анда жок.


Жогорудагы мурдагы, кийинки чиновниктер мамлекеттик тилди билишпейт, калгандары билишет дегенден алыспыз. Болгону булар 10 жыл окутуп, чокутсаң да жукпастардан. Же тилди кабыл алгысы келбегендер. Азыркы бийлик арасында да мындайлар толтура. Эгерде министрлик, ведомстволор үчүн да тил сынагы алынса, анда азыркылардын көбү өтпөй калышмак. Ал эми Амангелди Муралиев, Зайнидин Курманов, Кабай Карабеков ж.б. 90-жылдардын башында тилди билишпесе, үйрөнүп, өздөштүрүшүп, азыр салыштырмалуу жакшы сүйлөп калышты.


Мирлан Дүйшөнбаев








кыргыз тилиндеги гезит "De-факто"




а ­е¦Є.НҐй«