Күйдүм чок

Элмира ИБРАИМОВА:
"Ал Медет Садыркуловду кечирим суратып, жалдыратайын деп атайын келген"
- Элмира айым, Медет Садыркулов өлөр астында "Акжол" партиясынын съездине алып чыгууга даярдап, бирок жетишпей калган доклады колубузга тийди. Чын эле ушундай даярдалды беле?
- "Акжол" партиясынын съезди февраль айына белгиленген болчу. Ал съездде мен партия жетекчисинин орун басары катары мен кыска кайрылуу менен чыкмакмын. Ал жерде бул партияга үмүт артып келгенимди, бирок ал үмүтүм, элдин үмүтү, партиялаштарымдын үмүтү аткарылбай калганын, анан президенттин дарегине бир топ сын пикирлерди кыскача айтмакмын. Себеби узак сөз даярдасак, булар баары бир микрофонду өчүрүп же дагы бир нерсе кылмак деп алдын ала эске алганбыз. Анан силер айтып аткан докладды делегаттардын ичинен, атын атабай эле коеюн, бир аксакал депутат окумак. Анан биздин позициябызды колдогон дагы 5-6 депутат чыгып, катары менен сүйлөмөк. Биз ошентип, бийликтин партиясында болуп, бирок президенттин саясаты менен макул болбогон "Акжолдун" бир канатын түзөбүз деп ойлогонбуз. Биздин бул планыбызды алдын ала билишкен экен көрсө. Биз уюлдук телефонду алыс жакка коюп койсо уга албайт деп эле ачык сүйлөшүп жүргөнбүз да, СОРМ деген системасы бар экенин эми билип отурбаймынбы. Биздин ошол аракеттерди көрүп, бийлик съездди март айына жылдырды. Кийин ошентип март айында Медет Садыркулов өлтүрүлдү, съездди кайра апрель айына жылдырышты. Мага съездде сүйлөөгө баары бир мүмкүнчүлүк бербей турганын түшүнгөндөн кийин маалымат каражаттары аркылуу ошол кайрылуумду жарыялаганмын. Андан соң өзүңөргө белгилүү болгондой, "президентке кайрылып сын айтты" деп мени партия катарынан чыгарып салышты.
- Ошол съездде депутаттар мандатын тапшырмак деген чынбы?
- Жок, алардын депутат болуп турганы бизге, тескерисинче, жакшы болчу. Анткени Жогорку Кеңештин трибунасынан президенттин саясатына каршы чыгып сүйлөп атканы маанилүү болчу.
- Медет Садыркулов өмүрүнө коркунуч жаралып атканын сезди беле?
- Ооба, коркунучтар болуп эле аткан. Ар кандай ушактар чыгып атканынан мен аны Алматыга кетип калуусун сурансам болбой койгон. "Мен бул жакта жолугушууларды өткөрүшүм керек, Бакиевдер мени жок кылууга духу жетпейт" деп.
- Дүйнөгө чуу салган Викиликс сайты "Садыркулов Элмира Ибраимованы президенттикке даярдап жаткан" деп жазып чыкты. Ушундай болду беле?
- Биз мамлекеттик кызматта иштеп, бирок бийликтин саясаты менен макул болбогондордун, анан дагы оппозициянын катарында жүргөндөрдүн башын бириктирүү боюнча сүйлөшкөнбүз. Бириккен оппозициянын башында 5-6 лидер турмак. Алмазбек Атамбаев, Өмүрбек Текебаев, Болот Шерниязов, Темир Сариевдердин аты аталган, алардын катарында мен дагы бар болчумун. Анан дагы ушул оппозициялык күчтөр биригип бирдиктүү талапкерди алып чыкмак. Биз бийликти күч менен тартып алуу жолу менен эмес, шайлоодо бирдиктүү талапкерди алып чыгуу менен күрөшөлү дегенбиз. Шайлоо октябрда болот деп ойлогонбуз, бирок алар күтүүсүздөн жайга жылдырып салышпады беле…
- Ошол кезде оппозициялык лидерлер менен жолугуп сүйлөшүп аткан да ээ?
- Ооба, оппозициялык бардык күчтөр менен, анын ичинде Атамбаев менен да, Текебаев менен да жолугуп, сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөн. Ал киши өзү күчтүү стратег, тактик, менеджер болчу да. Эмнени ойлосо, максат койсо сөзсүз ишке ашыра алчу.
- Мына жакында эле Садыркуловдун өлүмү боюнча иштин бети ачылды. Бул боюнча эмне деп ойлоп атасыз?
- Мен өлтүрүүгө буйрук бергендердин аты так айтылганына кубанып атам. Жаныш Бакиев буйрук берген деп айтылып атат, бирок ал башка үй-бүлө мүчөлөрү менен кеңешпей туруп өзү жалгыз бул ишке бара алмак эмес. Максим, Марат, Курманбек Бакиевдер менен дагы макулдашылган иш болгон деген ойдомун.
- Максим Бакиев менен Медет Садыркуловдун мамилеси жакшы эмес беле?
- 2008-жылдын аягында Медет Чоканович менен тез-тез жолугуп, мамлекет туура эмес жолдо баратканы тууралуу сүйлөшө баштаганбыз. Мурда Максимди "билимдүү, күчтүү, тарбияласа жакшы башкаруучу чыгат" деп айтып келсе, акыркы учурда "бул бала ачкөз экен, баарынан да акчаны өйдө коюп, акча менен бардык нерсени чечсе болот деп ойлойт окшойт. Элдин тагдырын такыр ойлобойт экен" деп айтып калган болчу. Медет Чоканович отставкага кеткенде Максим аны алып калууга аябай аракет кылган, бирок ал артка кайтпашына көзү жетип, алардын үй-бүлөсүнө Медет Чоканович чоң коркунуч жаратканын түшүнгөн.
- 2009-жылы чыккан "Кандуу жол" чыгармасындагы сюжеттер, Садыркуловдун өлүмү боюнча ачылып аткан жагдайларга окшош чыгып атканына не дейсиз?
- "Кандуу жолдун" автору Эмилбек Каптагаев. Медет Садыркулов өлгөндөн кийин Эмил Саламатович мага келип, ушундай идея келип атканын, аны китеп кылып жазарын айтты. Бул китеп аябай күчтүү болорун, автордун өмүрүнө коркунуч жараларын сүйлөштүк. Ал каймана ат менен жазам деди. Бул идеясын Болот Шерниязовго айтса, ал киши да аябай жактырып, ал орусчасын, Эмилбек Саламатович кыргызчасын жазмай болушкан. Эмилбек Каптагаев эртерээк бүтүп калып, Алмазбек Атамбаевдин колдоосу менен азыраак нускада чыгарылган. Бул китеп үчүн Эмилбек Саламатович бир өлүмдөн калганын жакшы билсеңер керек. Китептин электрондук версиясын компьютеринен жок кылууга аракет жасашкан. Биз баарыбыз эле айрым жагдайларын билгенбиз да. Мисалы, чек арадан Садыркуловдорду өткөрбөй коюшканын, ал Искендер Гаипкуловго чалганын, жансакчылары тосуп албаганын. Анан ошол учурларды кошуп, калганын өзүнүн ой жүгүртүүсү боюнча жазып чыккан. Бул эми көркөм чыгармадай жазылган да. Эгер азыр ачылган иш менен көп жерлери дал келип атса, демек, Каптагаев Жаныштын психотибин жакшы түшүнсө керек. Мисалы, Жаныш Бакиев өлтүрүү болуп аткан жерге барбай деле койсо болмок да, туурабы? Бирок ал келген. Эмне үчүн? Ал Медет Садыркуловду кечирим суратып, жалдыратайын деп атайын келген да.
- Ошентип жалдыраткан деп ойлойсузбу?
- ИИМдин бул иш боюнча берип аткан маалымат жыйынын көрүү мен үчүн абдан оор болду. Анткени мен алгач анын өлгөнүнө ишенбей, тирүү чыгып калса экен деп үмүт кылгам. Бирок кийин анын алтын чынжырчасы табылып, тиштери ошонуку экенин аныкташкандан кийин көксөм сууду. Андан кийин "Медет Чоканович, Сергей Слепченко жана айдоочусу Кубан кыйналбай өлгөн болсо экен" деп ойлодум. Маалымат жыйынында Жаныш Бакиев бир саат сүйлөшкөн деп айтып атышат. Бул убакыттын ичинде эмне кылды? Уруп-согуп, кыйнады да. Бул ишти жасоо адамдыктан тайгандардын гана колунан келет. Жаныш Бакиевдин айбанчылыгын ушул окуя көрсөтүп турат.
- Сиздин дагы өмүрүңүзгө коркунучтар болгон жокпу?
- Коркунучтар болуп эле атты. Улам эле бир ушак чыгат. "Бир жуманын ичинде качып кетпесе мындай болот, тигиндей болот" деп. "Мен качпайм, колунан келгенин кылсын" дедим да, досторум, мурунку кесиптештерим жардам берип, жаныма жансакчы болуп жүрүштү. Алар күнү-түнү жанымда жүрүштү. Ыраазымын баарына.
- Медет Садыркулов ошол Алматыга болгон сапары тууралуу сизге айтты беле?
- Кызыгы, кайсыл жакка кетпесин "Элмира, мен баланча жакка кетип атам, баланча күнү келем" деп айтып кетчү. Ошондо 12-март күнү чалып сүйлөшүп, башка эле бир съезд тууралуу сүйлөшүп, бирок Алматыга барарын айткан эмес. Жансакчылары чек арадан тосуп албаганы да табышмак болуп калды. Алар ошондо берген көрсөтмөлөрүндө Медет Садыркулов эртесинде "жети жарымда жумушка келгиле" деп айткан десе, ошол кездеги ички иштер министри Молдомуса Конгантиев "Медет Садыркулов жансакчыларын эртең менен жети жарымда дачасына келгиле деген экен" деп башкача сүйлөп маалымат берген. Анан жансакчылардын көрсөтмөлөрүн өзгөртүүгө аракет кылышкан. Тергөө органдары ишти кароодо ушул жагын дагы карашы керек.

Маектешкен
Дилбар АЛИМОВА