Алтын казына

Арчадай көркөм жигит, азыр сен табылбайсың…
Арчадай кыйылган бир өмүрдү эске салган эски кадр. Анда, качанкы бир өткөн мезгил. Али жаш, али мөлтүр, али баео жаштык. Суктанткан, ушундай экен да дедирген, жаштыкты, сулуулукту, жашоонун өзүн даңазалаган көз ирмем.
КРнын Эл артисти, кинорежиссер Дооронбек Садырбаев 1964-жылы тартылган "Жалгыз арча" көркөм телефильминде.




  Уютку

Эгемберди Эрматов, ЖК депутаты:
"Жаш туруп чалдай сүйлөгөн балдардан корком"

Эгемендүүлүктүн 20 жылдыгына карата Эгемберди Эрматовго Эл акыны деген наам берди өкмөт. Ушуга утурлай ар бир сабы алтынга тете ырын угуп, куюлушкан сөзүн тыңдап, чер жазып келгени барып калдык.

- Агай, наамыңыз кут болсун! Канча күттүңүз бул наамды?
- Чынын айтсам, Өкмөт мени Эл акыны кылса деп эңсеп, күткөн эмесмин. Анткени мага бул наамды 15-20 жыл мурун эле эл өзү берип койгон. 1995-жылы "Махабат" деген китебим чыкканда эле Сооронбай Жусуев "ушул эмгеги үчүн Эгембердини Эл акыны кылсак жарашат" деп макала жазган. Сааты азыркыга буюруптур, жаңы алдым. Ал үчүн көп деле шадыраңдаган жокмун. Мен үчүн наамдан көрө бир сап ыр кымбат. Наам деген убактылуу нерсе, а ырдын өмүрү түбөлүк.
- Балким, айылга кетпесеңиз муну 10 жыл мурда эле алмаксыз. Элдин баары шаарга качса, сиз элетке көчүп кеттиңиз.
- Айылга кетүүмө турмуш-шарт түрткү болду да. Шаарда жашоо кыйын болуп калды. Анан бул жактагы үйүмдү, дачамды сатып, айылга жөнөдүм. Там салдым. Эл катары үлүшкө жер алып, дыйканчылык кылдым. Азыр ал үчүн эч өкүнбөйм. Айыл мага дем берди. Бул жакта жүргөндө бай китепканам бар эле. Бир да китебимди таштабай көчүрүп кеткем. Ошол дөө-шаалар мага эрмек болду. Дүйнөлүк адабиятты кайрадан казып окудум. Кырк жаңы чыгарма жаздым. Айыл мени көп пенделиктен сактап калды. Далай таланттар кор болбодубу кийин, бийликте тургандарды мактап жазып. Мен ошол балээден алыс жүрдүм. Кыргыздын айылдары эмне деген керемет. Айылдан качпаш керек кыргыз баласы.
Айылга бер өрт
болгон курагыңды,
Кетирбей кунарыңды,
Күч толгон курагыңды,
Сактагын суук көздөн, чыр,
балээден
Айылың - тумарың бу.
Айылга баргандан кийин жаным тынчый түштү. Эртеден-кечке таңдын атканын, күндүн батканын билбей "Мухамед пайгамбар" деген поэмама баш-отум менен кириштим. Келинчегим үстүмө эч кимди киргизген жок. Орто жерине жеткенде пайгамбарыбыз түшүмө кирди. Окторулуп агып аткан дарыянын ортосунда араң турган экем, колуман тартып жээкке чыгарып алды. Ошондон баштап шыр жазып, жарым жылда аягына чыгардым. Китеп болуп басылып чыкканда бир мугалим келинге бердим эле. Жарым жылдан кийин көрсөм, укмуштай кирдеп, мукабасы жыртылайын деп калыптыр. Аябай капа болуп бул эмнең десем, "агай, кечээ эле колума тийди" дейт. Көрсө, атасы окуп, андан бүт айыл сурап окуптур. Аны укканда жазылып кеттим.
- Акындык тукум кууган касиет дешет, сизге ал кимден өткөн?
- Акындык - бул пешенеге жазылган тагдыр. XIX кылымда Туяк деген акын жашап өткөн. Арабча кат тааныган билимдүү адам болгон. Ырлары Калыгул, Арстанбектикине үндөш, философияга бай. Эл оозунда калгандарын чогултуп, китеп кылып бастыргам. Туяк өз туугандарынын колунан ажал таап, тагдыры өтө кейиштүү бүткөн. Ал киши атамдын таякеси экен. Бир жолу ал сый үстүндө отуруп, чоң атама "тукумуңдан мендей акын чыксын" деп бата бериптир. Балким, ошо дуба тийгендир? Бүт өмүрүмдү ырга сайып келе жатам. Атам колунан көөрү төгүлгөн таланттуу адам эле. Биринчи аялы каза таап, анан апамды алган. Атам эрте көз жумду, апам биз эс тартып калганда кайтыш болду. Кудай менден азапты аябаптыр, жетимдиктин кээрин жакшы эле тарттым. Маркум Жолон Мамытов менен тааныш элем. Аскерде жүргөндө кат алышып турчубуз. Ал Москвадагы Максим Горький атындагы адабият институтунда окучу. Бир ирет "сен дүйнөлүк адабиятты билбесең акын болбойсуң, бул жактан оку" деп жазыптыр. Аскерден келгенден кийин мен да ошол жакка барып окудум.
- Анан кантип журналист болуп кеттиңиз?
- Келгенден кийин "Кыргызстан маданиятында" иштедим. "Москвадан окусам эле мага кызмат даяр" деп ойлопмун. Кайдан, 5-6 ай бош жүрдүм. Үй-бүлөм бар. Балдарым жаш. Анан борбордук комитеттин кийлигишүүсү менен 1979-жылы "Кыргызстан маданиятына" орноштум. Анда 10-15 жыл жылбай иштедим. Талап күчтүү эле. Шапалактай макаланы да изденүү менен жазчубуз. Канчасы жарабай калып ыргып кетти анын. Ошко барыш керек болсо 14 рублге билет алып эртең менен учуп барып, кайра кечинде келип калчумун. Анын ордуна чыгарма жазсамчы деп ойлоп кетем азыр. Бирок анда бала-чаканы кантип багат элем?
- Чыгыш акындарынын чыгармаларын которууга бел байлаганыңызга да ошол аян себепкер болдубу?
- Студент кезде Кусейин Караглы деген азербайжан окутуучу чыгыш адабияты боюнча сабак берчү. Ошол киши чыгыштын чыгармаларына кызыгуума себепкер болду. Айрыкча Низаминин ырларын көп окудум. "Жети сулуу" деген дастанын 5 жылда которуп бүттүм. 15-20 жыл басмадан чыкпай үстөлүмдө жатты. Низами Ганчавинин өмүр таржымалы кызык. Анын аялы Аппак таластык кыпчактын кызы болгон. Жоо тийгенде туткунга түшүп, сатылып кетиптир. Аппакты Дербенттин каны "Сырдуу кенч" деген китеби үчүн Низамиге тартуу кылыптыр. Ага Низами үйлөнүп, Мухамед аттуу уулдуу болгон.
Күн менен бир төшөктө
күйүп жатты,
Аппактын аппак
мармар көкүрөгүн,
Кыпчактын туйлаган
курч-дем илебин,
Шыбактын жыты
сиңген от илебин
Алп акын сүйүп жатты.
Тилекке каршы, 13 жыл жашагандан кийин Аппак көз жумуп, Низами күйүтүнө чыдабай "Лайли менен Манжунду" жазган.
- Карылык кандай экен, агай?
- Карылык жакшы нерсе экен. Адам өз доорун жакшы жашаганды билиши зарыл. Ар бир курактын өз сулуулугу, философиясы, өз вазийпасы бар. Кээ бир жаштар бар, жапжаш болуп туруп абышкадай ой жүгүрткөн. Жан дүйнөсү эрте картайып кеткен. "Көбүрөөк акча тапсам" деп жашап жүрүшөт. Сабыр-канаат дегенди унутуп койгон. Дагы бирөөлөр жүрөт карыганын билбей калжаңдап. Азыр карылар эки жүздүү болуп кетти. Жем ыргыткан кишинин камчысын чабат. Ушундай адамдардан корком.
- Булганыч саясаттан жан дүй­нөңүз кирдебей кантип жүрөсүз?
- Мен Кудайга сыйынып, ошондой булганычтан сакта деп суранып турам. Кээде тескери энергия өтүп кыйналам. Биздин замандын бузулганы да кара энергиянын көбөйгөнүнөн улам. Кыргыз Кудайды көкүрөгү менен тааныган эл. Искендер Зулкарнайн илгери кыргызга таң калыптыр, тартиптүү, ыймандуу эл экен деп. Ошол касиетибизди жоготуп жатканыбызга өкүнөм.

Санжи Туйтунова