Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери

КИТЕПКАНА



п»ї

КИТЕПТЕР

  Чыр тутанбайбы?

Катта-Сайда суу тартыш, бизге Наримандан жер бергиле!

22- сентябрда Ош облусунун бийлиги тарабынан Ош шаарындагы жерге муктаж жарандарга Катта-Сай массивинен жер берилмекчи. 22-сентябрь күнү жер бөлүп, алгачкы жер тилкесине казык кагууга губернатор С.Жээнбеков өзү катышам деп атат. Бирок көпчүлүк жарандар бийлик сунуштап жаткан жерди алуудан баш тартышууда. Ал ортодо облустун ички иштер башкармалыгы "жер бөлүү өнөктүгүндө чыр чыгып кетиши мүмкүн" деп эскертип жатат.

"Кыргыз журтум" коомдук фондунун жетекчиси Сапаргүл Бердалиева:
"Кыргызды Катта-Сайга, өзбекти Он-Адырга кууй берсе эл биригеби?"

"Чоңдор шаар четинен жер алышса жарашат да, карапайым элге жарашпайт бекен? Сүрө-Таш Өзбекстанга чектешкен кайрак адыр. Бизге ошол жерди беришсин. Өздөштүрүп алалы. Анан жалаң өзбектер байырлаган Наримандан жер беришсин. Кыргыз-өзбек кошуна болуп, бири-бирибизден обочолонбой аралаш жашайлы. Андан тышкары Аэропортко кетчү айланма жолдун боюнан участок бөлүп берүүнү сурайбыз", - деген "Кыргыз журтум" коомдук фондунун жетекчиси Сапаргүл Бердалиеваны кепке тарттык.

- Касташкан өзбектер менен аралаш жашоо сиздерди кооптондурбайбы?
- Эмнеге кооптондурат? Мурда бийликтегилер тарабынан бир нече жолу "эки элди аралаш жайгаштыруу керек экен" деген сөздөр чыккан. Быйыл шаарда жарашуу жылы жарыяланды. Кыргызды Катта-Сайга, өзбекти Он-Адырга кууй берсе эл биригеби? Мен, мисалы, былтыртан бери ушу жер маселеси менен чуркап жүрөм. Мен кайрылбаган бийлик, какпаган эшик Кыргызстанда калган жок. Бирок ушу күнгө чейин бийликте отургандар элдин башын айлантып келет.
- Бирок облус бийликтери "айыл чарба багытындагы суулуу жерлерди сактап калбасак, 20 жылдан кийин элди тамак-аш менен камсыздай албай калабыз" деп жатышпайбы? Эмне үчүн алардын ойлоруна каршы чыгып жатасыздар?
- Кече көрдүк: Өмүрбек Бабанов Катта-Сайга келгенде көргөзмө кылышып, сугат суусун чыгарыптыр. Болгону 4 саат суу берүү үчүн бюджеттен 32 миң сом короптур. Эми элестеткиле, эртең ал жерге эл отурукташса 4 саат эмес, 24 саат суу керек болот. Анын акчасын ким төлөйт? Кайра эле элге жүктөлөт. Катта-Сай дыйканчылыкка ыңгайлуу жер. Сууну болсо сугат мезгилинде гана берип турушат. Суу да, ток да, жол да, таза суу да үнөм болот. Бул жер мурда ээн талаа болгон. Жылан, кескелдирик, музообаш, кара-курт жана башка уулу немелердин мекени. Эртең ал жерге эл конуп калганда кимдир бирөөнү жылан же музообаш чагып кетсе ким жооп берет?
- Ош-Жалал-Абадды өнүктүрүү дирекциясынан акча бөлдүрүп беребиз, А.Атамбаев жакшы иштесе Катта-Сайга керектүү социалдык объектилер 2 жылда ишке ашат деп атпайбы? Бир аз чыдасаңар шаардан алыс, таза абалуу жерде жашап калат экенсиздер. Ошол жакшы эмеспи?
- Кайдагы эки жыл? Кыргызстан ушу калыбынан жазбаса 50 жылда да ал жерге жакшы шарт жаралбайт. Карызга жашап атышып, 2 жылда 21 миң эл жашаган шаарды куруп салабыз деп күйдүрүшөт. Биз Ош облусунун айылдары азыр кантип жашап жатканын жакшы билебиз. Айылдарда бакча жок, көбүндө ФАП жок, мектептери жыгыла жаздап калган. 20 жылдан бери Ош облусу жер титиреген, сел алгандан башка бир жерге бирдеме курдубу? Кырсык болгондо гана ӨКМдин жардамы менен азыноолак бирдемелер курулуп жатат. Чыдап кайда барабыз? Ушуга чейин үйсүз келе жатабыз. Жашыбыз кыркка жетти. Дагы 40 жыл жашайбызбы-жокпу кудай билет. Катта-Сайды мындан мурун Ош шаардык мэриясы бөлүп баштаган эле. Эми Ош облустук бийлиги биз бөлөбүз деп жатат. Мен ушуну түшүнгөн жокмун. А.Атамбаевдин да, Жогорку Кеңештин да Катта-Сай массиви шаарга өткөндүгү тууралуу чечими чыккан. Ошол токтомдун негизинде бул жерди Ош шаардык мэриясы бөлүш керек эле. Кандай негизде облус бийликтери бул жерге кийлигишип жатканы мага табышмак.




Ош облусунун губернаторунун орун басары Кушбак Тезекбаев:
"Шаар азыр бизге баш ийбейт, экинчи борбор деген макамы бар"
- "Катта-Сай шаардан алыс" деп нааразы болгондор бар. Мен өзүм машинем менен барып, ченеп да келдим, Катта-Сай менен шаардын аралыгы ашып кетсе 9 чакырым. Азыркы күндө элдер ар жагы 90 км. турган Алай, 50 км. алыстагы Ноокат, Өзгөн, Араван райондорунан Ош базарына келип соода кылып кетип жатышат. Катта-Сайга Араван району аркылуу баруу кыйла алыс болуп калат экен. Ошондуктан Жапалак айылынын Тээке жана Ороке айылдары аркылуу барууну карап жатабыз. Биз бере турган жер ошо Ороке жана Тээке айылдарына жакын турат. Катта-Сайга газ жана канализация тартуу кыйла ыңгайлуу. Туура эле Оштун Кулатов кичи районуна тартып келүүгө шарт бар.
- Жер сураган элге эмне үчүн шаардагы тегиз жерлерди бербей жатасыздар?
-Шаардан алат элек дешип бир топ атуулдар капа болуп жүрүшөт. Бул маселе бир топ жыл мурда эле чечилип калган. Айыл чарба багытындагы жерлерди элге таратууга тыюу салынган. Эгерде биз түз, суулуу жерлерди элге бере берсек, эртең ошол элди тамак-аш менен камсыздай албай калабыз. Акыркы беш жылда бир эле Кара-Суу районунан 5,5 миң гектар жер элге берилип кетиптир. Мунун артынан 2-3 айыл өкмөткө иш козголуп атат. Анын үстүнө шаардын өзүнүн баш планы бар. Шаардын бош жерлерине келечекте көп кабаттуу үйлөр, завод- фабрикалар курулуш керек. Шаар азыр бизге баш ийбейт. Экинчи борбор деген макамы бар.
-Катта-Сай массиви шаарга карайбы же облуска карайбы?
-500 гектар жер шаарга карайт. 1624 гектар Араван районуна карайт. Андыктан Араван райондук кеңешинин чечиминин негизинде жерди элге беребиз. Ош шаарына берилген 500 гектар жерге 3 миңдей адамды орноштурдук. Бирок келечекте элдин каалоосу менен кетебиз. Эгерде эл бюджети чоңурак шаарга өтөбүз десе каршы чыкпайбыз. Ошол элди жери менен кошо шаарга өткөрүп беребиз.
-Катта-Сайга элдер барып жашоо үчүн кандайдыр бир шарт барбы?
-Биз бул жерди өкмөттүн токтомунун негизинде губернатордун катышуусу менен 19-сентябрда бөлүүгө киришебиз. 19-сентябрда ошо 500 гектар жерге биринчи казык кагылат. Ал жерде бир топ социалдык объектилер каралган. Катта-Сайда 21 миң адам жашаш керек. 8 балдар бакчасы, 7 мектеп, 1 оорукана, административдик борбор, парк, жол сыяктуу шарттарга жер каралган. Келечекте көп кабаттуу үй курууга 11 гектар жерди таштап кеттик. Бир адамга 6 сотыхтан жер берилет. Айыл чарба түшүмдөрүн сатууга жайларды караштырдык. Эртең элдер көчүп барары менен биринчи кезекте мончону талап кылышат. Буларды курууга өкмөт акча бөлүп берип жатат. Ушулардын баарын эске алуу менен биринчи кезекте жолду курдуруп жатабыз. Жол азыр кыйла алдыга жылып кеткен.
- Ошол пландап койгон маселелер качан ишке ашат? Так убакытты айтып бересиздерби?
- Бюджетибиз ушунчалык уурдалып кеткен учурда дагы мугалимдердин, дарыгерлердин айлыктары көтөрүлдү. Эгерде өкмөт башчыбыз мындан ары да ушундай темп менен иштеп кетсе, аталган маселелер эки жылда ишке ашат. Биз сага ушундай жооп беребиз. Өзүңөр билесиңер, Ошту кайра куруу боюнча дирекция түзүлгөн. Облустун бюджети чектелүү. Азыр биздин биринчи максат - Катта-Сайга баруучу жолду камсыздоо, таза суу жана электр тогун жеткирүү. Таза суу боюнча биздин көзүбүзчө тендер өткөрүлдү. Тендерде таза сууну кошуна айылдардын суусунан эмес, өзүнчө алып келүү каралган. Анткени Катта-Сайга жайгашкан 21 миң элде суу таңкыстыгы жаралбаш керек.

Ыдырыс Исаков, Ош









кыргыз тилиндеги гезит "De-факто"




а ­е¦Є.НҐй«