Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери


п»ї
  Биздин көчөдө

Элечек апа

Таластагы "Манас Ордо" комплексинин кире беришиндеги катар тигилген боз үйлөрдө кийизден жасалган азем буюмдарды, майда-чүйдө жасалгаларды саткандар арбын. Мына ушул боз үйлөрдүн биринде элечеги башынан түшпөгөн Тинатин апаны таластыктар "Элечек апа" деп аташат. Элечек апанын боз үйүнө кирип, нан ооз тийип, бир чыны ысык чай ичип чыкпаган киши жок. Манас күмбөзүнө зыярат жасап келгендердин көпчүлүгү дагы Элечек апанын азем буюмдарынан эстеликке алып кетишет, а жаңы үйлөнгөн жубайлар ырымдап кичинекей бешиктерди сатып алышат. Эгер бешиктин ичинен камчы чыкса жубайлардын тунгучу эркек бала, үкү чыкса кыз төрөлөт деген ырым бар. Элечек апа атка конгон Тинатин Смаилованы кепке тарттык.

- 1992-жылы Манас Ордого иштей баштадым. Алгач боз үй тигип 2-3 жылга чейин зыяратка келген-кеткендерге керээли кечке чай берип, конок тосчумун. Көп элдин батасын алдым. Манастын 1000 жылдыгы болоордо эркек балдардын топусун тиге баштагам. Кийинчерээк тесме, көз мончок сатканга өттүк. Ошентип отуруп азем буюмдарды сатып калдык. Ал кезде күмбөз тараптан бенгал отундай жарк-журк этип нур чыгып турганын көрчүмүн. 1000 жылдыкка карата бул жерде көп ремонт болбодубу, ошондо күрүлдөп-шарылдаган тракторлор күнү-түнү иштеп, андан кийин той-топурлар болуп дегендей, анан баягы жарк-журк этип көрүнүп турчу нур жок болуп кетти, - деди Тинатин апа өкүнгөндөй шыпшынып.
- Качан көрбөйлү, башыңыздан ак элечек түшпөйт. Салмагы деле оор болсо керек, эми ушул элечек тууралуу айтып берсеңиз?
- Элечек Умай энеден калган баш кийим. Менин апам көзү өткөнчө элечек кийген. Элечек кийип жүргөнүмө 20 жылдан ашты. Өзүм ороп, жасап алам. Эми азыркы элечектер баягы илгерки кыргыз аялдарыныкындай эмес, кыйла жеңил. Мисалы, менин башымдагы элечектин салмагы 2 килограмм. Илгери эмне үчүн көчмөн кыргыз аялдары кырк кез ак кездемени (кырк кез дегенибиз метр менен эсептей келгенде 15-20 метр) элечек кылып башына кийген. Себеби көчүп-конуп жүргөндө жаман айтпай жакшы жок, бирөө жарым жан таслим болсо аял башындагы кырк кез ак матаны кепин катары берген, ымыркай төрөлсө ушул эле элечекти ороо-чулгоо катары пайдаланышкан. Элечектин аялзатынын ден соолугуна тийгизген таасири укмуш. Башың уядай жылуу жүрөт дагы сасык тумоо болбойсуң, каңшаарга, кулакка, көзгө суук тийбейт, баш оору жолобойт. Элечек кийгенде оордугунан айла жок башыңды өйдө көтөрүп, мойнуңду созуп койкоюп, далыңды, белиңди түз кармоого туура келет. Илгерки апаларды сөөгү таза деп коебуз го, ошол сөөгү таза болгону элечек кийгендин таасиринен, элечек кийген аялдын бели кайкалап, далысы түз болот, омурткалары кыйшайбайт, бүкүрөйбөй башын көтөрүп түз басат. Элечекке көнгөндөн кийин жоолук салынгың келбей калат.
Илгери кездеме мата деген жок болгон, кербен келгенде малга айырбаштап алышкан. Ошондо дагы кыргыз аялдары кездемени аябай элечек кийишкен. Азыр мата көп, кездеменин түрүн табасың. Элечекти илгеркилердей 15-20 метр кездемеден оробой, чакан гана 5 метрди ороп кийип алса деле азыркыларга эмне, жарашпайбы? Жарашат, бирок ага кыз-келиндердин жан дүйнөсү даяр эмес да.
- Элечек тууралуу көп нерсе билет экенсиз, илгери кийген элечегинен кайсыл уруунун келини экенин билишчү экен го?
- Ооба, илгери элечегине карап кайсы уруунун зайыбы экенин билишкен. Мен кийип жүргөн элечекти "беренчи" деп коет. Таластын төмөн жагында жашаган уруулардын элечеги башкача оролот, казактардын кийме элечегине окшошуп кетет. Анын баарын айтып олтурсак өзүнчө узак кеп. Элечектин кыргагы болот, аза күткөндөр кыргагын карадан кылышкан, кара жоолук салынгандай кылып. Майрамдарда жаш зайыптар кыргагын кызылдап кооздоп коюшкан, негизи элечектин кыргагы ак болот, ага оюм чийим салып, сайма сайып, үкү тагып, суусар менен жээктеп аялзаты кыял чабытына, жашоо тиричилигине, коомдогу ордуна жараша түрлөп жасалгалап алган.
Тинатин-Элечек апа биз менен сүйлөшүп жаткан учурда дагы колундагы кийизди тумарча кылып бүктөп, бүрүп олтурду. Тынбаган мээнетинен улам сырты оюмдар менен кооздолгон боз үйдүн ичи дагы кирсең чыккыс, түркүн азем жасалгаларга толгон. Эң негизгиси, азем буюмдардын 90% өз колдорунан чыккан.
Пайгамбар курагына жетип, жашы 62ге толгон Элечек апа 3 уул, 2 кызды эрезеге жеткирип, азыр неберелерин жетелеп калган чагы. Келген-кеткендерди жылуу кабыл алып, ак батасын берип айланып-кагылган Тинатин апанын боз үйүнөн кыя өтө албаган коноктор сөзсүз бир буюм сатып алышат.
Мира Сейдикеримова,
Талас










кыргыз тилиндеги гезит "De-факто"









??.??