Ай, алкым ай

Балыкчыдагы "кичине Бакиевдин" былыктары

Буга чейин көп эле жерден "кичине Бакиев" атка конгон Балыкчы шаарынын мэри Мирлан Бообеков тууралуу келген. Бирок анын мынчалык алдым-жуттумдугун билбеппиз. Колубузга документтер келип тийгенде гана жакабызды кармадык.

Бообековдун мэрлик тактыга кандай отурганына саресеп салсак кызык экен. 2010-жылдын 7-апрелинен соң бийлик Убактылуу Өкмөткө өтүп, ага удаа эле жергиликтүү бийлик тизгиндери да аймактардагы Координациялык кеңештерге өткөн. Ошол кезде Балыкчы шаардык убактылуу Координациялык кеңешинин төрагалыгына Ысык-Көл облусунун губернатору, КСДП партиясынын мүчөсү Мирбек Асанакунов өз партиялашы Мирлан Бообековду коет. Чу деген эле жерден Мирлан мырза шаардагы көмүр сактоочу жайдан уурдалган 1800 тонна көмүр чырына аралашат. Кийин бул боюнча кылмыш иши козголуп, кимди ким көрдү болуп жабылып тынган.
Андан соң шаардыктар Бакиевдин кландык бизнесине тиешеси бар арак заводундагы ("Россалкотрейд" ЖЧКсы) контрабандалык 240 тонна спиртти камакка алып, шаар бюджетине кириштемек болушат. Мэр ЖЧК жумушчуларын коргомуш болуп атып, акырында спирттин да, ЖЧКнын да жиги билинбей жок болгон. Кийин аталган ЖЧКда Бообековдун иниси иштээри ачыкталат. Бул аз келгенсип, мэр "Медер" соода борборунун сатуучуларынын кактабай канын соруп, акча өндүргөн Доктурбай Казиевди колдоп чыгат. Балыкчылыктар сураштыра келсе, Мирлан мырза Казиевден топоз сугунуп койгон экен. "Мэрликке отуруп жатып Мирлан Бообеков эки пляжды бизге иштеткенге берем деп убада кылган эле. Көп өтпөй аларды кайра эле келишимди так аткарбаганына карабай мурдагы ижарачыларга берип салды" дейт шаар жаштары.
Мэр 2009-жылы президенттик шайлоону бурмалагандарды жазаламак түгүл, алар менен иштешип, 2010-жылдагы референдумда балыкчылыктардын 95 пайызын "катыштырып" рекорд койгон. Өзүнүн тажрыйбасыздыгы аз келгенсип, "Жомок" балдар бакчасына адистиги, билими туура келбеген таанышын жетекчи кыла койгонуна балыкчылыктар баш чайкап келишет. Чокчолой баатырлыгы ашынган мэр муну менен жөн калбай, Калыгул Бай уулу атындагы мектептин директорун алып ыргытып, ордуна Мирбек Асанакуновдун адамын койгон. Өзүнүн кан досу, ичкиликке жакын Талант Исмаиловду болсо №9 ТОСко башчы кылган. Көрсө, Талант мырза СДПКнын мүчөсү имиш. "Ош окуясына чогултулган 144 миң сом убагында жеткирилген жок. Шаардагы "Параходство" мекемесин банкрот кылганы келген "Администратор" компаниясын колдоп, иштетебиз дегендерге каршы чыккан. Андан мэр эмне устукан алганы белгисиз. Шаардагы жылуулук берүү "Теплоэнерго" ишканасы эл жашабаган үйлөргө от жагылды деп акча жеп келиптир. Бул ишти шаардык депутаттар казып чыкканына карабай, мэр ишкананын жетекчиси Т. Мамбеталиевди колдоп келатат" дейт Балыкчы коомдук уюмунун мүчөлөрү.
Кыскасы, айта берсе "кичине Бакиевдин" элге кылбаганы жок экен. СДПК мүчөсү болгон үчүн өзүн Кудай сезип алган мэрдин былыктары боюнча балыкчылыктардын арызданбаган жери калбаптыр. Таң калганым, мага документтерди берип, арыз-муңун айтып аткан адамдар өтө тың, мыйзамды чага билген адамдар экен. А эмнеге ушундай күчтүү балыкчылыктар туруп, бир мэрге алыңар жетпейт деп сураганымда, алар облустук соттордун сатылмалыгынан, Бообековдун "крышасы" тээ Акүйдөн башталарын айтып оозду ачырышты. Баягы Бакиевди кубалап аткандагы акыйкаттык, элдик бийлик кайда, Өкмөт аке?!

Мелис СОВЕТ уулу




  Каяша

"Кезек кызыңыздай болгон менде экен да? Ал китеп эки айлык түйүлдүктөй болуп эчак жашабай калган"
"Де-факто" гезитинин 2011-жылдын 11-августундагы №14 санынын 16-бетинде жарыяланган А.Оморовдун "Президент болчулар "плагиатка" экзамен тапшырса боло береби?" деген макаласына жооп берүүгө туура келип атат. Себеби ал өзү эмне китеп жөнүндө жазып жатканын жакшы билет болду бекен? Улуттук эмес тайпаларга "Кыргыз тилинин практикалык курсу" деген предмет өтүлөт. Бул предмет боюнча сабак өткөндө окутуучулар, ошол эле мезгилде студенттер да китептин жетишсиздигинен көп эле кыйналдык. Ошол мезгилде мени менен бирге иштеген Шакирова Мавлюда экөөбүз (ал убакта стажер окутуучу элек) ушул багытта китеп чыгарууну пландаштырдык. Буга чейин китеп чыгарып жүргөндөрдөн кеп-кеңеш сурадык. Ошол мезгилде А.Оморов кафедра башчысы болуп иштеп турган. Эл катары китептин сырткы мукабасын түзүп, даярдап, китеп палатасына жөнөтүп ББК алдык. Мен өз алдымча көнүгүүлөрдү түзүп иштеп, компьютерден тердирдим. Алардын айрымдарын компьютерден чыгарып, сабактын иштелмеси катары пайдаланып көрдүк. Бирок, тилекке каршы, чала иштелип, китеп бүтө электе мен турмушка чыгып кеттим. Иштелип жаткан китеп терилип жаткан компьютерде калды. Анан бир жылдан кийин жолдошумдун жумушу боюнча которулуп кайра келип калдык. Мен кайрадан жумушка чыгып иштей баштадым. Баягы бүтпөй жарым-жартылай болуп калган китептин үстүндө иштейли деп, мендеги дискетаны ар кайсы компьютерге салып көрсөк ачылбай койду. Электрондук варианты жоголуп кеткенден кийин эмнегедир ошол китепке колум барбай, диссертациям менен алектенип жүрдүм. "Де-фактого" чыккан А.Оморовдун макаласы тууралуу 17-августта уктум. Угарым менен аябай ойлондум. Бул кайсы китеп? Анан бирге иштешкендерим телефон чалышты. Шакирова сенин атың кошулган китепти көтөрүп жүргөн, ошол китепти пайдаланып, Оморов сени "плагиат" деп жазып чыгыптыр дешти. Көрсө, чын эле Шакирова мурунку чыккан кагаздарды топтоштуруп, кошумчалап эптеп бүттү эсе кылып китеп чыгарып алган экен. Бирок ал чыгарып алган китеп тууралуу маалыматым болгон эмес. Мен аны эч бир жерде пайдаланганым жок, же бирөөгө сатканым жок. Мен ал китеп эми чыкпай калды да деп жүргөм. Чынында, соңку кездери Шакирова менен мамиле кылбайм. Ал А. Оморовдун оң колу болуп жүрөт. Оморовдун тилине кирип (өзүнүн айтуусунда) мага ор казуу максатында ошол өзү чыгарып алган китебин алып келип бериптир. А.Оморов болсо бул китептин залалы сага тийбейт, ББК Рыскулованын атында турат, ошол жооп берет, сенин атыңды ал жерге жолотпойбуз дептир.
Урматтуу, "өзүн улуу тилчи эсептеген" А.Оморов, менин түбүмө жетем деп, жаныңызда курал болуп жүргөн М.Шакированын келечегине балта чаптыңыз. Менин атымды булгап, ууру "плагиат" деп ишмердүүлүгүмө шек келтиргендигиңиз үчүн жооп берериңизди да унутпаңыз. Ким күнөөлүү экенин, ким "плагиат" экенин далилдей турган да күн келет.
Комиссиянын мүчөлүгүнө жаштардан тарталы, тикенектей, чыйрак эле деп мени тандадык деп мага Бишкектен телефон чалышты. Мени баалап, тандаган адамгерчиликтүү ошол улуу инсандарга таазим этем.
Сиз мени "акылсыз, шантажды кыйын жасайт, чоңдордун эшигин тепкилеп жүрүп өз максатына жетет" дептирсиз. Муну да далилдейсиз. Колуңуздан келсе сиз да мага окшоп адамдар менен жакшы тил табышканды үйрөнүңүз. Элдин (жамааттагылардын) айтуусунда, сиз өмүр бою ар кимге асылып "плагиат" деп, дагы башка жумуштарды жасай коюп, студенттерди пайдаланып шантажды кыйын жасап, көп адамдардын башын жеп келет экенсиз. Кезек кызыңыздай болгон менде экен да? Колуңуздагы факты кылып көтөрүп жүргөн китеп жаңы түйүлгөн эки айлык түйүлдүктөй болуп кала берип, жашабай калган. Мен ал китептин качан, кайдан, кантип чыгып калганын билбейм. Аны силер уялбай көрүнгөн жерге көтөрүп, жарыя кылып жатасыздар. Мендеги улуттук эмес тайпалар үчүн чыккан "Кыргыз тили" деген китеп менен силер көрсөткөн беттерди салыштырсам, таптакыр дал келбейт. Сиз келтирген мисалдар эч бир жеринде жок.
28-мартта Р.Отунбаева биздин университетке келгенде биздин ректорубуз мактанып, келинин, жердеши А.Оморовду баяндамачы кылып даярдап, көпчүлүктүн кыжырын келтирди. Мен чыдабай кетип, биздин университеттеги трайбализмдин өтө өнүгүп кеткенин, жаштарга көңүл бурулбаганын, кадр маселеси туура чечилбей жатканын айтып чыктым эле. Ошол күндөн тартып келини Д.Чокоева жана А.Оморов менин артымдан кызара жортуп, кемчилик издеп келет. Эч таба алышпай ушуну мага факты кылып жаба салабыз деп ойлошуптур. А.Оморов макаласында жазгандай, мени университеттеги кызматкерлердин 80% жаман көрбөй эле, тескерисинче, мага кече жол кире топтошуп, ректорго, жогоруда аты аталгандарга каршы бир топ фактыларды аманат кылып тапшырышып, "тиешелүү жерлерге бер" деп суранышты. Университеттеги ошол 80%дан көп кызматкерлер Р.Отунбаева келип кеткенден бери энесин карап жол караган үмүттүү жаш баладай болушуп, качан ректор алмашат деп күтүп чарчадык. Жаңы окуу жылы да башталып калды.
Шакирова М. эч илимий даражасы жок туруп, мамлекеттик тил боюнча проректор болуп иштейт. Илимий даражасы бар, бирок кызматы жок жүргөн кызматкерлерибиз ондоп саналат. Ректор болсо бир нече кызмат орундарын өзүнө караштуу пенсия жашындагыларды дайындап койгон. Элибиздеги "Жаш келсе ишке, кары келсе ашка" деген макал биздин университетте тескери айланып калган.
Менин атымды тебелеп макала жазган урматтуу, А.Оморов, сиз менден кечирим сурабасаңыз менин колумдагы материалдарды тиешелүү жерлерге берем. Дүйнөдө силер таза эмес экениңерди да билип койгула. Көрсө, башка жактарда да иштериңер көп экен.

Гүлжамал Рыскулова Үмүткуловна, филология
илимдеринин кандидаты, ЖАМУнун доценти