Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери


п»ї
  Дүнүйө тыйындан куралат

Челнокчу Арапбаев,
терекчи Алимбеков жана машина ташыган Абдрахманов

Дүйнөнүн 100дөн ашык өлкөлөрүндө банктары бар атактуу банкир миллиардер Джон Рокфеллер таттууларды арзанга сатып алып, үстүнө кошуп бир туугандарына, ата-энесине сатып, бизнесине чыйыр салган экен. Биз Кыргызстандагы ири ишкерлердин бизнестерин кантип баштагандарына кызыгып көрдүк.


Компьютерден акча жасаган Султанов
"50 млн. сомду табыш мен үчүн кеп эмес" деген Жогорку Кеңештин "атажуртчу" депутаты Марат Султанов да өлкөдөгү капчыктуулардын бири. Марат мырза бизнеси эмнеге байланыштуу экендигин ачык айта бербейт. Кесиби боюнча электроникага жакын болгондуктан компьютерди мыкты түшүнгөн жайы бар. Союз тарап, компьютерлештирүү доору келатканын туя билген Марат Султанов иниси Омар менен 90-жылдардын башында Россиядан компьютер жабдыктарын алып келип пулдап, чоң капитал топтогон. Компьютерлерди сатып эле тим болбостон, бир катар мамлекеттик органдарды компьютерлештирип да берген. Алардын ичинде Акүй да бар. Кийинчерээк ал топтогон капиталына ири бизнесин баштаган экен.


Терек кыйып бутуна турган ким?
ЖКнын "республикачы" депутаты Нурбек Алимбеков учурда Кыргызстандагы жыгач бизнесинин "атасына" айланып бараткан кези. Ишкерлигин Ошто студент кезинде баштаган. Курсташтары менен айылдан терек кыйышып, аны Ошко алып келип курулушка пайдаланчу материалга айландырып сатышкан. Алгач бир Камаз менен ташышса, убакыттын өтүшү менен ондогон Камаздар менен ташый башташкан. Ошол бойдон жыгач бизнесинде келатат. Бишкекте жыгач ишканасын ачууга жетишти. Учурда анын ишканасы Россиядан баалуу жыгач материалдарын ири көлөмдө алып келет. Акыркы убактарда Кыргызстанды жыгачтан тышкары Россия, Кытайдын өндүрүшүндөгү металлдар менен камсыз кылууга өттү.


Бизнесин Бабановго пулдаган Молдобаев
ЖКнын "атажуртчу" депутаты, ири ишкер Нарынбек Молдобаев алгач бизнесин Россиянын Уфа шаарынан 500 тонна бензинди карызга алуу менен баштаган. Карыз акчасын жарым жылдын ичинде кутулуп, андан топтолгон капиталына Тогуз-Тородон бал алып келип сатып, андан да чоң пайдага туйтунган. Андан соң автоунаа майларын алып сатып, нефти бизнесине өтүп кеткен. Нефти компаниясын түптөп, Бишкекте бир катар май куюучу станцияларды ачканга жетишет. Акаевдин учурунда көз арткандар болуп, иштетпей кыйнай баштаганда нефти бизнесин бүтүндөй Өмүрбек Бабановго сатып ийген. Нарынбек мырзанын бизнеси соода сатыкка байланыштуу болуп келген болсо, акыркы учурларда тейлөө, кызмат көрсөтүү бизнесине ыктап жүрөт. Шаарда курулган көп кабаттуу үйлөрдүн бир тобун анын курулуш компаниясы тургузган.


Мурдагы таксист, кийинки челнокчу
Кечээ жакында эле күйүүчү майга байланышкан контрабандист деп шек саналган ири ишкерлердин бири, ЖКнын "атажуртчу" депутаты Азамат Арапбаев Бишкекте ЖОЖдо окуп жүргөндө эски Москвич автосу менен таксист болуп, жан багып жүргөндөн кийин Кара-Суу базарына барып, челнокчу болгон. Товарларды араб өлкөлөрүнөн алып келип, аларын контейнерде олтуруп пулдачу. Товарларды машинадан өзү түшүрүп, арабага жүктөп, мүшөккө салып жүрүп, капчыгын кампайткан. Товарларын уурдатып, отуруп калган учурлары болгон. Бул иште жалгыз болгондуктан, далай кыйынчылыктарды баштан өткөргөндүгү бар. Жүрүп отуруп, өндүрүш бизнесине өткөн Арапбаев учурда бир катар өндүрүш объектилеринин ээси.


Дарыдан баар тапкан Дамира айым
Кыргызстанды дары-дармектер менен камсыз кылгандардын бири, ЖКнын СДПКчы депутаты Дамира Ниязалиева алгач ишкерлигин Союз таркагандан кийинки көптөр сыяктуу эле челнокчулук менен баштаган. Италия, Испания, Кытай сыяктуу өлкөлөргө каттап, ошол убакта "импортный" делген кийим-кечектердин түрүн алып келип саткан. Өзү контейнерде 3-4 жолу туруп эле сатпаса, калган учурда дүңүнөн өткөрүп ийип, кайра эле товарга "кайдасың, Европа?" деп зуу койчу. Кесиби фармацевт болгондуктан 95-жылы дары-дармек бизнесин баштаган. Алгач дары-дармектерди базарларда ачык абада эле пулдап жүрсө, ити чөп жеген сайын дарыканалардын бир нече түйүнүн ачкан. Учурда депутат болгондугуна байланыштуу бизнесин жакындарына өткөрүп берген. Сырттан гана акчаны эсептеп, кирешенин эсебин алып турат.


Торттон байыган Жапаров
Кыргызстандагы эң бай адамдардын катарына кирип калган кадимки "арнамысчы" Акылбек Жапаров да ити чөп жегендердин катарында. Ал мамлекеттик кызматтарда жүргөндүктөн, бизнесин негизинен жубайы жүргүзөт. Акылбек мырза документациялык иштеринде кол кабыш кылып турат. Кыргызстандын рыногун Украинанын өндүрүшүндөгү таттуулар менен ушул Акылбек мырзанын жубайы камсыз кылат. Муну менен чектелбей, учурда Бишкектин так ортосуна мейманкана тургузуп, тейлөө бизнесине бой таштаган чагы. Акылбек мырза алгач ишкерлигин жубайы экөө торт сатып, аны пулдап башташкан. Үй шартында торт бышырып, аны дүкөндөргө өткөрүшчү. Ошентип чоң бизнеске капитал топтошкон. Бирок негедир намыстанабы же башка себеби барбы, Акылбек мырза бул боюнча айткысы келбейт.


Машина ташыган "атамекенчи"
"Атамекенчи" депутат Өмүрбек Абдрахманов дагы чоң бизнесмен. Мурдараакта жубайы экөө биргеликте жүргүзсө, ЖоКеге келгенден бери бизнеси менен иши болбой калган. Саясатка кирип кетти. 90-жылдардын башында Өмүрбек мырза балдарын, туугандарын кошуп алып Дубайдан автоунаа алып келип сатып, бизнесине жол ачкан. Азыркыдай заказ берип, поезд менен алып келүү ал убакта жок болчу. Өзү бирин айдаса, калганы төртөөсүн айдап, ар барганда 5тен темир тулпар алып келчү. Кыргызстанга келгиче 3-4 өлкөнүн аймагынан өтүүгө туура келет. Негизинен жапон өндүрүшүндөгү автоунааларды ташыды. Андан алынган пайдага жубайы эмеректерди жасоочу ишкананы түптөп, учурда аны өркүндөтүүнүн үстүндө.


Мирлан Дүйшөнбаев





кыргыз тилиндеги гезит "De-факто"









??.??