Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери


п»ї
  Эконом-саат

Туризмди өнүктүрүүгө визалык режим кедерги болууда

Грузия сабагы
Өткөндө Бишкекке грузиялык саясатчы Каха Бендукидзе келди. Ал биздин өнүгүүгө жол таба албай жатканыбыздын бир нече себептерин санап келип, алардын арасына визалык чектөөлөрдү киргизди. К. Бендукидзе "америкалыктар гастарбайтер болуш үчүн эмес, эс алууга келет. Тапкан акчасы бул жакта калат. Алардан чочулап кереги жок. Шектүү болсо, өздөрүнүн кызматы силерге жеткирбей эле алып калат" деп таамай айтты. Мыкты ишкер, алчы-таасын жеген саясатчы баштан кечирген тажрыйба болбосо минтип сүйлөбөйт эле. Себеп дегенде биздикиндей жоогазын революциясы Грузияда да болуп өткөн. Ошол убакта алар өтө жакыр мамлекеттердин катарына кирчү. Бирок туура саясат жүргүзүүнүн негизинде бат эле ирденип кетишти. Алсак, Михаил Саакашвили президенттик такка отураары менен Грузияда туризм жаатына өзгөчө көңүл бурулган. Алар адегенде 2003-жылы 90 өлкөгө визалык режимди алып салган. Алгач Экономикалык кызматташтык жана өнүктүрүү уюмунун мүчөлөрүнөн, андан кийин ИДП көлөмү киши башына 10 000 АКШ долларынан туура келген, бай мамлекеттин жарандарына 40 күндөн 360 күнгө чейин саякаттоого уруксат берген. Бул иш-чаралардан кийин Грузияга ошол жылдары 300 миң чет өлкөлүк кирген. 2010-жылы алардын саны 2 миллионго жетип отурат.

Бизде кандай?
Туризмди өнүктүрүү дайыма экономикалык саясаттын башкы приоритети катары каралып келет. Ошону менен катар мамлекет бул тармактын өнүгүүсүнө эч кандай кам көргөн жок. Көпчүлүк чет өлкөлүк туристтер Кыргызстандын жаратылышына сырттан гана суктанып тим болушат. Бирок келгиси келбейт. Мунун бирден-бир башкы себеби визалык режимдин 20 жыл аралыгында жөнгө салынбаганы.
Ушу тапта бизге келген туристтердин саны араң 44 миң. Туризм тармактарынан түшкөн киреше 2 млрд. сомду түзөт. Ал эми түшкөн салыктын орточо көлөмү 9,2%, демек, мамказынага жылына 185 млн. сом түшүп атат. Грузияга өзүбүздү салыштырсак, ат чабым арттабыз. Анүстүнө Кыргызстандын дипломатиялык уюмдары ашып кетсе 23 гана мамлекетте ачылган. Бизде виза боюнча жеңилдиктер каралбагандыктан туристтер Орусия менен Казакстандын элчилик кызматына кайрылууга аргасыз. Же Кыргыз Республикасынан башка өлкөдө жайгашкан консулдук өкүлчүлүгүнө барышы керек. Визаны толтуруу да узак мөөнөткө созулат. Баасы болсо өтө кымбат. Ар бир мүнөтүн текке кетирбеген европалыктар үчүн мындай убаракерчилик керекпи? Албетте, жок. Канчалаган убакыт, нервди текке кетиргилери келбей, кол шилтеп коюшканы ошондон.

Туризм тууралуу мыйзам жана бюрократия чаргытмасы
Айрым мамлекеттин жарандарын бир жактуу тартипте визасыз киргизүү үчүн 2001-жылдын 4-июнунда өкмөттүн №262 токтому жана 2011-жылга карата "Экономика жана коопсуздук" боюнча иш-чаралардын планы кабыл алынган. 2010-жылы Убактылуу Өкмөттүн "Визасыз кирүү режими" декретинин долбоору даярдалган. Тилекке каршы, булардын баары кагаз жүзүндө гана калды. Мамлекеттин бир нече ведомстволору Экономикалык кызматташтык жана өнүктүрүү уюмуна кирген мамлекеттердин жарандарына (Япония менен Түркиядан башкасына) визалык режимди алып салууга кош көңүл кароодо. Тышкы иштер министрлиги: "Бизге агылып келген туристтердин көпчүлүгүн КМШ өлкөлөрүнөн келгендер түзөт, алар ансыз деле визасыз кирип-чыгат. Дипломатиялык өкүлчүлүктөрдүн чыгымын жаап турган бюджеттик каражаттардан кол жууйбуз", - деген күлкү келерлик шылтоолорду бетке кармоодо. ИИМ менен УКМК болсо "өлкөнүн коопсуздугун тобокелге салбоо керек, мыйзамсыз миграция агымы күчөйт" дешет.
Кыскасы, бюрократиялык баш чаргытма. Суу кечпеген жүйөөлөр. Чындап келгенде, бул ведомстволор виза ачуудан түшкөн көмүскө май-талкандан кол жуугусу келбейт. Каяша иретинде айтып коюшум керек, дипөкүлчүлүктөрдүн чыгымын визасыз кирген туристтердин эсебинен деле толук жапса болот. Экинчиден, туризм рыногунда Орусия жана Казакстан бизге жападан жалгыз приоритет болбошу керек. Булар демократия институттары жагынан бизге үлгү боло албасы айдан-ачык.
Бизге белгилүү болгондой, Экономикалык кызматташтык жана өнүктүрүү уюмуна (ОЭСР) 34 мамлекет мүчө. Бул өлкөлөрдө ИДПсынын орточо көлөмү киши башына 33 миң АКШ долларынан туура келет. Бизге салыштырмалуу криминал, терроризм өтө төмөнкү деңгээлде. Тышкы миграция дээрлик жок. Эгер чындап эле туризм тармагын, ага кошуп экономиканы көтөрөлү деген ниетибиз болсо, анда булар менен алаканы чыңдоого туура келет.

Чет өлкөлүктөрдү визасыз киргизгенден эмне утабыз?
Биринчи кезекте Кыргызстандын имиджи көтөрүлөт. Акчалуу туристтер агылып кирип, алардын эсебинен элдин турмуш-тиричилигине керектүү продукция өндүргөн ишканалар жанданат. Экономиканын кошумча киреше булактары пайда болот. Тейлөө кызматтарынын сапаты жакшырат. Жумуш орундары көбөйөт, бул өз кезегинде өлкө ичиндеги чыңалуу менен нааразычылыкты азайтат. Сандардын тили менен айтсак, туристтердин саны 30%га өсүп, 2012-жылы 58 миң адамга чейин киргенде эле мамказына 15 млн. доллар кошумча каражат тапканы турат. Салыктан түшкөн киреше 61 млн. сомго көбөйөт. Бул акыркы чек эмес, 2016-жылы туристтердин саны эки эсеге көбөйсө бул сумма 185 млн. сомду түзөт. Ошол себептүү, мен 2011-жылдын аягына чейин ЭКӨУга кирген мамлекеттер үчүн визасыз режимди өз убагында киргизүүнү сунуш кылам.


Экономиканы тескөө министрлиги кайсы мамлекеттерге визаны алып салууну сунуштап атат?
Австралия
Австрия
Андорра
Аргентина
Багама
Барбадос
Бельгия
Ботсвана
Босния жана Герцеговина
Бразилия
Ватикан
Великобритания
Венгрия
Германия
Голландия
Греция
Дания
Израиль
Исландия
Ирландия
Испания
Италия
Канада
Кипр
Коста-Рика
Латвия, Литва
Лихтенштейн
Люксембург
Маврикий
Малайзия
Мальта
Мексика
Монако
Жаңы Зеландия
Норвегия
Панама
Польша
Португалия
Сан-Марино
Сингапур
Словакия
Словения
АКШ
Таиланд
Тринидад жана Тобаго
Уругвай
Финляндия
Франция
Хорватия
Чехия
Чили
Швейцария
Швеция
Эстония
Түштүк
Африка
Түштүк
Корея




кыргыз тилиндеги гезит "De-факто"









??.??