Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери

КИТЕПКАНА



п»ї

Л€У…Р’Жђ

  Бороондон кийин

Элмурза САТЫБАЛДИЕВ, экс-башпрокурор:
"Тагдырыма, бейкүнөө адамдардын өлүмүнө өкүнөм"
- Ички иштер министринин орун басары Мелис Турганбаев Садыркуловдун өлүмү боюнча Адахан Мадумаровго, Молдомуса Конгантиевге, аны менен катар сизге дагы айып тагылышы мүмкүн экенин айтты. Бул боюнча эмне айта аласыз?
- Ушул Садыркуловдун өлүмүнө байланышкан кылмыш ишинин тегерегинде кылмыш ишти азыркы күндө тергеп аткан орган мени, ошондой эле Мадумаровду, Конгантиевди чакырып, суракка алууга толук укугу бар. Иштин жагдайларын толук тактамайынча, айып коюу же койбоо тууралуу сөз кылууга али эрте.
- Садыркуловдун өлүмү автокырсык эмес, буйрутма киши өлтүрүү экенин ошол кезде билдиңиз беле?
- Ачыгын айтып коеюн, буйрутма киши өлтүрүү экенин билген эмесмин, билишим да мүмкүн эмес болчу. Себеби прокуратура органдары кылмыш изилдөө иштери менен шугулданбайт. Бул Мамлекеттик коопсуздук кызматы менен Ички иштер министрлигинин жумушу.
- 7-апрель күндү эстеп бербейсизби? Эл ушинтип бийликти алып түшөөрү ойго келгенби? Темир Сариев, Иса Өмүркуловдор менен эмне тууралуу сүйлөштүңүздөр? Бакиев кайсыл убакта Акүйдөн чыгып кетти?
- Мен азыркы күндө сотто өз көрсөтмөмдү бере элекмин. Тергөө органдарына көрсөтмө бергем. Азыркы күндө аны ачыктап, маалымат каражаттарына айтканым туура эмес болуп калат.
- 7-апрель окуялары боюнча сот иштери жүрүп жатат. Соттон кандай өкүмдү күтүп жатасыз?
- Соттон мен бир гана адилет өкүм күтүп атам.
- Ошол бийликтин тушунда иштегендердин баары качып кетти. Ошол эле 7-апрель сотунда айыпталып аткандардын ичинен да качкандар болду. Сизде да ушундай ой болгон жокпу?
- Биринчиден, качып кетүү үчүн адам өзүн күнөөлүү сезиши керек. Экинчиден, адам коопсузданышы үчүн өзүн качандыр бир кылган иштерин туура эмес сезиши зарыл. Мен айтып коер элем, биринчи күндөн баштап эле 7-апрель окуясы боюнча жана ага чейин болуп өткөн окуялар боюнча моралдык жактан өзүмдүн жоопкерчилигимди алганмын. Ал эми мыйзамдын алдында юридикалык жактан жоопкерчилигим болсо сот системасы далилдеп көрөр.
- А сиз өзүңүздү күнөөлүү деп эсептебейсизби?
- Мен өзүмдү күнөөлүү деп эсептебейм. Ушул эле учурда дагы бир жолу кайталап кетейин, моралдык жоопкерчилигим бар. Себеби ошол учурларда кандай гана кызматты аркалап отурбадым.
- Артка кайтканга мүмкүнчүлүк берилсе карьераңызга, жашооңузга кандай өзгөртүү киргизет элеңиз? Кайрадан бакиевдик командада иштейт белеңиз? Ошол командада иштеп калганыңызга өкүнөсүзбү?
- Артка кайтууга мүмкүнчүлүгүм болсо, карьерамды жана жашоомду кайра ушундай эле алып барат болчумун. Ал убакта ким президент болсо ошол адамдын командасында иштемекмин. Мен өкүнсөм бирөөнүн командасында иштегениме эмес, өзүмдүн тагдырыма өкүнөм. Ошол кандуу кагылыштарга, бейкүнөө адамдардын өлүмүнө өкүнөм.
- Кайра саясатка аралашайын деген оюңуз барбы? Бүгүнкү саясый кырдаалга берген бааңыз?
- Бүгүнкү саясый кырдаалга эч кандай баа бере албайм. Баа берүүгө моралдык укугум да жок. Кайра саясатка аралашпайм дегенден алысмын. Себеби эртеби-кечпи, бул сот отуруму бүтөт.
- Максимге сын айткан үчүн кызматтан алынганыңыз чынбы?
- Мен кызматтан алынган эмесмин, кызмат ордумду алмаштыргам. Алмаштырганымдын себеби кызматымдан анча-мынча кемчилик кетирсем керек.
- Сизди Башпрокурорлукка Курманбек Бакиевдин Германияда элчи болуп иштеген иниси Марат Бакиев алып келген деген чынбы?
- Марат Бакиев менен дос экеним чын. Ал экөөбүз чогуу окуганбыз. Бирок мени кызматка раматылык Медет Садыркулов алып келген. Ал кезде президенттик администрациянын жетекчиси болчу.
- Ал киши менен мамилеңиз ушунчалык жакшы беле?
- Ортобузда мамлекеттик сый мамиле гана бар болчу.
- Азыркы бийликтин ишмердүүлүгүнө кандай баа бересиз?
- Азыркы саясатчылардын ишмердүүлүгүнө саясатчылар жана тарых баа берет. Мен эч кандай баа бере албайм.
- Шайлоодо кимди колдойсуз? Негизги күрөш кайсы талапкерлердин ортосунда болушу мүмкүн? Түндүк-түштүк кылып бөлүп алышпайбы элди?
- Шайлоодо мага окшоп соттолуп аткандардын колдоосуна эч ким муктаж болбосо керек. Негизги күрөш кайсы талапкерлердин ортосунда болушун деле билбейм. Түндүк-түштүк кылып бөлүүгө аракет кылган саясатчылар болушу мүмкүн, бирок карапайым эл эч качан түндүк-түштүк болуп бөлүнбөйт.
- Үй-бүлөңүз, балдарыңыз тууралуу айтып берсеңиз. Алар эмне иш менен алектенишет?
- Менин үй-бүлөм чоң, беш балам бар. Эң улуу уулум Элзар, азыр ал Кыргыз-Славян университетинин юридикалык факультетинде 3-курста окуйт. Экинчи уулум Элхан, ал быйыл мени кубандырып Оксфорд университетине өз күчү менен өттү. Андан кийин эки кыз - Элдана менен Элима. Алар мектеп окуучулары. Эң кенжебиз Элман - бала бакчага барат. Келинчегимдин кесиби врач, бирок азыр бала менен үйдө.
- Балдарыңыздын баарынын аты "Эл" деп башталат экен, өзүңүздүн идеяңыз менен коюлганбы?
- Уул-кыздарымдын аттарын бүт өзүм койгом. Элдин балдарынын аттарын чоң атасы, чоң энеси коет экен, бизде андай мүмкүнчүлүк жок болгондуктан баарын өзүм койгом. Элге жакын, эл адамдары болсун деп баарынын атын "Эл" менен баштагам. Кудайга шүгүр, балдарым менен сыймыктанам. Баары бешке окушат.
- Интернатта чоңойгонуңузду укканбыз. Ошол күндөр тууралуу айтып берсеңиз. Балалыгыңыз кыйын күндөрдө өткөнү турмушка кандай таасир, сабак берди?
- Менин балалыгым кыйын күндөрдө өттү деп эсептебейм. Себеби интернатта чоңойгонум менен ал убакта мамлекеттин мээрими, камкордугу аябай зор эле. Мамлекеттин эсебинен эч нерсеге муктаж болбой өстүм.
- Сабакты кандай окучусуз? Балдардын арасында канчанчы атаман элеңиз?
- Сабакты эң жакшы окуур элем. Өмүрүмдө төрт деген баа алган эмесмин. Канчанчы атаман экенимди билбейм, бирок эч качан токмок жеген эмесмин.
- Жакында эле сиздин аткарууңуздагы ырды угуп таң калдык. Мындай талантты эмнеге катып жүрөсүз?
- Укканыңар туура. Бирок мен муну катып жүргөн талант деп эсептебейм. Ырдабаган адам болбосо керек. Жок эле дегенде жалгыз калганда да ар бир адам күңүлдөп ырдап калат эмеспи.
- "Dе-факто" гезити жабылганда сиз Башпрокурор болуп тургансыз. Бул ишке катышыңыз бар беле?
- Менин билишимче, "Де-факто" гезитин шаардык прокуратура текшерип, бир жарандын арызы боюнча сот аркылуу жабылган. Прокуратура органында гезитти жабуу, ачуу укугу жок. Кошумчалай кете турган нерсе, билишимче кайра жанданганыңардан кийин ушунчалык чоң чыгармачылык ийгиликтерге жетишип жатасыңар. Ошондуктан силердин жамаатыңарга албан-албан ийгиликтерди каалайм.
- Мелис Эшимканов акыркы күндөрү сиздер менен да жолукканын уктук...
- Туура, 10-сентябрь күнү кечке жуук Эшимкановду акыркы жолу көрүп атканымды билбесем керек. Мамилебиз түз болчу. Бири-бирибизди сыйлар элек. Учурдан пайдаланып, улуу чыгармачыл адам Мелис Эшимкановдун мезгилсиз дүйнөдөн кайтканына байланыштуу үй-бүлөсүнө, бир туугандарына, жакындарына өзүмдүн, үй-бүлөмдүн атынан көңүл айтып кетейин.

Маектешкен
Дилбар АЛИМОВА








кыргыз тилиндеги гезит "De-факто"




а ­е¦Є.НҐй«