Өкмөт аке инвестор издейт

"Залкар-Банктын" сатылганы туура эле, бирок...
Дүйнөдөгү көп эле өлкөлөрдүн экономикасы далилдегендей, эгерде тигил же бул мамлекеттин экономикасы чабал болуп, кандайдыр бир өндүрүш объектисин же финансылык тейлөө объектилеринин тагдыры кыйын кысталыш абалга туш болуп, анын ыргаалдуу иштеп кетүүсүн жөндөп, ишин алга жылдыруу үчүн ага ири финансылык көмөк зарыл. Ал мамлекеттин экономикалык мүмкүнчүлүгү ага жол бербесе, анда аны колго алып, иштетүүгө каалоосу бар инвесторго өткөрүп берүү туура кадам десек болот. Жумуш орундарын сактап, пайда таба алган колго өтсө, ал объект ошол өлкөгө, анын элине гана кызмат кылары айтпаса да түшүнүктүү. Инвестор ал объектти же мекемени көтөрүп кетпейт. Мында болгону бардыгы мыйзамдын чегинде тиешелүү шарттар, милдеттер каралып, ошол мамлекеттин кызыкчылыгы унутулбашы керек. Албетте, инвестор да өз кызыкчылыгын ойлойт. Болбосо, ал объектти сатып алууга, ээлик кылууга ниетин билдирмек эмес...
Өткөн жылдагы апрель революциясынан соң тагдыры татаалдашып кеткен "АзияУниверсалбанктын" активдеринин негизинде өткөн жылдын 24-декабрында "Залкар-Банк" түзүлгөн. Банк жөнүндө маалымат бере турган болсок, Кыргызстандагы филиалдары көп банктардын алдыңкы сабында турат. Өлкө боюнча 36 филиалы, 18 эсеп кассасы бар. Калкка сапаттуу банк кызматтарын сунуш кылууга мүмкүн берчү жетиштүү инфраструктурага, жабдыктарга ээ. Учурда кеңири кызмат көрсөтүүлөрүн сунуштап келатат. Кызмат көрсөтүүлөрүнүн приоритеттик багытын чакан жана орто бизнести колдоо түзөт. Кыргыз өкмөтү банктын жогорку деңгээлде өнүгүүсү үчүн ири инвесторго өткөрүп берүү чечимине келгендиктен, учурда чет өлкөлүк потенциалдуу инвесторлор менен сүйлөшүүлөр жүрүп жаткандыгын банктын жетекчилиги өткөн жума этегинде Эл аралык валюта фондунун өкүлдөрү менен болгон жолугушууда айтты. Жолугушууда ошондой эле эл аралык аудиттин банктын дарамети боюнча оң жыйынтык чыгаргандыгы да айтылды. Эскерте кетсек, инвесторлорго сунуш кылардын алдында банктын салык төлөө жөндөмдүүлүгүн, азыркы абалын аныктоо үчүн эл аралык аудит атайын текшерүүгө алган болчу. Банктын ишинен кыйкым табышпаптыр. Финансылык абал боюнча аудит эл аралык KPMG компаниясы тарабынан банктын өткөн жылдын 20-декабрынан ушул жылдын 30-апрелине чейинки ишмердигин текшерүүгө алган. Аудиторлордун отчетуна көз жүгүртсөк, бул убакытта операциялык кирешеси 126 млн. 47 миң сом болсо, таза пайыздык киреше 39 млн. 576 миң сом болгон. Ал эми таза пайда 9 млн. 823 миң сомго жеткен. 2011-жылдын 30-апрелине карата активдери 3 млрд. 880 миң сом, кардарларга карызы 3 млрд. 266 млн. 85 миң сомду түзгөн. KPMG компаниясы бул көрсөткүчтөрдү банктын бүгүнкү реалдуу финансылык абалы экендигин белгилеген.
Учурда банкты сатып алууга кызыкдар экендигин бир катар чет өлкөлүк инвесторлор билдиришкен. Муну банктын маркетинг бөлүмүнүн башчысы Алима Нургазиева билдирди. Анын айтымында, азырынча банкты сатуу боюнча расмий айтыла элек. Ошондуктан кызыгуусун билдирген инвесторлорду ачык айтууга болбойт. Инвесторлордун банктын көз карандысыз баалоочулар тарабынан бизнес үчүн баасын билгилери келишерин кошумчалайт. "Азыр "Залкар-Банктын" баасы аныкталып жатат. Баалоочу компаниянын аныктоосунан кийин инвесторлор болжолдуу баасын биле алышат. Ошондон кийин гана сүйлөшүүлөр жүрө баштайт" дейт Алима Нургазиева.
Банкты сатып алуу сунушу Орусиянын "Газпром" ишканасынын жетекчиси Алексей Миллерге да сунушталганын өкмөт башчы аны менен болгон жолугушуудан соң билдирди. Алексей Миллер Кыргызстандагы "Газпромдун" кеңейүүсүн, анын ичинде банк чөйрөсүндө да иш жүргүзүү ниетин билдирген. Азырынча Миллер тараптан банкты сатып алуу, албоо боюнча эч кандай жооп боло элек. Эскерте кетсек, "Залкар-Банк" Орусиянын Сбербанкына да сунушталып, бирок алар сатып алуудан баш тартышкандыгын расмий билдиришкен эле.
Мурдагы мамлекеттик мүлк министри Нурдин Илебаевдин "мамлекет начар менчик ээси" деп айтканы бар. Бул айтылган сөзгө кошулбай коюуга болбойт. Мамлекеттин менчигинде турган банктардын банкроттукка учуроо коркунучу жогору десек болот. Бийлик алмашкан сайын колдон-колго өтүп, анын тегерегинде ар кандай финансылык кызылкулактыктар орун аларын буга чейинки турмушубуз көрсөттү. Финансылык чоң мүмкүнчүлүгү бар инвестордун колуна өтсө, албетте, ал банкроттукка учурап калбоосу үчүн бардык аракетин көрүп, ишти алып барары түшүнүктүү. Банк системасындагы кызматтын бардык түрлөрүн көрсөтүп, каалаган пайызда, каалаган көлөмдө кредиттерди бере башташы мүмкүн. Тигил же бул өндүрүш долбоорлоруна инвестор катары да чыга алат.
Кыргызстандын экономикасынын шартында "Залкар-Банк" мамлекеттин ээлигинде турса, анда эптеп-септеп иштеген абалга кептелүүсүн жокко чыгарууга болбойт. Анткени мамлекеттин ири каржыны жумшап, банктын ишин жылдырууга мүмкүнчүлүгү жок. Өкмөт үчүн ашыкча баш оору гана болушу мүмкүн. Ошондуктан потенциалдуу инвестордун колуна өткөрүү туура болот. Башкысы, банк сатылып жатканда бардык жагдайлар эске алынса. Болбосо, ал инвестор да эптей албай, анын кесепетинен миңдеген кыргыз жарандарынын сызга отуруп калуусу да бар. Андыктан инвестор тандоодо жаңылыштык болбосо...

Чолпон Мамбетсеитова




  Бакиевдерге таандык болгон

"Витязь" эс алуу жайы боюнча кайрылуу
Садыр Жапаров ошончолук элге күйсө, Бакиевдердин убагында эмнеге унчукпайт?

Биз Жогорку Кеңештин депутаты Садыр Жапаровдун Элдик революциядан кийин улутташтырылган Ысык-Көл районунда жайгашкан Бакиевдерге таандык болгон "Витязь" эс алуу жайы азыркы учурда тонолуп-таланып жана башка мыйзамсыз иштер болуп жатат деген жалган, курулай калп сөздөрүнө, жоопкерчиликсиз айыптоолору менен жалпы эле Ысык-Көл элинин улутташтырылган мекемелерди талап-тоноодон, өрттөн сактап калган элдин эмгегин шылдыңдоо жана тебелеп-тепсөө деп эсептейбиз!

7-апрелден кийин жалпы элдин демилгеси менен ар бир айылдарда координациялык кеңештер, ДНДлар түзүлгөн. Сиздерге белгилүү болгондой, бул бирикмелердин революциядан кийинки тартипти сактоодо ролу чоң болгон. Ушул түзүлгөн бирикмелердин эмгеги менен Бакиевдерге тиешелүү болгон эс алуу жайлар Бишкектегидей болуп таланып, тонолбой, өрттөнбөстөн сакталып калган. Ошондой эле Башкы прокуратурадан, айыл өкмөттөн, Мамлекеттик мүлк министрлигинин катышуусу менен "Витязь" эс алуу жайынын бардык мүлк оокаттары катталып, так тизмеленген ар бир буюмдун аты, маркасы, номерлери катталган.
Жалпы элдин суранычы менен бул мекемелерге жергиликтүү, иштеп кете ала турган жаштардан дайындап берүү өтүнүчү менен Өкмөткө кайрылуулар болгон. Элдин суранычын Өкмөт колдоп, жеке гана "Витязь" эс алуу жайына гана эмес, жана башка облустагы Бакиевдерге таандык болгон объектилерге жергиликтүү жаштардан дайындап берди.
Азыркы убакта бул эс алуу жайларда жумушчулардын санынын 99 пайызы жергиликтүү адамдардан алынган, бардыгы орду-орду менен иштеп келе жатат. Жалпы эле Ысык-Көл району эмес, Көлдүн тегерек четинде жашагандар бардыгыбыз тууганбыз. Анда эмне Ысык-Көл районунун элинин эч кимиси иштебей үйдө отурушу керекпи?
Жалпыга белгилүү болгондой, Бакиевдердин убагында "Витязь" эс алуу жайына жергиликтүү элден жумушка алчу эмес, жергиликтүү элди дарбазасына жакын жолотушчу эмес. Элди гана эмес, салык, финансы, жада калса күч структуралары дагы дарбазанын сыртында кире албай турушчу. Эл ошол кездерде жада калса Садыр Жапаров Максим Бакиевге жолуга албай, "Витязь" эс алуу жайынын дарбазасынын сыртында кайсалактап жүргөнүнө күбө.
Жалпы элге тийиштүү мүлккө Садыр Жапаров ошончолук күйсө Бакиевдердин убагында эмнеге унчукпайт? Тескерисинче, алардын таламын талашып жүргөн. Эмнеге ошол кезде "бул жалпы элдики, Бакиевдер мыйзамсыз тартып алышкан, элге кайтарыш керек" деп айтпайт? Эмнеге Каркыра жайлоосу кайчыланып бөлүнүп жатканда унчукпайт? Тескерисинче, аны жумуртка чогулттурган деп эл айтып жүрөт. Элдин билгени бар, Каркыраны бербегиле деп айтып чыккан элди жумуртка менен урдургандын артында ошол убактагы Көлдөгү Бакиевдердин аткаминерлери Садыр Жапаров менен ошол кездеги губернатор Кыдыкбек Исаевдин уюштурганын.
Жеке кызыкчылыктарды көздөп, элдин атын жамынып, калп сөздөрдү сүйлөгөн бул депутатка таандык сапаттар эмес! Депутаттарды эл шайлаган, демек, элди алдабаш керек! Элди алдагандардын арты жаман бүтчү эле, буга тарых күбө!

Ысык-Көл райондук жаштар союзунун лидери Д.Мамышаев, райондук ДНД лидери А.Байгубатов, "Чоктал жаштары" жаштар уюмунун лидери Э.Касымов кайрылууга кол койгон.





  Өз кабарчы билдирет

Ошто жер бөлүштүрүү убагында чыр чыгышы ыктымал
Бул туурасында Ош облустук ички иштер башкармалыгынын жетекчиси Ашым Тагаев облустук деңгээлдеги жыйында билдирди. Анын катуу эскертишинче, буга облустук деңгээлдеги бардык бийлик бутактарынын жетекчилери жооп берип калышы толук ыктымал.
Жыйында сүйлөгөн Ош облус губернатор Сооронбай Жээнбеков адегенде кезекте турган 3000дей кишиге 22-сентябрдан баштап Ош-Араван жолун бойлото жер тилкелери тартыла тургандыгын, анда ачык-айкындуулук сөзсүз өкүм сүрөөрүн, тааныш-билишчиликке таптакыр жол коюлбай тургандыгын убада кылды.
Бирок жерге кезекке турган элүү чакты киши кечээ облустук акимчиликтин алдына топтолуп, жер бөлүштүрүүдө тааныш-билишчилик жана паракорчулук катуу экендигин, мунун айынан кээ бир кишилердин ысымдары тизмеден акыркы күндөрү атайылап чийилип калып жаткандыгын айтышкан эле.

Алишер ТОКСОНБАЕВ, Ош облусу
Редакциядан: Урматтуу Оштогу сүйүктүү окурман, кандай көйгөйүңүз болсо биздин Ош дубаны боюнча өз кабарчыларыбызга кайрылыңыз. Оштогу эки кабарчыбыз тең сиздин кызматыңызда! Кабарчыбыз Алишер Токсонбаевдин телефону 0(556) 640106, дагы бир кабарчыбыз Ыдырыс Исаковдун телефону - 0(778)894600. Биздин ар бир дубандагы кабарчыларыбыз элдин көйгөйүн калтырбай жазып, эл менен дайым биргебиз!