Жунгли токоюнда

"Дасмиядагы" атышуу

Өткөн жумада 15-сентябрь күнү "Дасмия" ресторанында Нарындын мурунку акими Курманбек Байтереков небереси Аминага тушоо той берип, ал тойдо атышуу болуп кетти.

Той жакшынакай эле башталып, оюндарга улам 500-600 доллардан байге сайылып көңүлдүү өтүп атканда Байтерековдун тойго чакырылбаган иниси кирип келет. Бир туугандардын мамилеси жакшы эмес экенин айтышат анонимдүү күбөлөр. Иниси Кемин райондук МАИнин жетекчиси экен (Атын тактоого мүмкүнчүлүк болбоду). Экинчи антракт берилгенде сыртта "разборка" болуп, бир топ жигиттер ошол МАИчи инисин сабап салышат. Ал жанындагы тапанчасынан ок чыгарып, экөөсүн жарадар кылган. Бишкек шаардык ички иштер бөлүмүнүн оперативдүү кызматкерлери келип араң токтотушуп, тез жардам чакырылып, алар жарадарларды алып кеткен. Той ээси Курманбек Байтереков өзү тойдун экинчи бөлүгүнө мурду сынып киргенине тойдун катышуучулары күбө болгон.
Бул маалыматты тактоо үчүн Ички иштер министрлигинин маалымат кызматына кайрылганыбызда, пресс-катчынын орун басары Рахматулло Ахмедов мындай окуя болгонун тастыктады:
- "Дасмия" ресторанында ушундай окуя болгону чын. Азыр кызматтык териштирүүлөр жүрүп жатат.
- Атышуу болуп атса кылмыш иши козголгон жокпу?
- Атышуу деп эгер эки тарап тең ок чыгарса айтса болот. Бул жерде бир тарабы эле ок чыгарып, эки адам жаракат алган. Кызматтык териштирүү аяктагандан кийин, кылмыш иши козголобу, козголбойбу белгилүү болот. Биз бул боюнча дагы кеңири маалымат беребиз.
Ал эми "Дасмия" ресторанынын кызматкерлери бул боюнча эч кандай комментарий бере албай тургандыгын айтып, бирок мекеменин сыртында атышуу болгонун тастыкташты. Ал эми мекеменин кожоюну Турусбек Мамашев ооруп атканына байланыштуу аны менен байланыша албадык. Кошумчалай кетсек, той берген Курманбек Байтереков 2009-жылдары Нарындын акими болуп иштеп, учурда "Республика" партиясынан депутаттыкка талапкерлердин тизмесинде бар.

Дилбар АЛИМОВА




  Уурунун арты кууш

Садыркуловго "кулак, сөөмөй" жөнөткөндөр кармалды
2008-жылы 1-январда белгисиз бирөөлөр маркум Медет Садыркуловдун жубайы Айнагүл Садыркуловага куттуктоо каты менен бирге адамдын кулагы менен сөөмөйү салынган кутуну тапшырып кетишкени элдин эсинде болсо керек. Өткөн жумада ошол "белек" тапшырууга шектүү делип Свердлов РИИБинин мурдагы кызматкери Т. Маматов Москвада кармалып, кечээ Бишкекке алып келинди.

Укук коргоо органдары аны суракка алып, "кулак, сөөмөй" таржымалы ачыктала баштады. Мындан сырткары, буга тиешеси бар делинип учурда Свердлов РИИБинин начальниги Медетбек Маметов үй камакка алынды. Кезинде, бул окуя коомдо чоң резонанс жаратып, Курманбек Бакиев Медет Садыркуловго бул ишти өзү колго аларын айтып, жооткотуп койгон эле. Көп өтпөй башында Мелис Турганбаев турган ИИМдин уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү башкармалыгы бул "белек" тапшырууну Свердлов райондук РИИБинин кызматкерлери Т. Маматов менен Н. Эркебаев жасаганын аныктап, кесилген кулак, сөөмөй А. Пастуховго таандык экенин аныктап, анын сөөгүн да таап чыгышкан. Белекти ким жибергенин ачып койгондон кийин Мелис Турганбаевди Бакиевдер кызматынан ыргытып, куугунтук да көргөзүшкөн. Айыбы ачылып калган милиция кызматкерлерин Бакиевдердин үй-бүлөсү качырып жиберишкен эле. Убакыт өтүп, Бакиев бийлиги кулап, 2010-жылы 1-сентябрда Башкы прокуратура бул кылмыш ишин кайра жаңыртуу чечимин чыгарган. Кошумча иликтөөнүн жыйынтыгы менен Т.Маматовго, Н.Эркебаевге жана Свердлов РИИБинин начальнигинин мурдагы орун басары Ырысбек Кулманбетовго 6-октябрда сырттан айып тагылып, эл аралык издөө жарыяланган болчу.
Мелис совет уулу




Улуудан улуу сөз
"Dе-факто" гезитинин №12 (28.07.2011) санына жарыяланган генерал-майор Артур Медетбеков мырза негиздеген КЭДП (Кыргызстан Элдик демократиялык партиясынын) дарегине карата такталбаган маалымат айтылып, жарыяланып кеткен эле. Ошол маалымат аталган партиянын аброюна моралдык шек келтирген болсо, анда атуулдук парзым катары кечирим сурайм. Интервьюда айтылган Жаныш Артурга 1 млн. доллар берген деген сөз бул жалган. Кыргызда "жаңылбас жаак, мүдүрүлбөс туяк болбойт" деген жакшы кеп бар эмеспи, ансыз да өлкөбүз саясый оор кырдаалды башынан кечирип аткан мезгилде, биз, улуу муун ветерандары, алдыдагы Президенттик шайлоону утурлай элди ынтымакка, биримдикке чакыруу жөрөлгөлөрүн ириде колго алышыбыз керек деген ойдомун.

Генерал-майор Аскарбек Мамеев




  Чимирик

Отунбаева казинолорго согуш ачты
Президент Роза Отунбаева өзүнүн видеоблогу аркылуу "Казино-барондорго үй-бүлөбүздү бүлүндүрүп, жаштарды бузууга жол бербейли. Биригели, эртең кеч болуп калат" деп кайрылуу жолдоп, оюн-зоок клубдарынын ишин чектөө үчүн чара көрө турганын билдирди.
"Дүйнөдө наркобизнестин жана криминалдык топтордун "кир акчаларын" казинолор аркылуу жууган тенденция пайда болду. Бул акырындап бизге да келеринен шек санабайлы. Бүгүнкү күндө оюн бизнесин аркалагандар мамказынага төккөн салыгын бетине кармоодо. Бирок биз балдарыбыздын оюндан ажырай албаган маңкуртка айланып жатканын үндөбөй карап турбашыбыз керек. Кумарга болгон көз карандылык, ата-эненин жана туугандарды сызга отургузуп, үй-жайдан ажыратып, үй-бүлөлөрдү ажыраштырып, ал тургай өз жанын кыюуга чейин жеткирүүдө. Жаны күйгөнүнө чыдабай, оюн автоматтары жайгашкан жайларды барып өрттөгөн фактылар да катталган" дейт президент айым.
Ажонун сөзүнө таянсак, учурда республика боюнча 21 казино, 55 оюн клубу лицензия алып, активдүү иштеп атат. Алардын көбү мурдагы фотосалон, бала бакча өңдүү социалдык жайлардын имаратын ижара алышкан. Учурда Кыргызстан Борбор Азиядагы кумар оюндарынын аралчасы болуп калууда. Казакстан менен Орусия казино бизнесине тыюу салгандан бери, ал жактагы ишкерлер бизге келип жатат.
Бул маселе акыркы кезде Жогорку Кеңеште да көтөрүлө баштады. Төрага Акматбек Келдибеков каттар көп келип атканын айтып, муну жөнгө салууну депутаттарга табыштады. Айрым эл өкүлдөрү болсо казинолорду эл барбаган аймактарга, туристтер көп келген жерге көчүрүүнү сунуштап атат. Экс-депутат, азыр Балыкчы шаарында иштеп жүргөн Султан Урманаев болсо, буга таптакыр каршы. "Көлдө ашып кетсе 2 ай сезон болот. Ансыз деле жаш балдарды бузуп жатабыз. Ээн-эркин казиного кирип, таза бузулбайбы. Биз, кыргыздар, элден мурун иштегенди үйрөнөлүчү. Чакан шаарларда, алыскы аймактарда эл жашабайт бекен? Биротоло жабыш керек" деген пикирде. Азырынча бул маселе кандай өңүттө чечилери белгисиз. Бакиевдин убагында да ушундай демилге көтөрүлүп, казинолор көбүрөөк акча төлөмөй болгондо токтоп калган. Бул жолу да ошондой акча саамай менен чектелеби же эл башында тургандар чындап күйүп жатабы, аны убакыт көргөзөт.
Санжи Туйтунова