Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери


п»ї
  Феномен

Өз образын өзгөчө жараткан Мелис Эшимканов

Журналистикада, саясатта опол тоодой эмгек кылып, советтик журналистика режимин сындырып, эркин журналистикага из салган, белгилүү журналист, саясатчы Мелис Эшимканов 15-сентябрда дүйнөдөн кайтты. Албетте, ал тууралуу көзү тирүүсүндө жаман да, жакшы да пикирлер айтылып келди. Кандай айткан күнү да анын демократиялык өлкөнү түптөөдө жана авторитардык бийликти жоюуда салымы зор экени талашсыз. Муну калемдеш агабыздын кастарланып, мамлекеттик деңгээлде Ала-Арча көрүстөнүнө коюлушунун өзү айтып тургандай. Мелис Эшимканов эмнеси менен элдин эсинде, тарыхта калаарын замандаштары аны акыркы сапарга узатарда айтып отурушту.

Каныбек Иманалиев, ЖК депутаты:
"Эркин басма сөздүн гүлдөөсү Эшимкановдун убагында болду"
- Орустун бир жазуучусунун "биз баарыбыз Гоголдун "Шинелинен" чыкканбыз" дегени бар. Анын сыңарындай, акыркы жыйырма жылдагы журналисттер "Асаба", "Агымдан" чыктык. Эсимде, "Ленинчил жаш" "Жаштык жарчысы", "Асаба" болуп атканда Эшимканов келип калды. Гезит ушунчалык популярдуу болгондуктан университеттин жанындагы киоскилерде жок калып, жөө келип Дзержинкадан алып кетчүбүз. Биздин убакта студенттерди жумушка алуу жок эле. Эшимкановдун эрдиги эркин гезитте өзү каалагандай маселе чечип, студент кезден бизди кызматка алды. Мени Азимжан Ибраимов, а мен Жыргалбек Касаболотов, Кубат Оторбаевди алып келдим. Ошентип, ар бир гезиттин чыгышы бизге майрам болчу. 1991-жылы Кыргызстан эгемендүүлүгүн жарыялаганда 100 миң нуска менен чыгып, Спорт ордосунун ордундагы базарга аралап таратканбыз. Бир караганда муну менен Эшимканов эркиндиктин жарчысы сыяктуу болуп калды. Экинчиден, анын адам катары, журналист, саясатчы катары өзүнүн чапкан жолу бар. Бу кишинин тапкычтыгы, 92-жылы гезитке ар бир журналист бир айдан редактор болоорубузду, ким мыкты чыгарса акчалай сыйлык коерун айтты. Кийин өзү жалгыз жыйынтык чыгарып, биринчи орунду мага ыйгарды. Көрсө, ошо кезде эле бизди чоң сыноолордон өткөрүп, такшалтып жүргөн экен. Кыскасы, советтик журналистикадан эркин журналистикага өтүп, эркин басма сөздүн гүлдөө доору Мелис байкенин убагында болду.

Өмүрбек Текебаев, ЖК депутаты,
"Ата Мекен" фракциясынын лидери:
"Он жылдай коомдук пикирге кожоюн болду"
- Бүгүн биз Мелис Эшимканов өз өмүрүн жаңы Кыргызстанды курууга арнады деп айта алабыз. Мелис кыргыз журналистикасынын пионери, жылдызы. Мелис өзү кожоюн деген сөздү жакшы көрчү эле. Он жылдан ашык ал кыргыз элинин ой жүгүртүүсүнүн, коомдук пикирдин кожоюну болуп турду. Саясый багытты да, коомдук ой жүгүртүүнүн багытын да жеке өзү аныктап турду. Ал тобокелчиликти жакшы көргөн, чоң экспериментатор эле. Ал чыгармачылыкта эле эмес, саясатта да эксперимент кылып, дың жарып, Кыргызстанга жол салды. Анын элеси ар дайым биздин арабызда.

Кабай Карабеков,
экс-депутат, коомдук ишмер:
""Асабаны" баштаганда ага ишенгендер аз болгон"
- Мен Мелисти "Ленинчил жашты" "Асаба" кылгандан бери билем. Ал кезде анын колунан бирдеме келээринен көбү күмөн санаган. Бирок ал көшөрүп атып эң окумдуу, таптакыр башка өңүттөгү "Асабаны" чыгарды. Муну менен ал көп адамдарга чоң тоскоолдуктарды оңой буза ала тургандыгын көрсөткөн. Ал орус-кыргыз тилинде эркин жаза ала турган мыкты журналист, кыйын саясатчы, адамгерчиликтүү жолдош эле. Эркиндикти сүйүп, эркиндикти өнүктүрүү боюнча чоң эмгек кылды. Ал өмүр бою бир нерсени өзгөртүп, жаңылык киргизүү менен алек болду. Экөөбүз көптөгөн чиновниктер жашаган үйдө кошуна жашап калдык. Бир жолу ошол үйдө жашаган саламаттыкты сактоо министри "экинчи кабатта жашайм, жетинчиде болсо Эшимканов, биринчи кабатта Карабеков жашайт. Кененирээк дем алганга мүмкүнчүлүк жок" деп оор үшкүрүнгөнү эсимде. Кыскасы, аны элдин баары билген. Анын кастары көп болгон, бирок достору алда канча көп эле.

Асылбек Өзүбеков,
ырчы, КРнын эмгек сиңирген артисти:
"Меке кесме куурдагымды көп айтар эле"
- Мелис досум менен бала кезден эң сонун тентектик күндөр өттү. Үй-бүлөбүз менен катыштык. Анын мага адамгерчилиги, жөнөкөйлүгү, шайырдыгы жакчу. Мага дос катары көп жардам кылгысы келерин сезчүмүн. "Ой, Асыке, сен эл кол чапса эле жыргап жүрө бересиңби. Балдарың чоңоюп келатат. Үйүңдү, Сүйүндү (келинчеги) ойлочу ой. Эмне үчүн элдей суранып, жулунбайсың?" деп сүрмөлөп калар эле. Кантели, күтүүсүздөн болду. Он күн мурун эле жолукканбыз. Көз алдымда анын тамекисин түтөтүп, бырс этип акырын күлүп койгону сакталып калыптыр. Албетте, Мелисти бирөө мындай, бирөө тигиндей дешчү. Бирок ал башкача көз карашы менен, элге болгон сүйүүсү, курчтугу менен элдин эсинде калды. Мелис тууралуу талаш-тартыш али көп айтылат. Аны эч ким унутпайт. Анткени Эшимканов өзүнүн өзгөчө образын түзүп кетти. Ал кээде бала кыял, ишенчээк эле. Бир жолу мен "кесме куурдак" деген фирменный тамагым бар, мыкты жасайм деп мактанып койгом. Бир күнү баягы "кесме куурдагыңды" бүгүн жейли деп келинчеги менен келди. Отурабыз. Бир маалда Сүйүндүн кесме кесип атканын көрүп, "ой, энеңди урайын жинди, жебейм кесмеңди, мен сени кесме кесип жасайт экен деп атса" деп кеткени турат. Кой эми, меники кайсы, Сүйүндүкү кайсы деп отургузуп, кесмебизден жеп кеткен. Ошону көпкө айтып жүрдү.

Темир Сариев,
"Ак-Шумкар" партиясынын лидери:
"Анын күчтүүлүгү менен эсептешишчү"
- Турмуш өзү күрөш экен. Мелис күрөшүп жүрүп өттү. Ал "мен бунтармын, ичиме эч нерсени катып тура албайм" дечү. Ошон үчүн ал досуна да, касына да бирдей көрүнөр эле. Баары анын улуулугу, күчтүүлүгү менен эсептешишчү эле. Ал күчтүү жетекчи, менеджер болду. Көзү тирүүсүндө көптөр ага таарынып, жамандап жүрүштү. Бирок мунун жүрөгү чындык, элдин кызыкчылыгы, эркиндик деп согуп турду. Акыры көп нерсеге жүрөгү чыдабай, чын дүйнөгө кетти. Мелис бийликке оппозиция болуп турса дагы, акыйкаттыктын жышааны болуп акыркы сапарга бийлик өзү узатып отурат. Андыктан Мелис өлбөйт. Ал түбөлүк элдин эсинде калат.

Өмүрбек Абдрахманов, коомдук ишмер:
"Эшимканов эч качан конъюнктурага берилбеди"
- Мелис кыргыз журналистикасында эң чоң жолду чапты. Андан башка саясый жолду багыттаган бир да журналистти көрө элекмин. Албетте, бу кишини жактырбагандар да, жек көргөндөр да көп болду. Эшимканов эч качан конъюнктурага берилбей, жыйырма жыл оппозиция болуп, авторитардык бийликке гезити менен каршы турду. Бул жигиттин колунда иштеген журналисттердин 80 пайызы азыр чындык үчүн күрөшүп атат. Ооба, айрым журналисттерди ушакчы деп жаман көрөбүз. Бирок биз, эл, өзүбүз ошондой ушактарды жакшы көрүп атабыз. Бүгүн "Азаттыктан" анын мурдагы жоопторун уктум. Анда ал "туура, мен Бакиев тарапка өтүп кеттим. Бирок мен ал жакта да бир нерсе өзгөртөм го деп ойлогом. Көрсө, терең жаңылыпмын. А силер кайсы бийлик болбосун ошонун кетменин чаап жүрөсүңөр" деп айтыптыр. Бул кеби менен ал кыргыз тарыхында орду бар экенин көрсөтүп атат.

Аликбек Жекшенкулов,
"Акыйкат" партиясынын лидери:
"Тез эле "түндүктөн түшкөн редактор" аталган"
- Мелиске иним катары убагында тарбия бердим. Мен Комсомол комитетинин жетекчиси болуп турган кезимде, ал "Ленинчил жашка" бөлүм башчы болуп келди. Кийин аны Комсомол комитетине жумушка алгам. Ал жерден Мелис "Ленинчил жашка" редактор болуп, тез эле "түндүктөн түшкөн редактор" атка конду. Ошо кезде эле ал журналистикада башкача кадамдарды жасап, креативдүү нерселерди баштаган. Негизинен, Эшимканов өтө таланттуу журналист, чыгаан саясатчы болчу. Адам катары ал өтө ак көңүл, бирөөлөрдү өзүнө магниттей тарта билген, жоктон бар кылган реформатор эле. Өлүм ак экен, жаткан жери жайлуу болсун.

Султан Раев,
КРнын президентинин кеңешчиси:
"Мелис парадокс, Мелис феномен"
- Мелис Эшимканов эч бир калыпка сыйбаган, соңку кыргыз тарыхынын феноменине айланды. Мелис Эшимкановду айтарыбызда, анын ысымына байланыштуу ар кандай эпитеттер эсибизге келет. "Мелис бунтарь, Мелис авантюрист, Мелис демократ, Мелис харизматик, Мелис парадокс, Мелис феномен". Бул эпитеттерди кандай түшүнбөйлү, ал сөздүн нукура маанисинде өз мезгилинин чыныгы инсаны болду. Ал бул турмуштун карама-каршылыгы менен өз абийиринде кармашты. Жыгылды, турду, утту, уттурду. Бирок ал дайыма өзүн өзү издеп келди. Биз аны кыргыз демократиясынын Бонопарты деп билели.

Ибрагим Жунусов,
КР өкмөтүнүн вице-премьер-министри:
"Ал агымга каршы сүзгөндө тазаланарын, курчуурун, бышарын билди"
- Мелис Эшимканов "Ленинчил жаш" гезитине редактор болгондо жаш, курч редактор кандай болушун бүтүн Кыргызстанга көрсөттү. Андан соң "Жаштык жарчысы" аталганда, жаштардын жарчысы болду. Кийин "Асаба" деп кыргыз жаштарынын асабасын көтөрдү. "Асаба" жабылганда "Агым" чыгып, ал кыргыз тарыхынын, саясатынын эле агымы болбой, жашоонун агымын бүткүл элге көрсөттү. Бирок Мелис өзү агымга каршы сүздү. Ал агым менен акыр-чикирлер кошо агаарын, каршы сүзсө бышып, курчуп, тазаланарын билди. 60-жылдары Рыспай Абдыкадыров обончулукта кандай бурулуш жасаса, 90-жылдары Мелис Эшимканов журналистикада ошондой бурулуш жасады.

Мелис СОВЕТ уулу




кыргыз тилиндеги гезит "De-факто"









??.??