Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери


п»ї
Саламат айымдын жаны тынбай
Жакында эле президент Роза Отунбаеваны коштоп Кытайга Чырмаш Төрөбеков, Токтобек Асаналиев, "Акмарал" бий ансамбли менен биргеликте барып келген Саламат Садыкова баш-оту менен ишке киришти. Эл артисти учурда Улуттук филармониянын 75 жылдык мааракесине арналган салтанатка даярданып, жаны тынбай жүргөн кези. Ошону менен катар жеке концертине да кам көрүп, "шайлоо бүтөрү менен дүңгүрөтө ыр майрам кылсам" деп максат кылууда.


Эр тайын тартабы?
Кичине кезинен бери ыр дүйнөсүнө аралашкан Иса быйыл студент болду. Өзүнүн айтымында, таенеси баш болуп, бардык таяке-таежелери юриспруденция жаатында эмгектенишет экен. Акыры каны тартканбы, айтор, Иса да Кыргыз-Орус Славян университетинин юридикалык факультетине тапшырып, окуп атат. Убактысын экиге бөлүүгө туура келген студент эртеден түш оогонго чейин окууга барып, кечки убактысын чыгармачылыкка жумшайм деп чечти.


Азат - аскерде
Буга чейин жогорку билим алам деп аскердик кызматты кийинкиге калтырып келген Азат Болотбек акыры камуфляж кийди. "Эртең менен беште туруп чуркайбыз, кечкисин 11де жатышыбыз керек. Кадимкидей колума автомат көтөрүп, мекен алдындагы жоокерлик милдетимди аткарып атам. Бирок "дедовщина" деген такыр жок" дейт өзү. Кызыгы, Азат илгерки жоокерлердей кат жазышып, сүрөт алышпай, заманбап ыкма менен СМС жазышып сүйлөшөт экен күткөн кыздар менен.


Кенже айым кыз төрөдү
Казакка келин болгон кыргыз кызы Кенже Дүйшеева убактысынын көбүн Алматы-Бишкек жолунда өткөрүп атат. Мына-мына деп ай-күнүнө жетип турган ырчыны дарыгерлер алыс жолго жүрүүнү токтотууну эскертиптир. "Жолдо төрөп салбасаң болду деп жолдошум да кабатыр болуп атат. Бирок Бишкектен да, Алматыдан да төрөт кабыл алчу дарыгерге сүйлөшүп койгонбуз" деген ырчы кечээ кыздуу болду.


Азиз сахнага качан кайтат?
Көптөн бери сахнадан көрүнбөй калган ырчы жигит Азиз Жетигенов чыгармачылыкка аралашуусунун белгиси катары жакында Гүлсина Чотонованын "Бактылуу болгум келет" тасмасына тартылды. Качан ыр дүйнөгө кайтаарын сураганыбызда "Шайлоонун үгүт иштерине катышып ырдашым мүмкүн. Ошондон кийин гана кайрадан жаңы ырларды жаздырып, сахнага чыга баштайм" деди.


Юлия Руцкая Молдавиядан 2-орунду алып келди
Ырчы Юлия Руцкая Молдавияда өткөн "Nova Latinitas-2011" сынагында Кыргызстандын намысын татыктуу коргоп, 2-орунга ээ болуп кайтты. Он мамлекеттин таланттары катышкан бул сынакта Юлия испан тилиндеги "Alejate" деп аталган ырды аткарды. Ырчы дипломдон тышкары акчалай сыйлык менен да сыйланды.


Күйөөгө шашкан кыздар
Учурда Бишкектин кинотеатрларында жүрүп аткан "Быйыл сөзсүз күйөөгө тием" тасмасында күйөөгө шашкан кыздардын образын эки ырчы: Бегимай Эсенгулова, "Нон стоп" тобундагы Чолпон менен алпаруучу Назира Айтбекова жаратты. Бул фильм үчөөнө тең кинодогу дебют. Бегимайдын продюсери Динара Эсенгулованын айтымында, кыздар башында образга кире албай, аягында гана профессионал актрисалардай ойной баштаган экен.







кыргыз тилиндеги гезит "De-факто"









??.??