Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери


п»ї
  Биздин көчөдө

Мидин Алыбаевдин батасын алган Дүкөнаалы

Бишкек шаарынын Калыс-Ордо жаңы конушунда жашаган Дүкөнаалы Акматов өзүнүн ысымы менен ар дайым сыймыктанып келет. Анткени ысымын залкар талант Мидин Алыбаев койгон экен.

- 1957-жылдын 5-майы экен. Жолоочу болуп кетип бараткан Мидин Алыбаев Кочкор районундагы Чолпон айыл өкмөтүнө караштуу биздин Ак-Учук айылынын жанындагы дүкөнгө токтоп калат. Атам ал дүкөндө кароолчу, үйүбүз да дүкөндүн жанында. Ал күнү үйдүн алдында эл топтолуп, кирип-чыккандар көп болот. Мидикем чогулгандардан "Бул жакта эмне болуп жатат?" деп сураса, "Келиндин толгоосу келип жатат" дешет. Мидикем бала төрөлгөнчө күтүп турат. "Уул төрөлдү" деп сүйүнчүлөшкөндө, "Мидин Алыбаев деген мен болом, уулдун атын мен коеюн" дейт. Бир азга ойлонуп туруп, "Уулдун аты Дүкөнаалы болсун!" деп айтат.
Мидикем дүкөндөн төрт бөтөлкө арак сатып алып, кырдуу стаканга куюп туруп, ал жерде чогулган кишилердин баарына ичире баштайт. Ичпегендерине тапанча такап, "ичпесеңер бирди көрөсүңөр" дейт. Чочуганынан баары кырдуу стакандагыны калтырбай тартып жиберишет. Көрсө, коркуткан тапанчасы 20 тыйындык, дүкөндөн сатып алган оюнчук экен, - дейт Дүкөнаалы.
- Кичирээк кезиңизде ысымыңыздан терикчү эмес белеңиз?
- Өмүр бою эле сыймыктанып келатам. Менин билишимче, Кыргызстандан мындай ысымдуу кишини көрө да элекмин, уга да элекмин, сейрек ысым. Кичинекейимде балдар "Дүкөн, конфет сатчы" деп, чоңойгондо "Дүкөндө арак барбы?" деп тийишчү. Азыр Калыс-Ордо тараптагы жаңы конуштардагы МТУ, б.а. муниципалдык-аймактык башкарууда дүкөн, соода-сатык маселелерин тейлейм, тааныштарым "атыңа жараша кызматың бар" деп тамашалап калышат.
- Атыңызды койгон Мидикемдин талантынан сизге да бир нерсе жугуштубу?
- Шайыр, шатыра-шатман жүрөм, азил окуялардан элге кеп салып бергенди жакшы көрөм. Ошол жагынан кичине жуккан го. Ичимдик ичпейм, тамеки тартпайм, дин жолундамын. Айтор, атыман эч запкы тарткан жокмун, тескерисинче, ар дайым элге айтып сыймыктанып келем, атым да Дүкөнаалы, ага жараша кызматым да дүкөндөрдү тейлөө, турмушум да дүкөндөгүдөй бапырап, берекесин берип турат.
- Мидикем менен жолуккан белеңиз?
- Жумгалга ары-бери өткөндө Мидикем көп эле жолу биздин үйдүн жанындагы дүкөндөн соода жасап кетчү экен. Ал убакта кичинекеймин да. 2-3 жыл мурун бекен, Жумгалга атайын барып келгем. Чаекте болдум, Мидикем жашаган үйгө барып, алысыраак туугандары менен жолугуштум, окуган мектебинде болдум. Өзүнө багыштап куран окутуп, арбагына таазим этип келгем.

Айгүл Бакеева




  Жан дүйнө ыйы

Мусакундун күндөлүгү

Жети-Өгүз районунун Саруу айылынан бакыт издеп Караколго келген акын, жазуучу, 1-топтогу майып Мусакун Сатыбалдиев өзү айткандай, жарык дүйнөгө келгенден бери оорунун азабын тартып, "жеңилбейм, жеңем, жашоонун ар бир күнүн кызыктуу өткөрүүгө сөзсүз жандалбас урам" деген бийик максаттар менен өмүр кечирүүдө. Анын ушул тапта "Бейиттеги боз торгой", "Сыр дүйнө", "Миң тарам жолдор", "Бөрү киши" деген повесттери, романдары Бишкек шаарындагы "Бийиктик" басмасынан жарык көрүү алдында турат. Мусакундун өзү тууралуу жазылган баяны кызык экен. Айрым үзүндүлөрүн бердик.

"Он төрт жашымда тамга тааныгам"
Борбор калаадагы ооруканадан Нургүл аттуу бир кыз менен таанышып калдым. Ал менден үч жаш улуу эле. Балалык ууз сүйүүм ошол ак жуумал, татынакай кызга ачылды. Албетте, аны менен жакын олтуруп, сүйлөшө албадым, батынбадым.
Нургүл ооруканадан чыгып баратып, мага бир китебин таштап кетти. Ал учурда мен он төрт жаштан өтүп калгам. Тамга таанычу эмесмин. Кыздын берген китебин боорума кысып, катып жүрдүм. Үйгө келгенден кийин онунчу класста окуган Зинагүл эжеме "окуганды үйрөтүп койчу" деп өтүндүм. Себеби мен үчүн эң кымбат болгон китепти өзүм окугум келди. Бир нече күндүн ичинде тамгаларды жаттап, бир жумага жетпей сөз курап окуй баштадым. Ошентип, китепти окууга жол ачылды. Ал китеп Джек Лондондун "Жашоо кумары" деген китеби экен. Ким тарабынан которулганы азыр эсимде жок. Өмүрүмдө алгач окуган китеп ошол болду. Көрсө, чын эле Нургүлдүн мага айта турган сөзү бар экен. Ал мага: "Билл сыяктуу кайраттуу, эрктүү бол. Ошондо гана жашоо кумарын сезесиң" дегиси келгенин түшүндүм.

"Өзүмө-өзүм кат жазчумун, жообун да алчумун"
Балалыгым абдан азаптуу өттү. Эстесем, азыр да көзүмдөн салаалап жаш куюлат. Атамдын жонунан түшкөн жокмун. Жакшы баса албайм, оюмду так айтып сүйлөө да мен үчүн тирүүнүн тозогу эле. "Ушинтип кор болуп жашаганча өлөйүн деп да көрдүм. Балким, жеңил ойлуулукка азгырылсам өз жанымды өзүм кыйып да салмак белем. Нургүлдү Фея деп атап, ага кат жаза баштадым. Жазган катыма Феянын атынан кайра өзүмө "жооп" жаздым. Аны күүгүм жамынып, коляскам менен почта жашигине салып келдим. Эртеси ал өз "колума" тийди. Ошентип, өзүм менен "кат алышуу" башталды. Эмнегедир көңүлүм чайыттай ачылып, башка дүйнөдө жүргөндөй боло баштадым. Чыгармачылыгымдын башаты ушундан башталды десем жаңылбайм. Анткени ошол каттарда жан-дүйнөмдө эмне болсо ошонун баарын жазчумун. Бирок жазуучу болом, китеп жазам деген оюм жок эле. Чыгармачылык чөйрө мен үчүн асмандагы жылдыздай сезиле турган.

"Кызгалдактар өскөн бетке кол арабам менен чыккам"
Бул да күтүлбөгөн жерден болду. Карындашым Чынара талаадан терип келген гүл мага эмнегедир аябай кооз көрүндү. Бул жаратылыш менен болгон байланышымдын жоктугунан болсо керек. Анан ошол гүлдөрдүн өсүп турганын, мындайча айтканда, "тирүүсүн" көргүм келди. Ушул ой жаныма тынчтык бербей, бушайманга салды. Эмне болсо, ошол болсун дедим да жолго чыктым. Жол билинбегени менен өр таянып кетет экен. 15 жашымда тобокелге бел байлап, кол күчү менен жүрүүчү коляскам менен өмүрүмдө биринчи жолу айдыңдуу талаага чыккам. Азыр ойлосом балалыктын өжөрлүгү, өткүрлүгү гана 6 чакырым жолду артка калтырыптыр.
Тоо бетин бербей өскөн кызгалдактарды өз колум менен үзүп алуунун ыракатын ошондо алгач жолу сезген элем. Ал окуяны "Бейиттеги боз торгой" аттуу романыма киргизгем. Азыр деле ачылган кызгалдактарды көрүүнү самайм. Аттиң, алдымда машинам болбогон соң, кимге жалдырайсың.

"Мен чарчоону далай жолу чарчаткам"
Кайсы бир ырымда "Мен чарчоону далай жолу чарчаткам" деген сап бар. Бул турмуштук тажрыйбамдан сызылып чыккан жыйынтык десем болчудай. Бирок мен кийинки эки жылдын ичинде гана жемиштүү иштедим окшойт. Жогоруда айткандай, бир жарым жылга жетпеген убакыттын ичинде эки романымды бүткөрдүм. Мен аз жазам. Анын үстүнө кийинки он жыл аралыгында көр турмушка байланыштуу башка бир "өнөрдү" өздөштүрүп алууга туура келди. Ал - башка бирөөлөрдүн кол жазмаларын алып, аларды компьютерге терип, анча-мынча оңдоо-түзөтүүлөрдү киргизип, басмага даярдап, көпчүлүгүнө баш сөздөрдү жазып берип, редакторлук кылуу. Бул мезгилдин ичинде 55 китеп колумдан өттү. Арасында романдар, повесттер, поэтикалык, тарыхый, этнографиялык жыйнактар бар. Күнү бою компьютерде олтуруу ден соолукка таасирин тийгизбей койбойт экен. Үч жылдай болду - жакшы баса албай калдым. Көчөгө бирөөнүн жардамысыз чыга албайм, буттарым тырышып калып, жыгылып түшөм. Көзүмдүн курчу кетти. Бир жерге бара турган болсом "такси" чакырууга туура келет. Көчөдөн көрүнбөй калганымдын жөн-жайы ушундай. Жанын кыйнап, ден соолугунан ажырап акча таппай эле койбойбу дечүлөр да чыгар. Ошончо жасаган эмгектин акыбети кайтып, чөнтөк дөмпөйткөн акча тапкан болсом кана, атаганат.

Шейшекан ЖАНАЛИЕВА,
Ысык-Көл









кыргыз тилиндеги гезит "De-факто"









??.??