Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери


п»ї
  Айланайын, айылдыктарым

Нарындык Таня

Бул көгүлтүр көздүү зайыпты нарындыктар ызаат менен "Таня эже" деп чакырышат. Татьяна Балаеванын ата-энеси совет маалында Ат-Башыга иштеп келип, отурукташып калган экен. Жалаң кыргыздын арасында чоңойгон Таня айым шырдак шырып, чий чырмап, кийиз басканды кыз күнүндө эле үйрөнүп алыптыр. Учурда Нарын шаарындагы Чкалов атындагы мектеп-гимназиясында башталгыч класстардын окуу-тарбия иштери боюнча орун басары.

Таня айым кайсы жакка барбасын, аралашып кетет. Жамандык-жакшылыктан калбайт. Кошуналар менен ыражасы бар, келин алышса аны дайыма чакырып, жоолук салдырышат. Айрыкча талгак болгон кош бойлууларТаня эжесине келип, колунан даам сызып кетет экен. "Бир тиштем менен көңүл алат эмессиңби, келиндердин курсагын тойгузган соң "аман-эсен төрөп ал" деп бата берип узатам" дейт өзү.
Таня эже кыргыздын улуттук тамактарын жакшы көрөт. Жарма, күлчөтай жасоо жагынан анча-мынча келиндерди артка таштайт. Айрыкча быжыны катырат.
-Быжыны үй-бүлөбүз менен жакшы көрөбүз. Ошондуктан тез-тез жасап турам. Кээде мөөн жок болуп калган убакта кадимки целлофан баштыкты колдоном, - деди жаңы ыкмасы менен бөлүшүп. Улуулата устукан тартуу жагынан да коңшуларын таң калтырып келет.
- Абышкам экөөбүз жаңы үйлөнгөн кез эле. Кайнатам орус болгондуктан эт устуканды билбейт экен. Бир жолу койдун бүкүлү этин көтөрүп келиптир, балталап чаап кирди. Аны көрүп чыдабай кеттим. "Ай, ата, кое туруңузчу" деп токтото калып, алеки заматта жиликтеп салдым. Ошондо ал киши аябай таң калып, баа берген эле, - дейт өткөн күндөрүн эскерип.
Таня айымдын агартуу тармагында иштегенине туура 38 жыл болду. Ошончо мезгилден бери мектеп экинчи үйү болуп калганын, окуучуларды баласындай көрөрүн айтты.
"10-12 эле түтүн орустар калдык. Калгандары жакшы жашоо издеп кетишти. Мен кете албай койдум. Нарынымсыз жашоомду элестете албайм" деген эженин уулу кыргызча сүйлөп, ырдайт экен. Өзү да кыргызча ыр жазат. Кызы болсо Орусияда.
Нарында мына ушундай кыбыраган эмгеги элге сезилбеген, кыргыз тилине, дилине, урматтоосу күчтүү Таня айым бар. Ушу кезге чейин Тил комиссиясы тарабынан кыргыз тилге сиңирген эмгеги үчүн төш белгини кой, жарты барак мактоо баракчасын албаса да кыргызды жанындай сүйөт.
Махабат Абдылдаева, Нарын




  Жунгли токоюнда

Жалгыз уулун ажалга жулдурган ата арманы

Кемин районундагы Алмалуу айылынын тургуну 46 жаштагы Байтемиров Нурадил 2009-жылдын 15-майында тоодон уй айдап келем деп үйүнөн чыгып кеткен бойдон кайрылып келген эмес. Анын ордуна киши колдуу болгон жансыз денеси келген. Уулунун канына забын болгондордун дале боштондукта сайрандап жүргөнүн айтып күйгөн 82 жаштагы Байтемиров Жаныш ата редакцияга адилеттик издеп келди.


Ажалга жетелеген кошуна
82 жаштагы Байтемиров Жаныш ата башынан өткөн армандуу окуяга токтолуп өттү: "Байбичемди жерге бергениме он эки жылдын жүзү болду. Эки кыз, бир уулум бар эле. Жалгыз кулунумдан айрылып, эми минтип канкакшап жүрөм. Балам он кишинин малын баккан фермер болчу. Он бир тууган чогулуп мал бактырчубуз. Ошол каргашалуу жылы ооруп, кышкыга чөптү жакшы дайындай албай калган. Кычыраган кыш маалында тоютка чөп жетпей, 17 уйду акысын төлөп бир жолдош баласына май айына чейин бактырган соң кошунасы Мамбетказиев Таласбекти ээрчитип, экөө чогуу уйларды айдап келмекке тоого чыгышат. Кошунасы дароо эле тескери жолго салат. Менин балам жолду жакшы билбегендиктен аны менен бирге кете берет. Ал болсо адаштырып олтуруп, бир үйгө алып барат.

"Балам кыйналып жатса карап отурушуптур"
Ал үйдө бейтааныш адамдар арак ичип олтурушкан экен. Таласбектин тааныштары болуп чыгат. Экөөнө арак ичиришет. Ичине жинди суу киргенден кийин Таласбек ал жерден кеткиси келбей калат. Менин уулумдун кетели деген сөзүн укпайт. Өзүн дагы кетирбейт. Ошондон чатак чыгып, беш адам биригип Нурадилди өлтүрүп коюшат. Анын жарымы ошол Алмалуу айылынын, жарымы кошуна Кара-Дөбө айылынын адамдары экен. Саат 10до айылдан тоону көздөй чыгышыптыр. Саат 12де жанагы бейтааныш үйгө түшүшүптүр. Баламды өлтүрүп коюшуп анан саат төрттө Бишкекке кызыма чалышыптыр. Ага "Ат тээп өлтүрдү" деп угузуптур. Сөөктү алып келишкенден кийин сөөктү жуугандар айтышты. "Ата, бул киши колдуу болгон сыяктуу" дешти. Көрсө, балтанын арты менен урушкан окшойт. Эки кабыргасы сынып, аркасына кан толуп 4 саат кыйналып жатып өтүп кетиптир. Тез жардам чакыруунун ордуна качан өлөт деп карап олтура беришиптир. Балам жаны кыйналып "Тез жардам чакыргылачы, же машина чакырткылачы" деп жалооруганын, жалдыраганын укпай, качан каза болуп калгандан кийин гана Бишкекке чалышыптыр. Ошондон кийин мен Кеминдеги сотмедэкспертизага кайрылдым. Андан кийин Республикалык сотмедэкспертизага кайрылдым. Кийимин өзүнчө сотмедэкспертизадан өткөрүштү. Үч сотмедэкспертиза тең, "ат тепкен эмес. Ташка жыгылган эмес. Киши колдуу болгон" деп жыйынтык чыгарышты".

Боштондуктагы жаналгычтар
Менин уулум киши колдуу болуп каза болгондон бери иши 6 жолу сотто каралды. Бул адам өлүмүнө себепкер адамдардын ичинен Мамбетказиев Талас гана 7 ай түрмөдө жатып, акчанын күчү менен акталып кетти. Анын баары бир кайрадан соттолоорун билген жакындары Чым-Коргонго жаткырышкан. Эки жарым айдан бери же үйүнөн жок, же түрмөдөн жок Чым-Коргондо жатат. Бул өлүмгө себепкер адамдардын дагы бири Молдошев Нурлан уурулугу, ээнбаштыгы, баңгизат сатканы үчүн, айтор, 8 жолу соттолгон адам экени такталууда. Уулумду өлтүрүп 9-жолу кылмышын жасады. Ошондо да жазаланбай жүрөт. Калгандарына да чара көрүлбөдү.

Кысталактыкы, баланын күйүтү оор тура
Элдер беш убак намаз окуса, мен 6 маал намаз окуйм. Алтынчы намаздын аты "Тахажут" деп аталат. Алтынчы намазды Мухаммед пайгамбар окучу экен. Бул намазды окусаң жараткан тилеген тилегиңди кабыл кылат экен. Ошон үчүн түнкү экиде туруп алып бешке чейин 6-намазымды окуйм. Кысталактыкы, баланын күйүтү жаман экен. Ал түнкү маалда балама атап куран окуйм. Теспе тартам. Эки жыл, төрт айдан бери көксөгөнүм - соттордун адилет чечими.





  Темир тор

Ычкыр айынан жаш кызга кол салды
2011-жылдын 2-сентябрь күнү түнкү саат үч жарымда 15 жашар Ж.Э. аттуу кызды 30-35 жаштагы белгисиз эркек күч колдонуп, зордуктап койгон. Аны менен тим калбай "Нокия" үлгүсүндөгү уюлдук телефонун өкүмзордук менен тартып алган. Аталган окуя Майлуу-Суу ички иштер бөлүмүнө белгилүү болору менен ыкчам тергөө тобу түзүлүп, иш-чаралар жүргүзүлө баштаган.
Натыйжада, кылмыш изи сууй электе Майлуу-Суу шаардык ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан кылмышка шектүү Токтогул районунун 26 жаштагы Б.Т. аттуу тургуну кармалды. Үйүн текшере келгенде кыздын кол телефону табылды. Азыр тергөө амалдары жүрүп жатат.

Чөп ором деп граната тапты
Сузак айылынын тургуну өз ыктыяры менен табылган граната Ф-1 жана ок-дарыларды тапшырды. 2011-жылдын 13-сентябрь күнү саат 16лар чамасында Сузак районунун Бостон айылынын 57 жаштагы тургуну каналдын боюнан чөп оруп жүрүп, целлофанга оролгон бир даана Ф-1 үлгүсүндөгү граната жана Калашников автоматынын 7,62 мм. калибриндеги 1, 56мм. калибриндеги 26 даана окторду таап алган. Алынган кабар боюнча тез аранын ичинде Жалал-Абад областтык ички иштер башкармасынын кылмыш иликтөө бөлүмүнүн кызматкерлерине кабар берген. Азыркы кезде куралды өз ыктыяры менен тапшырган атуулга сыйлык берүү жагы күтүлүүдө. Табылган ок-дарыларга баллистикалык экспертизалар дайындалып, тергөө амалдары жүрүп жатат.

Кан жолдогу каргаша
10-сентябрь күнү саат 18.30дар чамасында, Токтогул районундагы, Бишкек-Ош автожолунун 254 чакырымында Бишкектен Ошту карай бара жаткан "ОсОО Транс Азия" мекемесине тиешелүү, мамлекеттик номери 19 35 SC сандуу "Фрейд-Лайнер-Колумбия" автоунаасы өзүнө карама-каршы багытта келе жаткан, мамлекеттик номери В 76 47 Н сандуу "Фольксваген-Жетта" автомашинасы менен кагышкан. Натыйжада, "Фольксваген-Жетта" автоунаасынын айдоочусу жана аны менен бирге келе жаткан 3 жүргүнчүсү ошол замат каза болгон. Алар: Баткен областынын Кадамжай районунун кароол айылынын тургуну, 1972-жылы туулган Нишанов Султанали Таштанович, Бишкек шаарынын Чыгыш-5 кичи районунун №1 үйүнүн 44 батиринин тургуну, 1970-жылы туулган Алимбекова Адинакан Насирдиновна, Бишкек шаарынын тургуну 2003-жылы туулган Айдаров Айдарбек, Бишкек шаарынын Арча-Бешик конушунун тургуну, 1967-жылы туулган Бекмамбетова Гүлзада Сартмамбетовна болгону аныкталды.

Таалайбек Сусунбаев, милициянын подполковниги, Жалал-Абад областтык ички иштер башкармасынын басма сөз катчысы








кыргыз тилиндеги гезит "De-факто"









??.??