Аты улук, супурасы курук

Ак-жарда мектеп курулуп бүтө элек, суук түшөрүнө аз калды
Талас районунун Ак-Жар айылындагы А. Султанбеков мектебинин бир корпусу 1965-жылы, экинчи корпусу 1987-жылдары шашылыш курулуп ишке берилген. Шашкан шайтандын иши болуп, көп өтпөй чатырынан суу өтүп, полдору чирип, ишмалдасы чыккан корпустарга окуй албай, 150 окуучу кошуна Таш-Арык айылындагы мектепке барышчу. 2 чакырым жолду жөө- жалаң басып азап тарткан балдарда быйыл "жаңы мектепке киребиз" деген үмүт бар эле. Тилекке каршы, курулуш иши кечеңдеп, мектептин ачылышы октябрга жылды. Мектеп директору Нуржамал Жолдошеванын айтымында, жаңы мектептин курулушуна мамлекеттик бюджеттен 40 миллион сом бөлүнгөн. Курулуш иштери 2008-жылы ноябрь айында башталган. План боюнча 2010-жылы толук бүткөрүлмөк. Апрель ыңкылабы, анан Ош окуясы болуп иш токтоп калган.
- Эгер күн жылуу болсо мектептин ички жумуштары 1-октябрга чейин бүтүп калат. Сырткы жумуштары али көп, ноябрга чейин иштейбиз го. Бакиевдин учурунда от жага турган жай көмүр менен ысытууга даярдалган. Былтыртан бери туш-тушка кат жазып жатып, электр энергиясы менен да жылытууга уруксат алдык, - деди прораб Эсенбек Жорготаев.
Учурда мектептин курулуш ишинде 4 бригададан турган баш-аягы 31 жумушчу иштөөдө. Августтун аягында Таласка иш сапары менен Алмаз Атамбаев келгенде мектепти кыдырып көрүп, курулуш иштерин илгерилеттүү үчүн 2-сентябрда 20 жумушчу жиберген.

Мира Сейдикеримова, Талас




Төрөбай Кулатовдун айылында окуучулар сыз чатырда окуп жатышат

Мектеп директору Тынара Абдрахманованын айтымында, аталган мектеп тээ совет доорунда 1947-жылы ашар жолу менен курулган. Мектепте болгону 13 гана бөлмө болгон. Анын бири китепкана, бири ашкана, бири директордун иш бөлмөсү, бири мугалимдерге бөлүнүп берилген. 9 бөлмөдө 28-30дан окуучу камалып билим алышчу. 20-июлдагы жер титирөө "какаганга муштаган" болуп, өзү араң турган мектепти толук иштен чыгарып салды. Бүгүнкү күндө мектептин пайдубалы жарылып, шыбагы сыйрылып, мектеп аты эле болбосо мал сарайчалык сыны калган жок. ӨКМ өкүлдөрү "бул мектепти пайдаланууга болбойт, жараксыз" деген чечим чыгарып кеткенден кийин 420 окуучу чатырда билим алууда.

Тынара Абдрахманова, мектеп директору:
"Чатырда балдарга ысык-суук өтүп жатат"
- 4 чатырга 420 окуучу кантип батып атат? Же 3-4 смен менен сабак өтүп жатасыздарбы?
- Биздин мектепте 1-11-класска чейин 16 тайпа бар. Аларды азыр экиге бөлүп, эки смен менен окутуп жатабыз. Бир чатырдын жарымында бир класска сабак өтүлөт. Ал эми дагы бир класс ошол эле чатырдын жарым жагын ээлейт. Албетте, бул эч кандай акылга сыйбаган көрүнүш. Бирок бизде мындан башка арга жок. Мугалимдерибиз окуу куралдарын чатырларга көтөрүп киришип, кайра көтөрүп чыгышып, эптеп сабак өтүп жатабыз.
-Чатырда сабак өтүү кандай экен, күз-жазда ысык, кышкысын суук болсо керек?
- Баарыбызга эле кыйын болуп атат. Күн катуу ысыганда балдар тердеп, кыйналат экен. Суукта буттарынан сыз өтүп атат. Чатырлар курулган жер мурда мектептин багы болчу. Тынбай суу жайылып турчу да. Эми чатырдын ичине кирип жатат. Кечээ айыл өкмөттүн жыйынында да ушул маселени айттым. Кыш келгиче чатырлардын ичин убактылуу болсо да полдоп, меш орнотуп, жылуулаш керек. Антпесек, эртең кышкысын окуучуларды тоңдуруп алабыз дедим. Айыл өкмөтүбүз болсо "кое туруңуз, мектеп бузулсун деген чечим чыккандан кийин кышка кам көрөбүз" - деп токтотуп турат.
- Расмий бийликтерде мектептин азыркы абалы жөнүндө маалыматы барбы?
- Бар, албетте. 20-июлдагы жер титирөөдөн кийин эле Ноокат райондук билим берүү башкармалыгынын башчысы Акуш Асанов, райондун акими К. Салиев, Ош облусунун губернатору С.Жээнбеков, ЖК депутаты Т.Зулпукаров, райондук ӨКМ башчысы А.Кабыловдор келип кетишкен. Ошондон кийин райондук ӨКМ биздин мектепти толук жараксыз деп таап, сабак өтүүгө тыюу салып, ордуна төрт чатыр куруп беришти. Күтүп эле отура бербей борборго да кайрылып келдим. Министр К.Садыковдун жеке кабыл алуусунда болуп, көзмө-көз отуруп, мектептин абалын айттым. Ал "Палаткада окуп жаткан балдарга заманбап мектеп куруп беребиз" деген убадасын берген. Өкмөт башчы А.Атамбаевге да кат менен кайрылганмын. Ал киши да кабардар.

Азизбек Эргешов, Кулатов айыл өкмөтүнүн башчысы:
"Канал жатат, жол жатат, кайсы бирине жеткирейин?"
-Сиздин айыл өкмөткө караштуу К.Надиров орто мектеби жер титирөөдө жарылып, жараксыз болуп калган турбайбы?
-20-июлдагы жер титирөөдөн кийин мектеп жараксыз болуп калды. Бирок аны курууга азыр жергиликтүү бюджетте каражат жок. Ал мектепти жогору жактан каржылоо болсо гана кура алабыз. Ансыз биздин колдон келчүдөй эмес.
-Сиздин айыл өкмөттө бакыйган цемент завод бар эмеспи? Ошолордун жардамын пайдаланса болбойбу?
-Цемент заводдон болгону салыктын 3 түрү боюнча жылына 5 млн. сом түшөт. Ошол 5 млн. сомду күтүп, канал жатат, жол жатат. Кайсы бирине жеткирейин? Мектептин жөн гана долбоорун сыздырууга 1 млн. сом акча керек экен. Айыл өкмөттүн күчү ошол палаткаларга пол кагып, ар бирине бирден меш орнотконго араң жетет. Андан аркысын жогору жактан күтүп атабыз.
-Сиз айыл өкмөтү катары жогорку бийликтерден талап кылдыңызбы?
- Мен облус жана район бийликтерине кат жазганмын. Губернатор, аким баш болуп өз көздөрү менен мектебибиздин абалын көрүп кетишкен. Губернатор да мектепти курдуруп берүүгө аракет кыларын айткан. Ал эми азыр болсо ноокаттык ЖК депутаты Төрөбай Зулпукаров бюджетке киргизүүгө катуу аракет кылып жатат. Биз ошого ишенип турабыз.
Айтылуу Төрөбай Кулатовдун киндик каны таамп, кийин ошол Төрөбай Кулатовдун атын алып жүргөн айылдын өз аты Кумайдан. Кумайдандагы мектеп Афганистанда курман болгон К. Надировдун атын алып жүрөт. Надировдун да туугандары атын алып жүргөн мектепке демөөрчүлүк кылышып, анча-мынча кем-карчын бүтүрүп берчү экен. Эми минтип мектеп толук кулап жатса мамлекеттен башкасы демөөрчүлүк кылганга даабайт да. Совет доорунда Кыргызстанга далай завод, фабрикаларды курдурууга эмгеги сиңген Т.Кулатовдун айылында абал ушундай.

Ыдырыс Исаков,
Ош