Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери


п»ї
  Берметтер дүйнөсүндө

Бабалардын өрөөнү

Өрүкзарлуу Баткен даңазалуу жер. "Бабалардын өрөөнү" тасмасын көргөн адам, ал жердин өзүн көрө электе эле, сөз жок, ага ашык болуп калат. Анткени бул тасма ушунчалык поэтикалуу, көркөм, маңыздуу дагы. Ушундай бейиштей жерди мекендеген кыргыздарда арман жоктур дегиң келет! Бирок арман толтура. Ал жердеги бош айылдар, ээсиз үйлөр дагы деле коомдун көйгөйү болуп келет. Совет мезгилинде күч менен көчүрүлсө, азыр өз каалоолору менен качып кетип атышат. Кайда? Уулуу газдар саңырсыган, химикаттарга толгон ири шаарларга. Эмнеге?.. Ошо, эмнеге?!.. - дегиң келет, бүт ааламга кыйкырып…

"Бабалардын өрөөнүн" жараткан режиссер Кадыржан Кыдыралиев кыргыздын тунгуч кинооператору дагы. Кинону кантип тартканын божурап отурду.
- Кино менин бала кезден эңсеген кыялым эле. ВГИКке үч жолу тапшырып өтпөй калып, анан өткөм. Өзүм айылдан келген жылкычынын баласы болсом, атам согуштан келбей калып жетим калсам, орусча билбей, дилбаяндан кулап калам да. Улам даярданып, жыл сайын тапшырып атып акыры өттүм. Ошо кезде Сагын Ишенов да окуп калды кинонун сүрөтчүлүгүнө. Бирге жүрдүк. "Тоо дайрасы" даректүү фильмин тартып дипломумду эң мыкты баага тапшырдым. Анан өмүр бою Төлөмүш Океевдин, Мелис Убукеевдин даңазалуу фильмдерин тарткан "кыргыз кереметин" жаратышкан, номер биринчи кинооператорго айландым. Бирок мени бир ой көпкө чейин таштабады, ойлонуп жүрүп режиссер болуп "игровой" тартсам деп, акыры ушу тасма жаралды.
- Дароо эле уруксат бериштиби?
- Башкы редактор Ашым Жакыпбеков "Эмне кыласың тартып, ансыз деле атактуу кинооператорсуң, жүрө бер ошо бойдон" деп койду. Каарман Ашымов директор эле, эптеп-септеп андан уруксат алып, анан тарта баштадым. Улуу балам Хасанды оператор кылып алдым. Ал жаңы эле ВГИКти бүтүп келген анда, ата жолун жолдоп. Алты жашынан мени ээрчип киноаянттарына кошо барып жүрүп, айрым эпизоддорго тартылып, киностудиянын баласы болуп калган. Менин биринчи режиссерлук кылган тасмамда оператор болуп берди. Ошондон кийин Орто Азиядагы көрүнүктүү кинооператорлордун бири болуп калды. Көбүнчө "Казакфильмде" иштеп жүрөт.
- Авторлордон Мурза Гапаровду тандапсыз, анан Баткенди?
- Анын "Кызыл беде" сценарийи абдан жакчу. Ошону тартайын дегем. Бирок цензура күчтүү эле, аны бекитпей койду. Анан "Бабалардын өрөөнүн" алдым.
Баткенди жакшы көрөм өзүм. Мурда ал жактан "Уркуяны" тарткам. Жакшы билем. Эли да мыкты, меймандос. "Бабалардын өрөөнүн" да ал жакка алып бардым. Баткендин тегерегинде таштап кеткен үйлөр да көп эле, а кезде ээлери жок. Себеби Хрущевдун убагында майда айылдарды бириктирип, бири-бирине кошуп борборлоштурган Баткенди. Ошондо көп айылдар бош калган. Алардын ичинде айрым адамдар "туулган айылыбыздан кетпейбиз, өлсөк ушул жерден өлөбүз" деп калып калгандары болгон. Ошондой адамдар жөнүндө фильм. Ата-бабанын жерин, салтын ыйык кармап, урпактан-урпакка өткөрүп жашап аткан адамдар жөнүндө.
- Сценарийге эмнелер кошулду?
- Ошо, ээлери жок, ташталган эски журттан мейманканага келип жатып аттык да, Баткендин борборуна. Жергиликтүү эл төө жетелеп келишти. Үйрөтүлүп, колго көнгөн төө экен. Сценарийде төө жок эле. Жагып калып кошуп алдык. Ага жасаган бешиктерин жүктөп барып сатышат экен базарга, аны да коштук. Ал жерде шаар менен айылдын айырмачылыктары, шаардын кымгуут жашоосу тажаткандары бар. Элетте, артка кайтчу элди күтүп, жол карап, жердин баарын аластап, көзүнө, дасторкон-табагын көтөрүп топурап келе жаткан аялдар, келаткан элдер улам көрүнө берген байбиченин ырым-жырымдары абдан жакшы берилген. Кемпир ошентип кыялдана берет да. Сакы менен шаардан кайткан кыздын үйлөнүшү, жана да, орто жаштагы эки адамдын баш кошушу - жашоо улана берет, адамдар акыры учкан уясына кайтып келет деген ойду пайда кылат.
- Актерлоруңуз өңдөрү жылуу, ролго куп отурган, түштүк боегун толуктаган адамдар экен?
- Биздин актерлорду тааныйсыңар. А башкы каарман Сакыны - Русул Укачин деген тоолуу-алтайлык актер аткарды, Москвадан көрүп калып чакыргам. Кызды аткарган казак актрисасы - Дана Каирбекова, экөө тең накта кыргыздай, түштүктүн уул-кызынын өзү.
- Сиздер тартып бүткөндө союз кулап, фестивалдар болбой калды, ушундай сонун фильм көп сыйлыктарды утмак экен, азыркы кез болгондо?
- Москва абдан сонун кабыл алды. Бирок фестивалдарга кызыкчылык болбой калган убак эле. Ошентип катышпай калды да. Эч кимдин кино менен иши болбой калды.Бирок бир фестивалга үлгүрдүк. 1989-жылы Парижде телевизиондук фильмдердин эл аралык фестивалы болуп, ошого катышып Гран-Прини утуп алдык.
- Азыр экинчи уулуңуз да кинодо, небереңиз да кинодо иштейт экен, өзүнчө "династия" дегендей?
- Улуусунан өтүп, экинчи уулум сегиз айынан тартыла баштаган киного. "Каныбек" фильмине алты жашында тартылды. Неберем - Хасандын уулу да операторлукту бүтүп, Алматыда иштеп атат. Мыкты оператор. Жакында фильм тартты жеке. Биринчи режиссерлук ишин. Келген сайын кеңеш сурап, ийгиликтерин айтып турат, жасаган иштерин көргөзүп.
- Сизди кемпириңиз эле кайтарып калыптыр үйдө?
- Азыр экөөбүз эле. Москвада, казак өкүлчүлүгүндө иштеген адамдын кызы экен, ошо жерде төрөлүп-өскөн. Студент кезде жаңы жылда таанышып, сүйлөшүп жүрүп баш кошконбуз. Уулум Хасан, кызым Анара да Москвада төрөлгөн. Кичүүсү Алтай гана Фрунзеде төрөлдү.
- Сиз иштешкен режиссерлордун кимиси көбүрөөк жакчу эле?
- Төлөмүш Океев менен көп иштештим. Тамашакөй киши болчу. Азилкеч. Адамдар менен жакшы сүйлөшчү, бат тил табышып. Тартайын деген ойду илгиртпей билип, дароо илип алчу. Күнүгө кечинде сүрөтчү коюучу, оператор-коюучу, режиссер болуп - үчөөбүз талкуулап, кийинки күнкү тарта турганыбызды, ойлорубузду айтканда, ага жакса дароо макул болчу. Мелис Убукеев билимдүү, акылдуу адам болсо да, аны менен иштеш кыйыныраак эле. Ал башкарганды, чоң болгонду жакшы көрчү. "Мен" деп эле турчу. Мактанчаак эле. Андыктан аз тартты, элдер менен иштеше албай. Болот Шамшиевге эки жолу "отказ" бердим, анткени ал көпкө тартат, көпкө чоет.
- Азыр көп эстейсизби киноаянтындагы кезиңизди?
- Көп эстейм, сагынам. Эмдигиче түшүмө кирет кино тартуу аянты, ошо кездер.

Алтынай ТЕМИРОВА










кыргыз тилиндеги гезит "De-факто"









??.??