Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери


п»ї
  Шамчырак

Жан чыдагыс кусалык
кудум эле күзгө окшош

Майрамкан Абылкасымова, Эл акыны
Көкүрөктө таркабай калат кумар
Карыганда, өзгөчө жалбырак төгүлгөн өмүр күзүндө китеп окугандай эле өткөн өмүрүңдү, өткөн күндөрүңдү барактай берет экенсиң. Мен дагы өткөн жаздарды, күздөрдү сагынам. Күз айы кусалыктын, сагынуунун айы. Жоктоонун айы. Алгачкы сүйүүлөрүмдү эстесем, жалаң жакшы окуган балдарды жактырчу экенмин. Алардын баары жакшы сезим менен гана жүрөгүмдө уялап калды. Ошентип, жигиттен жигит тандап жүрүп, жигиттин гүлү өмүрлүк жолдошум Сагын Наматбаевди таптым. Бактылуу өмүр сүрдүк. Сүйүүдө, турмушта жолум болду. Бирок анын арабыздан эрте өтүп кеткени мени сындырып койду.
Жалбырагы тонолгон дарак сыңар,
Окулбаган саргайган барак сыңар.
Тирүү болуп жашоодо жүргөн менен,
Көкүрөктө таркабай калат кумар, -
деген саптарымдай сары күз менин жүрөгүмдү жетим кусалыкка, саргаюуга жетелейт.


Жыпара Исабаева, акын
Күзгү кошок
Жалбырактар дирилдейт. Бири сапсары, бири жашыл. Бирок жашылы деле, сарысы деле дирилдеп учуп жерге түшүп жатат. Үзүлүп жатат. Мына ошол үзүлгөн жашыл, сары жалбырактай арабыздагы ар кыл курактагы адамдардан ажырап калабыз.

Үзүлүү...
Күзгү сары жалбырак,
Каалгый түшүп келатты...
Кыскалыгы ай, өмүрдүн,
Аттиң арман, - деп атты.

Жазда ачылган жапжашыл,
Бүчүр кезин эстеди,
Сабагынан үзүлбөй,
Бүтүн кезин эстеди.

Жамгыр назик дыбырттап,
Өткөн кезин эстеди.
Жел аймалап жүзүнөн,
Өпкөн кезин эстеди.

Тарып барат дүйнөсү,
Улам жерге жакындап...
Көздөн учуп арман ай,
Өмүр деген жашыл жак...






кыргыз тилиндеги гезит "De-факто"









??.??