Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери


п»ї
  Аш жээрден мурун абайла

Кытайдан келген тоок эттери стандартка ылайык текшерилбейт
Кыргызстанда ача туяктуу малга караганда тооктун саны аз. Цифралар менен айтсак, 2006-жылдан 2011-жылдын башына карата тооктун саны араң дегенде 11 %га көбөйгөн. Же 2006-жылы 4279 миң баш тоок болсо, 2011-жылы 4750 миң тоокту түзгөн. Областтар боюнча алганда Ысык-Көл областында тооктун саны көп. Эгерде мал чарбасы жылдан-жылга көбөйүп, мал этинин экспорту өсүп жаткан болсо, тоок этинин экспорту акыркы эки жылда таптакыр токтогон. 2009-жылы 367,4 тонна тоок эти экспорттолсо, 2010-2011-жылдары бир кило да тоок эти сыртка чыгарылбаган. Ал эми тоок этинин импорту жылдан-жылга көбөйүүнүн гана үстүндө. Айыл чарба министрлигинин маалыматына ишенсек, ушул жылдын 8 айына карата 40,8 миң тонна тоок эти сырттан киргизилген. Өткөн жылдын бул мезгилинде 39 607 миң тонна тоок эти импорттолгон. Акчалай алганда, быйыл 1 млрд. 412,2 млн. сомду түзсө, былтыр 1 млрд. 206,3 млн. сомдук тооктун эти импорттолгон. Өткөн жылдын 12 айы боюнча 66 902,1 тонна тоок эти сырттан алынып келинген. Тоок этке эле айланып импорттолбостон, тирүүлөй да импорттолот. Тирүүлөй тооктун импорту кескин көбөйгөндүгүн белгилей кетели. Өткөн жылдын январь-июнь айларына карата өлкөгө 16 016 даана тоок алып келинсе, бул жылдын июнь айына карата 66 550 даана тирүү тоок импорттолгон. Акчалай былтыр 800 миң сомду түзсө, быйыл 2 млн. 400 миң сомго жеткен.


Кайсыл өлкөлөрдөн импорттойбуз?
Негизинен тоок эти Кытайдан, АКШ жана Бразилиядан алып келинет. Өткөн жылы АКШ менен Бразилиядан 51898,1 тонна импорттолсо, Кытай 14004 тонна тоок этин бизге экспорттогон. Бул жылдын январь-июнь айларына карата АКШ, Бразилиядан 46233 тонна экспорттолсо, Кытайдан 7009 тонна тоок эти киргизилген. Тоок этинин импорту менен көп жылдардан бери "Б Азия", "Мерито Трейдинг", "Насип-Н", "Импресса Лимитед", "Лавори Компани", "Хонг Да", "Лонг", "Лидакам" , "Фу Ли Да", "АВС Трейд" жоопкерчилиги чектелген ишканалары шугулданышат. Бул фирмалардын артында кыргыз ишкерлери турса, айрымдары биргеликтеги ишканалар. Кытайдагы тоок фабрикасынан бажы постуна чейин кытайлык ишкерлер жеткирип беришсе, Кыргызстандын ичине кыргыздын фирмалары алып киришип, рынокко таратышат. АКШ, Бразилиядан темир жол транспорту менен алып келинсе, Кытайдан атайын муздаткычы бар ири жүк ташуучу автоунаалар алып келет.
Кыргызстандын эт өндүрүүчүлөрү этке болгон керектөөнүн араң 48 %ын гана камсыздай алат. Ал эми тоок этине бир жылдык керектөө 25-30 миң тоннаны түзсө, жылына 60-70 миң тоннанын тегерегинде тоок эти импорттолот. Калганы каякка кетиши мүмкүн деген суроо туулат. Калган эт казак ишкерлери аркылуу Казакстанга алып өтүлөт. Мында кирген ар бир тоннага төлөнгөн бажы пошлинасы Кыргызстандын бажы кызматына төлөнөт. Ар бир киргизилген машина үчүн 7,5 миң доллар алынат. Ал эми 35-40 тонна жүктөгөн эттер жүздөп киргизилет. Демек, алардан аз эмес акча түшөт. Мындан кыргыз тарап пайда гана көрбөсө, зыян көрбөйт.


Тоок этинин импорту эмнеге жогору?
Бул суроого жооп табуу кыйын эмес. Жогоруда сөз кылынгандай, тоок эти салыштырмалуу арзан баада. Ушул арзандыгы менен атаандаштыкка туруктуу десек болот. Биздин элдин сатып алуу жөндөмдүүлүгү төмөн. Ошондуктан кой, уй эттери кымбаттаган сайын тоок этине болгон суроо-талап өсүүдө. 10 жылдан ашык убакыттан бери тоок эти болгону 10-15 сомго гана кымбаттаган. Кой, уй эттерин оокаттуулар, калктын бай катмары пайдаланбаса, калктын кедей катмары жалаң тоок этине качырышат. Калктын сатып алуу жөндөмдүүлүгү төмөн катмары калктын басымдуу көпчүлүгүн түзгөндүктөн, эттин бул түрүнө болгон суроо-талап кыйла жогору. Мындай абалда ишкерлер да суроо-талапты канааттандыруу үчүн импорт көлөмүн көбөйтүп, көбүрөөк пайда алууга аракет кылышат. Экономикалык абал начарлай берчү болсо, суроо-талап мындан да жогору болору күтүлчү нерсе. Ал эми ансыз да турмуш шарттын оордугунан калориясыз тамактанып жаткан карапайым эл жасалма жолдор менен өндүрүлүп жаткан калориялуулугу төмөн тоок эттеринен кандай пайда, зыян алып жатат, бул өзүнчө чоң маселе.


Эттин сапаты кандай?
Ачыгын айтканда, Кытай, АКШ, Бразилиядан алып келинип жаткан тоок эттеринин сапаты кандай экендигин эч ким билбейт. Муну Айыл чарба министрлигиндегилер, Ветеринария департаменти да моюндайт. Анткени бизде тоок этинин эски-жаңылыгын, илдеттер менен ооруган-оорубагандыгын, кандай химиялык заттар менен азыктангандыгын текшерүүчү атайын лаборатория жок. Бажы постунан киргизилип жатканда, Ветеринария департаментинин кызматкерлери тарабынан тоңдурулган муздаткычта алынып келиндиби, эл аралык стандартка жооп берген белгиси, этти өндүргөн ишкананын мөөрү, ветеринардык, санитардык сертификаттарынын бар-жогу текшерилет. Эгерде муздаткычта тоңдурулуп сакталбай, суусу агып кеткен болсо, анда ал артка кайтарылып, киргизилбейт. Эл аралык стандартка ылайык, тоок эти 18 градус температурада сакталуусу зарыл. Себеби тоңдурулбай келген эттин бузулуп кетүүсү, ал адамдын ден соолугуна коркунучтуу экендиги белгилүү.

Көчөркул Кудакеев,
Ветеринария департаментинин импорт,
экспорт секторунун башчысы:
- Кытайдан, АКШдан келген тоок эттери жөнүндө элдер ар кандай сөздөрдү айтышат. Бирок чындыгы андай эмес. Бизге келип жаткан тооктун, тооктун сан эттерин Кытай 140тан ашык өлкөгө экспорттойт. Биз атайын Кытайдагы тоок эттерин өндүргөн ишканаларда болуп келдик. Акыркы технологиянын жардамында бардык ветеринардык, санитардык талаптарды сакташып даярдашат. Атайын лабораториялык текшерүүлөрдөн өткөрүшөт. Бизде андай бир да ишкана жок. Эл ошону өз көздөрү менен көрүшсө, ар кандай сөздөрдү айтышпайт эле. Албетте, үйдө өстүрүлгөн тоокторго жетпейт. Эт өндүрчү ишканаларда массалык керектөөгө даярдалып жаткандыктан, атайын жолдор менен бат өстүрүлөт. Даамы үй тоогунун этиндей болбойт. Биз элдин ден соолугуна зыян эттерди киргизгидей элибизге душман эмеспиз да. Сырттан киргизилген тоок эттери ден соолукка зыян деп чочулоого негиз жок. Ал эми лаборатория экспортко керек. Эл аралык стандарттын талаптарындагы текшерүүдөн өткөрүү үчүн лаборатория жок. Ошондуктан тоок эти эле эмес, башка азык-түлүк продукцияларын экспорттой албай келатпайбызбы. Эл аралык стандарттагы лабораториялык текшерүүдөн өткөрбөсөк, биздин продукцияларды башка өлкөлөр сатып албайт.

Жумгалбек Сагынов,
Айыл чарба министрлигинин азык-түлүк коопсуздугу боюнча башкармалыктын башчысы:
-Сырттан алып келинип жаткан тоок эттеринин сапаты бизге белгисиз. Импорт менен келгендердин бардыгы эле рынокко кирүүдө. Ошондуктан лаборатория куруу зарыл. Лаборатория бар. Бирок ал эт продукцияларын эл аралык стандарт боюнча текшерүүлөрдү жүргүзгөнгө мүмкүнчүлүгү жок. Атайын технология, жабдыктар менен жабдылган лаборатория болушу керек. Аны курганга азырынча финансылык мүмкүнчүлүк жок болуп жатат. Көп акча керек экен. Эл аралык донорлорго куруп бергиле деп кайрылып атабыз. Азырынча натыйжа жок.

Жаныбек Мойноков,
ветеринар, айыл чарба илимдеринин кандидаты:
- Сөздүн ачыгын айтканда, эч кандай текшерүүлөрдөн өткөрүлбөйт. Жөнөкөй текшерүүлөр да жүргүзүлбөйт. Биздин ветеринария департаментиндегилер эт бажыканадан өткөндөн кийин барышат. А чындыгында бажы кызматкерлери менен бирге Кыргызстан тарапка өткөрбөй туруп карап, текшерүүлөрү керек. Мөөрү барбы, мөөнөттөрү өткөн эмеспи, документтери жайындабы, ж.б. эң жөнөкөй текшерүүлөр да болбойт. Ветеринария департаменти муну билсе да билмексенге салып келишет. Келген эттердин баары шыр өткөрүлөт. Текшерүүдөн өтпөй калып, артка кайтарылыптыр деген бир мисал жок. Кандай эттер киргизилип жаткандыгын бир кудай өзү билет. Базарларга барып деле эттин кайдан, качан келгендиги боюнча эч кандай маалымат таба албайсың. Бул маселе көйгөйлүү маселелерден. Элибиздин ден соолугуна коопсуз дегенге кымындай да кепилдик жок. Тобокел кылып эле жеп жатабыз. Ошондуктан сырттан келген тоок эттерин жеп жаткандар көпкө кайнатып, анан жеши зарыл.

Мирлан Дүйшөнбаев




кыргыз тилиндеги гезит "De-факто"









??.??