кыргыз тилиндеги гезит "De-факто"

п»ї



  Кошуңуз, устат!

Мелис байке, жүрөктү неге аябадыңыз?
Мелис байке, ушул кош айтууну жазыш азап болду мага. Колума калем алыш азап болду… Чөжүрөтүп көп журналистти ээрчитип жүрүп тарбиялагансыз. Баарыбыз бүгүн ыйлап отуруп, сизди эскерип коштошуу жазып атабыз. "Шеф" деп титиреп турчубуз сизден. Жакында эле сүрөтүңүзгө Жаныбек Жанызак агай "Шеф шеф бойдон калат" деп жазып койгонун көрүп, ичимен кудуңдап койгом. Ошол сиз тарбиялаган журналисттер Сизди ушунчалык жакшы көрөрүбүздү билбей жүрө бериппиз… Ушуларга өлүп туруп билгизейин деген окшойсуз. Өзүңүз тарбиялап, таптап, уядан учурган журналисттер сизди акыркы кездери көп сындадык. Шайлообек агай жазгандай, бизден тажап качып кеттиңизби? "Асабага" кенедейимде баргам… Оозумду ачып, айылдан жаңы келген кез эле. Мага окшогон канчалар "Асабага" жүдөп, араң басып келип, кайра сиз таптап, тарбиялагандан кийин кыйын болуп чыга келишти. Ошондой кыргыз журналистикасынын "патриархы" болуп туруп, "Баягы Асабаны" чыгарбай кете бердиңиз… Эл болсо суусап күтүп аткан. Ошол баягы-ыы-ы "Асабада" Мелис шеф деген бар болчу. Баарыбызга бир туруп дос, бир туруп ага болчу. Апабыз өлсө кошо ыйлап, атабыз өлсө кошо ыйлап… Деги канчабыз менен кошо ыйладыңыз? Эми бизди ыйлатып кетип калдыңыз. 2008-жылы сиз Бакиевди колдоп, биз аны кордоп, эки жээкте калдык. Аркы жээкке кеткениңизде аябай таарындык сизге. Бир жээкте болсокчу деп турду жүрөктөрүбүз. Сиздин Жүрөк дагы ошону айтып атты. Себеби эл тарапта болгусу келчү, ал Жүрөк! Чындыкты жазып, эл менен болуп көнүп калган болчу, ал Жүрөк! Анан эле бир күнү Бакиев деген жаланкычка өтүп кеткениңизге ал жүрөк кейип жүрдү. Көнө албай койду, моюн суна албай койду. Анан чындык деп көнгөн жаныңыз ошондо эле экиге бөлүнүп, өзүңүз менен өзүңүз күрөшүп, өзүңүз менен өзүңүз урушуп келдиңиз. Ангыча Бакиев качып кетти, кан төгүлдү… Сиз болсо сыр бербегениңиз менен ичтен сызып… Жүрөк кургур болсо көтөрө албай бир күнү ушинтип токтоп калды… Аттиң, "Баягы Асабаны" чыгарганга үлгүрбөй кете бердиңиз. Элди жазып, эл менен сүйлөшүп көнгөн ал Жүрөк гезит чыкканда бир серпилип өзүнө келип калмак беле, ким билет? Кошуңуз, устат! Чөжүрөтүп ээрчитип жүрүп Сиз тарбиялаган журналисттер, сизди сүйгөн окурмандарыңыз таазим этет Сизге! Кошуңуз, Мелис байке!

Чолпон Орозобекова




Шайлообек Дүйшеев,
Кыргыз Республикасынын
Эл акыны:
Кеттиң Мелис, бизден тажап качкандай

Кеттиң Мелис, бизден тажап качкандай,
Жарык дүйнө, жашоо калды аккан жай.
Күндөгүдөй күлүп чыгып күн батып,
Күүгүм кирип, күйө берет асманда Ай.

Кеттиң Мелис, бир жаап кеткен ак кардай,
Бактар калды, сен аралап баскан жай.
Бул дүнүйө өтө берет ушинтип,
Буйруганын пендесине жазгандай.

Баары калды, асыл тоолор аккандар.
Балаң калды, жарың калды ак маңдай.
Муздак көрдү кала бердиң кучактап,
Муң-зарыңды ошол жактан тапкандай.

Көргөн-билген көзү өттү деп угушат,
Көр башында көптөр муңдап турушат.
Көпкө дейре көнө алышпай дос-тууган,
Көксөгөн ый, өксүгөн үй, кун учат.

Үстөл. Китеп. Андан сени көрүшөт,
Үйдөгүлөр күндө көз-жаш төгүшөт.
Акырындап балдарың да сен өңдүү,
Атасы жок жашаганга көнүшөт...
А сен Мелис кол-бутуңду чече албай,
Ала-Арчадан Асанбайга жете албай,
Кум жамынып, чым жазданып жатасың,
Курган башты үйүңө алып кете албай

Асабаңдай азык болгон аз элге,
Акырындап тарайт атың жат элге.
Балдар көнөт, апасы бар жанында,
Баарынан да кыйын болор Аселге

Аздап-аздап тарар жалган, тарар чын,
Ал жакта эми түбөлүккө каларсың.
Сен чындыкты издечү элең тозоктон,
Балким аны тиги жактан табарсың.













??.??