Көр оокат азабы, ай

Садыр Жапаров
vs
Эмилбек Каптагаев

Садыр Жапаров, ЖК депутаты:
"Эмил Каптагаев Айдардан калган мүлктү басып отурат"


- Садыр мырза, сотторду тандоого каршы болуп, Акүй астында митинг өткөргөн жарандык коом өкүлдөрүн Эмил Каптагаев алып келген деп жатасыз. Далил барбы?
- Митингге чыккандарды Эмил Каптагаев алып келгени чын. Анткени ал жерге мен келгендердин максатын билип келүүгө 30 чакты баланы байкоочу катары жибергем. Алар "Эмил Каптагаевдин кишилери эмгек биржасында тургандарга акча берип, бусик менен ташып жатат" деп айтып келди. Ошол жерде ЖК депутаттары Данияр Тербишалиев менен Эркинбек Алымбеков кошо жүрдү. Аны өздөрү деле танган жок. Терезеден карап турсам, күзөт кызматынын балдары беш-алты аялды ээрчитип келген Данияр Тербишалиевге эшикти ачып, анын артынан келген Равшан Жээнбековду киргизбей, аялдар жулмалап атса карап турушту. Ушул калыстыкка жатабы? Же Тербишалиев депутат, Жээнбеков депутат эмеспи. Экөөнүн укугу бирдей да.
- Эмил Каптагаев сиздин эжеңизге карата иш козголгонун, ошону жабыш үчүн жандалбас уруп, жолукканыңызды айтты го?
- Бул сөз эмнеден чыккан. Баягы апрель окуясынан кийин жогору жактан буларды четинен камагыла деген буйрук болгон. Акматбек Келдибеков ошондо күндө УКМКга барып сурак берип жүрдү. Камчыбек Ташиев экөөбүздү сурайлы деп, эч кандай илинчек табышкан жок. Аягында "Ысык-Көл инвест банкта" эжеси иштейт экен, ошого басым кылгыла дейт. Анткени бул банкта "Мегакомдун", "Альфа телекомдун" да эсептери ачылган. Банктарды билесиңер ортодо алып-сатуу жүргөндө келишим аркылуу өзүнө пайда көрөт. Аны шылтоо кылып, кайырмакка илип коюшкан. Бүгүн анысынын азабын тартып, башын мыкчып отурушат. Эмне дегенде мен банк кызматкерлери, орусиялык ишкерлер менен сүйлөшүп, өз алдымча иликтөө жүргүзүп, "Мегаком" боюнча жашыруун схеманы таап чыктым. Аны 1,5 ай мурда президентке алып кирип, "Башпрокурорду, сотту, Алмаз Атамбаевди чакырыңыз, улутташтыруу боюнча мыйзамды күтүп кереги жок, конфискация кылып эле мамлекетке өткөрсөк болот. Мамказынанын 22 млрд. кемтигин ушу менен жабалы" деп таштап кеткем. Үч күндөн кийин Роза Исаковна мага чалып, "кагазыңызды Эмил Каптагаевге бердим, ошону менен иштешиңизчи" деп айткан. Эгер мындай сөз болбосо мен Эмил Каптагаевдин босогосун да аттабайт элем да.
- Ал киши эмне деди анан?
- Эмил Каптагаевден мурун Алмаз Шаршеновичке жолуктум. Ага да айттым өз сунушумду. Ал киши мага ыраазы болуп "соттор гана чечимди бурмалап атышпайбы" деди. Андан чыгып алып саат 2де Каптагаевдин кабылдамасына келдим. Мен президент менен премьерге айткан сунушумду түшүндүрө баштаганда эле, анын 51 пайызын Максим Бакиев рейдерлик кылып тартып алган да деди. Бул мурунку ээсине кайтаралы деген сөз да. Ошо менен маегибиз токтоп, мен чыгып кеттим. Анан буга тиешелүү соттун баарын чогултуп, "президент каршы эмес, мыйзам чегинде конфискация кыла бергиле" дедим. Бирок Эмил Каптагаев бүгүн аларды коркутуп жатат. Ал киши бүгүн чет элдик компаниянын адвокаты болуп, өзүнө керектүү чечим чыгартууга жан үрөп жүрөт.
- 51 пайыз, мурунку ээси дегениңизге түшүнбөдүм, чечмелеп бересизби?
- Мен сизге өзүм таап чыккан "Мегакомдун" (БиМоКом) схемасын түшүндүрөйүнчү. 2003-жылы Айдар Акаев "Пенвелл" аттуу фирма ачып, Айдар Калиев деген досуна каттаткан. Бул азыркы "Мегаком". 2005-жылы билесиңер революция болду. Ошого карабай Айдар Акаев "БиМоКомду" 2006-жылга чейин башкарып турду. Анан ушул жылы ал Максим Бакиев менен Москвадан жолугуп, кол кармашкан соң 49 пайызын ага өткөрүп берген, Максим "Форнтек" деген фирма ачып, аны Алексей Ким деген досуна каттатып койгон. (А. Ким көп өтпөй Чолпон-Атада кайтыш болгон.) 51 пайызы Айдардын өзүндө калган. 2008-жылы бийлик Максимдин колуна өткөндөн кийин Айдар Акаевди "кидать" этип, бүт баарын өзүнө алып алган. Эмил Каптагаев айтмакчы, тартып алган. Андан 10 чакты күн өткөрбөй эле "Алькантра" деген фирма ачып, Алексей Елисеевге каттаткан. Ошол эле жылы экөө "Эрмен тоо" деп жабык акционердик коом түзгөн. 2009-жылы аны кайра "Альфа-Телеком" деп өзгөртүп, 100 пайыз Алексей Елисеевге өткөрүп берген. 7-апрелде революция болгондо Максимге тиешелүү 49 пайызды мамлекет өзүнө алган. Айдар Акаевге тийиштүү 51 пайыз ошол бойдон козголбой турат. Эмил Каптагаев аны басып отурат. Мен болсо ошонун баарын эле мамлекетке өткөрөлү деп жатам.
- "Витязь" пансионаты боюнча да Эмил Каптагаевди күнөөлөп атасыз го?
- Өзүңөр билесиңер, бул пансионат мурда Максим Бакиевге таандык эле. Кийин ал улутташтырылган. Президенттин аппарат жетекчиси Каптагаев болсо пансионаттын жетекчиси кылып аталаш тууганы Руслан Усенбаевди, Таалай Каптагаев аттуу бир тууганын кампа башчысы кылып дайындаптыр. Алар болсо Алексей Елисеев, Максим Бакиев, Алексей Ширшовдордун коттедждеринен кымбат баалуу эмеректерди алып чыгып, ордун кытайдыкы менен толтуруп койгон. Сезон маалында бул коттедждер суткасына 850 долларга берилгенине карабай, акча пансионаттын кассасына түшпөптүр.
- Мунун баары сотторду шайлоодон улам келип чыккан чыр эмеспи. Сотторду тандоо кеңешинин мурдагы төрагасы Замирбек Базарбеков сиздин сүрөөнүңүз менен дайындалган турбайбы?
- Базарбековду төрагалыкка мен алып келген эмесмин. Мыйзамды карагыла, тандоо кеңешинин 8 мүчөсүн сот департаменти сунуштайт. 8 киши парламенттик көпчүлүктөн, дагы 8 киши парламенттик оппозициядан болушу керек. "Ата-Журт" эки гана кишини сунуштаган. КСДП менен "Республика" 3төн, "Ар-намыс" менен "Ата Мекен" 4төн киши жылдырды. Анан кандайча Замирбек Базарбековду мен сүрөп калам? З. Базарбековду мага Болот Байгожоев деген экс-депутат байлап атат. Бир кезде мурда эки жолу соттолгон корей улутундагы адам үчүнчү жолу менин бир тууган агам менен соттошкон. Замирбек Базарбеков анда сот болчу. Баарын мыйзам чегинде карап, ишти менин агамдын пайдасына чечип берген болчу. Ал корей болсо Б. Байгожоевдин досу экен. Ошондон бери өчпүз. Б.Байгожоев өзү да З.Базарбеков менен өч. З.Базарбеков илгери депутаттыкка чуркаганда мыйзам бузууларын таап, берки тараптын пайдасына ишти чечип берген экен. Бирок Байгожоев Жогорку Соттон утуп алыптыр. Ошого кек сактап, Эмил Каптагаевди ортого салып жатат.
- Кечиресиз, Болот Байгожоев менен Эмил Каптагаевдин кандай байланышы бар?
- Б.Байгожоев менен Эмил Каптагаев дос болуп жатпайбы.

Маектешкен
Санжи Туйтунова




Эмилбек КАПТАГАЕВ,
Президенттик администрация жетекчиси:
"Жапаров Бакиевдердин адвокаты катары сүйлөп жатат"

- Парламент трибунасынан сиздин дарегиңизге бир топ сындар айтылып атат. Мисалы, "Ата-Журт" фракциясынан депутат Садыр Жапаров 15-августтагы кезексиз сессияны үзгүлтүккө учураткан граждандык коомдун митингин Эмилбек Каптагаев уюштурду деп айтты. Бул негиздүүбү?
- Бул маселе боюнча мен ачык эле айта алам. Садыр Жапаровдун сот системасындагы коррупциялык схема түзүү аракети айкын болуп, бети ачылып калгандан кийин жоопкерчиликтен качуунун амалын кылып, элдин көңүлүн мага буруп, жөнү жок айыптарды тагуу менен депутаттарды алаксытуу айласын кылды да. Ошол күнү Сот-укуктук маселелер боюнча комитеттин Жапаровго болгон ишеним көрсөтпөөсү каралмак, жалпы добуш менен Комитеттин төрагасы кызматынан кол жууп калмак. Митингди Каптагаев уюштуруп, ал жерге "биржадан" кишилерди жалдап келди дегени шоона эшпеген сөз, аны ошол күнкү нааразычылык билдирип келген эл кайра эле анын өзүнө далилдеп берет деп ойлойм, анткени алардын талаптары дагы да аткарыла элек, эми кайра жыйылып келсе 15-августтагыдан да катуу талап коюлушу мүмкүн. Эскерте кетсем, алардын бир талабы Садыр Жапаровдун кызматтан кетүүсү болчу.
- Аны менен катар эле Максим Бакиевдин "Витязь" пансионатында сиздин туугандарыңыз, инилериңиз кожоюндук кылып атканын айтты… Инилериңиз бул пансионатка кандайча барып калды?
- Таңкалам, өзү бир эмес эки жолу депутат болуп отурат дагы кайдагы бир базар ушагын парламенттин трибунасынан айтат. Мына ушул сыяктуу депутаттар Жогорку Кеңештин кунарын кетирип, элге жек көргөзүп, жалпы эле парламентаризмге болгон ишенимди жоготуп жатат да. Биздин Чоктал деген айылда Бакиевдердин эки пансионаты бар болчу, "Витязь", анан "Солнышко". Былтыр 7-апрелде Караколдон бери Бишкекти карай келе жаткан эл, анан 8-9-10-апрелдерде кайра Бишкектен кайтып жаткан эл ошол эки пансионатты талап, анан өрттөйбүз деп кайра-кайра кирип барып турган. Анан эле Көлбаевдин бандиттери көзөмөлгө алып басып алды деген маалымат тарады, ал жерди эки-үч күн алар койгон кишилер башкарып турушту. Ошондой шартта ошол айылдык тургундар, айрыкча жаштар бул пансионаттар акыры эле жергиликтүү элге кызмат кылат дешип Координациялык кеңеш түзүшүп, жетекчи дайындап, тиешеси жок кишилерди ал жерден чыгарышып, кайтарууга алышып, жүктөп алып кетип жаткан мүлктү токтотушкан. Бирок айтышкандарына караганда автомашиналарды, скутерлерди, дагы бир топ мүлктү эки-үч күндүн ичинде алып чыгып кетүүгө үлгүрүшкөн. Кийин скутерлер кайра кайтарылды, милиция менен прокуратура тарабынан аракеттер менен Бишкектен табылды дешти. Акыйкаттык үчүн айтыш керек, ошончо мүлктү талатып, тонотуп, өрттөтүп жибербей сактап калган ошол айылдын эли болду, буга рахмат деш керек. Мына ошону эске алуу менен Айылдык координациялык кеңеш тарабынан сунуш кылынган айылдын жаштарынан эки ишканага тең директор дайындалып иштеп жатышат. Министрликтин маалыматына караганда, иштери жакшы, салык жана башка төлөмдөрдөн кутулуп, кирешелүү иштеп жатышат.
- Тууганыңыз иштеп атканы чынбы?
- Чоктал кичине айыл, ашып кетсе алты-жети атадан барып кошулган туугандар жашайт, ошондуктан айылдан кимди албаса дагы мага туугандыгы чын, ал жердеги эки директор да мага тууган. Анын эмнеси бар экен, Каптагаевдин тууганы деп бир айыл элди жумушсуз калтырат бекен жанагы Жапаров деген неме? Менин иним Таалайдын ал пансионаттарга эч кандай тиешеси жок.
- "Мегаком" чатагына да сиздин катышыңыз бар экенин айтып, Айдардын мурунку "долясына" Каптагаев отурган дейт Садыр Жапаров. Бул чындыкпы?
- "Мегакомго" тиешеси бар болсо ошол Садыр Жапаров биринчи турат, тим эле чырмалышып. Биринчиден, ошол "Мегакомду" рейдерлик кылып мурдагы кожоюндарынан Максим Бакиев, Елисеев, Гуревичтер тартып алып жатышканда Жапаров катышкан, анын бир тууганы Р.Жапарова көмөкчү болгон. Азыр дагы Жапаров сыяктуу бир топ депутаттар бул ишкананы баш оту менен Машкевич деген шылуунга (анын артында баягы эле Максим турат) алып берүү аракетин катуу жасап жатат. Чуру-чуу болгон 21-июндагы Жогорку Соттун чечимин дагы депутаттар кысым кылып жатып чыгартышкан, ачыктан ачык эле мамлекеттик кызыкчылыктарды сатып. Азыр болсо Жапаров эмне дейт, Максим баш болгон шылуундарды акташ керек дейт, алардын ишинде кылмыш составы жок дейт. Мен ачык эле айтып коеюн, бул маселеде Жапаров Бакиевдердин адвокаты катары эле сүйлөп жатат, анан дагы эптеп бир тууган эжесин сот жообунан бошотуу амалын жасоодо. Азыр Биринчи Май райсотунда кылмыш иши каралып жатат, ошол Максим баш болгон жоон топ шылуундардын үстүнөн, арасында жана айткандай Жапарова дагы бар. Азыр Мегаком толугу менен мамлекеттин көзөмөлүндө иштеп жатат, ал жерде Каптагаевдин да, башка адамдардын да "долясы" жок. Финансылык көрсөткүчтөрүн деле карап көрсөңөр болот, быйыл бюджетке эле бир миллиард сомго жакын акча төктү.
- Уулуңузду ажылык сапардагы коррупцияга байланыштырган маалыматтар чыккан эле. Аравиядан келген консулдарды, өкүлдөрдү мамлекеттик резиденцияга алып барып сыйлаганын айтып чыгышты. Бул иш эмне болуп бүттү?
- Анын баары жалаа. Атайын эле мени жаман аттуу кылыш үчүн уюштурулган иш. Мына бүгүнкү күнгө чейин бир да документ же башка далил жок, жөн эле сөз. Ал эми ушул айыпты ачык айтып, мени менен соттошом деп жүргөн Бакыт Нурдинов айтты го прессада, Каптагаевдердин эч кандай күнөөсү жок экен, депутаттар бул ишти саясатташтырып жиберди деп. Мен бул иш боюнча Кудай алдында дагы, эл алдында дагы жооп берүүгө даярмын, корко турган эч нерсем жок.
- Садыр Жапаров менен эмнеден улам келишпейсиздер? Ал кишинин айтымында, сиздин Байгожоев аттуу банкир досуңуз менен ал душман экен. Сизди досуна болушуп мага каршы чыгат деп атат…
- Аны менен аласа-бересем жок. Байгожоев менен да эч кандай мамилем жок. Мен билгени Максим Бакиев менен шериктеш болуп Садыр Жапаров убагында Байгожоевдин банкын тартып алган, азыр бул маселе боюнча сот процесси жүрүп жатат болушу керек. Эми башынан Укен Исаева деген Майрам Акаеванын бир тууганынын этегине жамынып көмүскө бизнес кылып жүргөн, Максим Бакиев менен табакташ болуп бирөөлөрдүн мүлкүн тартып алып жүргөн Жапаров сүттөн ак болумуш болуп мага көө шыбайм дегени күлкү келер эле иш, эл билет да кимдин ким экенин.

Маектешкен
Дилбар АЛИМОВА