Эрмек "тушалды"
Өткөн ишемби күнү Эрмек Нурбаев бойдокчулук жашоосу менен кош айтышты. КВНшик көптөн бери сүйлөшүп жүргөн селкиси менен никеге турду. Тойдо күйөө жолдоштук кызматты Эрмектин жакын досу Омар аткарды.


Күмөндөр күздө концерт берет
Быйыл ырчылардан калышпай куудул Күмөндөр Абылов дагы ноябрь айында концерт өткөрүүнү пландап жаткан кези. "Отпускеден кийин жумушка жаңы чыктым. Шайлоо бүтөөрү менен артынан эле концерт берсемби деген тилегим бар" дейт куудул.


Аида Баякова сахнага кайтат
Скрипкачы Аида Баякова көпкө созулган эс алуудан кийин кайра сахнага чыгууну максаттап жүрөт. Каякка эле көрүнбөй кетти деп таппай калганбыз. Көрсө, Аида айым турмушка чыгып, ыймандуу келиндик милдетин аткарып жүргөн экен.


Анжелика ак чөлмөк "ойнойт"
Сентябрдын аягында эфирге чыга турган "Ак чөлмөк" долбоорун ырчы Анжелика алпармай болду. Уюштуруучулар "Анжелика теледеги жаңы жүз катары берүүгө биртоп ийгиликтерди жаратат" деп ишенип турган кездери. Белгилей кетсек, бул долбоор түнкү эфирдин көркүн ачып, заманбап,
бирок каада-салтты
камтыган, кыргыз
жыттанган берүү
болмокчу.

Чубакты эскерүү
13-сентябрь күнү кыргыздын чыгаан обончусу Чубак Сатаевди эскерүү концерти болот. Концертти уулу Кубаныч жетектеген "Чубак Сатаев" коомдук фонду уюштуруп, Казакстандан атактуу ырчыларды чакырды. Эки өлкөнүн таланттары катышкан бул кечеде Чубактын атын өчүрбөй, ырларын ырдап жүргөн 2 ырчыга чоң сыйлык берилери белгилүү болду.


Кытайлык кыргыздардан кабар алып…
Президент Роза Отунбаеваны Кытайга болгон иш сапарында Улуттук филармониянын артисттери коштоп барышты. Анткени ушул тапта Кытайда Кыргызстан күндөрү өтүп жаткан кези. Өнөрпоздорубуз алгач Үрүмчү шаарындагы кыргыздарга концерт беришти.


Көрүнбөй кеткен Дана
2 кыздуу болуптур
Сапар Эркебаев, Мэри Шакулина аттуу ырчыларга продюсерлик кылып жүргөн Дана акыркы жылдары көрүнбөй кеткен. Көрсө, бул учурда ал турмушка чыгып, Медина жана Айдина аттуу эки кыздуу болгонго жетишиптир. Буга чейин Айгерим аттуу кызы бар болчу. Үй-бүлөлүк жашоосун түптөп алган продюсер кайрадан чыгармачылыкка киришти. КТРге кызматка орношуп, жаңы долбоорлорду ишке ашыра баштады.


Сыймык сыйлык алды!
1993-жылдан бери сахнадан кетпей, күжүрмөн эмгектенген Сыймык Бейшекеев Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти деген наам менен сыйланды. "Солкулдаган жигит кезимде филармонияга жумушка орноштум эле. Эсептеп көрсөм, сахнада жүргөнүмө быйыл 18 жыл толуп, ушундай ардактуу сыйлыкка татыптырмын. Чыгармачылыгымды колдогон кыргыз элиме ыраазымын" дейт ырчы.


Юрий Бобков жети неберелүү болду
Буга чейин беш небереси бар Юрий Бобков 1-сентябрь күнү дагы 2 неберелүү болду. "Улуу кызым Маянын 3 кызына таята жана Денистин 1 кыз, 1 уулуна чоң ата болуп жүрчү элем. Эми Мая кызым төртүнчүсүн жана былтыр турмушка чыккан Галям дагы уулду болушту. Жети неберелүү болуп, кубанычым койнума батпай атат" дейт өзү. Бирок ишти да таштап койбой, "Ырдайлы кыргыз ырларын" аталган фильм-концертин тартууну аяктап, монтаждап аткан кези.


Бегимай БАКАШЕВА