Могикандар

Кыргыз балетин түптөгөн Нурдин Түгөлов кыргыздын алгачкы дикторун кантип сүйгөн?

1958- жылы кыргыз телевидениеси жаңы ачылганда КРнын Эмгек сиңирген актрисасы Сайнаке Жунушалиева анын алгачкы диктору болгон. Анын жолдошу аттын кашкасындай таанымал бийчи, балетмейстр, кыргыз балетин алгач түптөгөн залкарлардын бири Нурдин Түгөлов эле. 22 жаштагы жаш кызды өзүнөн 16 жаш улуу Түгөлов сүйүп калып ала качтырып алган. Экөөнүн тагдырын угуп отурсаң, өздөрү таланттуу инсандар болгону менен турмуш деген бийиктикти, жашоо деген ашууну аша албай аксап калышкандай, ара жолдо калгандай. Бирок Нурдин Түгөлов аны абдан сүйүп, көз жумаарда да жалгыз аны кыздары менен чакырткан экен.

- Шамалдай өткөн жаштык кезиңизди эстесеңиз?
Сайнаке Жунушалиева - Кошокчу, жомокчу, сулуулугу даван жарган Куланбайдын Зулайка деп акындар ырга салган чоң энемди тартсам керек. Кыргыз драмда не бир сонун спектаклдерде - Жульетта, Дездемона, Алтынай сыяктуу баш каармандарды аткарып, кыргыздын белгилүү драматургдары Б.Жакиевдин, М.Байжиевдин бардык пьесаларында ойноп, айрым фильмдерде эпизоддук болсо да жакшы ролдорду аткарып, эл оозуна бат кирдим.
Ташкенттеги театралдык окуу жай ал кезде эки эле жыл эле. 21 жашымда аяктагам. Келгенден эле аябай талаш болуп, улам бир тармакка чакырышып, киного тартылып, сахнада ойноп, дубляжга сүйлөп, телевидение жаңы ачылар менен ага да диктор болуп кирдим. Үйгө барып уктаганга араң үлгүрчүмүн. Эртеден-кечке улам бир жагына чуркап иштечүбүз. Аябай жакшы убак эле, көңүлдүү, ишиң жүрүшүп турса, канча иштесең да билинбейт чарчаганың.
- Ушундай бир сонун ийгиликтер менен келатып, турмуш койгон тузакка кантип чалындыңыз?
- Өзүм жаш болсом, канат байлап, сонун ролдорду ойночумун. Анан эле С.Күмүшалиева менен К.Жаманова эжелер "ушундай бир таланттуу жигит бар…" дешип, кулак-кагыш кыла башташты. Мен чычалап, кулак какпай жүрдүм. Раимкулова Тукун деген балерина менен чогуу жашачумун. Бир күнү келе жатсак эле, алдыбыздан Молдобасанов, Сейдалиев, Куттубаев, Давлесов, Шимеев, Түгөлов, Юсупов, дагы бир топ жигиттер чыгып калышты. Көрсө, өздөрүнчө шеринелери бар экен, көңүлдүү баары, бизди тамашалап колтуктап эле жөнөштү. Биз алыбыз келмек беле, мени алпарып Түгөловдун үйүнө киргизип беришти. Мен таң атканча отурбай көшөрдүм. Эртеси театрдан Даркүл эже баш болгон эжелер келип "Таш түшкөн жеринде оор, Түгөлов жаман киши эмес, таланттуу, сен ага жакшы аял болуп берсең болду, сени көтөрүп алат…" дешип, биротоло отургузуп кетишти. Бизден кийин жанагы жигиттер бүт баары катары менен үйлөнүштү, баары жаш, бойдок эле. Бир гана Түгөлов төрт-беш аял алган, менден он алты жаш улуу киши экен. Артымдан чуркап сөз айталбай жүргөн канча бир жигиттердин баары кур калышты. Буйрукка айла жок экен.
- Капыс өткөн "казан-аяк" университетине кантип көндүңүз?
- Мен 22де элем. Түгөлов бардык жагынан таланттуу эле. Тамак жасаганды да укмуш билет экен, сонун жасачу, мага бүт үйрөттү. Потребсоюзга эмне жаңы кийим келсе, бүт мага алып берчү, элден биринчи мен кийчүмүн. Ал мени сүйгөндүктөн башында аябай эркелетти. Бирок, ошончо кызганчаак эле, улуу кызымды төрөгөндөн кийин Смольныйда төрт ай жатканбыз, ал Чолпон балетин тарттырганча. Театрда иштеп баштаганда кайненем кошо барчу колясканы сүйрөп алып. "Алымканга" тартыларда жибербей койду, менин ордума Искра Раимкулова тартылды. Күйөөң ушинтип аткандан кийин, башкалар да бут тосо баштайт да. Акырындан кызганып атып колу тие баштады. Анткени ал көп иччү. Мен удаа экинчи кызымды төрөп үйдө отурганда күндө мас болуп келсе, ким чыдайт. Денем, көзүм көк ала болуп эле жатчумун. Башым эки-үч жарылды.
- Кантип ажыраштыңыздар?
- Бир жолу дагы адаттагыдай бети-башым көк ала болуп шишип театрга араң келсем, Ж. Көбөгөнов, А. Боталиевдер театрдын эшик алдында сүйлөшүп турушуптур. Ал кезде катуу тартип болгондуктан жумушка келбей коюуга болбойт эле. Анын үстүнө баары көрсүн дедим, мен кандай күн көрүп атканымды. Алып берген ошолор. Алар көрүп эле дароо "үйүңө кете бер. Биз тез жардам чакырып коебуз, үйүңөн салып кетишет" дешти. Үйгө баратып, эмен паркына жеткенде башым айланып жыгыларда, бир бакты кармап калганга аракет кылдым. Анан, эс-учумду жоготупмун. Канча жатканымды билбейм. Ары-бери өткөндөр мас болуп жатат деп ойлоп, эч кимиси карабаса керек. Бир убакта эсиме келип, үйгө эптеп жетсем, бир эмес, эки тез жардам катарынан бир сааттан бери күтүп туруптур. Тигилер улам-улам чала беришкен окшойт, үйгө келе элек болсом. Ооруканадан чыккандан кийин аны менен биротоло ажыраштым. Чыгармачылыкка биротоло баш коюп көп ролдорду жараттым. 76-жылы КРнын Эмгек сиңиргенин алдым.
- Түгөлов менен жеке жашооңуздун аягы эмне болуп бүттү?
- Улуу кызым атасынын жолун жолдоп бийчи, Ленинграддан бүттү. "Н.Түгөлов" атындагы ансамблде бийлеп гастролго Францияга барышкан, андан Украинага келишкенде тынбай телеграмма ура бериптир өзү, келбей коет деп корксо керек. Министрликтин атынан, театрдын атынан, оперныйдын атынан, композиторлор союзунун атынан "атаң кыйын абалда, тез кел" деп. Мурунку аялы Гүлбүбү Мадемилова ансамблдин жетекчиси эле, кызым экөө чогуу келди. Боору катып кеткен экен, тынбай ичип. Өлөрүндө бизди чакырып, биздин колдон өлдү.
- Кыргыз балетин түптөгөн адамдын сүрөтү эмне үчүн Опера-балет театрынын фойесинде жок, себебин билбейсизби?
- Билбейм. Мен да ошону көрүп сүрөтүн деле алпарып бердим аларга, негедир дагы эле илинбей турат. Азыр талантка да, адамга да карабай калышпадыбы. Кимдин колунда болсо көтөрмөлөшөт, колунда жоктор дароо унутулат.
- Рахмат маегиңизге.

Маектешкен
Алтынай ТЕМИРОВА