Финполициянын майору аялын өлтүрүп, БЧКга ыргытты деп айыпталууда

Августтун төртүндө 11-кичирайон тараптан Елена Ли аттуу 27 жаштагы келин дайынсыз жоголгон. Эки жумага чукул издөөдөн соң 21-августта сөөгү ГЭС-4 районунун жанындагы Чүй каналынан табылган. Көп өтпөй анын өлүмүнө шектүү катары Финансы полициясында иштеген күйөөсү, андан кийин кайнатасы шектүү катары кармалып отурат. Төмөндө окуянын чоо-жайы маркумдун агасы Александр Ли менен анын адвокаты Оксана Хегайдын берген маалыматы боюнча жазылды.

Еленанын күйөөсү Асылбек (тергөө жүрүп аткандыктан аты өзгөртүлдү) жогорку билимдүү, 1980-жылы туулган. Милиция академиясын бүтүргөн. Чуулгандуу бул окуяга чейин ал финансы полициясында иштеп, майор чинин алган. Елена менен мындан 8 жыл мурда кол кармашкан экен. Ушунча жыл аралыгында экөө үч балалуу болушкан. "Асылбек менен Лена өзүнчө турчу. Ички жашоосуна бизди аралаштырчу эмес. Азыр, кызыбыз өлгөндөн кийин гана үй-бүлөлүк сырлары калкып чыгып атат. Көрсө, экөө биз ойлогондой бактылуу түгөй болушпаптыр. Лена күйөө баланы катуу сүйгөндүктөн ушул убакка чейин бардык кылыгына көз жумуп, кечирип келиптир. Акыры ушул болду…" деп түтөп алды агасы Александр.
Келин жоголгондон кийин Асылбектин шектүү кыймыл-аракетинен шектенген туугандары "Хо и Корпорейшн" юридикалык компаниясына кайрылып, жардам суроого мажбур болушуптур. Учурда бул ишти карап аткан адвокат Оксана Хегайдын айтымында, мындан эки жарым жыл мурда Асылбек аялын катуу урган. Муштумдун көбү башка тийгендиктен, келин өзүн жаман сезип, үйдө эки күн ооруп жаткан. Күйөө сөрөй, кылгылыкты кылганы аз келгенсип, догдур чакырганга жараган эмес. Кайра эшикти сыртынан бекитип, үйдөгү телефон аттуунун баарын өчүрүп салган. Эптеп мүмкүнчүлүк болгондо Лена Москвада жүргөн ата-энеси менен байланышка чыккан. Ушундан кийин Асылбек кайнатасына "экинчи урбайм" деген убада берип, келинчегин ИИМдин бейтапканасына иштеген тааныштарына жетелеп барган. Алар болсо "денеңе эч кандай олуттуу деле жаракат келбептир" деп жылуу-жумшак узатып коюшкан. Тилекке каршы, жубайлардын үйүндө мындан кийин деле жаңжал азайган эмес. Анын негизги себеби кызганыч болгон. Елена Асылбектин кыз жандуулугу тууралуу курбуларына далай жолу даттанганы менен ата-энесине айтып, жүрөктөрүн ооруткусу келбептир. Акыркы жолу өлөргө эки күн калганда да экөөнүн ортосунда чыр чыгып, келин балдары менен төркүнүнө баса берген. Ошондо гана энесине ушундай жашоодон чарчап бүткөнүн айткан экен. Балким, чечкиндүүлүк кылса, тирүү калат беле деп ойлойсуң. Бирок курун моюнуна салып келген күйөөсүнүн көңүлүн кыя албай, ээрчип кеткен.
Баштапкы тергөөдө ошол каргашалуу 3-августта болгон окуя тууралуу Асылбек "карындашымдын туулган күнү болчу. Куттуктап келели десем көнбөй койду. Анда дежурствого бара берейин десем, ызы-чуу салды. Көпкө кайым айтыштык, андан кийин мен жатып алгам. Лена болсо таарынып, сыртка чыгып кеткен. Ошол бойдон келген жок" деп көрсөтмө берген. Бирок, изилдей келгенде ал 3дө эмес, 6-августта дежурлукка тураары жана карындашы туулган күндү белгилебегени билинген. Бул кордугу аз келгенсип, Ленанын интернеттеги баракчасын ачып (паролду билген), анын атынан курбуларына "бир жакка кеттим, 10 күндөн кийин барам" деп эки жолу кат жазган. Биринде жумушундагы компьютер аркылуу почтага киргени база аркылуу текшергенде аныкталган. Келин жумушка ошол күнү күлгүн түстөгү көйнөк кийип барган экен. Бирок карай келгенде анда эч кандай тердин жыты жок, таптаза болуп чыккан. "Сурасам, Асылбек "кир болгону үчүн жууп койгом" деп айтты. Андай камкор болсо эмнеге кир идиштерге колун тийгизген эмес? Лена жоголгон күндөн баштап, чыны-табак жуулбай, таракан аралап жүрүптүр" - дейт Оксана Хегай.
Адвокат өз алдынча иликтеп, ата-энесинин урушуп аткан маалда тун уулу үйдө болгонун аныктаган. Ушундан кийин баланы психологго алып барып текшерткенде, баланын катуу корккону, айрыкча атасы тууралуу сөз болгондо чочулаганы байкалган. Дал ушул нерсе кылмыштын ачылышына түрткү болуп отурат.
Далилдер жетиштүү топтолгондон кийин Асылбек биринчи жолу берген көрсөтмөсүн өзгөртүп, "түртүп жиберсем, керебетке жыгылып түштү. Мен бөлмөдөн чыгып баратканда ыйлап аткан. Кайра келсем өлүп калыптыр" деген. Сөөктүн кай жерде жатканы да Асылбек аркылуу табылган. Тилекке каршы, учурда ал бул көрсөтмөсүнөн да баш тартып, бар күнөөнү психикалык жактан оорулуу атасына оодарып жаткан чагы. "Атам Лена менен урушуп кетип, өлтүрүп салган деген шылтоо менен тил кат жазып берип, эркиндикке чыккысы келип атат" деди Александр өз сөзүндө.
Ушул жерден Асылбектин жакындары келининин жоголгонун билгенби?- деген суроо туулду.
Буга Оксана Хегай минтип жооп берди:
- - Экөө урушуп жаткан кезде Асылбек энесине чалыптыр. Ошондо Лена "апа, Асыл мени уруп атат" деп кыйкырган экен. Үйдүн ичинде кандын изи көрүнбөйт. Таза экен. Сыягы, карындашы келип жууса керек. Ал уруштан кийин баланы алып кеткенин тактадык. Ленанын көйнөгүн да ошол жууган окшойт деп шекшип атабыз. Экинчиден, атасынын бул кылмышка тиешеси бар болушу мүмкүн. Анткени сөөктү адегенде жерге көөмп, үстүнө баллон коюп өрттөгөн. Андан кийин ичине таш салынган эки мүшөктү эки колуна байлап сууга чөктүргөн. Сууга жетиш үчүн адегенде жардан ылдый түшүш керек экен. Өлүктү, ага кошуп таш салынган эки капты бир кишинин сүйрөөгө алы жетпейт. Буга биз өз көзүбүз менен күбө болдук. Өлүктү суудан сыртты көздөй олбурлуу изкубар зорго алып чыкты, - дейт адвокат.

Александр Ли,
Елена Линин агасы:


"Үч баласы жетим калды…"
Учурдан пайдаланып, Еленанын агасына суроо узатканга үлгүрдүк.
- Кудаңардын оорулуу экенин буга чейин байкадыңар беле?
- Биз тууган болгондон кийин жолугасың да. Атасы өзүн кармай албаган адам болчу. Иччү. Бирок Асылбек менен Лена алар менен чогуу турчу эмес. Өзүнчө жашашчу. Биз да алардын турмушуна кийлигишкен эмеспиз. Күйөө балабыз өзүн бизден оолак кармап, сый болчу. Бир нерсе керек болгондо Ленаны ортого салчу. Балаңа жардам керек болсо кантип баш тартасың? Сураганын берчүбүз.
- Лена жоголгондон кийин Асылбек силер менен байланышып турдубу?
- Жок. Бир да жолу чалган жок. Кийин өзүбүз байланышып, жоголгондугу тууралуу ММКга маалымат бердиңби десек, ооба деген. Изилдеп көрсөм, мунусу калп болуп чыкты. Тергөөчүлөргө, жада калса коңшуларына да "аялым буга чейин да 10 күндөп жоголуп кетчү" деп айтыптыр. Мен өзүнө жолугуп, эмнеге сумкасын алган эмес десем, билбейм деп койду. Кандай аял көчөгө сумка көтөрбөй чыгат айткылачы, болгондо да таарынып кетип атса. Андан кийин "көрдүк, тыякта-быякта жүрөт" деп ар кимдер чала баштады. Кайра аларга чыксак, телефондор өчүп калган болот. Ушундан да шекшидик. Баарынан да күйгүзгөнү, Лена жоголуп атса ал балдарды паркка алып барыптыр. Кандай адам аялы, балдарынын энеси жоголуп атса, камаарабай басып жүрөт? Асылбек өтө акылдуу. Баарын алдын ала пландап, аны ишке ашыра билет. Лена экөө үйлөнгөндөн кийин органга иштеди. Менин билишимче, чин алыш оңой эмес. Бул болсо 8 жылдын ичинде майорлукка жетип отурат.
- Азыр балдар кайда?
- Бизде. Ленанын сөөгү табылгандан кийин алып кеткенбиз. Азыр Асылбектин энеси "мага бергиле" деп сурап жатат. Бирок көнгөн жокпуз. Тарбиялаган баласын да көрбөдүкпү. Үч бала бөөдө жетим калды. Үчөө тең жаш. Улуусу быйыл мектепке бармак.
- Лена турмушка чыгып атканда каршы болгон жок белеңер, кантсе да башка салт, башка көз караш дегендей?
- Баланын жүрөгү каалап тургандан кийин кантип бут тососуң? Лена Асылбекти катуу сүйчү. Үч бала төрөп берди. Кызыбыз турмушка чыгып атканда биз да сүйүнүп, багы ачылып кетишин каалаганбыз. Улуттун жаманы болбойт, жаман адамдар гана болот эмеспи. Андыктан бул маселеге тийишпей эле коюуңарды суранат элек.

Даярдаган
Санжи Туйтунова