Президент Роза Отунбаева:
"Биздин милиция кыйноо аркылуу күнөөнү моюнга коюп көнүп алган"

КРнын Президенти Роза Отунбаева "Биринчи радиого" Ош облусуна болгон иш сапары жана тартип коргоочулардын кыянаттык иштери тууралуу маек куруп берди. Суроолорду "Биринчи радионун" Башкы редактору Сабыр Абдумомунов узаткан.

- Роза Исаковна, 17-18-август күндөрү Ош облусунда иш сапарда болдуңуз. Акыркы жумаларда ММК аркылуу милиция тарабынан кылмышка шектүүлөрдү кыйноо, санкцияланбаган кармоолор, ур-токмокко алуу болуп жатканы маалымдалып жатат. Айрыкча Базар-Коргон районундагы бир адамдын каза болгону тууралуу байма-бай жазылып жатат. Бул боюнча эмнени биле алдыңыз? Тартип коргоочулар кызматтан четтетилдиби?
- Былтыркы коогалаң боюнча 5 миңден ашуун кылмыш иши ачылган болчу. Кылмышкерлерди, шектүүлөрдү табуу кыйын болгондугуна байланыштуу бир топ иштер азыр токтоп турат. Бул дагы чоң көйгөй. Бирок кээде күч орган өкүлдөрү биздин жарандарыбызды Орусиядан же башка тегеректен келип калганда териштирбей туруп эле зөөкүрчүлүккө чейин жеткен учурлар катталып жатат. Жакында Орусиянын жарандыгын алган базар-коргондук Халмурзаев дегенди милиция кармап алып, ур-токмоктун негизинде ал киши кайтыш болду. Бул кабар бир гана Кыргызстанда эмес, дүйнөлүк басмаларга чыкты. Ушундай көрүнүш же окуя Кыргызстандын аброюн түшүрүп жатат. Бул мыйзамдан ашыкча кадам. Биринчиден, негизсиз кармап, камакка олтургузуп жаткандыгы болсо, экинчиден, аны кыйноого алганы. Адвокаттар менен жолукканымда да бир нече кыянатчылыктар айтылды. Басмырлоолор да жок эмес.
- Демек, күч органдары тарабынан кыянатчылык болуп жаткан болсо, алардын бир-экөөнү көз көрүнө кызматтан четтетүү, жоопко тартуу же кандайдыр бир сабак ала турган иш чаралар жүрөбү?
- Кыргызстанда милиция кимдир бирөөнү күнөөлүүбү же күнөөлүү эмеспи кыйноо аркылуу айыпты мойнуна коюп көнүп калган. Кадимки көрүнүшкө айланып кеткен. Базар-Коргондогу иш биринчи учур эмес. Бул окуя боюнча 6 милициянын кызматкери РОВДдан жумуштан четтетилди. Алардын жасаган иштери боюнча иликтөө жүрүп жатат. Алардын экөөсү убактылуу кармалып да турат. Эгер күнөөсү аныкталса жазасын алышат.
Биз Ошто тартип коргоо органдары тарабынан мыйзамсыз камакка алууларга, кыйноо, уруп-сабоолорго жол берилип жаткандыгына байланышкан маселелерди талкууладык. Мындай фактылардын бар экендиги туурасында прессада жазылып, адвокаттар, укук коргоочулар айтып жатышат. Бул жаатта Башкы прокуратура тергөө органдарынын ишмердүүлүгүнө болгон көзөмөлүн катуулатат. Жогорку Кеңешке мыйзам долбоору жөнөтүлгөн. Ага ылайык, Коомдук кеңеш түзүлөт да, анын курамына укук коргоочулар, коомдук ишмерлер кирет. Бул долбоор кабыл алынып кала турган болсо, Кеңештин мүчөлөрү убактылуу кармоочу жайларга, тергөө изоляторлоруна кирүүгө жана адам укуктарынын камсыздалышына көз салууга мүмкүнчүлүк алышат. Кыйноо, уруп-сабоолорду болтурбоо үчүн бардык чаралар көрүлүшү керек, бул оор кылмыш катары квалификацияланышы зарыл!
- Ошто жайгашкан Чекара кызматынын Башкы штабында болуптурсуз. Ага бүт түштүк район, шаарларындагы күч орган бөлүмдөрүнүн жетекчилери катышыптыр. Эмнелер айтылды?
- Оба. Бул жыйында жалпы чек ара сызыктары, коопсуздук маселелери айтылды. Бирок мен бир эле жагымсыз маселеге токтолоюн. Бул Ош шаарындагы аба майданында болуп жаткан терс көрүнүштөр. Бажычылар болобу, чекарачылар болобу, ички иштер кызматкерлери болобу, сырттан келе жаткан же кайрадан чыгып бараткан мигранттарды тоноо орун алып жаткандыгы туурасында мага арыздар аябай көп түшүп жатты. Акча, алтын буюмдарды тартып алуу деген эмне деген уят иш. Эң башкысы мындай шыбыш кептер араң ордуна келип жаткан мамилени, тынчтыкты бузууга, ишти артка тартууга түздөн-түз көмөк берет да.
- Рахмат Сизге, маегиңиз үчүн.

Сабыр Абдумомунов.
Биринчи радио





  Уккан кулак сүйүнсүн!

Акыйкаттыктын салтанаты курабы?
Ошондой болгусу бардыр деп турабыз. Жадабай какшап жазып келген Мегаком чыры оң жагына чечилгенсип барат. 22-августта Мегакомду бөлүшө албай келаткан тараптардын кезектеги сот иши Бишкек шаардык сотунда каралып, анда артында Максим Бакиев турган "БиМоКом" ЖЧКсынын "MegaCom" соода маркасын жана "Альфа Телеком" ЖАКсынын жабдыктарын "БиМоКом" ЖЧКсына өткөрүп берүү өтүнүчү канааттандырылган жок. Муну менен Бишкек шаардык соту 7-июлдагы райондор аралык сотунун ушундай эле чечимин күчүнө калтырды. Эми доогер "БиМоКом Лтд" акыркы инстанция болгон Жогорку Сотко кайрыла алат. Ага чейин өлкө бюджетине миллиондогон киреше берип, элдин, мамлекеттин кызыкчылыгына иштеп жатып, кайдагы бир сырткы аферисттердин колуна илинип кете жаздаган Мегаком компаниясынын тагдыры мамлекеттин колунда калгандыгына компания өкүлдөрү менен бирге кубанбай кое албайбыз.
Мегаком чыры кандайдыр бир деңгээлде кыргыз сотторунун чыныгы абалын көрсөтүп, жүзүн ачып берди десек болот. Анткени дал ушул компаниянын тегерегинде кызуу резонанс пайда болуп, кимдин кимдиги аныкталды. Бир жагынан жогорку бийликтеги айрым аткаминерлердин кызыкчылыктарын шардана кылса, экинчи жагынан кыргыз фемида өкүлдөрү канчалык деңгээлде акчанын кулу экендиктерин далилдешип, Кыргызстандагы акыйкаттыктын, чындыктын, мыйзамдуулуктун куну канча экендигин ачыктап бергендей болду. Ушундай прецедент түзүлдү да. Мегакомдун өкмөттүн башкаруусундагы "Альфа Телекомдун" пайдасына чечилүүсү менен кыргыз сотторуна болгон ишеним жогорулай тургандай абал түзүлдү. Буга сотторду тандоо процесси жанаша жүрүп, бул жагдай да Мегакомдун сот ишинин жыйынтыгына өз таасирин тийгизбей койгон жок. Бери эле дегенде жаңы дайындалып жаткан сотторго сабак болуп, алардын көзүн умачтай ачып, абийирге, намыска чакыргандай болду окшойт...
Мында дайыма жазып, айтып, чындыктын короосунан адашып бараткандыгын коомчулукка, элге жеткирип турган ММК өкүлдөрү менен бирге жарандык коомдун эң активдүү бөлүгүнөн болгон жаштардын да ролу аз эмес болгондугун айтпай коюуга болбойт. Алгач жаштардын саясый клубунун активисттери Мегакомдун айланасында соттор чечимдерди пулдап, кызыкчылыктардын күрөшү жүрүп жаткандыгын, айрым фемида өкүлдөрүнүн саткынчылыгын, компания тагдыры мамлекеттин пайдасына чечилиши керектигин айткан расмий катын Президент Роза Отунбаева баш болгон жогорку бийлик өкүлдөрүнө жөнөтүшкөн эле. Андан кийин сотторго акчанын кулу болбой, акыйкат, мыйзамдуу чечим чыгарууга чакырган бир катар акцияларды өткөрүштү. Жаш активисттер Наргиза Абдылдаева, Назгүл Нурбекова, Тилек Токтогазиев, Намазбай Ишмахаметов, Улан Кобашев акыркы сот жыйыны болордун алдында атайын пресс-конференция өткөрүшүп, дагы бир жолу фемида өкүлдөрүн акыйкат чечим чыгарууга чакырды. Мегакомдун мисалында жаштар бириксе, активдешсе, зор күч экендиктерин көрсөтүштү. Ошентип, Мегакомго көз арткан оффшордук аймактан келгендердин куйтум аракеттери таш каап, "Альфа Телеком" Мегакомдун мыйзамдуу кожоюну экендигин ырастай алды. Эми бүгүн райондор аралык сотто да компаниянын мүлкүнө байланышкан маселе каралат. Мында да мамлекеттин кызыкчылыгындагы чечимдин кабыл алынуусуна ишеним артып, фемида өкүлдөрүн акыйкат чечим кабыл алууга чакырып кетели.
Баса, ошол эле мезгилде соттук процесстерден башы чыкпай келаткандыгына карабай, Мегакомдун иши алгалоонун гана үстүндө. Эгерде өткөн жылы ишкананын өкүлчүлүктөрү айрым облустарда жок болсо, учурда жети дубанда бөлүмдөрү иштеп, компанияда иштегендердин саны 1000ден ашып олтурат. Өлкө боюнча 1093 базалык станциясы иштеп жатса, жыл аягына дейре дагы 50 база ишке киргизилет экен. Байланышты өлкөнүн алыскы, тоолуу аймактарына жеткирүү ыкчам темпте жүрүүдө. Байланыш операторунун абоненттери күндөн күнгө көбөйүп, андан түшкөн киреше жыл эмес, ай сайын көбөйүүдө.

Мирлан Дүйшөнбаев