Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери

КИТЕПКАНА



п»ї

КИТЕПТЕР

  Ат чабыш алдында

Мамлекетибиз оңолот, уурулар жоголот, криминал баш көтөрбөйт!
Өткөн жуманын жекшемби күнү, тагыраагы 14-августта СДПК партиясы тарых музейинде курултай өткөрүп, күздө өтчү президенттик шайлоого Алмазбек Атамбаевдин талапкерлигин көргөздү. Биз ошол курултайга катышып, партия лидеринин ички жана тышкы саясат, экономика, коопсуздук тууралуу эл алдында сүйлөгөн сөзүн жаздырып алган элек. Гезит бети чектелүү болгондуктан кыскартып бердик.

Кыргызстан энергетикалык эгемендүүлүккө жетишет!
Жакында Жалал-Абадда "Датка" подстанциясынын курулушун ачтык. Ошол жерде Ж.Түлөбердиев, Э.Төрөбаевге окшогон аксакалдар келип, керек болсо кубанычтан көздөрүнө жаш алып: "Кыргызстан качан электр энергетикасында эгемендүү болот деп 20-30 жылдан бери күткөнбүз. Мына, кудай буюрса, ошол күн келгени турат" дешти. Анткени билесиздер, буга чейин электр энергетикасынын рубильниги, мындайча айтканда включатели кошуна мамлекетте болчу. Эми, кудай буюрса, 1,5 жылдан кийин ал өзүбүздө болот.

Криминал эми баш көтөрбөйт!
Өзүңүздөр жакшы билсеңиздер керек, Совет доорундагы бир фильмде Высоцкий: "Вор должен сидеть в тюрме" деп айтканы бар эмеспи. Ошонун сыңары, бул криминалдын өкүлдөрү түрмөдө отурушу керек. Ошол криминал саясатка киришип атып, канчалаган жигитибизден айрылдык: Баяман Эркинбаев, Санжар Кадыралиев, Үсөн Кудайбергенов… Криминал эч качан саясатка киришпеши керек. Ошондуктан бул жолу жакшылап сабак бериш керек. Криминалды азырынча түп-тамырынан жогото албайбыз, бирок баш көтөргүс кылабыз.

Айлык акы азайбайт, тескерисинсе, көбөйөт!
Жакында Баткенге барсам айтып атышат: "Мугалимдердин айлыгын 1-2 айдан кийин кайра азайта баштайт экенсиңер" деп. Эл өкмөткө ишенбей калыптыр. Өткөн бийлик элибизди ушундай деңгээлге жеткириптир. Өкмөт жакшы иш жасаса дагы: "Оо, бул жакшылыктын аркасында эмне балээ бар?" деп чочуп турушат. Бир чети күлөсүң. Ушул жерден айтаар элем, бул популизм эмес.

Алтын баасы өсүүдө, бул биз үчүн жакшы жышаан
Ири компанияларда Кыргызстандын активдери бар. Ошол эле "Центеррадагы" биздин акциянын баасы 1 млрд. 600 млн. доллардан ашып кетти. Мен ойлоп турам, минтип отурса алтындын баасы жылдын аягына чейин 2 млрд. долларга барат. Ошол акциянын кандайдыр бир бөлүгүн күрөөгө коюп, 100 млн. болобу, 500 млн. доллар болобу алып туруп пайдалансак, ошол эле акциянын дивиденди жанагы кредиттин үстөгүн жаап берет экен. Ошол кредиттин бир бөлүгүн айыл чарбасын өнүктүрүүгө жумшасак болот.

Кыргызстан керек болсо кошуналарга жардам берет!
Кудай буюрса, 3-5 жылдын аралыгында Кыргызстан бутуна туруп, эч кимге көз каранды болбой, чоңдору кайырчыдай болуп бөлөк мамлекеттерди кыдырбай, өнүккөн өлкөгө айланабыз. Анткени Кыргызстан кең байлыктарга бай мамлекет. Алтындан баалуу суубуз бар. Мен аргасыздан башка мамлекеттерге барып жатам. Акыркы жолу Россияга барганда кесиптешим Путинге: "Владимир Владимирович, мен дайыма эле кредит сурап же болбосо бензин сурап келбейм. Кудай буюрса, Кыргызстан деле керек болсо Россияга жардам берген мезгил келет" деп айттым.

Коррупциянын "куйругун" толгогондо!
Быйыл киреше бөлүгүбүз 30-35%га өстү десем кошуна мамлекеттин жетекчилери суктанып жатышат. Ууруларды, коррупционерлерди колго чаап жатабыз. Бул ишти мындан ары да күчөтүш керек. Биздин аткаминерлер: "Уурдамай деген жаман турбайбы, аягында кармалып калат турбаймынбы" деп коркуп калмайынча Кыргызстан оңолбойт.

Кыргызстандын кызыкчылыгы гана алдыда турушу керек!
Жакында Марс Сариевдин макаласы чыгыптыр. Анда: "Кыргызстанды жок кылуу боюнча долбоор бар, ошол долбоор 10 чакты жылдан бери керек болсо иштеп жатат" делет. Мен деле бүгүн ачык айтайын, Кыргызстанда стабилдүүлүк кетсе, Орто Азияда стабилдүүлүк кетет. Керек болсо Кытайга чейин барат. Ошондуктан, албетте, мындай долбоор бар. Бул долбоор жөнүндө мындан он жыл мурун Мигронян деген политолог айткан. "Аягында Кыргызстан жок болот, 2-3кө бөлүнөт" деп. Ушу мезгилде эң коркунучтуу маселе - Кыргызстандын биримдиги. Ошол эле саясатчыларды көрүп турасыңар, эми элди, мамлекетти түндүк-түштүк кылып бөлүп жатышат. Шайлоонун натыйжасында такыр президент шайланбасын деген оюндар жүрүп жатат. Регион-регион, облус-облус болуп бөлүнүп туруп, ар бир аймактык лидер өз жеринен жеңип алып, Кыргызстанды бөлүп-жаралы дешет. Бул ошол бойдон мамлекетибиз бөлүнөт деген сөз да. Кээ бир популисттер Ошко президент көчсүн, өкмөт көчсүн, парламент көчсүн, ИИМ, УКМК көчсүн деп, иш жүзүндө Кыргызстанды бөлүп баштады.
Андыктан мамлекетибиздин эртеңин ойлойлу. Кыргызстаныбызды биримдикте сактайлы, өнүктүрөлү!

Даярдаган
Санжи Туйтунова




  Жүрүш

Темир Сариев, "Акшумкар" партиясынын лидери:
"Кызматтык соодалашуу үчүн талапкер болуп жатышат"
-Темир мырза, алдыдагы президенттик шайлоодо саясый кадамыңыз кандай болгону калды?
- "Акшумкар" партиясы өз чечимин кабыл алып, элге жарыялады. Бизден талапкер көр­сөтүлбөйт. Тескерисинче, акыркы убакта күч алган түндүк-түштүк, кокту-колот, уруу-урууга бөлүнүүдөн алыс болуп, өл­көнүн бүтүндүгүн, биримдигин камсыз кылуу үчүн бардык прогрессивдүү күчтөрдү "Кыргызстандын келечеги үчүн" деген кыймылдын астында биригүүгө чакырып жатабыз. Буга жоопкерчиликтен качкандыктан эмес, элдин, мамлекеттин эртеңин ойлоп жасап жаткан кадамыбыз. Мен ойлойм, биздин партияны колдогондор, тарапкерлерибиз туура түшүнүшөт деп. Учурда жаңы саясый кадамдар керек болуп турат. Эл, коомчулук ошого муктаж. Биз ошол кадамды баштайлы дедик. Антпесек, регионалдык принциптер жердешчилик, уруучулук күч алып баратат.
- Сизди Алмаз Атамбаевди колдойт экен деп жатышат. Ушул чынбы?
-Акыркы убактарда белдүү саясатчылар, талапкерлер менен жолугуп сүйлөштүм. Анын ичинде Атамбаев да бар. Биздин негизги колдоо принцибибиз өткөн жылдагы апрель революциясынан башталат. Биринчиден, апрель революциясынан кийинки реформаларды улантып, революциянын максатын аягына чыгарчу талапкерди колдойбуз. Мурдагы башкаруу системасына кайтам деген талапкерди колдобойбуз. Талапкерлер толугу менен катталып бүтүп, колдоруна күбөлүк алгандан кийин кайсыл талапкер экендигин конкреттүү түрдө ачыктайбыз. Биз сөзсүз түрдө бир талапкерди колдоп, аны колдоого башкаларды да үндөйбүз.
-Шайлоодо мени колдо деп тигил же бул талапкерлерден сунуштар болуп жатабы?
-Күн сайын эле болууда. Жолугушуп, сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдө. Сунуштарын берип жатышат. А биздин талап мурдагы үй-бүлөлүк коррупциялашкан башкарууга жол бербөө, баштаган реформаларды аягына чыгаруу. Бирок алар кимдер экендигин азырынча айтпай эле койгонум оң.
-Алдыдагы президенттик шайлоодо рекорд коюлуп, талапкерлердин саны 60тан ашып кетти. Буга кандай карап жатасыз?
-Бул президенттик шайлоонун жаман жагы. Минте бере турган болсо, мыйзам жагын күчөтүшүбүз зарыл. Ким каалаган эле чыга бербеши керек. Мисалы, парламенттик өлкөлөрдө саясый партиялар гана талапкерди сунуштай алат. Өзүн-өзү алып чыкса, күлкүнү гана пайда кылат. Артында саясый күч, программасы, колдоочулары, электораты жок туруп президент болом деген болбойт. Өкүндүргөнү, айрымдар президенттикти оюн катары көрүп жатышат. "Атың чыкпаса жер өрттө" дегендей, кээ бирлер талапкер болсом эле мен жөнүндө эл сүйлөп, айтып, жазып калышат деп ойлошот го. Балким, талапкерлигин койсо, балдары, туугандары, андан ашып баратса куда-сөөктөрү колдошор. Бирок, аны жалпы эл тааныбаса, мамлекетти башкаруу, Конституция боюнча түшүнүгү жок болсо, ал күлкүнү гана туудурат. Экинчиден, мында тактикалык оюндар да болушу мүмкүн. Талапкерлигин койгондон кийин соодалашууга барам, анын арты менен кызмат алам деген ойдогулар да бар. Ал жашыруун эмес. Өмүрүндө бригада башкарып көрбөгөндөр, өмүрүндө жетекчи болуп иштебегендер, билим даражасы, түшүнүгү, аң сезими, интеллекти өтө төмөндөр жүрүшөт. Буга окшогон көрүнүштөрдү токтотуш керек.
-Сиздин оюңузча алдыдагы шайлоодо кайсы критерий чечүүчү ролду ойнойт? Акчабы, талапкердин саясаттагы ордубу же анын инсандыгыбы?
-Мен шайлоочулар кайсы критерийдин негизинде добуштарын бериши керектигине токтолгум келет. Биринчиден, талапкердин билим даражасы, анын басып өткөн жолу, анын тутунган принциптери, элге сунуштаган багыты, артындагы таянар саясый күчү жана командасынын негизинде тандоо болушу керек. Акча, жердешчилик, эски, жаңы бийлик принциптери болбошу зарыл. Ошондо адилет, татыктуу өлкө башчысын шайлап алабыз.
-Өкмөт башчы Алмаз Атамбаев шайлоого кызматын таштабай барганы жатат. Бул административдик ресурсту колдонууга жол ачат да. Сиз кандай ойлойсуз?
-Былтыр биз кызматта туруп, шайлоого барарда мыйзам жол берсе да, бардыгына бирдей шарт түзөлү деп кызматты өткөрүп бергенбиз. Ал убакта мындай чечим керек эле. Аны биз кабыл алганбыз.
Азыр келген партиялар өздөрү мыйзам кабыл алышты. Эми ошол мыйзам менен барыш керек. Анан бирөөнө жагып, башкасына жакпай калса, мыйзамга каршы чыккандык жарабайт. Анда эч качан укуктук мамлекет орното албайбыз. Ал эми Атамбаевдин административдик ресурсту колдонор-колдонбошун айтсам, бийлик болгондон кийин колдонот. Анткени анын жакындары, партиялаштары, ага ишенген адамдар иштейт. Бирок ал чечүүчү болбойт. Себеби, азыр ар бир жаран өзүнүн ички ишеними менен добуш берет. Шайлоонун таза өтүшүн БорШайком камсыз кылат. Бардык шайлоо комиссиялары паритеттүү түрдө түзүлдү. Талапкерлердин өкүлчүлүктөрү кирди комиссия курамына. Ошолор таза иштеп бериши керек. Бирөө келип бизге таза шайлоо өткөрүп бербейт. Ал өзүбүздүн колубузда.
-Коалициялык өкмөттүн ишине кандай баа бересиз?
-Кемчиликтери көп. Эң негизгиси, коалициялык өкмөттүн программасы жок. Алар бирдиктүү боло албады. Бул бир четинен азыркы өкмөттүн күчтүүлүгү, экинчи жагынан алсыздыгы. Биз, Убактылуу Өкмөт кыска убакытта коррупциялашкан схемаларды жок кылууга жетиштик. Бирок, бүгүнкү күндө партиялар келип, тармактарды өз менчигиндей бөлүп алышып, мурдагы схемаларды калыбына келтирүү аракетин көрүштү. Парламенттеги фракциялардын бири-бирин көзөмөлдөп жатканы буга жол бербеши керек. Туура эмес кылган иштери, жеген акчалары, түзгөн схемалары ачыкка чыгып калып жатат. Бул түзүлгөн башкаруу системасынын артыкчылыгы. Бирок кыла турган иш чачтан көп, эң негизгиси- темирдей тартипти орнотуу, коррупцияны ооздуктоо. Бул багытта иш аз. Көп нерселер ачыкка чыгып, айла жоктон токтоп калып жатат.

Мирлан Дүйшөнбаев








кыргыз тилиндеги гезит "De-факто"




а ­е¦Є.НҐй«