Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери


п»ї
  Фемиданын бузулган таразасы качан оңдолот?

8 сот сынактан өтпөй уят болду, кезек калгандарында…

Өткөн жумада 13-14-июнь күнү Роза Отунбаева Конституциялык соттун судьялыгына өткөн 11 талапкерден экзамен алды. Акыр-аягы булардын ичинен Эмил Өскөнбаев, Клара Сооронкулова, Таштемир Чилдебаев гана сынактан өткөнү маалым болду. Калгандары суроолорго жооп бере албай мукактанып, уят болушту. Кесибине байланыштуу суроолорду кой, Жогорку Кеңештеги фракция лидерлери кимдер экенин билбейт экен. 15-августта Президенттин сынынан өткөн 3 судьянын талапкерлиги Жогорку Кеңештин кезексиз жыйынында каралмак. Бул күнү жарандык коом өкүлдөрү, "Айкөл Ала Тоо", "Жашылдар" ж.б. коомдук уюмдардын мүчөлөрү таң эрте митинг өткөрүп, журналисттер, ЖКда иштеген айрым кызматкерлер кире албай сыртта калышты. Ал күнү сессияда президент тандаган 3 талапкер боюнча талаш-тартыш көп болду. Бирөөлөрү 3 адам менен Конституциялык палата иштей албайт десе, бирөөлөрү өткөрө берели деп акыр-аягында Сотторду тандоо кеңешинин төрагасы Замирбек Базарбековду жыйынга чакырышты. Ал кеңеш иштеп атканда кимдир бирөөлөр кысмакка алып, "сен Базарбеков болуп каласың же Базарбеков болбой каласың" деп коркутканын айтып даттанган соң, төрагалыктан өз эрки менен баш тартты. Жыйынтыгында, ЖК Президент жактырган Т. Чилдебаевди өткөрбөй койгону маалым болду. Эми Жогорку Сотко талапкер судьялардын тагдыры кандай болот али белгисиз. Биз ага чейин сот системасынын күңгөй-тескейи тууралуу Сотторду тандоо кеңешине мүчө болуп, Конституциялык палатага судьяларды тандоого катышкан Айжамал Ажибраимова менен 31 жыл Жогорку Сотто иштеп кеткен Алмира Мамбеталиеванын ойлорун берүүнү чечтик.

Алмира Мамбеталиева, КР эмгек сиңирген юристи:
"Гүлзар Суталинова мени коркуткан"

Жогорку Сотто 31 жыл иштеп кеткен, КР эмгек сиңирген юристи Алмира Мамбеталиева "азыркы Сотторду тандоо кеңеши өткөргөн судьялардын көбү моралдык жактан таза эмес. Андыктан буларды толугу менен люстрация кылуу керек" деген ойдо. Мындай бүтүм чыгарууга эмне түрткү болгонун өз оозунан уксак.

- 2005-жылы революциядан кийин 8-июнда Бакиев сот иштери боюнча өз бийлигине караштуу Улуттук кеңеш түзүлгөн. Анын төрагасы болуп Жаңыл Алиева дайындалган. Ал айым бакиевчилердин заказын жан-дили менен аткарып турду. Бул тармакка эмгеги сиңген, 20-25 жылдык тажрыйбасы бар юристтерди иштен кубалап, алардын ордуна МАИ, ИИМ, бажы, салык кызматынын отставкадагы офицерлерин, өз баласын жумушка түрттү. Көп өтпөй анын кошоматчылары Жогорку Сот төрагасы Курманбек Осмоновду интрига жолу менен кызматтан оодарышты. Кадрларды экиге бөлүп, өзүнө жакпагандарын куугунтукка алды.
2005-жылы сот иштери боюнча курамы тажрыйбалуу 7 юристтен турган эксперттик топ экс-президент Курманбек Бакиевдин кабыл алуусунда болуп, сот системасындагы терс көрүнүштөрдү бүт ачык айткан элек. Ошондон баштап Жаңыл Алиева бизди кодулай баштады. Ошол учурда мага бийликте турган таасирлүү адамдын сот болуп иштеген карындашы да өчөшүп калды.
- Ал сот ким? Азыр Жогорку Соттун судьялыгына өткөн 29 талапкердин ичиндеги Гүлзар Суталинова эмеспи?
- Ошол. Анын агасы Мурат Суталинов Бакиевдин тушунда УКМКны жетектеп турганын билесиңер. Гүлзар Суталинова 2008-жылдын аяк ченинде мага телефон чалып "өндүрүштө бир иш бар экен, жардам бербейсизби?" деп суранган. Мен бирок макул же жок деген эмесмин. Карап көрсөм Маевкадагы 5 теше жерге байланыштуу иш экен. Жер эки тараптын талашына түшүп, соттун биринчи инстанциясы аны биринчи тараптын пайдасына чечиптир. Прокуратура да текшерген экен. Ал эми экинчи инстанцияда болсо иш экинчи тараптын пайдасына чечилип, прокуратуранын чечими эске алынбаптыр. Мындай учурда эки чечимди тең бузуп, кайра текшерүү зарыл. Бири-бирине каршы келип жатпайбы. Гүлзар болсо мага "бул иш менин агама абдан керек, экинчи инстанциянын чечимин күчүндө калтырыңыз, колуңуздан келбесе артка жылдырып коюңуз" деди. Берки эки судья: Д. Максимбекова менен А. Давлетов болчу. Алар менен эчак сүйлөшүп койгон экен. Бирок мен өз позицияман тайган жокмун. Акыры алар да менин пикирим менен макул болушту. Эртеси күнү Гүлзар таң атпай машинасы менен үйгө келиптир. Жумушума жеткирип коеюн деп машинесине отургузду. Анан ал мага "сизге рахмат, мобу 500 долларды алып коюңуз" деди. Мен сенден пара сурап атамбы десем, "бекем отуруңуз, болбосо кабинадан учуп кетесиз, Чоң-Арыкка барып калбаңыз" деди. Ошону менен бир жума артыман жүрдү. Ушундан кийин мен түшүндүм, кандайдыр бир провокация жасаганы жатканын. Ого бетер сак болуп калдым. Анан студент кызымды көчөдөн белгисиз бирөөлөр уруп кетти. Жаңыл Алиеванын да кайдигер мамилеси ден соолугума терс таасир тийгизди. Жүрөгүм ооруп, ооруканага жатып калдым. Акыры арыз жазып, мөөнөтүмөн мурда 2009-жылдын 11-июнунда Жогорку Кеңештин токтому менен Жогорку Соттун судьялыгынан кетүүгө аргасыз болдум. Андан кийин Жаңыл эмгек акымды бербей канча сүйрөдү. Кирбеген жерим, какпаган эшигим калбады. Айлам түгөнгөндө Жаныш Бакиевдин өзүнө бардым. Куугунтукка кабылып атканымды айтсам, ал жанындагы журналын ачып көрүп "менин тизмемде жок экенсиз" деген эле. Акыры Жогорку Кеңештеги кадырлуу депутаттарга кайрылып атып 10 ай дегенде араң эмгек акымды өндүрүп алгам. Булар Жогорку Сотто 31 жыл иштеген мени ушунча сүйрөшкөн соң, башка жөнөкөй адамдарды кантип кууратышканын элестете бергиле.





Айжамал АжИбраимова, Жогорку Соттун судьясы:
"Профессионал судьяларды сактап калуу керек"
- Айжамал Мусуратбековна, кечээ Жогорку Кеңеш Конституциялык палатанын судьялыгына талапкер болгон 11 кишинин ичинен экөөсүн гана өткөрдү. Бул Сотторду тандоо кеңешинин ишинин чалагайымдыгынан кабар бербейби?
- Бир ай мурда Сотторду тандоо кеңешине соттук корпустан талапкерлер көрсөтүлүп, 8 судья тандалып алынган. Жогорку Соттон мен өтүп кеткем. Анан Сотторду тандоо кеңешинин мүчөлөрүн бир ай мурда Жогорку Кеңештен өткөрүп, бекиткен кезде бизге талапкерлердин тизмеси 5-августта президентке, 15-августта ЖКга берилсин деп талап коюшкан. Анткени 13-июнда Конституциялык палата жөнүндө мыйзам кабыл алынган. Анда эки айдын ичинде Конституциялык палатанын курамы тандалып, иштеп калышы керек деп жазылган болчу. Албетте, сотторду тандоо бизге оңойго турган жок. 10 күнгө жакын ички документтер менен иштедик. 10 күндө жарыя берип, талапкерлерди тандадык. Убакыт аябай тар болду. 20 күн ичинде кандай сапаттуу иш бүтөт? Эгер бизге башынан эле шашпагыла, талапкерлерди ийне-жибине чейин текшергиле деп кенен убакыт берсе, анда тандоо башкача болмок. Иштегенге шарт да жок болду. Эптеп "Достук" мейманканасынан орун табышты. Соттук департаменттен кеңешке акча да каралбаптыр. Иштин баарын карызга бүтүрдүк. Эксперт, психологдорду, 10 күнгө керектүү жабдыктарды эл аралык уюмдар таап беришти.
- Сотторду тандоо кайсы критерийлер менен ишке ашкан?
- Конституциялык палатага 15 жылдык эмгек стажысы бар киши иштеши керек. Арыз бергендердин көбү ал талапка жооп бербегендиктен алып салдык. Арасында мурда соттолгондор, иштен жагымсыз себептер менен куулгандар бар экен, аларды өткөргөн жокпуз. Гендердик талапка, жердигине да карадык. Психологдор бизге тестирлөө кандай болушу керек, кандай суроолор берилиши керек, рейтингди кантип аныктоо зарыл, канча упай берилет ушунун баарын документ кылып иштеп беришкен эле. Ошол критерий менен иш алып бардык.
- Жогорку Соттун судьялыгына өткөндөрдүн арасында сиздин аты-жөнүңүз да жүрөт, Сотторду тандоо кеңешине мүчө болуп туруп сынактан өттүңүзбү?
- Жок, мен Конституциялык палатага судьяларды тандоого гана катыштым. Андан кийин кеңештин курамынан чыгып кеткем.
- Жогорку Сотто мурда иштеп кеткендер бул жерде паракорчулук менен шугулданган соттордун мафиясы пайда болгон деп жатышат. Бул чынбы?
- Коом кандай болсо, соттор да ошондой болот. Азыр биздин дарегибизге ар кандай сындар жаап жатат. Буга мен туура эле карайм. Сын-пикир дайыма болушу керек. Бирок Жогорку Сотто иштеген бардык соттор паракор дегенге мен кошулбайм. Бул жерде үч коллегия бар. Кылмыш иштери боюнча, экономикалык иштер боюнча, анан жарандык иштер боюнча коллегия. Мен жарандык иштер боюнча коллегиянын өкүлүмүн. Шайлоолор боюнча иштерди карайбыз. 2005-жылы шайлоо болгондо, чатак чыккан. Биздин бүт документтерибизди Баш прокуратура алып кеткен. Баарын текшерип, эч мыйзам бузуу табышкан эмес. Кийин Азимбек Бекназаров комиссия түзүп, республика боюнча бул чечимдерди текшерип чыккан. Ошонун негизинде далай сот жумуштан алынды. Биздеги экономикалык иштер, кылмыш иштери боюнча коллегияда иштегендердин жарымы кетти. Ал эми биздин коллегиянын бир да мүчөсү кеткен жок. Сын-пикир да айтылган эмес. Ушунун өзү эле кандай иштегенибизден кабар берип турбайбы. Мен айтаар элем, профессионал судьяларды сактап калыш керек. Буларды жок кылып, жаңыларын алып келгенде эле нааразычылык азайбайт.

Санжи ТУЙТУНОВА








кыргыз тилиндеги гезит "De-факто"









??.??