Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери


п»ї

  Бизнес сабак

Акчаны көп талап кылган мончо бизнеси

Мончо бизнес кылам десеңиз, дароо эле айтып коелу көбүрөөк акча даярдаңыз. Анткени башка бизнестегидей имаратты ижарага албайсыз. Ишке киргизем деп токтоп турган мончо табуу дээрлик мүмкүн эмес. Аны курдуруш керек. Бирок алыңыз жетип мончо ачып алсаңыз, өкүнбөйсүз. Анткени күн санап атаандаштык көбөйгөнү менен, улам жаңы кызматтар кошулуп, өсүп-өнүгүп бараткан кези. Мончо бизнеси тууралуу ийгиликтүү ишкер, "Байтур" мончосунун кожоюну Тынчтыкбек Конушбаев ой бөлүшүп, кеңеш берет.

Тынчтыкбек Конушбаев, "Байтур" фирмасынын директору:
"Мончо кир болсо кардар 2 гана жолу келет"
- Тынчтыкбек мырза, азыр мончо бизнесинин акыбалы кандай?
- Мончо бизнесинде күндөн-күнгө атаандаштык күчөп баратат. Биз жаңы баштаган 92-жылдардын башында конкуренция жокко эсе болчу. Азыркы мезгилде көптөгөн жаңы мончолор ачылып жатат. Көп болгондугу атаандаштыкты жаратат, ал эми атаандаштык адамдын өнүгүүсүнө, алга жылуусуна түрткү берет. Атаандаштык болбосо эч качан өсүү болбойт.
- Сизге мончо иштетүү идеясы кантип келип калды эле?
- Биздин "Байтур" мончосу мурда №4 шаардык мончо болчу. Советтер Союзу ыдырап, көптөгөн ишканалар менчикке өтүп аткан мезгилде менчиктештирилген. Ал кезде имараттын абалы аябай начар, эски болчу. Акырындык менен баарын оңдотуп, улам бир кызмат оруну ачылып кошула баштады. Мисалы, ошол жылдары сауна деген жаңылык болчу. Алгач "Байтур" деген чакан саунасы кошулган, андан кийинки жылдарда айымдар үчүн "Афродита" салону, мырзалар үчүн "Аполлон" салону, "Фараон" VIP саунасы кошулган. Бул жерлерге ар кандай түрдүү процедуралар ачылган. Ошентип, мончо бизнесине ар кандай жаңылыктарды киргизүү менен өнүктүрө баштадык.
- Ийгиликтүү ишкер катары мончо бизнесине киргиси келгендерге кандай кеңеш бересиз?
- Тазалык, изденүү жана кардарларга сылык мамиле. Мончо тармагын иштеткиси келген адамга айтып кетүүчү нерсе - бул имараттагы тазалыкты караш керек. Бизде тазалыкка өзгөчө көнүл бөлүнөт. Тазалыкты сактоо үчүн ар бир чарчы метрге акча төлөнөт жана талап катуу коюлат. Акыркы кардар чыгып кеткенден баштап тазалап, эртең мененки биринчи кардар келгиче жылтыратып коюшат.
Экинчиден, жаңы нерсе издеп туруу зарыл. Ар бир структуранын администраторлоруна жана мастерлерге тапшырма берилет. Мисалы, косметология жагын алалы, Европадан үлгү алып, улам жаңы процедураларды алып келип атышат. Анысы элге жагып колдонулуп кетсе, ошол мастерге премия берип турабыз. Ушунун баары иштин жакшырышына түрткү болот. Үчүнчүдөн, ар бир кызматкер кардарларга сылык мамиле кылышы керек. Эл бизге "эс алайын" деп келип, акча төлөп атат. Ар бир бөлүмдө даттануу жана сунуш китептери турат. Ушулардын жардамы аябай тиет. Анткени анда ар бир жумушчунун кандай иштеп атканы билинип калат. Кардарга одоно мамиле кылган жумушчу сөзсүз жазаланышы керек. Антпесе ал кайра кайталанат. Ал эми орой адамдар иштеген жерден кардар качат.
- Жумушчуларды кантип тандайсыздар?
- Билимине, иш тажрыйбасына, тазалыгына, тартибине жана, эң негизгиси, адамдык касиеттерине чоң көңүл бурулат. Эгерде ушул сапаттар болбосо кардарлар менен иштөөдө кыйынчылыктарды туудурат.




Мончо парын сүйөсүзбү?
Кубаныч КАДЫРОВ, эск-депутат:
"Мончодон эч ким менен сүйлөшпөйм"
- Мен жашоомду мончосуз элестете албайм. Жумасына сөзсүз бир жолу барам. Тээ 1987-жылдан баштап эле Бишкектеги бир эле мончонун кардарымын. Анан мончого шыпыргысыз түшкөндөрдү түшүнбөйм. Өзүм барган сайын жаңы шыпыргы сатып алам. Кызыгы, жуунганы дайыма жалгыз барам дагы, эч ким менен сүйлөшпөйм. Ошондо гана мээ сергип, бир жумага жетиштүү энергия топтоп алам. Суусундуктардан максым менен боржоми ичем.

Камчы САРЫБАЕВ, актер:
"Мончодон муздак чалап гана ичем"
- Дайыма шаршемби сайын барам. Мончонун чоң сүйүүчүсүмүн. Барганда достор менен отуруп, муздак чалап ичмей адатка айланган. Бирок көп сүйлөшпөйбүз. Сүйлөшсөк келечекке койгон пландар жөнүндө эле кобурашып коебуз. Анткени той-топурларда жүрүп сүйлөп атып тажайсың да.










кыргыз тилиндеги гезит "De-факто"









??.??