Медетбек Айткулов,

"Кыргызстан улуттук электр тармактары" ААКсынын генералдык директору:
"Өзүбүздөн чыккан электр Өзбекстанга барып, анан Ош менен Баткенге келет

Бул ишкана ГЭСтер иштеп чыгарган электр кубатын Чүй, Баткен, Нарын ж. б. дубандарга жеткирүү милдетин аркалайт. Бир сөз менен айтканда, өндүрүлгөн электр жарыгын элге ташыган транспорттук мекеме деп койсок болот. Жогору чыналуудагы 110 киловольт, 220 киловольт жана 500 киловольттук электр чордондору (подстанция) жана электр чубалгылары (линиялары) менен ташып отуруп ар бир үйгө электр жарыгын киргизген бул ишкананын жетекчиси Медетбек Айткулов менен маек курдук.

- Сиздердин тармакта кандай көйгөйлөр бар? Мисалы оппоненттер Токтогул ГЭСинин шаймандары бүт эскирип калды деп айтып жатышпайбы. Сиздердечи?
- Биздеги энергетика системасынын бардыгында эле дээрлик бирдей көйгөй- мындагы шаймандардын моралдык да, физикалык да эскирип калгандыгы болуп эсептелет. Анткени тармактагы негизги обьекттердин баары эле Союз кезинде тургузулгандыктан, эскирип калды, жаңыртыш керек. Инновациялык технологияны колдонуу зарыл. Анүстүнө улам турмуш- жагдай электр энергияга болгон муктаждыкты өстүрүп баратпайбы. Жөнөкөй эле бир мисалды карап көрсөңүздөр, 20 жыл мурда үйүбүздө ток менен иштеген саналуу гана буюмдар болчу эмес беле. Азыр болсо электр менен иштеген эмне деген гана техника жок, бир үйдө телевизордон эле эки-үчөөнү пайдаланып жатышпайбы. Демек, ошол муктаждыкка, өсүп бараткан талаптарга жооп бериш үчүн жаңы чубалгы, чордондорду куруу күн тартибине коюлууда.
- "Датка" подстанциясын куруунун келечеги кең деп адистер айтышууда. Анын эң негизги артыкчылыктарын атап кетесизби?
- Бул стратегиялык маанидеги долбоор. Биз муну куруп алсак, Ош, Баткен областтарына электр энергиясын өзүбүз жеткирип калабыз. Болбосо, Ош областы 50 пайыз, Баткен областы 80 пайызыдан ашык электр энергиясын Өзбекстан электр тармактары аркылуу алат. Бүгүнкү Күрпсай, Таш-Көмүр, Шамалды-Сай, Үч-Коргон ГЭСтеринин төмөнкү каскадынан чыккан электр энергия Өзбекстанга барып, анан Ош менен Баткенге келет. Биз өзүбүздүн эле электр энергиябызды өзүбүз Өзбекстан аркылуу транзит кылып, кайра кымбат алып жатабыз.
- Эмнеге мындай болуп калган?
- ГЭСтердин дээрлик баары Союз кезинде курулуп, ошондой болуп калган, биздин баарыбыздын мекенибиз бир болучу да. Бизди бир чөлкөм катары карачу.
Азыр ар бирибиз башка-башка мамлекетпиз. Мурдагы СССР өлкөлөрүнүн баары эле энергетикалык коопсуздукка негизги көңүлдү буруп калышты. Жалал-Абад областынын Акман айылында курууга пландалып жаткан "Датка" чордону Кыргызстандын башка өлкөлөрдөн энергетикалык жагынан көз карандылыгын жоймокчу. Экономикалык жагынан да пайдалуу. Өзбекстанга транзит үчүн эле Кыргызстан жылына 8 миллион доллар чыгымдап жатат. "Датка" чордону ишке киришкенден кийин өлкөнүн түштүгүн электрэнергия менен түз камсыздоого, жогорудагы каражатты үнөмдөөгө мүмкүнчүлүк түзүлмөкчү.
Биз мына ушул объекттердин баарын "Датка" чордону менен бириктирип, жогорку вольттогу чубалгыны өткөрөбүз. Бул Ош жана Жалал-Абад областтарын электр энергия менен камсыздайт. Ошондой эле кубаттуулугу 500 киловольт келген Датка-Кемин электр чубалгысын куруу өлкөнүн түндүгү менен түштүгүн бириктирүүчү түйүн болуп, анын ичинде түндүктү да электр менен камсыздайт. Тажикстанда да ушундай стратегиялык ГЭС курушкан. Эгер системаларды бириктирсек, бизге электр энергиясын экспорттоо мүмкүнчүлүгү түзүлөт. Бир айдын тегерегинде "Датка" чордонунун курулушу башталмакчы. Анын Кыргызстандагы чубалгысынын узундугу - 420 чакырым. Буга Кытайдын жылына 2 пайыз үстөгү менен берген 208 миллион доллар каражаты пайдаланылмакчы.
Маектешкен
Айгүл Бакеева