Айчырай

Зыяндуу нурлардан бетти кантип сактайбыз?

Аялзаты жай мезгилин эмнегедир өзгөчө күтөбүз. Үлбүрөгөн көйнөк кийип, сулуулангыбыз келет. Сулууланыш үчүн келбетибиз ойдогудай болушу керек. Ойдогудай болуш үчүн бетибиздин терисине кам көрүшүбүз зарыл. Анткени дал ушул жай мезгилинде ачуу тийген күндүн зыяндуу нурларынан тери кургап, бетке эрте бырыш түшөт. Ысык жайды кантип ийгиликтүү өткөрүү жөнүндө косметолог-визажист Инжира Магамедова кеңеш берет.

Кулагыңа күмүш сырга!
- Жайкы бетмай сатып аларда, сөзсүз курамында суусу бар бетмай алыңыз;
- Жайкысын бетти күнүнө эртең менен кечинде 2 жолу тазалашыңыз керек;
- Териге адамдын тамактануусу да таасир этет. Тамактанууда абайлаңыз:
- Жайкысын бетмай аларда курамында Е, С, В, А витаминдери барына көңүл буруңуз. Булар күндүн ультрафиолет нурларынан сактайт;
- Кечкисин терини таза тазалабаса, эртең менен шишик пайда болот. Анткени теринин тешиктери ачылбай калат да, түн бою сыртка чыкчу суу териде кала берет.

Инжира Магамедова,
косметолог-визажист:
"Жайкысын огороддук косметика пайдалуу"


Үй шартында жасалчу
жайкы маскалар

o Бир бадыраңды алып, майдалап туурайсыз. Тазаланган бетке жаап, 15-20 мүнөт жатышыңыз керек. Андан соң жуубай эле нымдуу салфетка менен сүрүп салсаңыз болот. Бул каражат майлуу териге пайдалуу.
o Бир кашык петрушка ширеси менен бир кашык каймакты аралаштырасыз да, териге жабасыз. 10-15 мүнөттөн кийин муздак суу менен жууп саласыз. Бул маска азыктандыргандан тышкары, теринин өңүн оңдойт, сепкилди кетирет.
o Апара менен ромашка гүлүн кайнатып, 2 саат коесуз. Бул суюктук менен кечкисин макияж өчүргөндөн кийин жүзүңүздү чайкап турсаңыз болот. Терини эс алдырат. Кара тактарды кетирет.
o Кечкисин бетти тазалагандан кийин киви, жүзүм жана кулпунайды майдалап туруп, бетиңизге 10-15 мүнөт жаап коюңуз. Бул маскадан кийин бетмай сүйкөбөй эле койсоңуз болот. Аталган аралашма терини эң сонун тазалайт.
o Дарбыз маскасы кургак терини эң сонун азыктандырат. Муну күндүзү жасайсыз. Данегинен арылган бир кесим дарбызды бир кашык суу майга аралаштырасыз. Даяр болгон боткону бетке жаап, 20 мүнөт жатасыз. Андан соң жылуу суу менен жууп салыңыз.
o Бир жумуртканын сарысы менен 1 кашык каймакты аралаштырасыз да, 15 мүнөткө бетиңизге жаап коесуз. Жылуу суу менен жууп салып, азыктандыруучу бетмай сүйкөп коюңуз. Бул каражат бырыштын алдын алат.

- Жай мезгилинин беттин териси үчүн кандай пайдалуу, зыяндуу жактары бар?
- Негизи күн нурунун териге пайдасына караганда зыяны көбүрөөк. Анткени күндүн ысык кезинде зыяндуу нурлар күчтүү таасир этет. Ошондон улам тери майланышып же бат кургап кетет. Кургап кеткенде териге бырыш түшөт. Ал эми майлуулук көбөйүп кетсе, тери тешиктери бүтөлүп, дем албай калат. Мунун да зыяны көп. Жайында жылдын башка мезгилдерине караганда бетке өзгөчө кам көрүү керек. Ар кандай маскалар коюлуп, атайын жай мезгили үчүн косметикалык каражаттар бар. Эртең менен сөзсүз нымдоочу бетмай сүйкөлөт. Ал эми кечкисин бетмайды колдонбой эле койсо болот. Бирок жакшылап тазалаш керек, адам уктап аткан маалда тери дем алып турушу зарыл.
- Кандай маскаларды сунуш кыласыз?
- Кандай гана тери болбосун жайкысын огороддук косметикага өтүшү керек. Дегеним, огороддо эмне өссө ошонун баарынан ар кандай маскаларды, лосьондорду жасап алса болот. Бирок мунун бары үйдүн ичинде, күндүн нуру тийбеген жерде жасалганы оң. Анткени күндүн нуру алдында көбүнчө жер-жемиштер таасирин өзгөртүп ийет. Сыртта отуруп алып маска жасап, бетине так түшүп кеткен аялдарды көп кезиктиргем.
- Жайкысын баарыбыз эс алууга көлгө барабыз. Бул учурда терини кантип сактап, кантип күнгө туура күйүшүбүз керек?
- Денеге сөзсүз күндөн сактай турган каражаттарды сүйкөө зарыл. Ансыз болбойт. Ал эми бетти дененин башка бөлүктөрүнө караганда күнгө азыраак көрсөтүшүбүз керек. Анткени беттин териси өтө сезимтал болот. Күндөн сактоочу бетмай сүйкөсө эле тери корголуп калбайт. Дайыма шляпа кийип жүргөн жакшы. Күн бою денени күнгө 1 саат кактасак, бетти 20 мүнөттөн ашырбашыбыз керек.
- Көздүн тегерегине жана оозго кандай кам көрүлөт?
- Көздүн тегереги бул өзгөчө назик аймак. Колдон келишинче аны күнгө кактабай эле коюшубуз керек. Ошол себептен, солярийге барганда косметологдор көздүн тегерегин сөзсүз атайын бир каражат менен жаап коюшат. А оозго күн катуу зыянын тийгизе албайт. Ооздун терисине күнгө караганда шамалдын зыяны көп. Аны жайы-кышы гигиеналык помада менен коргосо болот.
- Атайын жайга арналган косметикалар барбы?
- Албетте. Жайында беттин эң биринчи коргоочусу - упа. Ал теринин кемчиликтерин да жаап, күндүн зыяндуу ультрафиолет нурунан да сактай алат. Болгону өңү жана курамы боюнча териңизге төп келгенин тандашыңыз зарыл.





Жайкысын сулуулугуңузга кантип кам көрөсүз?
Гүлнур Сатылганова
(териси кургак):
"Бет майымды 3-4 айда бир алмаштырам"
- Мен айымдарга жылдын кайсы мезгили болбосун бетке бетмайды туура тандоону сунуш кылам. Анткени терибиздин абалы бетмайдан көз каранды. Мисалы, менин терим өтө кургак. Дайыма нымдоочу каражаттарды колдоном. Маскаларды көп койбойм, салонго да бат-баттан бара бербейм. Негизи бир эле бет майды жылдап колдонгон болбойт экен. Алгачкы айларда гана жакшы жардам бербесе, кийинчерээк пайдасы деле болбой калат. Ошол маалда терини бекер кыйнабаш керек. Колдон келишинче 3-4 айда улам башка бетмай колдонуп турганга аракет кылам. Мисалы, мурда Израиль косметикасын колдончумун, жакындан бери Француз фирмаларынын бетмайларына өттүм.

Кыял Шаршеева
(териси аралашма):
"Теримди бир жыл эс алдырдым"
- Биз, дикторлор, башка кесиптеги аялзатына караганда косметиканы көбүрөк колдонобуз. Мисалы, мен көп жыл бою эфирге чыгып жүрөм, дайыма бетимде тоналдык крем менен пудра жабылып турат. Бирок былтыр балалуу болгондон кийин үйдө отуруп, бир жыл бою терим боектон эс алды. Ал эми жай мезгили тууралуу айта турган болсом, күндөн коргоочу каражаттардан тышкары банан жана шабдалы маскаларын колдоном. Экөөнүн тең өтө бышкандарын алып, эч кошулмасы жок эзип туруп, бетиме 20 мүнөткө жаап коем. Муну мен көп жылдан бери колдонуп келатам, жыйынтыгы эң жакшы.

Нурайым Азыкбаева
(териси майлуу):
"Жайкысын терим өтө проблемалуу"
- Менин терим аябай майлуу. Ошондуктан жайкысын аябай проблемалуу. 15-16 жашымдан бери эле күн ысый баштаганда бетиме безеткилер чыгып кетет. Күндүзү жаныма дайыма нымдуу салфетка алып жүрүүгө туура келет. Улам-улам бетимди тазалап турам. Анткени майланыша берип, теримдин тешиктери бүтөлүп, өзүмдү ыңгайсыз сезем. Эртең менен лосьон менен сүрүп, скраб менен жууп, бирок бетмай сүйкөбөй чыгам. Болбой эле түшкө чейин майланышып калат. Кечкисин үйгө келерим менен бадыраң лосьону менен тазалайм. Негизи майлуу териге бадыраңдан өтөрү жок экен. Белгилүү фирмалардын далай каражаттарын колдонуп көрдүм. Көбүнүн пайдасы тийген жок.