Насыйкат

Обон. Бир...
Шайлоо алдында кыргыздын башына жети түр кесел айланып туру. Биринчиси: келечек президентке сырткы күчтөрдүн ашкере кызыкдарлыгы, демек алардын оңду-сол таасири. Экинчиси: өздөн чыккан жаттарыбыз, эски бийликтин аеосуз кеги. Үчүнчүсү: тамыры кыркылган менен али табышмагын ачалек кыргыз криминалы. Төртүнчүсү: кызылдай түндүк-түштүккө жиктелген адатыбыз. Бешинчиси: адеттеги ыкмалар, мамлекеттик ресурстардын амал менен "ишке" кириши. Алтынчысы: кыргыздын келишпестик кесели. Утулганды билбестен кемени чайкоо. Жетинчи коопсуздук бул-али айыгалек улут аралык дартыбыз жана ислам экстремисттеринин чүмбөтү.

Обон. Эки...
Бүгүн кайсы кыргыз кайсыл күнөөсү үчүн түрмөдө отурушу керек эле? Кимдер алар? Кайда алар? Сырттабы же тордобу? Дегеле, кыргыз илгери айыптуусун кантип соттогон? Адилеттик кантип жаралган? Чындыкты издөөнүн эзелки салты каныбызда калганбы? Бааны кантип беребиз? Кантип өкүм чыгарабыз? Заманга шылтоолоп өлкөбүз тонолгон болсо, жерибиз улам-улам кертилсе, бир эл эки элге бөлүнгөндөн бөлүнсө, эмгиче бараар багыт табылбаса, тилибиз жакырланса, эки ирет ыңкылап өтсө, кан төгүлсө... кыргыздын уңгусунан качан үн чыгат, качан баа айтат. Бабалар кантип калыс болушкан?!

Обон. Үч...
Президенттик кыргыз тил экзаменин утурлап...
Уй мөөрөсө, уй деп билемин,
Уй мөөрөсө ага кошулуп,
Уй болбосок экен тилегим.
Кой маараса, кой деп билемин,
Кой маараса койго кошулуп,
Кой болбосок экен тилегим.
Кыргыз туруп, буруп сүйлөсө,
Кыргыз туруп, тилин сүйбөсө,
Кысылгандан ооруйт жүрөгүм.
Тикендерди гүлдөн тазалап,
Тилим үчүн какшап жүрөмүн.
(Жеңишбек Жумакадыр)

Насыйкат созгон
Бегимай Бакашева