(Башталышы 5-бетте)
Эл багарлар эмне дейт?
Марат Султанов, ЖКнын "Ата-Журт" фракциясынан депутаты:
"Мага спикерлик сунушталган, баш тарткам"
- Сиздин шайлоого жумшайм деген 35 млн. долларыңыз бар экендиги, аны Москвадагы иниңиз Омар таап бергендиги айтылып жүрөт...
- Омар 2001-жылы чет өлкөгө биротоло бизнес чөйрөсүнө кеткен. Кетип жатканда мага "Кыргызстанда эч бир иш жасабайм. Бир ийгиликке жетишсең, муну уурдады, коррупцияга малынды" деп айтып чыгышат. Андан көрө чет өлкөдө иш кылайын" деди. Бирге кетели деген мага. Мен ата мекенибизде бирөөбүз сөзсүз калышыбыз керектигин айтып, макул болбогом. Чынын айтайын, Омар ишин 30 миң доллар менен баштаган. Алгач дүйнөгө белгилүү швейцариялык SGS компаниясында кеңешчи болуп баштаса, 2004-жылы бул компания менен Россиянын ортосунда түзүлгөн компанияны жетектей баштады. Ал эми 2007-жылдан баштап өзүнчө бөлүнүп кетти. Ал эми 35 млн. доллары бар деген чындыкка коошпойт. Журналисттердин ойлоп тапканы го.
- Алмаз Атамбаевге жардам берет деп жатышат. Мунун негизи барбы? Дегеле ал киши менен мамилеңиз кандай?
- Парламенттик шайлоо бүткөндөн кийин Алмаз Шаршенович мага бирге иштешүү тууралуу оюн билдирген. Анын атынан келишип, ЖК спикерлигине макулдук берүүмдү да суранышкан. Бирок бир шарт коюшкан. Мени "Ата-Журтта" колдогон депутаттар менен кошо фракцияга кирбей, өзүнчө фракция түзүү боюнча сунушташкан. Мен "Ата-Журттун" катарында келгеним менен мүчөсү эмес экендигимди айткам. "Ата-Журттун" атынан спикерликке умтулбастыгымды түшүндүргөм. Андан тышкары, биз эки фракцияга бөлүнүп кетишибиз бул чыккынчылык болот деп макул болбой койгом. Экинчиден, бизде "Ар-намыс" менен жигитче сүйлөшүү болгон. Шайлоо учурунда бири-бирибизди колдойлу жана шайлоо бүткөндөн кийин дайыма бир коалиция түзүп жүрөлү деп кол алышканбыз. "Ар-намыс" коалицияга кирсе, мен да киришим мүмкүн. Ошондуктан мен Атамбаев тараптан болгон сунуштардан баш тарткам. Алдыдагы шайлоодо Атамбаевге жардам берүү боюнча эч кандай сүйлөшүү болгон жок. Ал киши менен мамилем жакшы, түз. 90-жылдардан бери таанышпыз. Мен бийликте жүрүп, ал оппозицияда болгондо деле мамилебиз жакшы болчу. Мен спикер, ал өкмөт башчы катары да жакшы иштештик. Ортобузда кандайдыр инсандык карама-каршылык жок. Болгону экономикалык, социалдык маселелерде ортобузда кайчы пикирлер орун алып жүрөт.
- Эгерде бири-бириңерге карама-каршылык жок болсо, анда сиз эмне үчүн коалициянын курамына кирбей койдуңуз?
- Бир себебин мен жогоруда айтып кеттим. Экинчи себеби, коалициянын түзүлүшүнүн принциптеринде болду. Ар бир партия министрликтерди, мамлекеттик ишканалар менен акционердик коомдорду жиликтеп бөлүп алышы туура эмес. Саясый кызматтарды ушул принципте бөлүштүрсө болот, ал эми башка мамлекеттик кызматкерлерди дайындоодо биз профессионалдуулук принцибин карманышыбыз керек. Үчүнчү себеби, коалициялык келишим боюнча парламенттик көпчүлүк коалициянын башчыларынын жана өкмөттүн чечимдерин ойлобой эле колдой бериш керек экен. Эгер ким колдобосо, ал өз ыктыяры менен кетиш керек экен. Мен бул приципке да макул болгон жокмун. Төртүнчү себеби, эгер Атамбаев президенттикке барса, анда Бабанов премьер-министр болот деген жашыруун кошумча бар экен. Мен андай жашыруун кошумчаларга каршымын. Бешинчи себеп, мен коалициялык келишимди жана ага кошумча келишимдерди элге жарыялоо талабын койдум. Бул талаптардын бири да аткарылбаса, мен эмне үчүн коалицияга киришим керек?
- Роза Отунбаева өзүнүн тарыхый миссиясын аткарып жатабы? Анын ишмердүүлүгүнө, адамдык сапатына кандай баа бересиз?
- Бир ирет түштүктө бир топ саясатчы, чиновниктер отурганыбызда, көбү Роза Исаковнаны катуу сынга алышкан. Мен ошондо май айындагы Жалал-Абаддагы окуяга, Ош коогалаңына Убактылуу Өкмөттүн, бир топ саясатчылардын күнөөлөрү бар экендигин айткан элем. Бирок, ошол эле мезгилде ошондогу бийликтин жакшы жагы болгондугун да кошумчалагам. Роза Исаковна башында турган бир нерсеге баа бергем. Эгерде Убактылуу Өкмөт башындагылар бийликке умтулуп, Бакиевден калган бийликти колго алгылары келишсе, аларда мындай мүмкүнчүлүк чоң болчу. Бакиев кеткенде 45 күндөн кийин шайлоо өткөрүп, Башмыйзамды өзгөртүп, бийликти колго алып алышмак. Бирок антишпеди. Алар башка күчтөрдүн эстерин жыйып, өздөрүнө келүүсүнө убакыт, мүмкүнчүлүк беришти. Каалаган партиялардын шайлоого катышуусуна шарт түздү. Бул жагынан алар чоң иш жасашты. Өздөрү бийликке келип алганда, келечекте чоң көйгөйдүн келип чыгуусу мүмкүн болчу.
Роза Исаковнанын айрым кадрдык саясаттарын колдобойм. Жаңы адамдарды, коррупциядан алыс кадрларды алып келбестен, мурдагыларды эле алып келүүдө. Ал эми буга чейинки ажолордой бийликке калууга тырышып, ар кандай аракеттерди көрбөй, мөөнөтү бүткөндө бийликти өткөрүп берем деп жатканына баа беришибиз керек.

Мирлан Дүйшөнбаев





  Чекист генералдардын акыйнеги

Артур Медетбеков:
"Жанышты кармоо операциясына 1 млн. доллар бөлүнгөн экен, бирок 1 тыйынын да көрбөдүк"

Гезиттин өткөн санында мурдагы чекист, генерал Аскар Мамеев башка генерал Артур Медетбековду Жаныш Бакиевди качырууга жардам берип, андан 1 млн. доллар алган болушу мүмкүндүгүн айткан эле. Редакциябызга Артур Медетбеков чалыптыр. "Жооп берейин, айтарым бар" дейт. Сөз бердик.

- Артур мырза, генерал Аскар Мамеев сизди Жаныштан 1 млн. доллар алган деп айтты. Эмне дейсиз?
- Аскарбек Мамеевдин логикага жатпаган, бир жыл сүрсүтүп жүргөн жөө жомокторунун бири экендиги баарына эле көрүнүп турат. Эгер КГБда иштеп, өзүн чекист катары эсептесе, анда менин дарегиме мындай жалган жалааны жабардан мурда алдын ала текшерип, изилдеп-иликтеп, кандайдыр бир далилдер менен айтса бир жөн эле. Анан өзүнүн баш ооруган фантазиясы менен урдура бергендин да чеги болот. Же ал киши айтылган сөздүн атылган октон катуу тийерин билбейби? Андыктан, мен муну жөн койбойм, эгер жашыраак болсо ал менен башкача сүйлөшөт элем, бирок карып калгандыгын сыйлап, мага негизсиз күнөө коюп, ак жерден каралагандыгы үчүн кечээ (1-августта) сотко бердим. Ошол процесс учурунда мындай билдирүүнү кайсы фактылардын негизинде айтып жатканын далилдеп берсин. Эгерде далилдей албай, тилин чайнап кала турган болсо, анда ошол өзү айтып жаткан 1 млн. долларды Жаныштан алып келеби же Дүйшөбаевден алып келеби, төлөп берсин. Мен ал акчаларды өткөн жылы 7-апрелде каза болгон 90 жигиттин үй-бүлөсүнө бөлүп берем.
Жаныш менин колума түшпөй эле, тескерисинче, биз алардын колуна куралсыз түшүп жатпайбызбы. Себеби К.Бакиев менен сүйлөшүү жүргүзүү үчүн Тейиттеги үйүнө барганда бир канча автоматчан жигиттердин тосмолорунан текшерилип өткөн соң гана бизди киргизишти. Бизди деп жатканым, мен К.Бакиевдин Тейиттеги үйүнө жалгыз эле барган жокмун да. Мени менен бирге 15-апрелде ошол кездеги Улуттук коопсуздук кызматынын Ош облусу боюнча начальниги Аким Эшматов (азыр УККнын контрчалгындоо башкармалыгынын жетекчиси), Жалал-Абад облусу боюнча начальниги Дүйшөн Чоткараев (азыр УКК төрагасынын орун басары) жана УККнын атайын операцияларды жүргүзүү боюнча башкармалыктын башчысы Алмаз Жолдошалиев да болгон. Биз кандай таза кирсек, ошондой таза чыкканбыз. Кийин К.Дүйшөбаев менин ордумду тартып албасын деп чочулап, анан Калыев Бакытты кармап, Ж.Бакиевдин эмнеге кармалбай калгандыгын териштиримиш этип, жанагы мени менен барган УККнын үч кызматкерин, андан тышкары камалып жаткан Калыев Бакыттан, Бакиев Акматтан бир жыл ичинде мага каршы көрсөтмө берүүсүн кыстап, суракка алгандыгы мага маалым. Ошол суракта "А.Медетбеков акча алдыбы же алган жокпу?" - деген суроолор бир канча ирет берилген, бирок алардын бири да жалтанбастан, кызматыбыздан айрылып калабыз деп коркушпастан андай болбогондугун так билдиришкен экен. Биз ошондо өлүм менен өмүрдүн ортосунда жүргөнбүз. Анан кыйратып коюшкансып ар нерсени айтышканда ачууң келет. Акүй-Көкүйдө олтурушкандар акыл үйрөтүп, мындай кармаш керек эле деп кыйын болушат. Эр экен, ошондо Дүйшөбаев, Каптагаев, Атамбаев дегендер барбайт беле. Анан да кызыгы, Убактылуу Өкмөт бизди жөнөтүп жатканда операцияны ишке ашырууга 1 млн. доллар бөлгөн экен. Биз анын 1 тыйынын да көрбөдүк. Кийин билдим, мени жөнөтүү боюнча да эч кандай буйрук, Бакиевди чыгаруу (зеленый коридор) боюнча Декрет чыкпаптыр. Кийин өздөрүнүн ыплас, булганган иштерин жашыруу үчүн ал жакка баргандарга шылтап, оодарып койгулары келишүүдө. Мыйзам чегинде жоопко тартыла тургандардын баарын өздөрү кое беришип, "естественно ни за красивые глаза, "какой человек, такие у него мысли" - дегендей, мага да өздөрүнүн жолдо калган жоруктарын жармаштырып койгулары бар. Бирок булардын ойлогон ойлору ишке ашпарын айтып коюшум керек. Андыктан, А.Мамеевдин билдирүүсүн окуурум менен эле шамалдын кайдан согуп жаткандыгын билгем.
- Сизди оперативдик ишти билбеген чекист дегенине не дейсиз?
- Биринчиден, менин профессионалдуулук жөндөмдүүлүгүмө өз ишин аткара албай кеткен адамдын баа берүүгө такыр укугу жок. Себеби иш учурунда мен Мамеев менен такыр кесилишкен жокмун жана эч убакта анын кол алдында иштеген эмесмин. Экинчиден, А.Мамеевдин айткан сөздөрү "дүжүр чалдардыкына" окшоп, жогору жактагы өзүнүн ишин так аткара албаган ыплас саясатчыларга жагалдангандай элес калтырууда. Ал киши аксакал башы менен кошоматка кой сойбой эле койсо туура болмок. Үчүнчүдөн, мен кенже оперден баштап Улуттук коопсуздук кызматынын төрагасынын 1-орун басарлыгына чейин бардык тепкичтерди басып өтүп, генералдык наамга ээ болдум. Бул наамды мен башкаларчылап кабинетте олтуруп алып эмес, Кыргызстанда болуп өткөн бүт коогалаңдуу окуяларга, Баткен согушуна жана бир катар татаал операцияларга катышып, жетекчилик кылуу менен алгам. Эгер менин профессионалдык жөндөмдүүлүгүм начар болсо, УККнын 1-орун басары кылышпайт эле. Ал эми эмгегимдин акыбети, берилген тапшырмаларды так жана кынтыксыз аткаргандыгым үчүн Кыргызстан эле эмес, Орусиянын, ОДКБнын жана башка сыйлыктарым, орден-медалдарым менен Аскарбек мырза таанышкысы келсе, калем менен кагаз ала келсин, баарын ага көрсөтүп, эмне үчүн алгандыгымды айтып берейин, жазып алсын.
Төртүнчүдөн, оперативдик ишти айтканда мен терроризмге каршы күрөшүү, уюшулган кылмыштуулукка жана банги затка каршы контрчалгындоо операциясын жана оперативдик изилдөө башкармалыктарында, ошондой эле Кыргызстандагы "Альфа антитеррор" тобун негиздеп иштеп келгем.

Мирлан Дүйшөнбаев